lang stringclasses 3 values | title stringlengths 3 277 | original_text stringlengths 69 182k | processed_text stringlengths 42 181k | category stringlengths 4 50 | processed bool 2 classes | url stringlengths 33 293 | date stringlengths 10 24 |
|---|---|---|---|---|---|---|---|
ky | Раянын көчөттөрү | Жаз алды багбан-дыйкандардын баары айдап-себүү менен алек. Рая Төлөгөнованы да көчөт бактарын көзөмөлдөп жүргөн жеринен жолуктук. "Биздин жумуш башталды. Элди сапаттуу көчөттөр менен камсыздашыбыз керек, жаз келди, тыным жок. Бизде азыр алманын 7-8 сорту бар, алмуруттун, өрүктүн, алчанын, кокон гиластын көчөттөрү сатыкка даяр. 5 гектар жерди алакандай бош калтырбай толугу менен иштетебиз. Улам жаңы сорттор менен толуктап, изденип, селекциялык иштерди колго алуудабыз",- деп оюн ортого салды агроном. Барскоон айылынын тургуну Рая Төлөгөнөва - тажрыйбалуу агроном. Ал эмгек жолун 1975-жылы Покровка айылындагы мөмө-жемиш питомнигинен баштаган. 1987-жылы Барскоон айылынын көл жээгинен 5 гектар өздөштүрүлбөгөн жерди питомник үчүн бөлдүрүп алып, бүгүнкү күндө какыраган таштуу жерди саябалуу бакка айлантып отурат. Учурда Раянын питомниги - жеке эле Жети-Өгүз району эмес, көл өрөөнү боюнча алдынкы питомниктердин бири. Үч жыл мурун карагаттардын жаңы сортторун "Карагат+" долбоорунун жардамы менен алып келип отургузган. Долбоордун эсебинен Польшадан алынып келинген 3 түрлүү 33 түп карагат көчөтү берилген. Бүгүнкү күндө алардын саны 10 000 түпкө жетти. "Карагаттын көчөттөрүнө талап абдан көп болуп жатат. Жеке эле көлдүктөр эмес, Нарын жергесинин жакынкы райондорунан да кардарлар кайрылууда. 10 000 көчөттүн баарынын ээси бар, көпчүлүгү акчаларын алдын ала төлөп кетишкен. Анткени Польшанын карагаттары дандуу, түшүмдүү келет экен. Эң негизгиси, терилгенден кийин 3-4 күн эч бузулбастан сакталып, алыска ташып жөнөтүүгө абдан чыдамкай. Биздин чейрек кылымдан берки отургузуп келген жергиликтүү карагатты баарыбыз билебиз, бүгүн терсең, эртең менен эзилип жараксыз болуп калат. Ал эми бул карагаттын даамы да таттуураак болуп, кыям-компотторду даярдоодо кумшекерди анча көп талап кылбайт", - деп сөзүн улады Төлөгөнова. Карагаттын көчөттөрүнөн калемче кесип алып көбөйтүү, ага мүнөздүү илдеттер менен күрөшүү боюнча маалыматтарды окуу борборлору тарабынан уюштурулган семинарлардан окуп үйрөнгөн. Ошондуктанбы, калемчелердин дээрлик баары өнүп, жергиликтүү аба шартын жеңил кабыл алып, 90 пайыз өсүмдүүлүгү жогору экен. Карагаттын баасы жылдан жылга көтөрүлүп жатат, ошол себептен багбандар тарабынан да кызыгуу өсүүдө. Анын үстүнө карагат Кыргыз Республикасы боюнча Көл өрөөнүндө, анан Нарындын жылуураак райондорунда гана өсөт экен. Аны багбандар республиканын аймагынан тышкары Казакстан, Орусияга чейин алып барып, жакшы киреше таап алышууда. Рая Төлөгөнова карагаттын жаңы сортторун жайылтуу боюнча долбоор быйыл соңуна чыгып жатканын айтып, жакында Польшадан алманын жаңы көчөттөрү алынып келинип, көбөйтүү боюнча долбоор ишке киришсе, ага да ийгиликтүү катышсам деген оюн айтты. Союз тарагандан бери кыргыз жеринде мөмө-жемиштердин жаңы сорттору боюнча алгылыктуу иш-аракет болбой келгенине токтолуп, жакындан бери аз болсо да жандануу болуп жатканына кубанарын жашырган жок. | Жаз алды багбан-дыйкандардын баары айдап-себүү менен алек. Рая Төлөгөнованы да көчөт бактарын көзөмөлдөп жүргөн жеринен жолуктук. "Биздин жумуш башталды. Элди сапаттуу көчөттөр менен камсыздашыбыз керек, жаз келди, тыным жок. Бизде азыр алманын 7-8 сорту бар, алмуруттун, өрүктүн, алчанын, кокон гиластын көчөттөрү сатыкка даяр. 5 гектар жерди алакандай бош калтырбай толугу менен иштетебиз. Улам жаңы сорттор менен толуктап, изденип, селекциялык иштерди колго алуудабыз",- деп оюн ортого салды агроном. Барскоон айылынын тургуну Рая Төлөгөнөва - тажрыйбалуу агроном. Ал эмгек жолун 1975-жылы Покровка айылындагы мөмө-жемиш питомнигинен баштаган. 1987-жылы Барскоон айылынын көл жээгинен 5 гектар өздөштүрүлбөгөн жерди питомник үчүн бөлдүрүп алып, бүгүнкү күндө какыраган таштуу жерди саябалуу бакка айлантып отурат. Учурда Раянын питомниги - жеке эле Жети-Өгүз району эмес, көл өрөөнү боюнча алдынкы питомниктердин бири. Үч жыл мурун карагаттардын жаңы сортторун "Карагат+" долбоорунун жардамы менен алып келип отургузган. Долбоордун эсебинен Польшадан алынып келинген 3 түрлүү 33 түп карагат көчөтү берилген. Бүгүнкү күндө алардын саны 10 000 түпкө жетти. "Карагаттын көчөттөрүнө талап абдан көп болуп жатат. Жеке эле көлдүктөр эмес, Нарын жергесинин жакынкы райондорунан да кардарлар кайрылууда. 10 000 көчөттүн баарынын ээси бар, көпчүлүгү акчаларын алдын ала төлөп кетишкен. Анткени Польшанын карагаттары дандуу, түшүмдүү келет экен. Эң негизгиси, терилгенден кийин 3-4 күн эч бузулбастан сакталып, алыска ташып жөнөтүүгө абдан чыдамкай. Биздин чейрек кылымдан берки отургузуп келген жергиликтүү карагатты баарыбыз билебиз, бүгүн терсең, эртең менен эзилип жараксыз болуп калат. Ал эми бул карагаттын даамы да таттуураак болуп, кыям-компотторду даярдоодо кумшекерди анча көп талап кылбайт", - деп сөзүн улады Төлөгөнова. Карагаттын көчөттөрүнөн калемче кесип алып көбөйтүү, ага мүнөздүү илдеттер менен күрөшүү боюнча маалыматтарды окуу борборлору тарабынан уюштурулган семинарлардан окуп үйрөнгөн. Ошондуктанбы, калемчелердин дээрлик баары өнүп, жергиликтүү аба шартын жеңил кабыл алып, 90 пайыз өсүмдүүлүгү жогору экен. Карагаттын баасы жылдан жылга көтөрүлүп жатат, ошол себептен багбандар тарабынан да кызыгуу өсүүдө. Анын үстүнө карагат Кыргыз Республикасы боюнча Көл өрөөнүндө, анан Нарындын жылуураак райондорунда гана өсөт экен. Аны багбандар республиканын аймагынан тышкары Казакстан, Орусияга чейин алып барып, жакшы киреше таап алышууда. Рая Төлөгөнова карагаттын жаңы сортторун жайылтуу боюнча долбоор быйыл соңуна чыгып жатканын айтып, жакында Польшадан алманын жаңы көчөттөрү алынып келинип, көбөйтүү боюнча долбоор ишке киришсе, ага да ийгиликтүү катышсам деген оюн айтты. | Эмгек жарчысы | false | https://www.super.kg/kabar/news/143399 | 2016-03-30 |
ky | Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы менен Үңкүр-Тоо боюнча маалыматты коомчулукка жеткирбөөнү чечти | Бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында өкмөт кыргыз-өзбек чек арасы жана Үңкүр-Тоо боюнча маселелер тууралуу маалымат берүүдө. Депутаттар добуш берүү аркылуу жыйынды жабык эшиктин артында өткөрүүнү чечишти: 90 депутат "макул", 4 депутат "каршы" деп добуш берди. Аталган жыйында премьер-министр Темир Сариев , өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн башчылары кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат беришмекчи. Мындан тышкары Үңкүр-Тоого байланыштуу маалымат да берилет. Айта кетсек, журналисттердин баарын сыртка чыгарып жатышканда күзөт кызматы ээси жок диктофонду таап алды. Азырка тапта бул жабдуу кимге таандык экени аныктала элек. | Бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында өкмөт кыргыз-өзбек чек арасы жана Үңкүр-Тоо боюнча маселелер тууралуу маалымат берүүдө. Депутаттар добуш берүү аркылуу жыйынды жабык эшиктин артында өткөрүүнү чечишти: 90 депутат "макул", 4 депутат "каршы" деп добуш берди. Аталган жыйында премьер-министр Темир Сариев , өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн башчылары кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат беришмекчи. Мындан тышкары Үңкүр-Тоого байланыштуу маалымат да берилет. Айта кетсек, журналисттердин баарын сыртка чыгарып жатышканда күзөт кызматы ээси жок диктофонду таап алды. | Саясат | false | https://www.super.kg/kabar/news/143500 | 2016-03-30 |
ky | Баткен облусундагы "Сүлүктү" көмүр ишканасына таандык электр чордонунун абалы өтө начар (фото) | Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жайгашкан "Сүлүктү" көмүр ишканасына таандык электр чордонунун абалы өтө начар. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 30-мартта Мамлекеттик экотехинспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, аталган электр чордону маанилүү объектилердин катарына киргендиктен, күнү-түнү кайтарылып, электр чордонунун ишин атайын адистер тескөөсү шартталат. “ Бул нормалар ишкана тарабынан сакталган эмес. Мамэкотехинспекциянын Сүлүктү шаары боюнча башкармалыгынын адистери бир нече ирет ишкананын жетекчилигине эскертүүлөрдү берип келгенине карабай талаптар аткарылбаганы бүгүнкү текшерүүдө да анык болду. Кароолчулар жана атайын адистер жок болуп чыкты. Ал эми электр чордонуна кире берчү эшиги да кулпуланбай, ачык бойдон турат. Мамэкотехинспекциянын Сүлүктү шаары боюнча башкармалыгынын инспектору Кулмамат Масалиевдин айтымында, аталган электр чордонунан 20дан ашуун шахта ток менен камсыздалат. Кокус ток берүү үзгүлтүккө учураса, шахталарда иштеген жүздөгөн адамдын өмүрүнө коркунуч туулат. Бул маселе боюнча бир нече эскертүүлөр берилген, бирок "Сүлүктү" көмүр ишканасында ай сайын директорлор алмашып жатат. Өз кезегинде Мамлекеттик экотехинспекция койгон талаптар аткарылбаса, мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлөрүн инспектор баса белгилейт ”,- деп айтылат маалыматта. | Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жайгашкан "Сүлүктү" көмүр ишканасына таандык электр чордонунун абалы өтө начар. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 30-мартта Мамлекеттик экотехинспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, аталган электр чордону маанилүү объектилердин катарына киргендиктен, күнү-түнү кайтарылып, электр чордонунун ишин атайын адистер тескөөсү шартталат. “ Бул нормалар ишкана тарабынан сакталган эмес. Мамэкотехинспекциянын Сүлүктү шаары боюнча башкармалыгынын адистери бир нече ирет ишкананын жетекчилигине эскертүүлөрдү берип келгенине карабай талаптар аткарылбаганы бүгүнкү текшерүүдө да анык болду. Кароолчулар жана атайын адистер жок болуп чыкты. Ал эми электр чордонуна кире берчү эшиги да кулпуланбай, ачык бойдон турат. Мамэкотехинспекциянын Сүлүктү шаары боюнча башкармалыгынын инспектору Кулмамат Масалиевдин айтымында, аталган электр чордонунан 20дан ашуун шахта ток менен камсыздалат. Кокус ток берүү үзгүлтүккө учураса, шахталарда иштеген жүздөгөн адамдын өмүрүнө коркунуч туулат. Бул маселе боюнча бир нече эскертүүлөр берилген, бирок "Сүлүктү" көмүр ишканасында ай сайын директорлор алмашып жатат. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/143497 | 2016-03-30 |
ky | Ош. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын сүрөттөрү, кийизден, кагаздан жасаган кооз буюмдары көргөзмөгө коюлду | Бүгүн, 30-мартта Ош шаарында окуучулардын эмгектеринин көргөзмөсү болду. Анда жатак-мектептин окуучулары ар кандай сүрөттөрдү, кийизден, кездемеден, кагаздан жасаган кооз буюмдарын көргөзмөгө коюшту. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, буга катар окуучулар келген конокторго ыр-бийлерди тартуу кылышты. Окуучуларды окутуп-үйрөтүү “Благодать” кайрымдуулук фонду тарабынан 5 айдан бери “Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жөндөмүн арттыруу” долбоору аркылуу ишке ашууда. Иш-чарага Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан, Ош шаардык мэриясынан жана тиешелүү тармактардан өкүлдөр катышты. | Бүгүн, 30-мартта Ош шаарында окуучулардын эмгектеринин көргөзмөсү болду. Анда жатак-мектептин окуучулары ар кандай сүрөттөрдү, кийизден, кездемеден, кагаздан жасаган кооз буюмдарын көргөзмөгө коюшту. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, буга катар окуучулар келген конокторго ыр-бийлерди тартуу кылышты. Окуучуларды окутуп-үйрөтүү “Благодать” кайрымдуулук фонду тарабынан 5 айдан бери “Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жөндөмүн арттыруу” долбоору аркылуу ишке ашууда. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/143499 | 2016-03-30 |
ky | Шахмат боюнча Монголияда өтчү жаштар жана өспүрүмдөрдүн Азия биринчилигине 8 кыргыз спортчусу катышат | 5-14-апрель аралыгында Улан-Батор шаарында (Монголия) шахмат боюнча жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы Азия биринчилиги өтөт. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашкандай, биринчиликке 8 кыргыз спортчусу катышат. Машыктыруучу Азиз Умарбеков жетектеген спортчулардын тобунда Кантемир Сталбеков , Нурай Советбекова , Руслан Съездбеков , Дария Ли , Кайратбек Абылкасымов , Шахнази Мусаева , Чыңгыз Исаев жана Элина Самудин сыяктуу спортчулар бар. Курамдын аталган мелдешке катышып келүүсү үчүн Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциядан 659 451 сом каражат бөлүндү. | 5-14-апрель аралыгында Улан-Батор шаарында (Монголия) шахмат боюнча жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы Азия биринчилиги өтөт. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашкандай, биринчиликке 8 кыргыз спортчусу катышат. Машыктыруучу Азиз Умарбеков жетектеген спортчулардын тобунда Кантемир Сталбеков , Нурай Советбекова , Руслан Съездбеков , Дария Ли , Кайратбек Абылкасымов , Шахнази Мусаева , Чыңгыз Исаев жана Элина Самудин сыяктуу спортчулар бар. | Спорт | false | https://www.super.kg/kabar/news/143493 | 2016-03-30 |
ky | Башкы штабдын, Улуттук гвардиянын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын инженердик бөлүкчөлөрүндө аскердик даярдык жүргүзүлүүдө | 2016-жылдын окуу жылына карата түзүлгөн аскерлерди башкаруу органдарынын даярдоо планына ылайык, 1-марттан баштап өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарында Башкы штабдын, Улуттук гвардиянын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын инженердик бөлүкчөлөрүндө күжүрмөн даярдык жүргүзүлүүдө. Башкы штабдан кабарлашкандай, иш-чараны уюштуруунун максаты - инженердик бөлүкчөлөрдөгү тапшырманы аткарууга карата таасир берүүчү талаа көнүгүүлөрүн жакшыртуу аркылуу чеберчиликтерди арттыруу. Бир ай бою инженердик бөлүкчөлөрдүн командирлеринин жетекчилиги алдында өздүк курам менен инженердик чалгындоо, инженердик тосмолорду фортификациялык жабдууларды орнотуу, жардыруу ишинин негизинде суу менен камсыз кылуу пункттарынын жабдууларын чүмбөттөө, жергиликтүү объекттерди колго жасалган жардыруучу заттардан, жарылуу коркунучу бар нерселерден чалгындоо жана тазалоо боюнча практикалык сабактарды өтүшөт. 29-мартта машыгуунун жыйынтыктоочу этабында инженерлер техниканы жардыруу учурунда жана шагыл жолдорду инженердик чалгындоо учурунда инженердик чалгындоочу дозордун кандай болорун иштеп чыгышты. Автомобилдик кыймылды камсыз кылуучу отряддын аракеттери, кыймылды камсыздоо отряды, буктурмага кабылган учурда калкалоо тобу кандай аракеттенерин иштеп чыгышты. Табылган жарылуучу затты зыянсыздандыруунун жана механикалаштырылган ТММ-3 көпүрөсүн орнотуунун тажрыйбалары бекемделди. | 2016-жылдын окуу жылына карата түзүлгөн аскерлерди башкаруу органдарынын даярдоо планына ылайык, 1-марттан баштап өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарында Башкы штабдын, Улуттук гвардиянын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын инженердик бөлүкчөлөрүндө күжүрмөн даярдык жүргүзүлүүдө. Башкы штабдан кабарлашкандай, иш-чараны уюштуруунун максаты - инженердик бөлүкчөлөрдөгү тапшырманы аткарууга карата таасир берүүчү талаа көнүгүүлөрүн жакшыртуу аркылуу чеберчиликтерди арттыруу. Бир ай бою инженердик бөлүкчөлөрдүн командирлеринин жетекчилиги алдында өздүк курам менен инженердик чалгындоо, инженердик тосмолорду фортификациялык жабдууларды орнотуу, жардыруу ишинин негизинде суу менен камсыз кылуу пункттарынын жабдууларын чүмбөттөө, жергиликтүү объекттерди колго жасалган жардыруучу заттардан, жарылуу коркунучу бар нерселерден чалгындоо жана тазалоо боюнча практикалык сабактарды өтүшөт. 29-мартта машыгуунун жыйынтыктоочу этабында инженерлер техниканы жардыруу учурунда жана шагыл жолдорду инженердик чалгындоо учурунда инженердик чалгындоочу дозордун кандай болорун иштеп чыгышты. Автомобилдик кыймылды камсыз кылуучу отряддын аракеттери, кыймылды камсыздоо отряды, буктурмага кабылган учурда калкалоо тобу кандай аракеттенерин иштеп чыгышты. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/143491 | 2016-03-30 |
ky | Өлкөдө жаңы үлгүдөгү автоунаа номурлары 1-июндан тарта бериле баштайт | Автоунааларга жаңы үлгүдөгү мамлекеттик номурларды даярдоо үчүн тиешелүү жабдуулар келди. Кечээ, 29-мартта Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев билдиргендей, жаңы номурлар 1-июндан тарта чыга баштайт. "Биз буйрутма кылган 380 калып дүйнөдө уникалдуу болуп саналат. Даярдоочу заводдон тиешелүү кат алынды",- деп билдирди Сарпашев. Ушул жылдын 4-мартында "Инфоком" мамлекеттик ишканасы мамлекеттик номурларды даярдоо боюнча сынактын негизинде жеңишке жеткен "Типография №2" компаниясы менен келишим түзгөн. Келишимге ылайык, жалпы жабдуулардын саны 1 миллион 922 рублду түзгөн. Белгилей кетсек, каттоо номурларын мамлекеттик ишканаларга чыгарууда мамлекеттин казынасына таза кирешенин 50 пайызы түшөт. | Автоунааларга жаңы үлгүдөгү мамлекеттик номурларды даярдоо үчүн тиешелүү жабдуулар келди. Кечээ, 29-мартта Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев билдиргендей, жаңы номурлар 1-июндан тарта чыга баштайт. "Биз буйрутма кылган 380 калып дүйнөдө уникалдуу болуп саналат. Даярдоочу заводдон тиешелүү кат алынды",- деп билдирди Сарпашев. Ушул жылдын 4-мартында "Инфоком" мамлекеттик ишканасы мамлекеттик номурларды даярдоо боюнча сынактын негизинде жеңишке жеткен "Типография №2" компаниясы менен келишим түзгөн. Келишимге ылайык, жалпы жабдуулардын саны 1 миллион 922 рублду түзгөн. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/143369 | 2016-03-30 |
ky | "Милициянын жаш досу" сынагында утуп чыккан №49-мектептин окуучулары сынактын республикалык баскычында Бишкектин намысын талашышат | Бишкекте окуучулар арасындагы "Милициянын жаш досу" сынагынын шаардык баскычы жыйынтыкталды. Сынактын жүрүшүнө мэриянын өкүлдөрү жана Бишкек ШИИББинин өкүлдөрү катышты. Мэриядан кабарлашкандай, иш-чара окуучуларды туура тарбиялоо жана мектеп курагындагы балдардын кылмыш кылуусунун алдын алуу максатында уюштурулду. Анда окуучулар "Катарга тизилүүдөгү даярдык", "Келечектеги укук коргоочу" номинациялары жана дубал гезиттери боюнча жарышка түшүштү. Ошондой эле "Биздин жоокер дайым мыкты" сынагы жана милициялар тууралуу ырлар сынагы орун алды. Сынакка февраль, март айларындагы сынактарда жеңүүчү аталган 4 райондун 6 топтон турган окуучулары катышты. Алар: Биринчи Май районунан №49-мектеп, Свердлов районунан №51-мектеп-гимназиясы, Ленин районунан №79 жана №93-мектеп, Октябрь районунан №39 жана №91-мектептер. Жыйынтыгында №49-мектептин окуучулары жеңишке жетишишти. Экинчи орунду №79-мектептин окуучулары ээлесе, үчүнчү орунду №39-мектеп-гимназиясынын окуучулары багындырышты. Жеңүүчү аталган команда "Милициянын жаш досу" сынагынын республикалык баскычында Бишкек шаарынын намысын коргомокчу. | Бишкекте окуучулар арасындагы "Милициянын жаш досу" сынагынын шаардык баскычы жыйынтыкталды. Сынактын жүрүшүнө мэриянын өкүлдөрү жана Бишкек ШИИББинин өкүлдөрү катышты. Мэриядан кабарлашкандай, иш-чара окуучуларды туура тарбиялоо жана мектеп курагындагы балдардын кылмыш кылуусунун алдын алуу максатында уюштурулду. Анда окуучулар "Катарга тизилүүдөгү даярдык", "Келечектеги укук коргоочу" номинациялары жана дубал гезиттери боюнча жарышка түшүштү. Ошондой эле "Биздин жоокер дайым мыкты" сынагы жана милициялар тууралуу ырлар сынагы орун алды. Сынакка февраль, март айларындагы сынактарда жеңүүчү аталган 4 райондун 6 топтон турган окуучулары катышты. Алар: Биринчи Май районунан №49-мектеп, Свердлов районунан №51-мектеп-гимназиясы, Ленин районунан №79 жана №93-мектеп, Октябрь районунан №39 жана №91-мектептер. Жыйынтыгында №49-мектептин окуучулары жеңишке жетишишти. Экинчи орунду №79-мектептин окуучулары ээлесе, үчүнчү орунду №39-мектеп-гимназиясынын окуучулары багындырышты. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/143487 | 2016-03-30 |
ky | Бишкек-Чалдыбар унаа жолунда айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, жаракат алган 47 жаштагы жаран каза тапты | Бишкек - Чалдыбар унаа жолунда айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, оор жаракаттардан улам ал каза болуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28-мартта саат 22:30 чамасында Бишкек-Чалдыбар унаа жолунун 42-чакырымында Тойота Виш үлгүсүндөгү унаанын 26 жаштагы Ж.М. аттуу айдоочусу чыгыш тарапты көздөй кетип баратып жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. Оор жаракаттардан улам 47 жаштагы А.А. аттуу шаар тургуну каза болуп калган. Учурда унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. | Бишкек - Чалдыбар унаа жолунда айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, оор жаракаттардан улам ал каза болуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28-мартта саат 22:30 чамасында Бишкек-Чалдыбар унаа жолунун 42-чакырымында Тойота Виш үлгүсүндөгү унаанын 26 жаштагы Ж.М. аттуу айдоочусу чыгыш тарапты көздөй кетип баратып жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. Оор жаракаттардан улам 47 жаштагы А.А. аттуу шаар тургуну каза болуп калган. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143477 | 2016-03-30 |
ky | Токмок шаарында "дүкөндүн темир торун бузуп уурулукка кирген" деп шектелген жаран кармалды | Токмок шаарында уурулук фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Токмок шааарынын тургуну кайрылган. Ал белгисиз адамдар анын дүкөнүнүн темир торун бузуп, айнегин талкалап кирип азык-түлүк жана спирт ичимдиктерин уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген чыгымдын суммасы 6 миң сомду түзгөн. Бул факт боюнча "уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 32 жаштагы Ж.Т. аттуу тургуну кармалып, анын башка кылмыштарга да катыштыгы бар экени аныкталган. Учурда ал камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө. | Токмок шаарында уурулук фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Токмок шааарынын тургуну кайрылган. Ал белгисиз адамдар анын дүкөнүнүн темир торун бузуп, айнегин талкалап кирип азык-түлүк жана спирт ичимдиктерин уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген чыгымдын суммасы 6 миң сомду түзгөн. Бул факт боюнча "уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 32 жаштагы Ж.Т. аттуу тургуну кармалып, анын башка кылмыштарга да катыштыгы бар экени аныкталган. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143485 | 2016-03-30 |
ky | Бишкекте эскирген кабелдерди алмаштыруу иштери жүрүүдө | Март айынан тарта “Түндүк электр” ишканасы борбордогу эскирген кабелдерди алмаштыруу иштерин алып барууда. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Маалым болгондой, бүгүнкү күндө 2016-жылдын оңдоо иш-чараларынын чегинде кабелдик чубалгыларды оңдоо кызматынын адистери тарабынан Бишкек шаарынын көйгөйлүү аймактарында 1 чакырымдан ашуун эски 6/10 киловольт кабель чубалгылары ток өткөрүмдүүлүгү жогору болгон жаңы кабелге алмаштырылды. Өткөрүмдүүлүгү 185 чарчы миллиметрди түзгөн жаңы кабель Шопоков жана Москва, Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө тартылган. Учурда кабель тартуу иштери Ботаникалык бак - Горький, Турусбеков - Токтогул көчөлөрүндө, Жаш Гвардия бульвары - Чоң Чүй каналы тарапта жүргүзүлүүдө. Бүгүн 2,6 чакырым узундуктагы жаңы кабель жогорку вольттогу “Молодогвардейская” көмөк чордонунан тарта Жаш Гвардия бульвары менен, андан соң К.Баялинов, Ж.Турусбеков, Урицк, Офицер, М.Күрөңкеев көчөлөрү менен “Центральная-1” көмөк чордонуна чейин тартылат. Мындагы өткөн кылымдын 80-жылдарында тартылган 35 киловольт кабель чубалгысы заманбап жүктөмгө туруштук бере албай калды: эски кабелдин өткөрүмдүүлүгү 150 чарчы миллиметрди түзөт. Эски кабелди күчөтүү үчүн анын жанына өткөрүмдүүлүгү 240 чарчы миллиметр болгон саймаланган полиэтиленден түзүлгөн 35 киловольт кабель тартылат. Айта кетсек, борбордо 928 чакырым жер астындагы 6/10-35 киловольт кабелдери тартылган, анын 40 пайызы алмаштырууга муктаж. 2012-2016-жылдары аралыгында “Түндүк электр” ишканасы Бишкек шаарындагы 150 чакырым кабель чубалгыларын реконструкциялады. 2016-жылы аталган мекеме өз каржы эсебинен 30 чакырым 6/10-35 киловольт кабель тармактарын реконструкциялоону мерчемдөөдө. Бул максатка 30 миллион сомго жакын каржы каралган. | Март айынан тарта “Түндүк электр” ишканасы борбордогу эскирген кабелдерди алмаштыруу иштерин алып барууда. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Маалым болгондой, бүгүнкү күндө 2016-жылдын оңдоо иш-чараларынын чегинде кабелдик чубалгыларды оңдоо кызматынын адистери тарабынан Бишкек шаарынын көйгөйлүү аймактарында 1 чакырымдан ашуун эски 6/10 киловольт кабель чубалгылары ток өткөрүмдүүлүгү жогору болгон жаңы кабелге алмаштырылды. Өткөрүмдүүлүгү 185 чарчы миллиметрди түзгөн жаңы кабель Шопоков жана Москва, Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө тартылган. Учурда кабель тартуу иштери Ботаникалык бак - Горький, Турусбеков - Токтогул көчөлөрүндө, Жаш Гвардия бульвары - Чоң Чүй каналы тарапта жүргүзүлүүдө. Бүгүн 2,6 чакырым узундуктагы жаңы кабель жогорку вольттогу “Молодогвардейская” көмөк чордонунан тарта Жаш Гвардия бульвары менен, андан соң К.Баялинов, Ж.Турусбеков, Урицк, Офицер, М.Күрөңкеев көчөлөрү менен “Центральная-1” көмөк чордонуна чейин тартылат. Мындагы өткөн кылымдын 80-жылдарында тартылган 35 киловольт кабель чубалгысы заманбап жүктөмгө туруштук бере албай калды: эски кабелдин өткөрүмдүүлүгү 150 чарчы миллиметрди түзөт. Эски кабелди күчөтүү үчүн анын жанына өткөрүмдүүлүгү 240 чарчы миллиметр болгон саймаланган полиэтиленден түзүлгөн 35 киловольт кабель тартылат. Айта кетсек, борбордо 928 чакырым жер астындагы 6/10-35 киловольт кабелдери тартылган, анын 40 пайызы алмаштырууга муктаж. 2012-2016-жылдары аралыгында “Түндүк электр” ишканасы Бишкек шаарындагы 150 чакырым кабель чубалгыларын реконструкциялады. 2016-жылы аталган мекеме өз каржы эсебинен 30 чакырым 6/10-35 киловольт кабель тармактарын реконструкциялоону мерчемдөөдө. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/143481 | 2016-03-30 |
ky | Грузиялык кыз рак менен ооруганына карабай фортепианодо 25 саат ойноп рекорд койду | Грузиялык пианист Тамар Бабилуа фортепианодо 25 саат ойноп, улуттук рекорд койду. Анын жетишкендигин Грузиянын Рекорддор федерациясы каттады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар 29-мартта жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, эксперимент аталган өлкөнүн Улуттук парламенттик китепканасында 28-март күнү саат 12:00дө башталып, 29-мартта 13:00дө жыйынтыкталган. Бул убакыт аралыгында пианист кыз өзүнүн жана дүйнөгө белгилүү композиторлордун 500гө жакын чыгармаларын аткарган. Токтоосуз фортепианодо ойноп рекорд жаратууга Тамар Бабилуа өткөн жылы белсенген. Бирок дарыгерлер анын III даражадагы рак илдетине кабылганын аныкташкан. Катуу оорудан улам ал рекорд жаратуу кыялын кийинкиге калтырган. | Грузиялык пианист Тамар Бабилуа фортепианодо 25 саат ойноп, улуттук рекорд койду. Анын жетишкендигин Грузиянын Рекорддор федерациясы каттады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар 29-мартта жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, эксперимент аталган өлкөнүн Улуттук парламенттик китепканасында 28-март күнү саат 12:00дө башталып, 29-мартта 13:00дө жыйынтыкталган. Бул убакыт аралыгында пианист кыз өзүнүн жана дүйнөгө белгилүү композиторлордун 500гө жакын чыгармаларын аткарган. Токтоосуз фортепианодо ойноп рекорд жаратууга Тамар Бабилуа өткөн жылы белсенген. Бирок дарыгерлер анын III даражадагы рак илдетине кабылганын аныкташкан. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/143469 | 2016-03-30 |
ky | ЭЛДИК ВИДЕО: Ванкуверде айымдарды төрөтүү боюнча сабактарда атайын куурчак пайдаланылууда | SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Төрөтүү үчүн куурчакты пайдаланышат экен" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Latyshka). Видеодон Ванкувердеги төрөтканаларда акушердик адистикти өркүндөтүү үчүн атайын куурчакты пайдаланып сабактар өтүлүп жатканын көрөбүз. Адистер куурчакты түзүлгөн кырдаалга ылайыктап, өздөрүнүн адистик билимин, оперативдүүлүгүн өстүрүшөт. Акушер Николь Лавои бул тууралуу: "Биз медайым катары дайыма бейтаптарга жардам берүүгө аракет кылабыз. Куурчак айым улам "ооруп жатат, ооруп жатат" деп жатты, мен ага аябай жардам бергим келди. Бул жөн гана желим куурчак менен аракет эмес, чыныгы бейтап менен эмоционалдык байланышты түзүүгө жардам берди",- дейт. Видеону көрүү үчүн шилтеме. | порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Төрөтүү үчүн куурчакты пайдаланышат экен" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Latyshka). Видеодон Ванкувердеги төрөтканаларда акушердик адистикти өркүндөтүү үчүн атайын куурчакты пайдаланып сабактар өтүлүп жатканын көрөбүз. Адистер куурчакты түзүлгөн кырдаалга ылайыктап, өздөрүнүн адистик билимин, оперативдүүлүгүн өстүрүшөт. Акушер Николь Лавои бул тууралуу: "Биз медайым катары дайыма бейтаптарга жардам берүүгө аракет кылабыз. Куурчак айым улам "ооруп жатат, ооруп жатат" деп жатты, мен ага аябай жардам бергим келди. Бул жөн гана желим куурчак менен аракет эмес, чыныгы бейтап менен эмоционалдык байланышты түзүүгө жардам берди",- дейт. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/143315 | 2016-03-30 |
ky | Кыргыз футболчуларынын Дүйнө чемпиондугунун тандоо турундагы акыркы оюну сүрөттөрдө (фоторепортаж) | 29-мартта Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун жыйынтыктоочу оюнунда тажик футболчулары Дүйшөмбү шаарында кыргыз футболчуларына 1:0 эсебинде утулуп калышты. Оюндагы жалгыз голду 18-мүнөттө Виталий Люкс киргизди. Оюндан кийин Тажикстандын Футбол федерациясы Мубин Эргашев баштаган машыктыруучулар штабын кызматтан алганын маалымдады. Назарыңыздарга "Борбордук Азия дербиси" деген аталышты алган Тажикстан менен Кыргыз Республикасынын улуттук курамаларынын беттешинен фоторепортажды коймокчубуз. | 29-мартта Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун жыйынтыктоочу оюнунда тажик футболчулары Дүйшөмбү шаарында кыргыз футболчуларына 1:0 эсебинде утулуп калышты. Оюндагы жалгыз голду 18-мүнөттө Виталий Люкс киргизди. Оюндан кийин Тажикстандын Футбол федерациясы Мубин Эргашев баштаган машыктыруучулар штабын кызматтан алганын маалымдады. | Спорт | false | https://www.super.kg/kabar/news/143475 | 2016-03-30 |
ky | СУПЕРСТАН: "Кыргыз кыздары сүйлөшүп жүргөндө назик, уялчаак, чүрөк, ал эми үйлөнгөндөн кийин сенин апаң..." | SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыргыз айымдарынын өзгөчөлүгү эмнеде?" деген тема талкууга алынган. Темада кыргыз айымдарын мактагандар да, тескерисинче, сын таккандар да бар. Темадагы билдирүүлөрдөн: "Башка улуттарга салыштырмалуу биздин айымдардын көп өзгөчөлүктөрү бар. Мисалы, биздин айымдар ат үстүндө эркин ойноп, мырзалар менен тең жарышат. Ошондой эле алар эр жүрөк, тайманбас, акылдуу экени, керек болсо жоого да чыгышканы тарыхта айтылып келет". "Ак куудай сулуу, гүлдөй назик, эшектей иштемчил, иттей чыдамкай, түлкүдөй амалкөй, керек жерде карышкырдай жулунган, кыскасы, бардык жагынан бар". "Эшикке чыгып эркектин, үйгө кирип аялдын жумушун жасаганга жөндөмдүү. Башка улуттардын көпчүлүгүндө жубайлары үйүндө эле отурушат". "Эркектер башка элдердей болуп кыздарын, аялдарын катуу кармабай, аларды сыйлай берип, "кыздын кырк чачы улуу" дей берип көп жаман нерселерге жеттик. Көп байкайм, башка улуттагы айым менен баш кошкон кыргыз эркектери жакшы, тың жана тынч жашайт, аялынын туугандары да башты оорутпайт, көбүрөөк да жашайт". "Кыргыз кыздары көп сүйлөгөнү эле болбосо, калганынын баары жакшы. Жаңы кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө аз сүйлөп, уялып, өзүн назик көргөзүп, дегеле телефон чалсаң албай, жөн эле чүрөк. Оо, үйлөнгөндөн кийин көр! Бир күндө жүз жолу чалып, анда дагы аз эле сүйлөбөй балээнин баарын айтып, баягы уялып, аз сүйлөгөн бийкеч жок, сага апа болуп алат". Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз. | порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыргыз айымдарынын өзгөчөлүгү эмнеде?" деген тема талкууга алынган. Темада кыргыз айымдарын мактагандар да, тескерисинче, сын таккандар да бар. Темадагы билдирүүлөрдөн: "Башка улуттарга салыштырмалуу биздин айымдардын көп өзгөчөлүктөрү бар. Мисалы, биздин айымдар ат үстүндө эркин ойноп, мырзалар менен тең жарышат. Ошондой эле алар эр жүрөк, тайманбас, акылдуу экени, керек болсо жоого да чыгышканы тарыхта айтылып келет". "Ак куудай сулуу, гүлдөй назик, эшектей иштемчил, иттей чыдамкай, түлкүдөй амалкөй, керек жерде карышкырдай жулунган, кыскасы, бардык жагынан бар". "Эшикке чыгып эркектин, үйгө кирип аялдын жумушун жасаганга жөндөмдүү. Башка улуттардын көпчүлүгүндө жубайлары үйүндө эле отурушат". "Эркектер башка элдердей болуп кыздарын, аялдарын катуу кармабай, аларды сыйлай берип, "кыздын кырк чачы улуу" дей берип көп жаман нерселерге жеттик. Көп байкайм, башка улуттагы айым менен баш кошкон кыргыз эркектери жакшы, тың жана тынч жашайт, аялынын туугандары да башты оорутпайт, көбүрөөк да жашайт". "Кыргыз кыздары көп сүйлөгөнү эле болбосо, калганынын баары жакшы. Жаңы кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө аз сүйлөп, уялып, өзүн назик көргөзүп, дегеле телефон чалсаң албай, жөн эле чүрөк. Оо, үйлөнгөндөн кийин көр! Бир күндө жүз жолу чалып, анда дагы аз эле сүйлөбөй балээнин баарын айтып, баягы уялып, аз сүйлөгөн бийкеч жок, сага апа болуп алат". | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/143429 | 2016-03-30 |
ky | Талас. Үйлөрдүн биринин короосунан айрым дене мүчөлөрү жок ымыркайдын жансыз денеси табылды | Талас шаарындагы үйлөрдүн биринин короосунан айрым дене мүчөлөрү жок ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта SUPER.KG порталына Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 26-мартта саат 08:30 чамасында милицияга Оторбаев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин короосунан айрым дене мүчөлөрү жок жаңы төрөлгөн баланын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган дарекке барган милиция кызматкерлери киндиги кесилбеген, айрым дене мүчөлөрү жок ымыркайдын жансыз денесин көрүшкөн. Учурда бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, ымыркайдын энесин издөө иштери жүрүүдө. | Талас шаарындагы үйлөрдүн биринин короосунан айрым дене мүчөлөрү жок ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта порталына Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 26-мартта саат 08:30 чамасында милицияга Оторбаев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин короосунан айрым дене мүчөлөрү жок жаңы төрөлгөн баланын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган дарекке барган милиция кызматкерлери киндиги кесилбеген, айрым дене мүчөлөрү жок ымыркайдын жансыз денесин көрүшкөн. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143473 | 2016-03-30 |
ky | Жергиликтүү калк Аймактык өнүктүрүү фонддоруна долбоор жазуу татаал экенин билдирди | 29-мартта Экономика министрлигинде “Аймактык өнүктүрүү фонддорунун учурдагы абалы жана келечеги” деген аталыштагы тегерек стол өттү. Иш-чара Экономика министрлигинин, Каржы министрлигинин, Жогорку Кеңештин, “Сорос-Кыргызстан” фондунун, Борбордук Азиядагы Евразия фондунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен уюштурулду. Айта кетсек, учурда өлкө боюнча 27 региондо Аймактык өнүктүрүү фонддору түзүлүп, бирок алар толук кандуу ишин баштай элек. Экономика министрлигинин жаратылыш ресурстар саясатынын жетекчиси Аскат Бековдун айтымында, аталган фонддор Ысык-Көл фондунан айырмаланып республикалык бюджет аркылуу каржыланат. “ Тоо-кен иштеткен компаниялар тапкан кирешесинин 2 пайызын өздөрү жайгашкан аймактын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн бөлүшөт. Бул каражаттын 20 пайызы жергиликтүү бюджетке, ал эми 80 пайызы райондорду жана облустарды өнүктүрүү фонддоруна жиберилет. Инфраструктураны жакшыртууга багытталган долбоорлорду айыл өкмөт башчылары кабыл алып, аны Каржы министрлигине жөнөтүшөт ”,- деди Беков. Тегерек столдун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты жана мыйзам долбоорунун демилгечиси Исхак Пирматов 4 жыл мурун өзгөртүлүп түзүлгөн мыйзам иш жүзүндө иштебей жатканын айтты. “ 2012-жылы “Салыктык эмес төлөмдөр” тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизилип, Аймактык өнүктүрүү фонддору түзүлгөн. Башында алар бюджетке тиешеси жок, каржыланат деп демилгелешкен, бирок жыйынтыгында инвесторлордун акчасы республикалык бюджет аркылуу өтүп, аны Каржы министрлиги бөлүп бермей болууда. Бул долбоор башында түзүлгөндө инвесторлор менен жергиликтүү калктын мамилесин жакшыртууга багытталган эле. Тилекке каршы, инвесторлор жыл сайын бөлгөн каражат тиешелүү жакка жумшалган жок. Анткени көп барактуу жана түшүнүксүз жазылган типтүү жоболорду айыл өкмөт башчыларынын бир-экөөсү гана араң түшүнүп жатат. Ушул нерсени өтө чакан кылып, элге түшүнүктүү тил менен жеткирсе болмок. Мунун айынан аймактарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор жазылбай жатат ”,- дейт эл өкүлү. Тегерек столдо Аймактык өнүктүрүү фонддорунун ишине бир катар маселелер тоскоолдук жаратып жатканын Борбордук Азиядагы Евразия фондунун өкүлү Назгүл Аксариева белгиледи. “ Биз “Сорос-Кыргызстан” фондунун каржылоосу менен Ала-Бука, Чаткал жана Тогуз-Торо райондорунда жергиликтүү калктын буга байланыштуу оюн угуп, атайын анализ жүргүздүк. Анда мындай суроолор жаралды. Тоо-кен иштеткен компания бир нече айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан маалда алардын бөлгөн акчасы бир гана айыл өкмөткө которулуп, калгандары каржыланбай калган. Мындан улам акча бөлүнбөй калган айылдардын тургундары буга нааразы экендиктерин билдиришти. Дагы бир маселе: Аймактык өнүктүү фонддорунун жетекчилери акимдер болгондуктан, типтүү жобого ылайык, алар өздөрү долбоор жазып бере алышпайт. Мындан улам алар райондук деңгээлде оорукана, жол жана башка инфраструктура маселелерин чечүү үчүн аталган фонддон каржы бөлө алышпай калышат. Үчүнчүдөн, кирешесинин бир бөлүгүн берип жаткан инвесторлор эртеңки күнү жергиликтүү калктын аларга каршы чыгып, жумушуна тоскоолдук жаратпашына кепилдик сурашат. Ушул сыяктуу суроолор өтө көп. Белгилеп кетсем, биздин фонд 127 мамлекеттик кызматкерге жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө долбоорлорду кантип жазуу боюнча атайын тренингдерди өткөрдү ”,- деди Аксариева. Тегерек столдун жыйынтыгы менен Аймактык өнүктүү фонддору боюнча иш алып барган Экономика министрлигине типтүү жоболорду өзгөртүү боюнча тийиштүү сунуштар берилди. | 29-мартта Экономика министрлигинде “Аймактык өнүктүрүү фонддорунун учурдагы абалы жана келечеги” деген аталыштагы тегерек стол өттү. Иш-чара Экономика министрлигинин, Каржы министрлигинин, Жогорку Кеңештин, “Сорос-Кыргызстан” фондунун, Борбордук Азиядагы Евразия фондунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен уюштурулду. Айта кетсек, учурда өлкө боюнча 27 региондо Аймактык өнүктүрүү фонддору түзүлүп, бирок алар толук кандуу ишин баштай элек. Экономика министрлигинин жаратылыш ресурстар саясатынын жетекчиси Аскат Бековдун айтымында, аталган фонддор Ысык-Көл фондунан айырмаланып республикалык бюджет аркылуу каржыланат. “ Тоо-кен иштеткен компаниялар тапкан кирешесинин 2 пайызын өздөрү жайгашкан аймактын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн бөлүшөт. Бул каражаттын 20 пайызы жергиликтүү бюджетке, ал эми 80 пайызы райондорду жана облустарды өнүктүрүү фонддоруна жиберилет. Инфраструктураны жакшыртууга багытталган долбоорлорду айыл өкмөт башчылары кабыл алып, аны Каржы министрлигине жөнөтүшөт ”,- деди Беков. Тегерек столдун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты жана мыйзам долбоорунун демилгечиси Исхак Пирматов 4 жыл мурун өзгөртүлүп түзүлгөн мыйзам иш жүзүндө иштебей жатканын айтты. “ 2012-жылы “Салыктык эмес төлөмдөр” тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизилип, Аймактык өнүктүрүү фонддору түзүлгөн. Башында алар бюджетке тиешеси жок, каржыланат деп демилгелешкен, бирок жыйынтыгында инвесторлордун акчасы республикалык бюджет аркылуу өтүп, аны Каржы министрлиги бөлүп бермей болууда. Бул долбоор башында түзүлгөндө инвесторлор менен жергиликтүү калктын мамилесин жакшыртууга багытталган эле. Тилекке каршы, инвесторлор жыл сайын бөлгөн каражат тиешелүү жакка жумшалган жок. Анткени көп барактуу жана түшүнүксүз жазылган типтүү жоболорду айыл өкмөт башчыларынын бир-экөөсү гана араң түшүнүп жатат. Ушул нерсени өтө чакан кылып, элге түшүнүктүү тил менен жеткирсе болмок. Мунун айынан аймактарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор жазылбай жатат ”,- дейт эл өкүлү. Тегерек столдо Аймактык өнүктүрүү фонддорунун ишине бир катар маселелер тоскоолдук жаратып жатканын Борбордук Азиядагы Евразия фондунун өкүлү Назгүл Аксариева белгиледи. “ Биз “Сорос-Кыргызстан” фондунун каржылоосу менен Ала-Бука, Чаткал жана Тогуз-Торо райондорунда жергиликтүү калктын буга байланыштуу оюн угуп, атайын анализ жүргүздүк. Анда мындай суроолор жаралды. Тоо-кен иштеткен компания бир нече айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан маалда алардын бөлгөн акчасы бир гана айыл өкмөткө которулуп, калгандары каржыланбай калган. Мындан улам акча бөлүнбөй калган айылдардын тургундары буга нааразы экендиктерин билдиришти. Дагы бир маселе: Аймактык өнүктүү фонддорунун жетекчилери акимдер болгондуктан, типтүү жобого ылайык, алар өздөрү долбоор жазып бере алышпайт. Мындан улам алар райондук деңгээлде оорукана, жол жана башка инфраструктура маселелерин чечүү үчүн аталган фонддон каржы бөлө алышпай калышат. Үчүнчүдөн, кирешесинин бир бөлүгүн берип жаткан инвесторлор эртеңки күнү жергиликтүү калктын аларга каршы чыгып, жумушуна тоскоолдук жаратпашына кепилдик сурашат. Ушул сыяктуу суроолор өтө көп. Белгилеп кетсем, биздин фонд 127 мамлекеттик кызматкерге жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө долбоорлорду кантип жазуу боюнча атайын тренингдерди өткөрдү ”,- деди Аксариева. | Эмгек жарчысы | false | https://www.super.kg/kabar/news/143343 | 2016-03-30 |
ky | ЭЛДИК ВИДЕО: "Тез жардам" унаасына жол бошотпой жаткан айдоочулар баланын өмүрү коркунучта экенин көрүшкөндө гана жол беришти | SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Кайдыгерликти, тоготпостукту таштасак, бирөөнүн өмүрүн сактап каларбыз" деген аталыштагы видеотүрмөк жүктөлгөн (ник: I_love_dance). Бул видеотүрмөктөн "Тез жардам" кызматынын унаасы унаалардын тыгынына кептелип, бирок жол берүүгө эч ким шашпаганын көрүүгө болот. "Тез жардам" кызматынын унаасынын ичиндеги баланын өмүрү коркунучта экенин көрүшкөндө гана айдоочулар жол бошотууга аракет кыла башташат. Мындай кырдаалдар коомдо көп эле кездешет, бул тасмадан ар бирибиз кайдыгерлик менен күрөшө билүү керектигин үйрөнсөк болот. Видеону көрүү үчүн шилтеме. | порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Кайдыгерликти, тоготпостукту таштасак, бирөөнүн өмүрүн сактап каларбыз" деген аталыштагы видеотүрмөк жүктөлгөн (ник: I love dance). Бул видеотүрмөктөн "Тез жардам" кызматынын унаасы унаалардын тыгынына кептелип, бирок жол берүүгө эч ким шашпаганын көрүүгө болот. "Тез жардам" кызматынын унаасынын ичиндеги баланын өмүрү коркунучта экенин көрүшкөндө гана айдоочулар жол бошотууга аракет кыла башташат. Мындай кырдаалдар коомдо көп эле кездешет, бул тасмадан ар бирибиз кайдыгерлик менен күрөшө билүү керектигин үйрөнсөк болот. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/143439 | 2016-03-30 |
ky | ЖЫЛНААМА, 30-МАРТ: Бүгүн "Айкөл" тобунун негиздөөчүсү Советжан Асанкадыров туулган күнүн белгилейт | Бүгүн, 30-мартта "Айкөл" тобунун негиздөөчүсү, ырчы Советжан Асанкадыров туулган күнүн белгилейт. 54 жашын белгилеп жаткан ырчынын өздүк майрамы менен куттуктап, байланышка чыктык. "Бүгүнкү туулган күндү өзгөчө өткөрөлү деген план деле жок, бирок коноктор келип калабы деп даярданып жатабыз. Балдарым кечинде туулган күнүңүздү өткөрөбүз деп жатышат. Буюрса, үй-бүлөмдүн курчоосунда майрамдайбыз",- деп билдирди. 30-марттын жылнаамасы . | Бүгүн, 30-мартта "Айкөл" тобунун негиздөөчүсү, ырчы Советжан Асанкадыров туулган күнүн белгилейт. 54 жашын белгилеп жаткан ырчынын өздүк майрамы менен куттуктап, байланышка чыктык. "Бүгүнкү туулган күндү өзгөчө өткөрөлү деген план деле жок, бирок коноктор келип калабы деп даярданып жатабыз. Балдарым кечинде туулган күнүңүздү өткөрөбүз деп жатышат. Буюрса, үй-бүлөмдүн курчоосунда майрамдайбыз",- деп билдирди. | Маданият, шоу-бизнес | false | https://www.super.kg/kabar/news/143447 | 2016-03-30 |
ky | Александр Крестинин: "Тандоо турунда биз Азия чемпиону Австралияга гана утулдук, бирок мындан да жакшы ойносок болмок" | Футбол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктуруучусу Александр Крестинин Тажикстан курамасына каршы оюндун жыйынтыгы (0:1) жана Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун жыйынтыгы тууралуу ой бөлүштү. Маалыматты Тажикстандын Футбол федерациясы жарыялады. "Тажикстанга каршы оюн оңой болгон жок. Бизге каршы жогорку чеберчиликтеги команда ойноду. Ийгилик биз тарапта болду. Футболчуларга күч сарптагандыктары үчүн ыраазычылык билдирем. Биз Бишкектеги оюнга караганда каталарды аз кетирип, ийгиликтүү ойнодук",- деп жооп берди ал оюн тууралуу суроого. Ал эми тандоо туру тууралуу узатылган суроого А.Крестинин төмөнкүчө жооп кайтарды: "Биз алдыга жылып жатабыз, бирок жыйынтыкка бир аз канааттанбай турам. Себеби мындан да жакшы оюн көрсөтө алмакпыз. Жалпылап алганда, ийгиликтүү болду. Биз тайпада Азия чемпиону Австралиядан башка командага утулган жокпуз". | Футбол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктуруучусу Александр Крестинин Тажикстан курамасына каршы оюндун жыйынтыгы (0:1) жана Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун жыйынтыгы тууралуу ой бөлүштү. Маалыматты Тажикстандын Футбол федерациясы жарыялады. "Тажикстанга каршы оюн оңой болгон жок. Бизге каршы жогорку чеберчиликтеги команда ойноду. Ийгилик биз тарапта болду. Футболчуларга күч сарптагандыктары үчүн ыраазычылык билдирем. Биз Бишкектеги оюнга караганда каталарды аз кетирип, ийгиликтүү ойнодук",- деп жооп берди ал оюн тууралуу суроого. Ал эми тандоо туру тууралуу узатылган суроого А.Крестинин төмөнкүчө жооп кайтарды: "Биз алдыга жылып жатабыз, бирок жыйынтыкка бир аз канааттанбай турам. Себеби мындан да жакшы оюн көрсөтө алмакпыз. Жалпылап алганда, ийгиликтүү болду. | Спорт | false | https://www.super.kg/kabar/news/143467 | 2016-03-30 |
ky | Кыргыз футболчуларына утулган соң Тажикстан курамасынын машыктыруучулар штабы толугу менен кызматтан алынды | Тажикстандын Футбол федерациясынын жетекчилиги футбол боюнча курама команданын машыктыруучулар штабын кызматтан кетирди. Бул тууралуу аталган федерациядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, башкы машыктыруучунун милдетин аткаруучу Мубин Эргашев командасы менен кызматтан алынды. Мунун себебин федерация улуттук кураманын Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда канааттандырарлык эмес жыйынтык көрсөткөнү менен түшүндүрдү. Азия чөлкөмү боюнча тандоо турунда Тажикстан курамасы "В" тайпасында 4-орунду ээлеп калды. Тандоо турунун жыйынтыктоочу оюнунда тажик футболчулары Дүйшөмбү шаарында кыргыз футболчуларына 1:0 эсебинде утулуп калышты. Бул оюнга Борбордук Азия дербиси деп аталып, көптөгөн күйөрмандардын кызыгуусун жаратты. Бул оюн 10дой унаа алмаштырып, 2 миң чакырымдай жол жүрүп Бишкектен Дүйшөмбүгө барган Эсеннур Алмазбеков сыяктуу өзгөчө күйөрманды элге тааныштырды. Ошондой эле маданият өкүлдөрүнөн Эрмек Нурбаев менен Омар оюнга жандуу күбө болуп , улуттук кураманы колдоп келишти. | Тажикстандын Футбол федерациясынын жетекчилиги футбол боюнча курама команданын машыктыруучулар штабын кызматтан кетирди. Бул тууралуу аталган федерациядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, башкы машыктыруучунун милдетин аткаруучу Мубин Эргашев командасы менен кызматтан алынды. Мунун себебин федерация улуттук кураманын Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда канааттандырарлык эмес жыйынтык көрсөткөнү менен түшүндүрдү. Азия чөлкөмү боюнча тандоо турунда Тажикстан курамасы "В" тайпасында 4-орунду ээлеп калды. Тандоо турунун жыйынтыктоочу оюнунда тажик футболчулары Дүйшөмбү шаарында кыргыз футболчуларына 1:0 эсебинде утулуп калышты. Бул оюнга Борбордук Азия дербиси деп аталып, көптөгөн күйөрмандардын кызыгуусун жаратты. Бул оюн 10дой унаа алмаштырып, 2 миң чакырымдай жол жүрүп Бишкектен Дүйшөмбүгө барган Эсеннур Алмазбеков сыяктуу өзгөчө күйөрманды элге тааныштырды. | Спорт | false | https://www.super.kg/kabar/news/143465 | 2016-03-30 |
ky | Бишкекте курулуш жана энергетика тармагындагы ата мекендик жана чет элдик ишканалардын өнөр жай көргөзмө-форуму ачылды (фоторепортаж) | Бүгүн, 30-мартта Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде “Эл аралык инвестициялык-өнөр жай көргөзмө-форуму-2016” ачылды. Иш-чара быйыл 14-жыл катары менен өткөрүлүп, ага бул ирет Германия, Түркия, Орусия, Украина, Беларусь, Казакстан, жалпысынан 10 өлкөдөн келген 50 компания катышууда. Көргөзмөнү Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбачылыгы агенттиги уюштурууда. Мекеменин директорунун орун басары Алмаз Абдыкаров ачылыш аземде: “ Бул көргөзмөнүн уникалдуулугу ата мекендик катышуучу-компаниялар чет элдик кесиптештери менен тажрыйба алмашып, потенциалдуу өнөктөштөрү жана керектөөчүлөрү менен байланыш түзүү мүмкүндүгүн алгандыгында. “Эл аралык инвестициялык-өнөр жай форумунун” ишкердик программасы өзүнө семинарларды, мастер-класстарды, жаңы технологияларды жана жабдуулардын бет ачарларын өткөрүүнү камтып турат ”. Көргөзмө 1-апрелге чейин уланат. | Бүгүн, 30-мартта Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде “Эл аралык инвестициялык-өнөр жай көргөзмө-форуму-2016” ачылды. Иш-чара быйыл 14-жыл катары менен өткөрүлүп, ага бул ирет Германия, Түркия, Орусия, Украина, Беларусь, Казакстан, жалпысынан 10 өлкөдөн келген 50 компания катышууда. Көргөзмөнү Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбачылыгы агенттиги уюштурууда. Мекеменин директорунун орун басары Алмаз Абдыкаров ачылыш аземде: “ Бул көргөзмөнүн уникалдуулугу ата мекендик катышуучу-компаниялар чет элдик кесиптештери менен тажрыйба алмашып, потенциалдуу өнөктөштөрү жана керектөөчүлөрү менен байланыш түзүү мүмкүндүгүн алгандыгында. “Эл аралык инвестициялык-өнөр жай форумунун” ишкердик программасы өзүнө семинарларды, мастер-класстарды, жаңы технологияларды жана жабдуулардын бет ачарларын өткөрүүнү камтып турат ”. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/143453 | 2016-03-30 |
ky | ЭЛДИК КАБАР: Кочкор районунун Сары-Булак айылында оор жүк ташуучу унаа оодарылып кетти | Кочкор районунун Сары-Булак айылында бүгүн, 30-мартта оор жүк ташуучу унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, кырсыкка унаанын жогорку ылдамдыкта жүрүп баратканы себеп болгон. "Катуу айдап келе жатып токтото албай калган" ,- деди окурман. | Кочкор районунун Сары-Булак айылында бүгүн, 30-мартта оор жүк ташуучу унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу окурман порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, кырсыкка унаанын жогорку ылдамдыкта жүрүп баратканы себеп болгон. | Элдик кабар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143463 | 2016-03-30 |
ky | Борбордогу кафелердин биринен 11 миң сомдук товарды уурдоого шектелген жаран кармалды | Борбор калаадагы кафелердин биринен 11 миң сомдук товарды уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 49 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Ал 27-марттан 28-мартка караган түнү белгисиз адамдар Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан кафенин дааратканасынын эшигин талкалап кирип, 11 миң сомдук товарларын уурдап кетишкенин билдирген. Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 22 жаштагы М.У. аттуу жаран кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. | Борбор калаадагы кафелердин биринен 11 миң сомдук товарды уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 49 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Ал 27-марттан 28-мартка караган түнү белгисиз адамдар Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан кафенин дааратканасынын эшигин талкалап кирип, 11 миң сомдук товарларын уурдап кетишкенин билдирген. Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 22 жаштагы М.У. аттуу жаран кармалган. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143461 | 2016-03-30 |
ky | Бишкек шаардык соту Максат Чакиевди 3,5 жылга эркинен ажыратты | Бишкек шаардык соту Туризм департаментинин мурунку директору Максат Чакиевдин ишин карап, аны күчөтүлгөн режимде 3,5 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу SUPER. KG`ге шаардык соттун канцеляриясынан билдиришти. Маалым болгондой, сот иши 29-мартта экинчи инстанцияда каралып, Чакиевди күнөөлүү деп таап, аны 3 жыл 6 айга эркинен ажыратты. Буга чейин ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 6 жылга эркинен ажыратылган. Айта кетсек, 2015-жылдын 28-май күнү Максат Чакиев 92 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалган. Ал эми 30-май күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аны 2 айга камакка алган. Бирок Бишкек шаардык соту аны 11-июнда үй камагына чыгарган. | Бишкек шаардык соту Туризм департаментинин мурунку директору Максат Чакиевдин ишин карап, аны күчөтүлгөн режимде 3,5 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу SUPER. KG`ге шаардык соттун канцеляриясынан билдиришти. Маалым болгондой, сот иши 29-мартта экинчи инстанцияда каралып, Чакиевди күнөөлүү деп таап, аны 3 жыл 6 айга эркинен ажыратты. Буга чейин ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 6 жылга эркинен ажыратылган. Айта кетсек, 2015-жылдын 28-май күнү Максат Чакиев 92 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалган. Ал эми 30-май күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аны 2 айга камакка алган. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143443 | 2016-03-30 |
ky | ЭЛДИК КАБАР: Жергиликтүү тургун Алайдын Согонду айылындагы жер алдындагы өтмөктү оңдоону суранууда | Алай районунун Согонду айылындагы жер алдындагы өтмөк көп жылдардан бери кароосуз калды. Бул тууралуу 30-мартта окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. "Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан бул өтмөккө быйылкы Тарых жана маданият жылында тиешелүү жактар же айыл өкмөт башчысы көңүл буруп, оңдоп коюшса жакшы болот эле. Айылдагы окуучулардын көбү ушул жол менен мектепке барышат, аларга да коопсуз болмок",- дейт окурман. | Алай районунун Согонду айылындагы жер алдындагы өтмөк көп жылдардан бери кароосуз калды. Бул тууралуу 30-мартта окурман порталына WhatsApp аркылуу билдирди. "Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан бул өтмөккө быйылкы Тарых жана маданият жылында тиешелүү жактар же айыл өкмөт башчысы көңүл буруп, оңдоп коюшса жакшы болот эле. | Элдик кабар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143459 | 2016-03-30 |
ky | Казакстанда өткөн жылы жоголгон 42 баш жылкы муз болуп тоңуп калган жеринен табылды | Казакстандын Павлодар облусунда кар алдында калып, муз болуп тоңуп калган 42 баш жылкы табылды. Бул тууралуу 29-мартта чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, өткөн жылдын декабрь айында жылкы ээси милицияга арыз жазып, жылкылары жоголгону тууралуу билдирген. Ал арызында жылкыларын акыркы жолу ноябрь айында көргөнүн жазган. Жыйынтыгында жылкылардын дареги чыкпагандыктан, уурулук боюнча кылмыш иши козголуп, издөө үчүн атайын топ түзүлгөн. 27-мартта милиция кызматкерлери Шидерти айылынан 12 чакырым алыстыкта жайгашкан өзөндөн муз болуп катып калган жылкыларды табышкан. | Казакстандын Павлодар облусунда кар алдында калып, муз болуп тоңуп калган 42 баш жылкы табылды. Бул тууралуу 29-мартта чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, өткөн жылдын декабрь айында жылкы ээси милицияга арыз жазып, жылкылары жоголгону тууралуу билдирген. Ал арызында жылкыларын акыркы жолу ноябрь айында көргөнүн жазган. Жыйынтыгында жылкылардын дареги чыкпагандыктан, уурулук боюнча кылмыш иши козголуп, издөө үчүн атайын топ түзүлгөн. | Түркүн дүйнө | false | https://www.super.kg/kabar/news/143451 | 2016-03-30 |
ky | Нарындагы жыйында Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун курулушу боюнча элдин нааразычылыгын жараткан жагдайлар бар экени айтылды | Кечээ, 29-мартта өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун курулушу боюнча жыйын өткөрдү. Жыйынга Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун жетекчиси, "Тим интернейшнл" ишканасынан, "Копри Сино-Хидро" Кытай-Кувейт компаниясынан өкүлдөр жана тиешелүү мекеме жетекчилери катышты. Облус башчысы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун курулушу уланып жатканын, бирок райондорго барып эл менен жолугушуу учурунда жол курулушу боюнча бир нече маселени көтөрүп жатышканын белгиледи: "Кур-Терек тилкесинде суу түтүктөрүн орнотуу үчүн макулдашылбаган жерлерди казып салышкан. Ал эми кээ бир карьерлерди тиешелүү уруксат кагаздары жок казышууда. "Максат" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан электр зымдары тартылып, келишим боюнча Эмгекчил айылынын тургундарына калтырылмак экен. Жакында ал ишканадан кат жазып жиберишиптир, долбоор бүтөрү менен электр чубалгыларын жыйнап кетебиз деп. Бул элдин нааразычылыгын жаратууда. Жергиликтүү бийлик катары аймагыбызда болуп жаткан көрүнүштөргө убагында көңүл бурушубуз керек" . Мындан тышкары жыйындын негизги максаты жол курулушуна тиешелүү тармактардын катышуусунда аталган унаа жолунун куруу этаптары жана мөөнөттөрү боюнча толук маалымат алуу болду. | Кечээ, 29-мартта өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун курулушу боюнча жыйын өткөрдү. Жыйынга Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун жетекчиси, "Тим интернейшнл" ишканасынан, "Копри Сино-Хидро" Кытай-Кувейт компаниясынан өкүлдөр жана тиешелүү мекеме жетекчилери катышты. Облус башчысы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун курулушу уланып жатканын, бирок райондорго барып эл менен жолугушуу учурунда жол курулушу боюнча бир нече маселени көтөрүп жатышканын белгиледи: "Кур-Терек тилкесинде суу түтүктөрүн орнотуу үчүн макулдашылбаган жерлерди казып салышкан. Ал эми кээ бир карьерлерди тиешелүү уруксат кагаздары жок казышууда. "Максат" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан электр зымдары тартылып, келишим боюнча Эмгекчил айылынын тургундарына калтырылмак экен. Жакында ал ишканадан кат жазып жиберишиптир, долбоор бүтөрү менен электр чубалгыларын жыйнап кетебиз деп. Бул элдин нааразычылыгын жаратууда. Жергиликтүү бийлик катары аймагыбызда болуп жаткан көрүнүштөргө убагында көңүл бурушубуз керек" . | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/143457 | 2016-03-30 |
ky | "Кара-Балтада 9 жашар кызды мыкаачылык менен өлтүргөн" деп өмүр бою эркинен ажыратылгандардын жактоочулары сот чечимине нааразы болушууда | "Кара-Балта шаарында 9 жашар кызды мыкаачылык менен өлтүргөн" деп өмүр бою эркинен ажыратылган Александр Зюзин менен Виталий Ивженоконун жактоочулары соттун эки адамды бирдей өмүр бою эркинен ажыратуу чечимине макул эместигин 30-мартта маалымат жыйынында айтып чыгышты. Жактоочулар Башкы прокуратура 8 жылдан бери аталган факт боюнча кылмыш ишин карап, кайра жаап коюп жатканын билдиришти. “Күнөөсү далилденбеген эки адамды бирдей күнөөлөп, өмүр бою эркинен ажыратуу мүмкүн эмес. Эки жолку соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы эки башка чыккан. Азыркы тапта экспертизаны чет мамлекеттен өткөрүүгө уруксат жок болууда. Эгер бул иш кайра каралбаса, биз эл аралык уюмдарга кайрылууга мажбур болобуз”,- дейт жактоочулардын бири Эркин Саданбеков . Эскерте кетсек, 2006-жылдын 10-мартында 9 жаштагы кыздын зордукталып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жансыз денеси табылган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында Кара-Балта шаарынын тургундары И.Виталий, З.Александр аталган фактыга шектүү катары кармалышкан. Кийин Жайыл райондук сотунун чечими менен алар өмүр бою эркинен ажыратылышкан. Бул өкүм менен макул болбогон тарап облустук соттун кароосун өтүнгөн. Чүй облустук соту Жайыл райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган. | "Кара-Балта шаарында 9 жашар кызды мыкаачылык менен өлтүргөн" деп өмүр бою эркинен ажыратылган Александр Зюзин менен Виталий Ивженоконун жактоочулары соттун эки адамды бирдей өмүр бою эркинен ажыратуу чечимине макул эместигин 30-мартта маалымат жыйынында айтып чыгышты. Жактоочулар Башкы прокуратура 8 жылдан бери аталган факт боюнча кылмыш ишин карап, кайра жаап коюп жатканын билдиришти. “Күнөөсү далилденбеген эки адамды бирдей күнөөлөп, өмүр бою эркинен ажыратуу мүмкүн эмес. Эки жолку соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы эки башка чыккан. Азыркы тапта экспертизаны чет мамлекеттен өткөрүүгө уруксат жок болууда. Эгер бул иш кайра каралбаса, биз эл аралык уюмдарга кайрылууга мажбур болобуз”,- дейт жактоочулардын бири Эркин Саданбеков . Эскерте кетсек, 2006-жылдын 10-мартында 9 жаштагы кыздын зордукталып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жансыз денеси табылган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында Кара-Балта шаарынын тургундары И.Виталий, З.Александр аталган фактыга шектүү катары кармалышкан. Кийин Жайыл райондук сотунун чечими менен алар өмүр бою эркинен ажыратылышкан. Бул өкүм менен макул болбогон тарап облустук соттун кароосун өтүнгөн. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143423 | 2016-03-30 |
ky | ЖЫЛНААМА, 30-МАРТ: Мындан 149 жыл мурун орусиялык дипломат Эдуард Стекл Вашингтондо Аляска жарым аралынын Америкага сатылышы тууралуу келишимге кол койгон | Мындан 149 жыл мурун, 1867-жылы 30-мартта орусиялык дипломат, барон Эдуард Стекл Вашингтон шаарында Аляска жарым аралынын Америка Кошмо Штаттарына сатылышы туурасындагы келишимге кол койгон. Келишимге ылайык, орус-америкалык компания Кошмо Штаттарга Алясканы 7 миллион 200 миң долларга кармата берген. Падышалык Орусия Аляска менен Алеут аралдарынан мурда эле кутулууну каалаган. Аляскадагы орус колониясы ал убакта 600 адамга жетип, өлкө казынасы алыскы аймакты коргоого күчү келген эмес. Падышалык бийлик алыскы аралдарды коруганга караганда Амур жээги менен Орто Азиядагы ээликтерин кеңейтүүнү самаган. Американын өзүндө да жарым аралды сатып алуу идеясы кызыгуу туудурган эмес. Алясканы сатып алуу маселеси Кошмо Штаттардын Сенатында болгону бир добуш артыкчылык менен кабыл алынган. Сенатор Ч.Самнер жаңы территорияны сатып алуу керектигин жактап, ал үчүн "Аляска", тактап айтканда, "Чоң жер" терминин колдонгон. Аляскада качан алтын жана башка минералдык кендердин бай запасы табылгандан кийин америкалыктар терисине батпай сүйүнүшкөн. Ал эми орустар болсо ошол күндөн азыркыга чейин Американын колтугундагы стратегиялык маанилүү аймактан айрылганына бармагын тиштеп келишет. 30-марттын жылнаамасы . | Мындан 149 жыл мурун, 1867-жылы 30-мартта орусиялык дипломат, барон Эдуард Стекл Вашингтон шаарында Аляска жарым аралынын Америка Кошмо Штаттарына сатылышы туурасындагы келишимге кол койгон. Келишимге ылайык, орус-америкалык компания Кошмо Штаттарга Алясканы 7 миллион 200 миң долларга кармата берген. Падышалык Орусия Аляска менен Алеут аралдарынан мурда эле кутулууну каалаган. Аляскадагы орус колониясы ал убакта 600 адамга жетип, өлкө казынасы алыскы аймакты коргоого күчү келген эмес. Падышалык бийлик алыскы аралдарды коруганга караганда Амур жээги менен Орто Азиядагы ээликтерин кеңейтүүнү самаган. Американын өзүндө да жарым аралды сатып алуу идеясы кызыгуу туудурган эмес. Алясканы сатып алуу маселеси Кошмо Штаттардын Сенатында болгону бир добуш артыкчылык менен кабыл алынган. Сенатор Ч.Самнер жаңы территорияны сатып алуу керектигин жактап, ал үчүн "Аляска", тактап айтканда, "Чоң жер" терминин колдонгон. Аляскада качан алтын жана башка минералдык кендердин бай запасы табылгандан кийин америкалыктар терисине батпай сүйүнүшкөн. Ал эми орустар болсо ошол күндөн азыркыга чейин Американын колтугундагы стратегиялык маанилүү аймактан айрылганына бармагын тиштеп келишет. | Саясат | false | https://www.super.kg/kabar/news/143431 | 2016-03-30 |
ky | Бишкек. Адам өлүмүнө алып келген бактын кулаганы боюнча мэрия кызматтык иликтөөнү баштады | Бишкек мэри Албек Ибраимов 29-мартта шаардык кызматтардын жана мэрияга караштуу түзүмдөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрдү. Анда Бишкекти көрктөндүрүү, эскирген бактарды жок кылуу боюнча сөз болду. Мэриядан кабарлашкандай, "Жашылдандыруу" ишканасына аз убакыт ичинде бактардын эсебин чыгаруу жана эскиргендерин жок кылуу тапшырмасы берилди. Ошондой эле 27-мартта Турусбеков көчөсүндө катталган окуя боюнча (бак унаалардын үстүнө кулап, 1 адам каза тапкан) кызматтык иликтөө башталганы айтылды. | Бишкек мэри Албек Ибраимов 29-мартта шаардык кызматтардын жана мэрияга караштуу түзүмдөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрдү. Анда Бишкекти көрктөндүрүү, эскирген бактарды жок кылуу боюнча сөз болду. Мэриядан кабарлашкандай, "Жашылдандыруу" ишканасына аз убакыт ичинде бактардын эсебин чыгаруу жана эскиргендерин жок кылуу тапшырмасы берилди. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/143455 | 2016-03-30 |
ky | ЭЛДИК КАБАР: Айдоочулар Кант шаарында оңдоо үчүн тешилип, бирок оңдолбой жаткан жолго нааразы болушууда | Айдоочулар Кант шаарында оңдоо үчүн тешилип, бирок оңдолбой жаткан жолго нааразы болушууда. Бул тууралуу 30-мартта окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. "Кант шаарынын чыгыш тарабында Бишкек-Торугарт жолун казып таштагандарына бир апта болду. Же бир "оңдоо жүрүп жатат" деген белги коюп коюшсачы... Айдоочуларга мындай кайдыгер мамиле качан токтойт? Же жогору жактагыларга дөңгөлөк, амортизатор чыгарган завод-фирмалардан буюртма түшүптүрбү?" - дейт окурман. | Айдоочулар Кант шаарында оңдоо үчүн тешилип, бирок оңдолбой жаткан жолго нааразы болушууда. Бул тууралуу 30-мартта окурман порталына WhatsApp аркылуу билдирди. "Кант шаарынын чыгыш тарабында Бишкек-Торугарт жолун казып таштагандарына бир апта болду. Же бир "оңдоо жүрүп жатат" деген белги коюп коюшсачы... Айдоочуларга мындай кайдыгер мамиле качан токтойт? | Элдик кабар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143449 | 2016-03-30 |
ky | Бишкекте белгисиз адамдар 33 жаштагы жаранды катуу сабап кетишти | Бишкекте белгисиз адамдар 33 жаштагы жаранды катуу сабап кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта "Тез жардам" кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, саат 04:04 чамасында "Рухий-Мурас жаңы конушунда тургунду унаа сүзүп кетип, эс-учу жок абалда жатат" деген билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге "Тез жардамдын" кызматкерлери барып, 33 жаштагы киши аны белгисиз 6 адам сабап кеткенин билдирген. Башынан, бетинен жаракат алып, баш мээси чайкалган жабырлануучу ооруканага жеткирилген. | Бишкекте белгисиз адамдар 33 жаштагы жаранды катуу сабап кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта "Тез жардам" кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, саат 04:04 чамасында "Рухий-Мурас жаңы конушунда тургунду унаа сүзүп кетип, эс-учу жок абалда жатат" деген билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге "Тез жардамдын" кызматкерлери барып, 33 жаштагы киши аны белгисиз 6 адам сабап кеткенин билдирген. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143433 | 2016-03-30 |
ky | Борбор калаада алдамчылык фактысына шектелип 59 жаштагы жаран кармалды | Борбор калаада алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 38 жаштагы Д.Р. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал чала таанышы ишенимине кирүү менен 70 миң сом акчасын карызга алып, бербей жатканын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 59 жаштагы И.А. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. | Борбор калаада алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 38 жаштагы Д.Р. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал чала таанышы ишенимине кирүү менен 70 миң сом акчасын карызга алып, бербей жатканын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 59 жаштагы И.А. аттуу шаар тургуну кармалган. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143445 | 2016-03-30 |
ky | Алмазбек Атамбаев: "Эгер элчи уктай берсе, эки мамлекеттин ортосундагы мамилелердин өнүгүүсү болбойт" | Бүгүн, 30-мартта 9 мамлекеттин Кыргыз Республикасындагы элчилери президент Алмазбек Атамбаевге Ишеним грамоталарын тапшырышты. Андан соң өлкө башчы аларга кайрылуу жасады. "Эки мамлекеттин ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүндө элчинин салымы зор. Мисалы, бир европалык өлкөнүн мамлекетибиздеги элчиси бир жыл ичинде эле чоң иш жасаган, мамлекеттерибиздин ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге көтөргөн. Мен ошол өлкөгө барып келгем",- деп элчини мактап, бирок ал кайсы мамлекеттин өкүлү экенин белгилебеди Атамбаев. "Эгер элчи уктай берсе, эки мамлекеттин ортосунда мамилелер өнүкпөйт. Мындай да вариант болушу мүмкүн. Жаңы дайындалган элчилер менен жакшы иштешебиз деп үмүттөнөм. Биздин өлкө бурулуш учурдан өтүп жатат, өттү десек да болот. Биз өзүбүздүн жолубузду таптык. Сиздерге президенттик аппарат жана Тышкы иштер министрлиги тарабынан колдоо көрсөтүлөт. Үйүңүздөрдө ар дайым тынчтык болсун" ,- деп каалоо-тилегин билдирди элчилерге президент. | Бүгүн, 30-мартта 9 мамлекеттин Кыргыз Республикасындагы элчилери президент Алмазбек Атамбаевге Ишеним грамоталарын тапшырышты. Андан соң өлкө башчы аларга кайрылуу жасады. "Эки мамлекеттин ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүндө элчинин салымы зор. Мисалы, бир европалык өлкөнүн мамлекетибиздеги элчиси бир жыл ичинде эле чоң иш жасаган, мамлекеттерибиздин ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге көтөргөн. Мен ошол өлкөгө барып келгем",- деп элчини мактап, бирок ал кайсы мамлекеттин өкүлү экенин белгилебеди Атамбаев. "Эгер элчи уктай берсе, эки мамлекеттин ортосунда мамилелер өнүкпөйт. Мындай да вариант болушу мүмкүн. Жаңы дайындалган элчилер менен жакшы иштешебиз деп үмүттөнөм. Биздин өлкө бурулуш учурдан өтүп жатат, өттү десек да болот. Биз өзүбүздүн жолубузду таптык. Сиздерге президенттик аппарат жана Тышкы иштер министрлиги тарабынан колдоо көрсөтүлөт. | Саясат | false | https://www.super.kg/kabar/news/143432 | 2016-03-30 |
ky | 4 жаштагы кыз атасы сабаганын айтып берди (фото) | Сокулук районунун тургуну мас абалында 4 жаштагы кызын сабап салганын кыздын апасы Индира айым 30-мартта SUPER.KG'ге билдирди. Индира айым жолдошунун үстүнөн даттанып, Сокулук райондук милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылганын айтты. "Жолдошумдун үстүнөн милицияга арыз жаздым, ал дагы кызым тарткан азапты тартсын. Менин биринчи жолдошумдан эки, экинчи жолдошумдан 3 балам бар. Азыркы жолдошумдан төрөгөн улуу балам 5ке, андан кийинки кызым 4кө, кенже кызым 1,5 жашка чыкты. Мен жумуштан келсем, 4 жаштагы кызымды атасы мас абалында табарсыкка катуу нерсе менен чапканбы же тепкенби, көгөрүп калыптыр. Кызымды соттук-медициналык экспертизадан өткөрөм, дарыларына кеткен чыгымды төлөп берсин" ,- деди ал. Бул учурда 4 жаштагы наристе өзү да кепке аралашып: "Атам мени урду, башым ооруп жатат", - деп айтып берди. Милиция бөлүмүндө жолдошу суракка алынып, андан соң үйүнө коё берилди. Милиция бөлүмүнөн: "Ишти кароо үчүн алгач соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы керек" ,- деп жооп кылды. | Сокулук районунун тургуну мас абалында 4 жаштагы кызын сабап салганын кыздын апасы Индира айым 30-мартта 'ге билдирди. Индира айым жолдошунун үстүнөн даттанып, Сокулук райондук милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылганын айтты. "Жолдошумдун үстүнөн милицияга арыз жаздым, ал дагы кызым тарткан азапты тартсын. Менин биринчи жолдошумдан эки, экинчи жолдошумдан 3 балам бар. Азыркы жолдошумдан төрөгөн улуу балам 5ке, андан кийинки кызым 4кө, кенже кызым 1,5 жашка чыкты. Мен жумуштан келсем, 4 жаштагы кызымды атасы мас абалында табарсыкка катуу нерсе менен чапканбы же тепкенби, көгөрүп калыптыр. Кызымды соттук-медициналык экспертизадан өткөрөм, дарыларына кеткен чыгымды төлөп берсин" ,- деди ал. Бул учурда 4 жаштагы наристе өзү да кепке аралашып: "Атам мени урду, башым ооруп жатат", - деп айтып берди. Милиция бөлүмүндө жолдошу суракка алынып, андан соң үйүнө коё берилди. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143417 | 2016-03-30 |
ky | ЭЛДИК КАБАР: "Араван районунда чөп жыйноо башталды" дейт окурман | Ош облусунун Араван районунда чөп жыйноо башталды. Бул тууралуу 30-мартта окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Окурман район борборунда чөп бышып, короодогу чөптөр орулуп жатканын айтып сүрөт жиберди. Араван району кыргыз өлкөсүндөгү дыйканчылык эрте башталган аймактардын бири болуп саналат. | Ош облусунун Араван районунда чөп жыйноо башталды. Бул тууралуу 30-мартта окурман порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Окурман район борборунда чөп бышып, короодогу чөптөр орулуп жатканын айтып сүрөт жиберди. | Элдик кабар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143435 | 2016-03-30 |
ky | Таш-Көмүрдө 3 жумадан ашуун убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан Данияр кызы Сыргана табыла элек | Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында 23 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Данияр кызы Сыргана табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда кызды издөө иштерин милиция кызматкерлери жүргүзүшүүдө. Азырынча издөө иштери өз натыйжасын бере элек. Буга чейин кызды издөө иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2 издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары да жүргүзүшкөн, бирок кыз табылган эмес. Айта кетсек, Теңдик айылынын тургуну, А.Осмонбеков атындагы №9-орто мектептин 7-классынын окуучусу, 13 жаштагы Данияр кызы Сыргана 7-март күнү саат 17:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. | Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында 23 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Данияр кызы Сыргана табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда кызды издөө иштерин милиция кызматкерлери жүргүзүшүүдө. Азырынча издөө иштери өз натыйжасын бере элек. Буга чейин кызды издөө иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2 издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары да жүргүзүшкөн, бирок кыз табылган эмес. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143401 | 2016-03-30 |
ky | Өткөн суткада өлкөдө 12 өрт кырсыгы катталып, Түп районунда бастырманын чатыры, 80 түк саман күйүп кетти | Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 15 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, борбор калаада 1, Чүй облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 5, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталды. Түп районуна караштуу Байзак айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анда аянты 45 чарчы метр, жыгач устундуу, шифер жабылган бастырманын чатыры, 10 түк чөп, 80 түк саман толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна үй ээсинин 12 жаштагы баласынын от менен ойногону себеп болгон. | Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 15 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, борбор калаада 1, Чүй облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 5, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталды. Түп районуна караштуу Байзак айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анда аянты 45 чарчы метр, жыгач устундуу, шифер жабылган бастырманын чатыры, 10 түк чөп, 80 түк саман толугу менен күйүп кеткен. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143421 | 2016-03-30 |
ky | Борбор калаада мас абалдагы аял өзүн өзү өлтүрүүгө аракеттенип, ичине бычак сайды | Борбор калаада мас абалдагы аял өзүн өзү өлтүрүүгө аракеттенди. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта "Тез жардам" кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ саат 22:11 чамасында 10-кичи райондо аял өзүнө бычак сайганы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган "Тез жардамдын" кызматкерлери аял мас абалда өз өмүрүнө кол салып, өзүнө бычак сайганын аныкташкан. Тиешелүү медициналык жардамдан кийин жабырлануучу ооруканага жеткирилген. | Борбор калаада мас абалдагы аял өзүн өзү өлтүрүүгө аракеттенди. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта "Тез жардам" кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ саат 22:11 чамасында 10-кичи райондо аял өзүнө бычак сайганы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган "Тез жардамдын" кызматкерлери аял мас абалда өз өмүрүнө кол салып, өзүнө бычак сайганын аныкташкан. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143427 | 2016-03-30 |
ky | Акыйкатчынын орун басары Эрлан Алимбаев парламентте ант берди | Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары Эрлан Алимбаев бүгүн, 30-мартта парламентте ант берди. Антында акыйкатчынын орун басары катары таза, эч кимге көз каранды болбой, мыйзамдын чегинде абийир менен иштей турганын айтты. Спикер Асылбек Жээнбеков Акыйкатчы институтунун ролу тууралуу пикирин билдирип, жаңы кызматка киришкен Алимбаевдин ишине ийгилик каалады. Эрлан Алимбаев 1979-жылы Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында туулган. Жогорку билимдүү, Ош мамлекеттик университетин юриспруденция бөлүмүн бүтүргөн. Бир катар эл аралык уюмдарда иштеген. Акыркы мезгилде Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулунун консультанты болуп иштеп турган. | Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары Эрлан Алимбаев бүгүн, 30-мартта парламентте ант берди. Антында акыйкатчынын орун басары катары таза, эч кимге көз каранды болбой, мыйзамдын чегинде абийир менен иштей турганын айтты. Спикер Асылбек Жээнбеков Акыйкатчы институтунун ролу тууралуу пикирин билдирип, жаңы кызматка киришкен Алимбаевдин ишине ийгилик каалады. Эрлан Алимбаев 1979-жылы Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында туулган. Жогорку билимдүү, Ош мамлекеттик университетин юриспруденция бөлүмүн бүтүргөн. Бир катар эл аралык уюмдарда иштеген. | Саясат | false | https://www.super.kg/kabar/news/143411 | 2016-03-30 |
ky | Кыргыз жеринен барган чыгармачыл топ АКШда фестивалга катышууда (фото) | Ушул күндөрү АКШда түрк өлкөлөрүнөн келген чыгармачыл топтордун, артисттердин катышуусунда фестиваль өтүп жатат. Фестивалга кыргыз өлкөсүнөн барган ырчылар Сайра Момунбаева, Гүлнур Асанова, Гүлжигит Калыков жана бий топтору катышууда. Фестиваль 28-мартта Нью-Йорк шаарында уюштурулса, 1-апрелге чейин Вашингтондо уланат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Гүлжигит Калыковдун менеджери Улук Сапаров билдирди. Фестивалдын катышуучуларынын бири Гүлжигит Калыков: "Нью-Йорк шаарында БУУнун башкы кеңсесинде 28-мартта чоң концерт-фестиваль ийгиликтүү болуп өттү. Келген коноктор, көрүүчүлөр концерт бүткөн соң 10-15 мүнөттөй туруп кол чаап жатышты. Ага кыргыз өлкөсү, Казакстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Молдова, Башкыр Республикасы, Түркия жана башка өлкөлөрдөн келген таланттар катышууда. 29-мартта Нью-Йорк шаарындагы Парк-авенюда концерт өттү. Кирүү акысыз болду",- деди. Ырчы Гүлнур Асанова буларды кошумчалады: "20 жылдык тарыхы бар "Түрксой" уюму уюштурган фестивалга 6-7 жылдан бери катышып келем. Быйыл да активдүү катышуучулардын бири болдум. Нью-Йорк шаарындагы БУУнун кеңсесиндеги концертте атайын чакырылган коноктор гана болду. 3 сааттык даярдыктардан кийин фестиваль башталды. Профессионал музыканттардан чогулган оркестрлердин коштоосунда жандуу үн менен ырдадык. Кыргыз өлкөсүнүн атынан элдик ырларды тартууладык. Буюрса, 1-апрелде фестивалдын жабылыш аземи өтөт. Андан соң мекенибизге кайтабыз" . | Ушул күндөрү АКШда түрк өлкөлөрүнөн келген чыгармачыл топтордун, артисттердин катышуусунда фестиваль өтүп жатат. Фестивалга кыргыз өлкөсүнөн барган ырчылар Сайра Момунбаева, Гүлнур Асанова, Гүлжигит Калыков жана бий топтору катышууда. Фестиваль 28-мартта Нью-Йорк шаарында уюштурулса, 1-апрелге чейин Вашингтондо уланат. Бул тууралуу порталына Гүлжигит Калыковдун менеджери Улук Сапаров билдирди. Фестивалдын катышуучуларынын бири Гүлжигит Калыков: "Нью-Йорк шаарында БУУнун башкы кеңсесинде 28-мартта чоң концерт-фестиваль ийгиликтүү болуп өттү. Келген коноктор, көрүүчүлөр концерт бүткөн соң 10-15 мүнөттөй туруп кол чаап жатышты. Ага кыргыз өлкөсү, Казакстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Молдова, Башкыр Республикасы, Түркия жана башка өлкөлөрдөн келген таланттар катышууда. 29-мартта Нью-Йорк шаарындагы Парк-авенюда концерт өттү. Кирүү акысыз болду",- деди. Ырчы Гүлнур Асанова буларды кошумчалады: "20 жылдык тарыхы бар "Түрксой" уюму уюштурган фестивалга 6-7 жылдан бери катышып келем. Быйыл да активдүү катышуучулардын бири болдум. Нью-Йорк шаарындагы БУУнун кеңсесиндеги концертте атайын чакырылган коноктор гана болду. 3 сааттык даярдыктардан кийин фестиваль башталды. Профессионал музыканттардан чогулган оркестрлердин коштоосунда жандуу үн менен ырдадык. Кыргыз өлкөсүнүн атынан элдик ырларды тартууладык. Буюрса, 1-апрелде фестивалдын жабылыш аземи өтөт. | Маданият, шоу-бизнес | false | https://www.super.kg/kabar/news/143321 | 2016-03-30 |
ky | Бишкекте дагы бир дарак кулап, бир адам жабыркады | Бишкекте дагы бир дарактын бутагы сынып, бир адам жабыркады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан тастыкташты. Маалым болгондой, окуя 29-мартта Эркиндик бульварында орун алган. Анда дарактын сынып түшкөн чоң бутагы орундукту сындырып, эс алып отурган шаар тургунунун башына тийген. Бул боюнча билдирүү “Тез жардам” кызматына түшкөн, бирок дарыгерлер келгенге чейин жабыркаган адамды ооруканага башкалар алып кетишкен. | Бишкекте дагы бир дарактын бутагы сынып, бир адам жабыркады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан тастыкташты. Маалым болгондой, окуя 29-мартта Эркиндик бульварында орун алган. Анда дарактын сынып түшкөн чоң бутагы орундукту сындырып, эс алып отурган шаар тургунунун башына тийген. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/143407 | 2016-03-30 |
ky | Бишкекте 3 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Айдар табылды | 26-март күнү эртең менен Бишкектеги үйүнөн чыгып кетип, дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы Айдар аттуу бала 29-мартта табылды. Жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекциясынан билдиришкендей, Айдардын кайда жүргөндүгүн Сыргак аттуу бала анын ата-энесине билдирген. Маалым болгондой, Айдар буга чейин да үйүнөн эч кимге айтпай чыгып кетип жүргөн. Бул жолу ал Жакшылык аттуу досу менен кетип калганы белгилүү болгон. | 26-март күнү эртең менен Бишкектеги үйүнөн чыгып кетип, дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы Айдар аттуу бала 29-мартта табылды. Жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекциясынан билдиришкендей, Айдардын кайда жүргөндүгүн Сыргак аттуу бала анын ата-энесине билдирген. Маалым болгондой, Айдар буга чейин да үйүнөн эч кимге айтпай чыгып кетип жүргөн. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/143405 | 2016-03-30 |
ky | Ысык-Ата районундагы үйлөрдүн биринен мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 3 аялдын иши боюнча иликтөө жүргүзүлүүдө | Ысык-Ата районундагы үйлөрдүн биринен мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 3 аялдын иши боюнча иликтөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда бул кылмыштын бети ачыла элек. Каза тапкан аялдардын туугандары, достору суракка алынууда. Кылмыштын бетин ачууга Чүй ОИИББинин жана Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын тажрыйбалуу кызматкерлеринен турган кылмыш иликтөө тобу түзүлгөн. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгы да даяр боло элек. Алгач "үйгө тоноо максатында кирген" деген версия болгон, бирок тинтүү, текшерүү иштеринен кийин үйдөн баалуу буюмдар жоголбогону жана акчалар ордунда экени аныкталган. Айта кетсек, бул факт боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Каза болгон аялдардын экөө эже-сиңди, ал эми үчүнчүсү үй ээсинин кош бойлуу 24 жаштагы кызы болгон. | Ысык-Ата районундагы үйлөрдүн биринен мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 3 аялдын иши боюнча иликтөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда бул кылмыштын бети ачыла элек. Каза тапкан аялдардын туугандары, достору суракка алынууда. Кылмыштын бетин ачууга Чүй ОИИББинин жана Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын тажрыйбалуу кызматкерлеринен турган кылмыш иликтөө тобу түзүлгөн. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгы да даяр боло элек. Алгач "үйгө тоноо максатында кирген" деген версия болгон, бирок тинтүү, текшерүү иштеринен кийин үйдөн баалуу буюмдар жоголбогону жана акчалар ордунда экени аныкталган. Айта кетсек, бул факт боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143403 | 2016-03-30 |
ky | 30-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8,9 миллиард метр кубду түзүүдө | Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бүгүнкү күнгө карата 8 миллиард 955 миллион куб метр болду. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта “Улуттук электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, агып кирген суунун көлөмү суткасына секундасына 212 куб метрге, агып чыккан суу секундасына 259 куб метрге жетүүдө. Былтыр 30-мартта суу сактагычтагы суунун көлөмү 6 миллиард 449 миллион метр кубду түзүп, агып кирген суунун көлөмү суткасына секундасына 188 куб метр, агып чыккан суу секундасына 634 куб метрди түзгөн. | Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бүгүнкү күнгө карата 8 миллиард 955 миллион куб метр болду. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта “Улуттук электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, агып кирген суунун көлөмү суткасына секундасына 212 куб метрге, агып чыккан суу секундасына 259 куб метрге жетүүдө. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/143413 | 2016-03-30 |
ky | Оппозициянын Бишкекте өтүүчү митинги токтотулду | Оппозициянын бүгүн, 30-мартта Бишкекте өтүүчү митинги токтотулду. Бул тууралуу оппозиция өкүлү Мамбетжунус Абылов билдирип, митинг 20-апрелге жылдырылганын айтты. "Жогорку Кеңештин тармактык комитети кечээ Аксы районундагы Үңкүр-Тоо маселесин карап, чечим кабыл алды. Башкы прокуратура аталган тоого байланыштуу өкмөттүн документин иликтеп, 20-апрелге чейин комитетке маалымат бере турган болду. Ошол иликтөөнүн жыйынтыгын күтө турууну чечтик",- деди Абылов. Бүгүн Аксы районунун Кербен шаарында өтө турган митинг да токтотулганы белгилүү болду. | Оппозициянын бүгүн, 30-мартта Бишкекте өтүүчү митинги токтотулду. Бул тууралуу оппозиция өкүлү Мамбетжунус Абылов билдирип, митинг 20-апрелге жылдырылганын айтты. "Жогорку Кеңештин тармактык комитети кечээ Аксы районундагы Үңкүр-Тоо маселесин карап, чечим кабыл алды. Башкы прокуратура аталган тоого байланыштуу өкмөттүн документин иликтеп, 20-апрелге чейин комитетке маалымат бере турган болду. Ошол иликтөөнүн жыйынтыгын күтө турууну чечтик",- деди Абылов. | Саясат | false | https://www.super.kg/kabar/news/143415 | 2016-03-30 |
ky | МЕДИА-ПОРТАЛ: "Атага кат" ыры кайра жазылып, клип тартылат" дейт ырчы Артык Саитов | 2006-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу менен "Атага кат" ыры "2006-жылдын супер ыры" наамына ээ болгон. Ошол жылдары ыр кыргыз жеринде эле эмес, чет жерде жүргөн мекендештер арасында да абдан популярдуу болгон. Атанын тагдыры, ага болгон сагыныч чагылдырылган клип тууралуу ырчы Артык Саитов буларга токтолду: "Бул ыр аталар оорубасын деген жакшы ниетте жазылган болчу. Бирок ага клип тартууда башка бирөөлөрдүн сунушу менен түрмөгө түшүп, атасынын кадырына жеткен уул жөнүндө кайгылуу клип тартылып калды. "Арноо концерти" программасын алып барган Гүлшан Молдоева бир күнү чакырып алып, "Ыр аябай жакшы жазылган, бирок клип кайгылуу. Кубанычтуу майрамды белгилеп жаткан көрүүчүлөргө мындай клипти кайра-кайра көрсөтө албайбыз. Атаны барктаган клип тартсаңар жакшы болмок" деген кеңешин берген. Ыр чыккан убакта атам ооруп жүргөн эле. Кийин көзү өтүп кетти. Сапар Эркебаев менен иштешпей калгандан кийин радиолордон да бул ыр көп кетпей калды. Андыктан "Атага кат" ырын кайра жазып, башкача, аталарга ыраазычылык билдирген клип тартсамбы деп турам. Буюрса, аракеттер башталды. Эл ыйлабай турган, ыйласа да кубанычтан, сагынуудан ыйлаган клип тартабыз" . "Атага кат" ырына тартылган клипти толугу менен бул жактан көрсөңүз болот. | 2006-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу менен "Атага кат" ыры "2006-жылдын супер ыры" наамына ээ болгон. Ошол жылдары ыр кыргыз жеринде эле эмес, чет жерде жүргөн мекендештер арасында да абдан популярдуу болгон. Атанын тагдыры, ага болгон сагыныч чагылдырылган клип тууралуу ырчы Артык Саитов буларга токтолду: "Бул ыр аталар оорубасын деген жакшы ниетте жазылган болчу. Бирок ага клип тартууда башка бирөөлөрдүн сунушу менен түрмөгө түшүп, атасынын кадырына жеткен уул жөнүндө кайгылуу клип тартылып калды. "Арноо концерти" программасын алып барган Гүлшан Молдоева бир күнү чакырып алып, "Ыр аябай жакшы жазылган, бирок клип кайгылуу. Кубанычтуу майрамды белгилеп жаткан көрүүчүлөргө мындай клипти кайра-кайра көрсөтө албайбыз. Атаны барктаган клип тартсаңар жакшы болмок" деген кеңешин берген. Ыр чыккан убакта атам ооруп жүргөн эле. Кийин көзү өтүп кетти. Сапар Эркебаев менен иштешпей калгандан кийин радиолордон да бул ыр көп кетпей калды. Андыктан "Атага кат" ырын кайра жазып, башкача, аталарга ыраазычылык билдирген клип тартсамбы деп турам. Буюрса, аракеттер башталды. Эл ыйлабай турган, ыйласа да кубанычтан, сагынуудан ыйлаган клип тартабыз" . | Маданият, шоу-бизнес | false | https://www.super.kg/kabar/news/143225 | 2016-03-30 |
ky | Балык кармап жаткан жаранга 140 миң сомдон ашык айып салынды | Кочкор районуна караштуу Ара-Көл көлмөсүнөн балык кармап жаткан жаранга 140 миң сомдон ашык айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 25-март күнү аталган инспекциянын жана Балык чарба департаментинин адистери биргелешкен рейд уюштурушкан. Анын жүрүшүндө саат 23:00 чамасында Кочкор районуна караштуу Ара-Көл көлмөсүнөн уруксаты жок балык кармаган жаран кармалган. Бул жаран Чолпон айыл өкмөтүнүн Оро-Башы айылынын 1991-жылы туулган Жаныбек Шайлообек уулу аттуу тургуну болуп чыккан. Ал мыйзамсыз түрдө 141 даана сига балыгын кармаган. Бул боюнча жеринде инспектор протокол түзүп, Шайлообек уулуна 142 410 сом айып салган. Кармалган адам Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат. | Кочкор районуна караштуу Ара-Көл көлмөсүнөн балык кармап жаткан жаранга 140 миң сомдон ашык айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 25-март күнү аталган инспекциянын жана Балык чарба департаментинин адистери биргелешкен рейд уюштурушкан. Анын жүрүшүндө саат 23:00 чамасында Кочкор районуна караштуу Ара-Көл көлмөсүнөн уруксаты жок балык кармаган жаран кармалган. Бул жаран Чолпон айыл өкмөтүнүн Оро-Башы айылынын 1991-жылы туулган Жаныбек Шайлообек уулу аттуу тургуну болуп чыккан. Ал мыйзамсыз түрдө 141 даана сига балыгын кармаган. Бул боюнча жеринде инспектор протокол түзүп, Шайлообек уулуна 142 410 сом айып салган. Кармалган адам Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143397 | 2016-03-30 |
ky | "Москвада мекендештерин тоноп жүргөн" деп шектелип Кара-Кулжа, Өзгөн райондорунун тургундары кармалышты | Москвада кыргыз жарандарынын батирине кирип каракчылык кылган жаран кармалды. ИИМдин билдиришинче, 2-марттан 24-мартка чейин Москва полициясына азиат түспөлүндөгү жигиттин куралчан каракчылык кылып жүргөнү тууралуу көп кайрылуу түшкөн. 8-мартта Москвада жашаган кыргыз мамлекетинин жаранына 25 жаштардагы жигит менен кыз (өздөрүн күйөөсү жана аялы катары тааныштырып) кайрылып, үйүнө түнөтүүнү өтүнүшкөн. Үй ээси ичкери киргизгенден 15-20 мүнөттөн кийин кыз менен жигит чүмбөт кийишип, үй ээсин - 53 жаштагы аялды бычак менен коркутушуп 16 500 рубль акчасын, 20 000 рублдук планшетин, 3 500 рублдук эки телефонун алып кетишкен. Ушундай эле даттануулар 13, 17-март күндөрү башка жарандардан да түшкөн. Полиция 29-мартта аталган кылмыштарга шектүү адамдарды кармады. Маалыматка таянсак, шектүүлөр: Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 1993-жылы туулган тургуну С. уулу Э. жана Өзгөн районунун 1989-жылы туулган тургуну И.Н. Шектүүлөрдүн жанынан пневматикалык тапанча, 6 даана уюлдук телефон, планшет жана башка буюмдар табылган. Учурда тергөө жүрүп жатат. | Москвада кыргыз жарандарынын батирине кирип каракчылык кылган жаран кармалды. ИИМдин билдиришинче, 2-марттан 24-мартка чейин Москва полициясына азиат түспөлүндөгү жигиттин куралчан каракчылык кылып жүргөнү тууралуу көп кайрылуу түшкөн. 8-мартта Москвада жашаган кыргыз мамлекетинин жаранына 25 жаштардагы жигит менен кыз (өздөрүн күйөөсү жана аялы катары тааныштырып) кайрылып, үйүнө түнөтүүнү өтүнүшкөн. Үй ээси ичкери киргизгенден 15-20 мүнөттөн кийин кыз менен жигит чүмбөт кийишип, үй ээсин - 53 жаштагы аялды бычак менен коркутушуп 16 500 рубль акчасын, 20 000 рублдук планшетин, 3 500 рублдук эки телефонун алып кетишкен. Ушундай эле даттануулар 13, 17-март күндөрү башка жарандардан да түшкөн. Полиция 29-мартта аталган кылмыштарга шектүү адамдарды кармады. Маалыматка таянсак, шектүүлөр: Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 1993-жылы туулган тургуну С. уулу Э. жана Өзгөн районунун 1989-жылы туулган тургуну И.Н. Шектүүлөрдүн жанынан пневматикалык тапанча, 6 даана уюлдук телефон, планшет жана башка буюмдар табылган. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143395 | 2016-03-30 |
ky | Бишкек-Ош трассасында автокырсык болуп, 2 адам каза тапты | Бишкек-Ош трассасында 29-мартта автокырсык болуп, 2 адам каза тапты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, жаракат алгандардын саны үчөө. Каза болгондор жана жаракат алгандар Токтогул районунун тургундары экени айтылды. Кырсык аталган трассанын Торкен айылына караштуу бөлүгүндө болгону, Тойота Ист унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жол четинде даракты сүзүп токтогону айтылат маалыматта. Каза болгондордун денеси "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берилди. | Бишкек-Ош трассасында 29-мартта автокырсык болуп, 2 адам каза тапты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, жаракат алгандардын саны үчөө. Каза болгондор жана жаракат алгандар Токтогул районунун тургундары экени айтылды. Кырсык аталган трассанын Торкен айылына караштуу бөлүгүндө болгону, Тойота Ист унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жол четинде даракты сүзүп токтогону айтылат маалыматта. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143393 | 2016-03-30 |
ky | Өкмөт маданият мекемелеринин имараттарын ижарага берүүдөн түшкөн акчанын жарымын өзүнө алганы жатат | Парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети 29-мартта мамлекетке караштуу имараттарды ижарага берүүдөн түшкөн каражаттардын бөлүнүшүн тактоого багытталган мыйзамдын долбоорун карады. Демилгечилердин айтымында, иштеп жаткан мыйзамда маданият мекемелеринин имараттарын ижарага берүүдөн түшкөн каражаттардын 30 пайызы республикалык бюджетке, 70 пайызы ошол имараттарга жумшалып келген. Өкмөт ал каражатты теңме-тең бөлүүнү сунуштоодо. Ижарадан түшкөн каражат өсүп жаткандыктан, имаратты кароого багытталган акча кыскарбай турганын айтууда. Талкууда депутаттар маданий жайлардын, билим берүү мекемелеринин имараттарын ижарага берүүдөн түшкөн каражаттын бөлүнүшүн кайра кароо сунушуна каршы пикирин билдирип, ижара акысынын 70 пайызын мекеменин өзүндө калтырып, 30 пайызын республикалык бюджетке которуу сунушун берген. Комитет мүчөлөрү каражатты бөлүүнү өкмөт өзү аныктасын деген чечимге келген. Мыйзамдын долбоору экинчи окууда жактырылды. | Парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети 29-мартта мамлекетке караштуу имараттарды ижарага берүүдөн түшкөн каражаттардын бөлүнүшүн тактоого багытталган мыйзамдын долбоорун карады. Демилгечилердин айтымында, иштеп жаткан мыйзамда маданият мекемелеринин имараттарын ижарага берүүдөн түшкөн каражаттардын 30 пайызы республикалык бюджетке, 70 пайызы ошол имараттарга жумшалып келген. Өкмөт ал каражатты теңме-тең бөлүүнү сунуштоодо. Ижарадан түшкөн каражат өсүп жаткандыктан, имаратты кароого багытталган акча кыскарбай турганын айтууда. Талкууда депутаттар маданий жайлардын, билим берүү мекемелеринин имараттарын ижарага берүүдөн түшкөн каражаттын бөлүнүшүн кайра кароо сунушуна каршы пикирин билдирип, ижара акысынын 70 пайызын мекеменин өзүндө калтырып, 30 пайызын республикалык бюджетке которуу сунушун берген. Комитет мүчөлөрү каражатты бөлүүнү өкмөт өзү аныктасын деген чечимге келген. | Саясат | false | https://www.super.kg/kabar/news/143391 | 2016-03-30 |
ky | ЭЛДИК КАБАР: Исфанада катуу шамал үйлөрдүн чатырларын учуруп кетти | Баткендин Исфана шаарчасында катуу шамал болуп, үйлөрдүн чатырларын учуруп кетти. Бул тууралуу 30-мартта окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Катуу шамал Лейлек районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Суу-Башы айылында да болгонун жергиликтүү жашоочулар кабарлашты. Шамал бүгүн таңга маал болгон. | Баткендин Исфана шаарчасында катуу шамал болуп, үйлөрдүн чатырларын учуруп кетти. Бул тууралуу 30-мартта окурман порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Катуу шамал Лейлек районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Суу-Башы айылында да болгонун жергиликтүү жашоочулар кабарлашты. | Элдик кабар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143389 | 2016-03-30 |
ky | ЭЛДИК КАБАР: Бишкектин Токтогул-Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде автокырсык болуп, 1 адам жаракат алды | Бишкектин Токтогул-Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде автокырсык болуп, 1 адам жаракат алды. Бул тууралуу 30-мартта окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Мерседес жана Фольксваген унаалары катышкан кырсык саат 07:35 чамасында болгон. Окурмандын билдиришинче, күнөө Фольксваген унаасынын айдоочусунан кеткен. | Бишкектин Токтогул-Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде автокырсык болуп, 1 адам жаракат алды. Бул тууралуу 30-мартта окурман порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Мерседес жана Фольксваген унаалары катышкан кырсык саат 07:35 чамасында болгон. | Элдик кабар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143387 | 2016-03-30 |
ky | ЖЫЛНААМА, 30-МАРТ: Мындан 48 жыл мурун канадалык ырчы Селин Дион туулган | Мындан 48 жыл мурун, 1968-жылы 30-мартта канадалык ырчы Селин Дион Канададагы Монреаль шаарында туулган. Ырчыга эң алгачкы атактуулук 1982-жылы "Yamaha" фестивалынан жеңгенден кийин келген. Ал эми 1988-жылы Селин Дион "Евровидение" сынагына Швейцариянын атынан катышып, баш байгеге ээ болгондо ырчыны дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгү тааныган. Жеймс Кэмерондун шедеврге айланган "Титаник" тасмасынын саундтрегин Селин Дион аткарган. Анын аткаруусундагы атактуу “My Heart Will Go On” (“Жүрөгүм сени түбөлүк сүйөт”) аттуу ыры жазылган диск дүйнө жүзүнө 27 миллион нуска менен тараган. 30-марттын жылнаамасы . | Мындан 48 жыл мурун, 1968-жылы 30-мартта канадалык ырчы Селин Дион Канададагы Монреаль шаарында туулган. Ырчыга эң алгачкы атактуулук 1982-жылы "Yamaha" фестивалынан жеңгенден кийин келген. Ал эми 1988-жылы Селин Дион "Евровидение" сынагына Швейцариянын атынан катышып, баш байгеге ээ болгондо ырчыны дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгү тааныган. Жеймс Кэмерондун шедеврге айланган "Титаник" тасмасынын саундтрегин Селин Дион аткарган. Анын аткаруусундагы атактуу “My Heart Will Go On” (“Жүрөгүм сени түбөлүк сүйөт”) аттуу ыры жазылган диск дүйнө жүзүнө 27 миллион нуска менен тараган. | Маданият, шоу-бизнес | false | https://www.super.kg/kabar/news/143385 | 2016-03-30 |
ky | АФИША, 30-МАРТ: Бишкекте ырчы Самара Каримованын концерти өтөт | "Саябан" этнорестораны Ырчы, “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча “2014-жылдын супер дебюту” наамынын ээси Самара Каримованын концерти өтөт. "Манас" кинотеатры Чоң зал "Зверополис” 3D тасмасы. 10:40, 15:50. “Бэтмен против Супермена: на заре справедливости” тасмасы. 12:50, 18:00, 20:50. “Боги Египта” тасмасы. 23:50. Көк зал "Дивергент, глава 3: За стеной" тасмасы. 11:10, 18:10. “Бэтмен против Супермена: на заре справедливости” тасмасы. 22:40. “Падение Лондона” тасмасы. 13:40, 20:30. “Боги Египта” тасмасы. 15:40. Жашыл зал “Эне жүрөгү” тасмасы. 10:20, 12:00, 13:40, 15:20, 17:00, 18:40, 20:20, 22:00, 23:40. Кызыл зал “ЖинМэн" тасмасы. 10:40, 12:20, 14:00, 15:40, 17:30, 19:20, 21:10, 23:00. Ретро зал "Бир мешок акча" тасмасы. 10:30, 12:10, 14:10, 16:00, 17:50, 19:40, 21:30, 23:10. Айтыш зал “Чүкө баатыр” тасмасы. 11:30, 15:10, 19:10. "Запрос в друзья" тасмасы. 13:20, 17:10. “Эне жүрөгү” тасмасы. 21:00. Замандаш зал “Герой моей девушки” тасмасы. 11:00, 12:40, 16:20, 20:00, 23:50. “Бир мешок акча” тасмасы. 14:30, 18:10, 22:00. | "Саябан" этнорестораны Ырчы, “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча “2014-жылдын супер дебюту” наамынын ээси Самара Каримованын концерти өтөт. "Манас" кинотеатры Чоң зал "Зверополис” 3D тасмасы. “Боги Египта” тасмасы. “Падение Лондона” тасмасы. 13:40, 20:30. “Боги Египта” тасмасы. 15:40. Жашыл зал “Эне жүрөгү” тасмасы. 10:20, 12:00, 13:40, 15:20, 17:00, 18:40, 20:20, 22:00, 23:40. Кызыл зал “ЖинМэн" тасмасы. 10:40, 12:20, 14:00, 15:40, 17:30, 19:20, 21:10, 23:00. Ретро зал "Бир мешок акча" тасмасы. 10:30, 12:10, 14:10, 16:00, 17:50, 19:40, 21:30, 23:10. Айтыш зал “Чүкө баатыр” тасмасы. “Эне жүрөгү” тасмасы. | Күннаама | true | https://www.super.kg/kabar/news/143373 | 2016-03-30 |
ky | КИНОЗАЛ: Эксклюзив! "Кекеч" тасмасы "Кинозал" бөлүмүндө | Көпчүлүктүн кызыгуусун арттырган "Кекеч" тасмасы SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнө жүктөлдү. Мюзикл, драма жанрындагы тасманын режиссёру - Эрнест Абдыжапаров . Анда Нурак Өмүрбеков, Жаныш Майр, Рахат Божокоева, Алиман Дүйшеналиева, Айнура Чанчарбаева сыяктуу актёр-актрисалар роль жаратышкан. Эрнест Абдыжапаров бизге берген маектеринин биринде: “Тасма аркылуу көрүүчүлөргө коомубуздагы орчундуу көйгөйлөрдү көрсөткүм келди. Эгемендүүлүк алган 24 жылдан бери биздин мамлекет дагы эле кекечтенип келе жатат. Азыр биз жашап жаткан коомдо гармония жок. Үй-бүлөдө да, мамлекетте да гармония болуш керек. Ошондо биз кекечтиктен арылабыз деген ойду берейин дедим”, - деп билдирген эле. Тасмада балдар үйүнөн тарбияланып чыгышкан эки бир туугандын жашоосу баяндалат. Бакыт такси айдап жашоо менен күрөшсө, Нурак консерваторияда окуган кекеч жигит болот. Музыка жаатында билим алган Нурактын башына сүйүү келип, ага жетүүгө кекечтиги тоскоолдук жаратат. Фильмдин сюжети мындан ары өрчүп, каармандардын жашоосу жагымдуу бурулуш жасайт. Тасманы бул жактан көрө аласыз . | Көпчүлүктүн кызыгуусун арттырган "Кекеч" тасмасы порталынын "Кинозал" бөлүмүнө жүктөлдү. Мюзикл, драма жанрындагы тасманын режиссёру - Эрнест Абдыжапаров . Анда Нурак Өмүрбеков, Жаныш Майр, Рахат Божокоева, Алиман Дүйшеналиева, Айнура Чанчарбаева сыяктуу актёр-актрисалар роль жаратышкан. Эрнест Абдыжапаров бизге берген маектеринин биринде: “Тасма аркылуу көрүүчүлөргө коомубуздагы орчундуу көйгөйлөрдү көрсөткүм келди. Эгемендүүлүк алган 24 жылдан бери биздин мамлекет дагы эле кекечтенип келе жатат. Азыр биз жашап жаткан коомдо гармония жок. Үй-бүлөдө да, мамлекетте да гармония болуш керек. Ошондо биз кекечтиктен арылабыз деген ойду берейин дедим”, - деп билдирген эле. Тасмада балдар үйүнөн тарбияланып чыгышкан эки бир туугандын жашоосу баяндалат. Бакыт такси айдап жашоо менен күрөшсө, Нурак консерваторияда окуган кекеч жигит болот. Музыка жаатында билим алган Нурактын башына сүйүү келип, ага жетүүгө кекечтиги тоскоолдук жаратат. Фильмдин сюжети мындан ары өрчүп, каармандардын жашоосу жагымдуу бурулуш жасайт. | Маданият, шоу-бизнес | false | https://www.super.kg/kabar/news/143383 | 2016-03-30 |
ky | Эксклюзив! Эрмек Нурбаев, Омар баштаган күйөрмандар стадионго калпак кийип келип, үнү бүткөнчө "Кыргызстан!" деп кыйкырышты (фоторепортаж) | Бүгүн, 29-мартта Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда кыргыз футболчулары Тажикстан курамасы менен беттешип, 1:0 эсебинде утуп алышты. Дүйшөмбү шаарында өткөн беттеште жалгыз голду Виталий Люкс киргизди. Оюнга барып, күбө болуп кайткан Нурсултан Кенишбеков (учурда убактылуу Тажикстанда иштейт) оюн тууралуу, күйөрмандар тууралуу SUPER.KG порталына ой бөлүштү. Анын айтымында, футболчуларыбызды болжол менен 50дөй күйөрман колдоп отурду. "Оюн башталгандан тарта "Кыргызстан!" деп үнүбүз бүткөнчө кыйкырып жаттык. Албетте, үнүбүздү футболчулар укту деп ойлойбуз. Себеби беттештен кийин Азамат Байматов баштаган футболчулар келип, колдоо үчүн рахмат айтышты. Стадионго көбү калпак кийип келгенин көрүп көз сүйүндү. Ошондой эле 3 желекти желбиретип отурдук",- дейт күйөрман. | Бүгүн, 29-мартта Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда кыргыз футболчулары Тажикстан курамасы менен беттешип, 1:0 эсебинде утуп алышты. Дүйшөмбү шаарында өткөн беттеште жалгыз голду Виталий Люкс киргизди. Оюнга барып, күбө болуп кайткан Нурсултан Кенишбеков (учурда убактылуу Тажикстанда иштейт) оюн тууралуу, күйөрмандар тууралуу порталына ой бөлүштү. Анын айтымында, футболчуларыбызды болжол менен 50дөй күйөрман колдоп отурду. "Оюн башталгандан тарта "Кыргызстан!" деп үнүбүз бүткөнчө кыйкырып жаттык. Албетте, үнүбүздү футболчулар укту деп ойлойбуз. Себеби беттештен кийин Азамат Байматов баштаган футболчулар келип, колдоо үчүн рахмат айтышты. Стадионго көбү калпак кийип келгенин көрүп көз сүйүндү. | Спорт | false | https://www.super.kg/kabar/news/143381 | 2016-03-29 |
ky | Жалал-Абадда коомдук, саясий ишмер Асилбек Текебаевдин өмүр жолун баяндаган китептин бет ачары өттү | Бүгүн, 29-мартта Жалал-Абад шаарында коомдук, саясий ишмер Асилбек Текебаевдин жаркын элесине арналган журналист Кудайкул Жусуповдун "Асилбек Текебаев: "Ата Мекен - элим-жерим, канатым, Бүт өмүрлүк айтып бүткүс санатым..." деген китебинин бет ачары өттү. Иш-чарага Асилбек Текебаевдин апасы Тилла Текебаева , бир тууган агасы Өмүрбек Текебаев , депутаттар, өкмөт мүчөлөрү жана башкалар катышты. Китептин автору бизге буларды билдирди: "Асилбек экөөбүз бирге эр жеттик, бирге окуп, журналистика майданында бирге эмгектендик. Тирүү болгондо бүгүн 55 жашка чыкмак. Асилбек Текебаев коомдук, саясий ишмер катары эгемен кыргыз өлкөсүнүн келечеги үчүн жан үрөп күрөштү. Ал 2002-жылкы Аксы окуясы учурунда, 2005-жылкы революцияда, 2010-жылкы Апрель революциясында оппозициянын түштүктөгү күжүрмөн жоокери катары кызмат өтөгөн. Анын өмүр жолу жаш муунга үлгү болот". | Бүгүн, 29-мартта Жалал-Абад шаарында коомдук, саясий ишмер Асилбек Текебаевдин жаркын элесине арналган журналист Кудайкул Жусуповдун "Асилбек Текебаев: "Ата Мекен - элим-жерим, канатым, Бүт өмүрлүк айтып бүткүс санатым..." деген китебинин бет ачары өттү. Иш-чарага Асилбек Текебаевдин апасы Тилла Текебаева , бир тууган агасы Өмүрбек Текебаев , депутаттар, өкмөт мүчөлөрү жана башкалар катышты. Китептин автору бизге буларды билдирди: "Асилбек экөөбүз бирге эр жеттик, бирге окуп, журналистика майданында бирге эмгектендик. Тирүү болгондо бүгүн 55 жашка чыкмак. Асилбек Текебаев коомдук, саясий ишмер катары эгемен кыргыз өлкөсүнүн келечеги үчүн жан үрөп күрөштү. Ал 2002-жылкы Аксы окуясы учурунда, 2005-жылкы революцияда, 2010-жылкы Апрель революциясында оппозициянын түштүктөгү күжүрмөн жоокери катары кызмат өтөгөн. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/143379 | 2016-03-29 |
ky | Башкы прокуратура Үңкүр-Тоо боюнча өкмөттүн протоколун текшерет | Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети 29-мартта Аксыдагы Үңкүр-Тоодо жайгашкан станцияны башка жерге көчүрүүгө тийиштүү маселени карады. Жыйынтыгында комитет өкмөткө буларды сунуштады: Аксы районунун Үңкүр-Тоосунда жайгашкан “Кербен” (РРС-24) радиорелейлик станциясын башка жерге көчүрбөстөн азыркы турган ордунда калтыруу жана станциянын ишин күчөтүү. Бул боюнча өлкө жарандарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Башкы прокуратурага премьер-министр өткөргөн кеңешменин 2015-жылдын 11-ноябрындагы №18-177 протоколунун бурмалангандыгын текшерүү жана юридикалык баа берүү. Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетине аталган маселелер боюнча толук маалыматтарды 2016-жылдын 20-апрелине чейин жөнөтүүсү зарыл. | Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети 29-мартта Аксыдагы Үңкүр-Тоодо жайгашкан станцияны башка жерге көчүрүүгө тийиштүү маселени карады. Жыйынтыгында комитет өкмөткө буларды сунуштады: Аксы районунун Үңкүр-Тоосунда жайгашкан “Кербен” (РРС-24) радиорелейлик станциясын башка жерге көчүрбөстөн азыркы турган ордунда калтыруу жана станциянын ишин күчөтүү. Бул боюнча өлкө жарандарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Башкы прокуратурага премьер-министр өткөргөн кеңешменин 2015-жылдын 11-ноябрындагы №18-177 протоколунун бурмалангандыгын текшерүү жана юридикалык баа берүү. | Саясат | false | https://www.super.kg/kabar/news/143377 | 2016-03-29 |
ky | Тажикстан - Кыргыз Республикасы: Оюн аяктады, кыргыз футболчулары конокто 1:0 эсебинде жеңишке жетишти (мелдеш жадыбалы) | Мелдеш жадыбалында эч кандай орун алмашуу болгон жок. Улуттук курамабыз Дүйнө чемпиондугунун тандоо турун тайпада 3-орунду ээлеп жыйынтыктады. SUPER.KG порталы улуттук курама командабыздын коноктогу жеңиши менен бардык күйөрмандарын куттуктайт! Албетте, жеңиш оңой болду деп айтканга болбойт. 90-мүнөт. Ышкырык жаңырып, оюн аяктады. Кыргыз футболчулары көптөн күтүлгөн жеңишке жетишишти, себеби Бишкектеги тең чыгууга күйөрмандардын ичи чыкпай калган. 82-мүнөт. Кыргыз футболчулары топко ээлик кылып, атаандашты топсуз чуркатуу аракетин көрүшүүдө. Машыктыруучу Эдгар Бернхардттын ордуна Павел Сидоренкону майданга чыгарды. 78-мүнөт. Тажик футболчулары топ кыргыз футболчуларынын биринин колуна тийгенин айтып, пенальти сурашты. Калыс эреже бузуу болбогонун айтты. Нааразы болгон оюнчуга сары айып кагазы көрсөтүлдү. 70-мүнөт. Оюндун бүтөрүнө 20 мүнөт калды. Күйөрмандар тажик футболчуларынан гол талап кылышууда. Футболчулар болгон аракетин көрүшкөнү менен, натыйжа чыга элек. 67-мүнөт. Эреже бузуудан кийин кыргыз футболчулары айып соккусуна ээ болушту. А.Исраилов көтөргөн топ эч кимге таамай барган жок. 62-мүнөт. Оюндун темпинде өзгөрүү жок. Командалар баштагыдай активдүү ойноп жатышат. Кыргыз футболчулары үчүн эсепти кармап калуу маанилүү болсо, атаандаш эсепти теӊегенге кызуу аракет кылууда. 56-мүнөт. Кыргыз футболчулары атаандаштын чабуулдарын токтотуп, каршы чабуул убактысын күтүү менен алек. Коргоочубуз Дениэл Тего эреже бузгандыгы үчүн сары айып кагазын алды. 54-мүнөт. Атаандаштардын машыктыруучусу менен оюнчулардын ортосунда кийим которуучу жайда олуттуу сүйлөшүү болгону дароо байкалды. Атаандаш арты-артынан чабуул уюштуруп жатат. 51-мүнөт. Тажик футболчулары 2 кооптуу чабуул уюштурушту. Анын бири гол менен аяктап, бирок калыс аны эсепке алган жок, себеби оффсайд абалы катталып калганын капталдагы калыс көрсөттү. 45-мүнөт. Ал ортодо калыстын ышкырыгы жаңырып, экинчи тайм башталды. Голдун автору - Виталий Люкс. Футболчу улуттук курама команда үчүн карьерасында экинчи голун киргизди. Оюндун алгачкы 45 мүнөттүгү жыйынтыкталды. Кыргыз футболчулары 1:0 эсебинде алдыда. Командалар 15 мүнөттүк эс алуудан кийин майданга кайтып келишмекчи. 37-мүнөт . Кыргыз футболчуларында дагы бир гол жаратуу мүмкүнчүлүгү болгон, бирок Виталий Люкс мүмкүнчүлүктү туура пайдалана алган жок. Себеби коргоочулар тоскоолдук жаратышты. 30-мүнөт. Кыргыз футболчулары коргонууда көбүрөөк ойноп, каршы чабуулдарды уюштуруп жатышат. Ал эми атаандаш чабуулдарды уюштуруп, эсепти теңегенге аракет кылууда. 25-мүнөт. Оюндун 25 мүнөтү артта калды. Азырынча футболчуларыбыз 1:0 эсебинде утуп жатышат. Голду Виталий Люкс киргизди (18-мүнөт). 17-мүнөт. Кыргыз футболчуларынын каршы чабуул уюштуруу аракетинен майнап чыккан жок. Ахлетдин Исраилов оң капталдан суурулуп чыгып, топту көтөрүүгө аракет кылды. Каршылаштар эреже бузгандай таасир калтырышты, бирок калыс эреже бузулбаганын тастыктап, ышкырган жок. 11-мүнөт. Тажикстан курамасынын чабуулчусу дарбазага 3 ирет сокку узатканы менен, дарбазачыбыз голдон сактап калды. Тажик футболчулары каршы дарбазада активдүү ойноп жатышканын моюнга алышыбыз керек. 1-мүнөт. Үй ээлери алгачкы мүнөттөн тарта активдүү оюнга киришти. Машыктыруучу Александр Крестинин майданга төмөнкү футболчуларды чыгарган: Дарбазачы: Павел Матяш ("УиТМ" футболдук клубу, Малайзия). Коргоочулар: Азамат Байматов ("Ситра", Бахрейн), Валерий Кичин ("Тюмень", Орусия), Виктор Майер ("Меппен", Германия), Дениэл Тего ("Дордой"). Жарым коргоочулар: Бахтияр Дүйшөбеков ("Крумкачы", Беларусь), Фархат Мусабеков ("Академия", Молдова), Эдгар Бернхардт ("Аль-Оруба", Оман), Ахлетдин Исраилов ("Динамо-2", Украина), Антон Землянухин ("Сисакет", Таиланд). Чабуулчу: Виталий Люкс ("Унтерхахинг", Германия). Дүйшөмбү шаарында футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Тажикстан - Кыргыз Республикасы беттеши башталды. Башкы калыстын милдетин аткарган өзбекстандык Азиз Асимов беттешке 19:00дө старт берди. | Мелдеш жадыбалында эч кандай орун алмашуу болгон жок. Улуттук курамабыз Дүйнө чемпиондугунун тандоо турун тайпада 3-орунду ээлеп жыйынтыктады. порталы улуттук курама командабыздын коноктогу жеңиши менен бардык күйөрмандарын куттуктайт! Албетте, жеңиш оңой болду деп айтканга болбойт. 90-мүнөт. Ышкырык жаңырып, оюн аяктады. Кыргыз футболчулары көптөн күтүлгөн жеңишке жетишишти, себеби Бишкектеги тең чыгууга күйөрмандардын ичи чыкпай калган. 82-мүнөт. Кыргыз футболчулары топко ээлик кылып, атаандашты топсуз чуркатуу аракетин көрүшүүдө. Машыктыруучу Эдгар Бернхардттын ордуна Павел Сидоренкону майданга чыгарды. 78-мүнөт. Тажик футболчулары топ кыргыз футболчуларынын биринин колуна тийгенин айтып, пенальти сурашты. Калыс эреже бузуу болбогонун айтты. Нааразы болгон оюнчуга сары айып кагазы көрсөтүлдү. 70-мүнөт. Оюндун бүтөрүнө 20 мүнөт калды. Күйөрмандар тажик футболчуларынан гол талап кылышууда. Футболчулар болгон аракетин көрүшкөнү менен, натыйжа чыга элек. 67-мүнөт. Эреже бузуудан кийин кыргыз футболчулары айып соккусуна ээ болушту. А.Исраилов көтөргөн топ эч кимге таамай барган жок. 62-мүнөт. Оюндун темпинде өзгөрүү жок. Командалар баштагыдай активдүү ойноп жатышат. Кыргыз футболчулары үчүн эсепти кармап калуу маанилүү болсо, атаандаш эсепти теӊегенге кызуу аракет кылууда. 56-мүнөт. Кыргыз футболчулары атаандаштын чабуулдарын токтотуп, каршы чабуул убактысын күтүү менен алек. Коргоочубуз Дениэл Тего эреже бузгандыгы үчүн сары айып кагазын алды. 54-мүнөт. Атаандаштардын машыктыруучусу менен оюнчулардын ортосунда кийим которуучу жайда олуттуу сүйлөшүү болгону дароо байкалды. Атаандаш арты-артынан чабуул уюштуруп жатат. 51-мүнөт. Тажик футболчулары 2 кооптуу чабуул уюштурушту. Анын бири гол менен аяктап, бирок калыс аны эсепке алган жок, себеби оффсайд абалы катталып калганын капталдагы калыс көрсөттү. 45-мүнөт. Ал ортодо калыстын ышкырыгы жаңырып, экинчи тайм башталды. Голдун автору - Виталий Люкс. Футболчу улуттук курама команда үчүн карьерасында экинчи голун киргизди. Оюндун алгачкы 45 мүнөттүгү жыйынтыкталды. Кыргыз футболчулары 1:0 эсебинде алдыда. Командалар 15 мүнөттүк эс алуудан кийин майданга кайтып келишмекчи. 37-мүнөт . Кыргыз футболчуларында дагы бир гол жаратуу мүмкүнчүлүгү болгон, бирок Виталий Люкс мүмкүнчүлүктү туура пайдалана алган жок. Себеби коргоочулар тоскоолдук жаратышты. 30-мүнөт. Кыргыз футболчулары коргонууда көбүрөөк ойноп, каршы чабуулдарды уюштуруп жатышат. Ал эми атаандаш чабуулдарды уюштуруп, эсепти теңегенге аракет кылууда. 25-мүнөт. Оюндун 25 мүнөтү артта калды. Азырынча футболчуларыбыз 1:0 эсебинде утуп жатышат. Голду Виталий Люкс киргизди (18-мүнөт). 17-мүнөт. Кыргыз футболчуларынын каршы чабуул уюштуруу аракетинен майнап чыккан жок. Ахлетдин Исраилов оң капталдан суурулуп чыгып, топту көтөрүүгө аракет кылды. Каршылаштар эреже бузгандай таасир калтырышты, бирок калыс эреже бузулбаганын тастыктап, ышкырган жок. 11-мүнөт. Тажикстан курамасынын чабуулчусу дарбазага 3 ирет сокку узатканы менен, дарбазачыбыз голдон сактап калды. Тажик футболчулары каршы дарбазада активдүү ойноп жатышканын моюнга алышыбыз керек. 1-мүнөт. Үй ээлери алгачкы мүнөттөн тарта активдүү оюнга киришти. Машыктыруучу Александр Крестинин майданга төмөнкү футболчуларды чыгарган: Дарбазачы: Павел Матяш ("УиТМ" футболдук клубу, Малайзия). Дүйшөмбү шаарында футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Тажикстан - Кыргыз Республикасы беттеши башталды. | Спорт | true | https://www.super.kg/kabar/news/143371 | 2016-03-29 |
ky | КҮНСЕРЕП: Темир Сариев Үңкүр-Тоо чырында өзүнүн таза экенин далилдей албай убара | Бүгүн, 29-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз... Кылмышка шектелип кармалган Бишкек шаардык Жол-патрулдук милициясынын башчысы Зумрад Жанабаева ооруканага түштү . ИИМдин Медициналык башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришкендей, катуу стресстин айынан анын мээсинде кан айлануу бузулган. Жанабаевага "ишемиялык инсульт" диагнозу коюлду. Пендечиликте "эч кимдин башына оору келбесин" деп айтууга милдеттүүбүз, бирок кыргыз коомчулугунда адатка айланып бараткан көрүнүш кайталанып отурат. Кылмышка шектелип кармалгандан кийин чиновниктердин көбү күтүүсүз ооруп калышат да, сурактан убактылуу алысташат... Мындайга коомчулук да көндү. Кайсы бир чиновниктин кармалганы жарыяланса "көрөсүңөр, жакында бул да оорулуу болуп чыгат..." деген маанайдагы пикирлер мөндүрдөй жаайт. Мындай пикирдин көптүгү кылмышка шектелген адамдын жазаланарына коомчулукта баштапкы ишеним начар экенин айгинелейт. Аксыдагы Үңкүр-Тоого байланыштуу премьер-министр Темир Сариев өзүнүн таза экенин коомчулукка далилдей албай убара. Аталган тоо Өзбекстанга караштуу аймак деп көрсөтүлүп интернетке тараган документти "жасалма" деп билдирүүдө . Оппозиция өкүлдөрү протокол оригинал экенин, кыргыздын жерин башкаларга таандык деген токтом чыкканы чын экенин айтышууда. Өкмөт тараткан документте Үңкүр-Тоо "Өзбекстан менен чектеш жерде" деп көрсөтүлсө, оппозициянын колундагы документте тоо "Өзбекстандын аймагында" деп белгиленип турат. Документтин кайсынысы оригинал экени азырынча талаш. Коомчулукта Сариев жетектеген өкмөттүн маалыматына ишеним азыраак... Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов элчиликтин 2015-жылы жасаган иштери тууралуу парламенттин тармактык комитетине отчёт берди . Жыйында эки өлкөнүн ортосундагы саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү жаатында элчилик тарабынан жасалган иштер айтылып, ага депутаттар жакшы баа беришти. Комитет мүчөлөрү элчинин активдүү иштеп жатканын мисалдар менен айтышып, алардын бири катары окуучулардын билим алууга шыгын күчөтүү максатында элчилик тарабынан уюштурулган дил баян сынагын белгилешти. "Депутаттар элчинин ишине жакшы баа беришти. Айрыкча кыргыз өлкөсүн Малайзияда таанытуу, басма сөз жана коомчулук менен иштөө, мектеп окуучуларына стимул берүү багытында жасаган иштери депутаттарды канааттандырды", - деп билдирди депутат Каныбек Иманалиев . Белгилей кетсек, кабыл алынган эреже боюнча Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси кошумча Бруней, Индонезия, Таиланд өлкөлөрүндө да элчилик кызматты аткарышы керек. Ал үчүн аталган өлкөлөрдө аккредитациядан өтүшү кажет, бирок эмдигиче аккредитация боло элек. Бүгүнкү отчётто ошол иштин кечиктирилип жатышы тууралуу да талкуу болду. Комитет мүчөлөрү тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге бул ишти эртелетүү тапшырмасын беришти. Парламент депутаттары кыргыз-тажик чек арасына тийиштүү маселени талкуулашты. Тагыраагы, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргоо комитетинде Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимдин долбоору каралды . Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев менен Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев маалымат бермекчи. Талкууга журналисттер катыштырылган жок, жабык эшик артында өттү. Жакында президент Алмазбек Атамбаев дагы кыргыз-тажик чек арасында жалпы тил табышуу болгонун журналисттер менен жолугушууда билдирген. | Бүгүн, 29-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз... Кылмышка шектелип кармалган Бишкек шаардык Жол-патрулдук милициясынын башчысы Зумрад Жанабаева ооруканага түштү . ИИМдин Медициналык башкармалыгынан порталына билдиришкендей, катуу стресстин айынан анын мээсинде кан айлануу бузулган. Жанабаевага "ишемиялык инсульт" диагнозу коюлду. Пендечиликте "эч кимдин башына оору келбесин" деп айтууга милдеттүүбүз, бирок кыргыз коомчулугунда адатка айланып бараткан көрүнүш кайталанып отурат. Кылмышка шектелип кармалгандан кийин чиновниктердин көбү күтүүсүз ооруп калышат да, сурактан убактылуу алысташат... Мындайга коомчулук да көндү. Кайсы бир чиновниктин кармалганы жарыяланса "көрөсүңөр, жакында бул да оорулуу болуп чыгат..." деген маанайдагы пикирлер мөндүрдөй жаайт. Мындай пикирдин көптүгү кылмышка шектелген адамдын жазаланарына коомчулукта баштапкы ишеним начар экенин айгинелейт. Аксыдагы Үңкүр-Тоого байланыштуу премьер-министр Темир Сариев өзүнүн таза экенин коомчулукка далилдей албай убара. Аталган тоо Өзбекстанга караштуу аймак деп көрсөтүлүп интернетке тараган документти "жасалма" деп билдирүүдө . Оппозиция өкүлдөрү протокол оригинал экенин, кыргыздын жерин башкаларга таандык деген токтом чыкканы чын экенин айтышууда. Өкмөт тараткан документте Үңкүр-Тоо "Өзбекстан менен чектеш жерде" деп көрсөтүлсө, оппозициянын колундагы документте тоо "Өзбекстандын аймагында" деп белгиленип турат. Документтин кайсынысы оригинал экени азырынча талаш. Коомчулукта Сариев жетектеген өкмөттүн маалыматына ишеним азыраак... Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов элчиликтин 2015-жылы жасаган иштери тууралуу парламенттин тармактык комитетине отчёт берди . Жыйында эки өлкөнүн ортосундагы саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү жаатында элчилик тарабынан жасалган иштер айтылып, ага депутаттар жакшы баа беришти. Комитет мүчөлөрү элчинин активдүү иштеп жатканын мисалдар менен айтышып, алардын бири катары окуучулардын билим алууга шыгын күчөтүү максатында элчилик тарабынан уюштурулган дил баян сынагын белгилешти. "Депутаттар элчинин ишине жакшы баа беришти. Айрыкча кыргыз өлкөсүн Малайзияда таанытуу, басма сөз жана коомчулук менен иштөө, мектеп окуучуларына стимул берүү багытында жасаган иштери депутаттарды канааттандырды", - деп билдирди депутат Каныбек Иманалиев . Белгилей кетсек, кабыл алынган эреже боюнча Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси кошумча Бруней, Индонезия, Таиланд өлкөлөрүндө да элчилик кызматты аткарышы керек. Ал үчүн аталган өлкөлөрдө аккредитациядан өтүшү кажет, бирок эмдигиче аккредитация боло элек. Бүгүнкү отчётто ошол иштин кечиктирилип жатышы тууралуу да талкуу болду. Комитет мүчөлөрү тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге бул ишти эртелетүү тапшырмасын беришти. Парламент депутаттары кыргыз-тажик чек арасына тийиштүү маселени талкуулашты. Тагыраагы, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргоо комитетинде Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимдин долбоору каралды . Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев менен Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев маалымат бермекчи. Талкууга журналисттер катыштырылган жок, жабык эшик артында өттү. | Күннаама | false | https://www.super.kg/kabar/news/143327 | 2016-03-29 |
ky | 30-мартта республиканын айрым жерлеринде жамгыр жаашы күтүлөт | БИШКЕК ШААРЫ Түнкүсүн +10°C Күндүз +22°C Күндүн узактыгы 12 саат 39 мүнөт. Күн саат 06:47де чыгып, 19:26да батат. Жамгыр жаайт Түштөн кийин жамгыр жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. ЧҮЙ ОБЛУСУ Түнкүсүн +5°C Күндүз +24°C Күндүн узактыгы 12 саат 39 мүнөт. Күн саат 06:47де чыгып, 19:26да батат. Жамгыр жаайт Айрым аймактарда жаан жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. ТАЛАС ОБЛУСУ Түнкүсүн +7°C Күндүз +22°C Күндүн узактыгы 12 саат 38 мүнөт. Күн саат 06:57де чыгып, 19:35те батат. Жамгыр жаайт Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. ОШ ОБЛУСУ Түнкүсүн +8°C Күндүз +24°C Күндүн узактыгы 12 саат 36 мүнөт. Күн саат 06:56да чыгып, 19:32де батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр. ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ Түнкүсүн +8°C Күндүз +24°C Күндүн узактыгы 12 саат 37 мүнөт. Күн саат 06:55те чыгып, 19:31де батат. Жамгыр жаайт Айрым жерлерде жаан-чачын күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. БАТКЕН ОБЛУСУ Түнкүсүн +6°C Күндүз +23°C Күндүн узактыгы 12 саат 36 мүнөт. Күн саат 07:04тө чыгып, 19:39да батат. Жамгыр жаайт Айрым аймактарда жаан-чачын күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ Түнкүсүн +1°C Күндүз +18°C Күндүн узактыгы 12 саат 38 мүнөт. Күн саат 06:41де чыгып, 19:19да батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. НАРЫН ОБЛУСУ Түнкүсүн 0°C Күндүз +18°C Күндүн узактыгы 12 саат 37 мүнөт. Күн саат 06:42де чыгып, 19:19да батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. | БИШКЕК ШААРЫ Түнкүсүн +10°C Күндүз +22°C Күндүн узактыгы 12 саат 39 мүнөт. Күн саат 06:47де чыгып, 19:26да батат. Жамгыр жаайт Түштөн кийин жамгыр жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. ЧҮЙ ОБЛУСУ Түнкүсүн +5°C Күндүз +24°C Күндүн узактыгы 12 саат 39 мүнөт. Күн саат 06:47де чыгып, 19:26да батат. Жамгыр жаайт Айрым аймактарда жаан жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. ТАЛАС ОБЛУСУ Түнкүсүн +7°C Күндүз +22°C Күндүн узактыгы 12 саат 38 мүнөт. Күн саат 06:57де чыгып, 19:35те батат. Жамгыр жаайт Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. ОШ ОБЛУСУ Түнкүсүн +8°C Күндүз +24°C Күндүн узактыгы 12 саат 36 мүнөт. Күн саат 06:56да чыгып, 19:32де батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр. ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ Түнкүсүн +8°C Күндүз +24°C Күндүн узактыгы 12 саат 37 мүнөт. Күн саат 06:55те чыгып, 19:31де батат. Жамгыр жаайт Айрым жерлерде жаан-чачын күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. БАТКЕН ОБЛУСУ Түнкүсүн +6°C Күндүз +23°C Күндүн узактыгы 12 саат 36 мүнөт. Күн саат 07:04тө чыгып, 19:39да батат. Жамгыр жаайт Айрым аймактарда жаан-чачын күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ Түнкүсүн +1°C Күндүз +18°C Күндүн узактыгы 12 саат 38 мүнөт. Күн саат 06:41де чыгып, 19:19да батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. НАРЫН ОБЛУСУ Түнкүсүн 0°C Күндүз +18°C Күндүн узактыгы 12 саат 37 мүнөт. Күн саат 06:42де чыгып, 19:19да батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. | Күннаама | false | https://www.super.kg/kabar/news/143375 | 2016-03-29 |
ky | Чүй облусунда “жөө жүрүүчүнү унаасы менен сүзүп, өзү качып кеткен” деп шектелген жаран кармалды | Чүй облусунда “жөө жүрүүчүнү унаасы менен сүзүп, өзү окуя болгон жерден изин жашырып кеткен” деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалым болгондой, 18-март күнү саат 21:30 чамасында Аламүдүн районунун Теңдик айылына бурула турган жерден айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, өзү окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Жабырлануучу алган оор жаракаттарынын улам окуя болгон жерден каза тапкан. Иликтөө иштеринин алкагында каза болгон жаран Баткен облусунун 23 жаштагы тургуну экени аныкталган. 28-март күнү аталган кылмышка шектелип Теңдик айылынын 34 жаштагы Ч.К. аттуу тургуну кармалып, азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө. | Чүй облусунда “жөө жүрүүчүнү унаасы менен сүзүп, өзү окуя болгон жерден изин жашырып кеткен” деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалым болгондой, 18-март күнү саат 21:30 чамасында Аламүдүн районунун Теңдик айылына бурула турган жерден айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, өзү окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Жабырлануучу алган оор жаракаттарынын улам окуя болгон жерден каза тапкан. Иликтөө иштеринин алкагында каза болгон жаран Баткен облусунун 23 жаштагы тургуну экени аныкталган. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143333 | 2016-03-29 |
ky | Күндүн жарыгы тийген учурда өзүн өзү тазалаган кездеме иштелип чыкты | Австралиянын окумуштуулары кездеменин жаңы түрүн ойлоп табышты. Маалыматтарга караганда, күндүн жарыгы тийген учурда кездемедеги так өзүнөн өзү жоголуп, тазаланат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары бүгүн, 29-мартта жазып чыгышты. Мындай жаңычылдыкты жаратууга катышкан Ражеш Раманатхандын айтымында, кездеме жарыкты өзүнө жакшы сиңирип алгандыктан тазалоо процесси күчөйт. Кездемедеги нанотүзүлүштөрдү өстүрүүгө 30 мүнөт керектелсе, тазалоого 6 мүнөттөй убакыт талап кылынат. Австралиянын окумуштуулары тарабынан ойлонуп табылган нанотүзүлүштөрдү өстүрүү анча кымбат эмес жана эффективдүү болуп саналат. Андыктан бул нерсени өнөр жай тармагына алып чыгуу да каралууда. | Австралиянын окумуштуулары кездеменин жаңы түрүн ойлоп табышты. Маалыматтарга караганда, күндүн жарыгы тийген учурда кездемедеги так өзүнөн өзү жоголуп, тазаланат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары бүгүн, 29-мартта жазып чыгышты. Мындай жаңычылдыкты жаратууга катышкан Ражеш Раманатхандын айтымында, кездеме жарыкты өзүнө жакшы сиңирип алгандыктан тазалоо процесси күчөйт. Кездемедеги нанотүзүлүштөрдү өстүрүүгө 30 мүнөт керектелсе, тазалоого 6 мүнөттөй убакыт талап кылынат. Австралиянын окумуштуулары тарабынан ойлонуп табылган нанотүзүлүштөрдү өстүрүү анча кымбат эмес жана эффективдүү болуп саналат. | Түркүн дүйнө | false | https://www.super.kg/kabar/news/143353 | 2016-03-29 |
ky | Офицерлерди даярдоо боюнча окуулар башталды | Бүгүн, 29-мартта Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабындагы аскердик даярдыктарды жүргүзгөн борбордук базада кызматын шашылыш өтөгөн жана жогорку билимге ээ аскер кызматкерлеринин катышуусунда офицерлерди даярдоо боюнча окуулар башталды. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн басма сөз кызматы маалымдады. Аскер кызматкерлери командирлерди даярдоо программасынын алкагында теориялык жана практикалык окуу процесстерин өткөрүшөт. Алсак, атайын тактика-усулдук, укуктук, жалпы мамлекеттик, ок атуу, физикалык даярдоо жана Куралдуу күчтөрдүн жалпы аскердик уставындагы жоболор боюнча. Окуу процесстеринин жыйынтыктоочу этабында өтүлгөн темалар боюнча сынак болот. Анын жыйынтыгы менен татыктуулары "лейтенант" деген офицердик наам алышат. Даярдыктар 2016-жылдын 23-апрелинде жыйынтыкталат. | Бүгүн, 29-мартта Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабындагы аскердик даярдыктарды жүргүзгөн борбордук базада кызматын шашылыш өтөгөн жана жогорку билимге ээ аскер кызматкерлеринин катышуусунда офицерлерди даярдоо боюнча окуулар башталды. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн басма сөз кызматы маалымдады. Аскер кызматкерлери командирлерди даярдоо программасынын алкагында теориялык жана практикалык окуу процесстерин өткөрүшөт. Алсак, атайын тактика-усулдук, укуктук, жалпы мамлекеттик, ок атуу, физикалык даярдоо жана Куралдуу күчтөрдүн жалпы аскердик уставындагы жоболор боюнча. Окуу процесстеринин жыйынтыктоочу этабында өтүлгөн темалар боюнча сынак болот. Анын жыйынтыгы менен татыктуулары "лейтенант" деген офицердик наам алышат. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/143359 | 2016-03-29 |
ky | Берлин шаарында дүйнөдөгү эң стилдүү пенсионер жашайт (фото) | Мода дайыма өзгөрүп турат, бирок ар убак өзүнүн актуалдуулугун, модалуу көрүнүшүн жоготпогон кийинүү стилдери да бар. Германиянын борбор калаасы Берлинде жашаган Гюнтер Антон Краббенхофт жашы бир топко барып калганына карабастан, кээ бир стилисттерди алдына чыгарбайт. Анын сүрөттөрү чет элдик басылмаларда жарыяланды. "Жумушка же спорт менен машыгууга баратканда деле жөнөкөй эле кийинем. Өзүмдү өзгөчө кийинем деп эсептебейм. Болгону күзгүдөн өзүмдүн кубанычтуу жүзүмдү көргүм келет. Күзгү сырткы көрүнүштү эле эмес, адамдын ички сезимдерин да көрсөтө алат",- дейт стилдүү пенсионер. Ал жаштардан кем калышпай түнкү клубдарда эс алганды, бийлегенди, спорт менен машыкканды жакшы көрөт. Берлин шаарынын борбордук көчөлөрүндө өзгөчө кийинүүсү менен көпчүлүктүн көңүлүн буруп, көбүнчө велосипед тээп жүрөт. | Мода дайыма өзгөрүп турат, бирок ар убак өзүнүн актуалдуулугун, модалуу көрүнүшүн жоготпогон кийинүү стилдери да бар. Германиянын борбор калаасы Берлинде жашаган Гюнтер Антон Краббенхофт жашы бир топко барып калганына карабастан, кээ бир стилисттерди алдына чыгарбайт. Анын сүрөттөрү чет элдик басылмаларда жарыяланды. "Жумушка же спорт менен машыгууга баратканда деле жөнөкөй эле кийинем. Өзүмдү өзгөчө кийинем деп эсептебейм. Болгону күзгүдөн өзүмдүн кубанычтуу жүзүмдү көргүм келет. Күзгү сырткы көрүнүштү эле эмес, адамдын ички сезимдерин да көрсөтө алат",- дейт стилдүү пенсионер. Ал жаштардан кем калышпай түнкү клубдарда эс алганды, бийлегенди, спорт менен машыкканды жакшы көрөт. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/142943 | 2016-03-29 |
ky | Баткен районунун Самаркандек айылында 150 орундуу мектептин курулушу башталды | Баткен районунун Самаркандек айылында 150 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы билдирди. Маалым болгондой, жаңы имарат 2 кабаттуу, анын сметалык баасы 37 миллион 100 миң сом. Капсула салуу аземине өкмөтүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Облус жетекчиси өз сөзүндө бүгүнкү күнгө чейин Баткен району боюнча жалпысынан 11 мектеп курулгандыгын, айылдардын социалдык-экономикалык абалы бир топ жакшырганын жана жергиликтүү бийлик тарабынан ар бир багыт боюнча көйгөйлүү маселелерди комплекстүү чечүү колго алынганын белгиледи. Ошондой эле ал Самаркандек айылынын аксакалдары менен жолугуп, жергиликтүү суу, чек ара маселелери боюнча талкуу болду. Разаков коюлган маселелер боюнча иш-аракеттерди көрүп, анын аткарылышын көзөмөлгө аларын белгиледи. | Баткен районунун Самаркандек айылында 150 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы билдирди. Маалым болгондой, жаңы имарат 2 кабаттуу, анын сметалык баасы 37 миллион 100 миң сом. Капсула салуу аземине өкмөтүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Облус жетекчиси өз сөзүндө бүгүнкү күнгө чейин Баткен району боюнча жалпысынан 11 мектеп курулгандыгын, айылдардын социалдык-экономикалык абалы бир топ жакшырганын жана жергиликтүү бийлик тарабынан ар бир багыт боюнча көйгөйлүү маселелерди комплекстүү чечүү колго алынганын белгиледи. Ошондой эле ал Самаркандек айылынын аксакалдары менен жолугуп, жергиликтүү суу, чек ара маселелери боюнча талкуу болду. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/143363 | 2016-03-29 |
ky | Уулунан ажыраган эне айыпталуучуну өмүр бою, ал эми прокурор 25 жылга эркинен ажыратууну өтүндү | Бүгүн, 29-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 1-класстын окуучусу Даниэлдин өлтүрүлүшү боюнча экинчи соттук кароо болуп өттү. Соттук кароодо күбөлөр суракка чакырылып, айыпталуучунун кармалган учурда берген видеокөрсөтмөсү көрсөтүлдү. Прокурор 7 жаштагы баланын муунтулуп өлтүрүлүшү боюнча М.Акунованын күнөөсү толугу менен далилденгенин баса белгиледи: "Учурда айыпталуучу күнөөсүн мойнуна албай жатканы менен, тергөө амалдарынын жүрүшүндө, күбөлөрдүн берген көрсөтмөлөрүнө ылайык анын күнөөсү далилденди. Эң баалуу адамдын өмүрү кыйылып, жабырлануучу тарап баласынан айрылгандыгын эске алуу менен айыпталуучуну 25 жылга эркинен ажыратууну өтүнөм" . Судья жабырлануучу тарап буга макул же макул эместигин сураганда А.Макелеева бул чечимге макул эместигин билдирди. "Мен жалгыз уулумдан айрылдым, айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратууну өтүнөм" ,- деди ал. Ал эми айыпталуучу: "Мени бала өлтүргөн деп эч ким актабайт, мен кимге актанмак элем? Болгону энелик укуктан ажыратпоону суранам", - деп судьядан өтүндү. Эске салсак, 2015-жылдын 10-декабрында милицияга 33 жаштагы Астра аттуу жаран кайрылып, анын баласын белгисиз адамдар уурдап, кайтарып берүү үчүн 150 миң сом талап кылып жатышканын айткан. 11-декабрда аталган кылмышка шектүү катары 39 жаштагы Майрам Акунова аттуу аял кармалган. Анын Жалал-Абад облусунда туулганы, буга чейин уурдоо жана алдамчылык боюнча соттолгону белгилүү болгон. Суракта Майрам Акунова акыркы 10 күн ичинде уурдалган баланын үй-бүлөсү жөнүндө маалыматтарды топтоп жүргөнүн айткан. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгына ылайык, анын акыл-эси жайында экени, ал эми бала дарыдан эмес, муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталган. | Бүгүн, 29-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 1-класстын окуучусу Даниэлдин өлтүрүлүшү боюнча экинчи соттук кароо болуп өттү. Соттук кароодо күбөлөр суракка чакырылып, айыпталуучунун кармалган учурда берген видеокөрсөтмөсү көрсөтүлдү. Прокурор 7 жаштагы баланын муунтулуп өлтүрүлүшү боюнча М.Акунованын күнөөсү толугу менен далилденгенин баса белгиледи: "Учурда айыпталуучу күнөөсүн мойнуна албай жатканы менен, тергөө амалдарынын жүрүшүндө, күбөлөрдүн берген көрсөтмөлөрүнө ылайык анын күнөөсү далилденди. Эң баалуу адамдын өмүрү кыйылып, жабырлануучу тарап баласынан айрылгандыгын эске алуу менен айыпталуучуну 25 жылга эркинен ажыратууну өтүнөм" . Судья жабырлануучу тарап буга макул же макул эместигин сураганда А.Макелеева бул чечимге макул эместигин билдирди. "Мен жалгыз уулумдан айрылдым, айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратууну өтүнөм" ,- деди ал. Ал эми айыпталуучу: "Мени бала өлтүргөн деп эч ким актабайт, мен кимге актанмак элем? Болгону энелик укуктан ажыратпоону суранам", - деп судьядан өтүндү. Эске салсак, 2015-жылдын 10-декабрында милицияга 33 жаштагы Астра аттуу жаран кайрылып, анын баласын белгисиз адамдар уурдап, кайтарып берүү үчүн 150 миң сом талап кылып жатышканын айткан. 11-декабрда аталган кылмышка шектүү катары 39 жаштагы Майрам Акунова аттуу аял кармалган. Анын Жалал-Абад облусунда туулганы, буга чейин уурдоо жана алдамчылык боюнча соттолгону белгилүү болгон. Суракта Майрам Акунова акыркы 10 күн ичинде уурдалган баланын үй-бүлөсү жөнүндө маалыматтарды топтоп жүргөнүн айткан. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143361 | 2016-03-29 |
ky | Бактыбек Жолчиев: "Кыргызстандыктар эмгек укуктарын билишпейт" | Кыргыз өлкөсүндө жылына 200дөй өндүрүштөгү кырсык катталат. Албетте, бул расмий бөлүгү гана, ал эми чынында канча адам иш убагында кырсыктаганы жаап-жашырылып келет. Өндүрүштөгү коопсуздук жаатындагы абал тууралуу билиш үчүн Экология жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын эмгекти коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Бакытбек Жолчиевди кепке тарттык. - Бакытбек Казакович, өндүрүштөгү коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасындагы төлөмдө жалпы абал кандай? - Биздин башкармалыкта бул багытта 23 адам алектенет. Реформалоодон мурда, 2012-жылга чейин 62 кызматкер иштеген, 62 пайызга кыскардык. Жылына өлкөбүздүн жарандарынан 1 миңден 1,5 миңге чейин арыз түшөт. Негизги бөлүгү төлөнбөй жаткан эмгек акы, иштен жабыр тартканы үчүн компенсация, жөлөк пул төлөмдөрүн ала албай жүргөндөр жана негизсиз иштен бошотуулар боюнча даттануулар. Өткөн жылы миңдей арызды карап чыктык. Иштин көлөмүн элестетип көрүңүз. Ар бир арыздын аркасынан изилдеп, ордунан алыс болсо да барып, документтерин териштирип, жетекчилиги менен жолугуп жана башка иштерди аткарабыз. Өткөн жылы төлөнбөгөн эмгек акынын эсебинен 4 миллион сом төлөтүлдү, иште алган жаракаттар үчүн 62 миллион сом доо акы төлөтүлдү. Өндүрүш үстүндө болгон 200 кырсык иликтенип, биз чыгарган тыянактардын негизинде жөлөк пул ала алышты. Кырсыкка кабылгандардын саны – 159 адам, арасынан 101 адам оор жаракат алган, 43ү каза тапкан, жеңил бүткөнү - 15. - Кайсы тармакта кырсыктар көп байкалат? - Бизде биринчи орунда өндүрүш, экинчиде курулуш, үчүнчү орунда энергетика, алардан кийин транспорт турат. Курулуш жаатында Бишкектеги абалды өзүңүз деле баамдап турсаңыз керек, абал абдан начар, бардык курулуштар эмгекти коргоо менен коопсуздук эрежелерин сактабай келишет. Курчоолор жок, тротуарлардын үстүндө калканычтар орнотулган эмес, адамдар коргоочу каражаттарсыз иштешет. Биз болсо аларды текшерип да бара албайбыз. “Ишкердүүлүк субъекттерин текшерүү тууралуу” мыйзамы боюнча биз арыз түшкөндө гана текшере алабыз. Бизге арыз жазылганда Экономика министрлигине кайрылабыз. Алар уруксат берсе гана текшере алабыз. - Курулуштарда ушундай баш аламандык болсо, травматизм боюнча биринчилик кайсы өндүрүштө? - Травмаларга тушуккан адамдар негизинен кайра иштетүүчү өндүрүштө алектенгендер. Мисалы, ун тегирмендери, алкоголь, момпосуй чыгаруучу фабрикаларда иштегендер. Бизде тегирмен сымал жабдуулары бар чакан кайра иштетүүчү ишканалар абдан көп. Андай жабдууларда иштеген адамдарга коопсуздук эрежеси окутулуп, коргоочу каражаттар берилсе да, коопсуздук техникасын бузганы үчүн жаракат алышат. - Тоо-кен тармагын сөз кылдыңыз, "Кумтөрдөгү" эмгек коопсуздугуна кандай баа бересиз? - Чындыгында, Кыргыз Республикасынын башка ишканаларына салыштырганда "Кумтөрдө" эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы кыйла жогорку деңгээлге коюлган. Ал жакта да кырсыктар болот, өндүрүш деген өндүрүш да, 100 пайызга коопсуз шарт түзө албайсың. Адамдык фактор да бар, кооптуу абал жараткан жабдуулар турат. Маектин толук версиясын бул жактан окуй аласыз . | Кыргыз өлкөсүндө жылына 200дөй өндүрүштөгү кырсык катталат. Албетте, бул расмий бөлүгү гана, ал эми чынында канча адам иш убагында кырсыктаганы жаап-жашырылып келет. Өндүрүштөгү коопсуздук жаатындагы абал тууралуу билиш үчүн Экология жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын эмгекти коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Бакытбек Жолчиевди кепке тарттык. - Бакытбек Казакович, өндүрүштөгү коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасындагы төлөмдө жалпы абал кандай? - Биздин башкармалыкта бул багытта 23 адам алектенет. Реформалоодон мурда, 2012-жылга чейин 62 кызматкер иштеген, 62 пайызга кыскардык. Жылына өлкөбүздүн жарандарынан 1 миңден 1,5 миңге чейин арыз түшөт. Негизги бөлүгү төлөнбөй жаткан эмгек акы, иштен жабыр тартканы үчүн компенсация, жөлөк пул төлөмдөрүн ала албай жүргөндөр жана негизсиз иштен бошотуулар боюнча даттануулар. Өткөн жылы миңдей арызды карап чыктык. Иштин көлөмүн элестетип көрүңүз. Ар бир арыздын аркасынан изилдеп, ордунан алыс болсо да барып, документтерин териштирип, жетекчилиги менен жолугуп жана башка иштерди аткарабыз. Өткөн жылы төлөнбөгөн эмгек акынын эсебинен 4 миллион сом төлөтүлдү, иште алган жаракаттар үчүн 62 миллион сом доо акы төлөтүлдү. Өндүрүш үстүндө болгон 200 кырсык иликтенип, биз чыгарган тыянактардын негизинде жөлөк пул ала алышты. Кырсыкка кабылгандардын саны – 159 адам, арасынан 101 адам оор жаракат алган, 43ү каза тапкан, жеңил бүткөнү - 15. - Кайсы тармакта кырсыктар көп байкалат? - Бизде биринчи орунда өндүрүш, экинчиде курулуш, үчүнчү орунда энергетика, алардан кийин транспорт турат. Курулуш жаатында Бишкектеги абалды өзүңүз деле баамдап турсаңыз керек, абал абдан начар, бардык курулуштар эмгекти коргоо менен коопсуздук эрежелерин сактабай келишет. Курчоолор жок, тротуарлардын үстүндө калканычтар орнотулган эмес, адамдар коргоочу каражаттарсыз иштешет. Биз болсо аларды текшерип да бара албайбыз. “Ишкердүүлүк субъекттерин текшерүү тууралуу” мыйзамы боюнча биз арыз түшкөндө гана текшере алабыз. Бизге арыз жазылганда Экономика министрлигине кайрылабыз. Алар уруксат берсе гана текшере алабыз. - Курулуштарда ушундай баш аламандык болсо, травматизм боюнча биринчилик кайсы өндүрүштө? - Травмаларга тушуккан адамдар негизинен кайра иштетүүчү өндүрүштө алектенгендер. Мисалы, ун тегирмендери, алкоголь, момпосуй чыгаруучу фабрикаларда иштегендер. Бизде тегирмен сымал жабдуулары бар чакан кайра иштетүүчү ишканалар абдан көп. Андай жабдууларда иштеген адамдарга коопсуздук эрежеси окутулуп, коргоочу каражаттар берилсе да, коопсуздук техникасын бузганы үчүн жаракат алышат. - Тоо-кен тармагын сөз кылдыңыз, "Кумтөрдөгү" эмгек коопсуздугуна кандай баа бересиз? - Чындыгында, Кыргыз Республикасынын башка ишканаларына салыштырганда "Кумтөрдө" эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы кыйла жогорку деңгээлге коюлган. Ал жакта да кырсыктар болот, өндүрүш деген өндүрүш да, 100 пайызга коопсуз шарт түзө албайсың. Адамдык фактор да бар, кооптуу абал жараткан жабдуулар турат. | Көз караш | false | https://www.super.kg/kabar/news/143313 | 2016-03-29 |
ky | Австралия курамасы башкы атаандашы Иорданияны 5:1 эсебинде утуп, футбол боюнча Азия чемпиондугуна жолдомо алды | Австралия – Иордания 5:1 Голдор: Тим Кэхилл (24-мүнөттө, 44-мүнөттө), Арон Муй (39), Том Рогич (53), Массимо Луонго (69) - Диб Абдулла (90-мүнөттө). Бүгүн, 29-мартта Австралиянын Сидней шаарында Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Австралия курамасы Иорданияны кабыл алды. Оюндун жыйынтыгына карабай эки команда тайпада алдынкы 2 орунду ээлеп, Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алуу үчүн күрөштү улантат. Австралия бул жеңиши менен 1-орунду ээлеп, Азия чемпиондугуна жолдомо алды. Иорданияда да Азия чемпиондугуна түз чыгуу мүмкүнчүлүгү бар, бирок азырынча иорданиялыктар башка тайпалардагы оюндардын жыйынтыгын күткөнгө мажбур. Себеби Азия чемпиондугуна 8 тайпада 1-орунду алган 8 команда жана 8 тайпада 2-орунду алган 4 мыкты команда түздөн-түз чыгат. Мелдеш жадыбалында төмөнкүдөй өзгөрүү болду: | Австралия – Иордания 5:1 Голдор: Тим Кэхилл (24-мүнөттө, 44-мүнөттө), Арон Муй (39), Том Рогич (53), Массимо Луонго (69) - Диб Абдулла (90-мүнөттө). Бүгүн, 29-мартта Австралиянын Сидней шаарында Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Австралия курамасы Иорданияны кабыл алды. Оюндун жыйынтыгына карабай эки команда тайпада алдынкы 2 орунду ээлеп, Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алуу үчүн күрөштү улантат. Австралия бул жеңиши менен 1-орунду ээлеп, Азия чемпиондугуна жолдомо алды. Иорданияда да Азия чемпиондугуна түз чыгуу мүмкүнчүлүгү бар, бирок азырынча иорданиялыктар башка тайпалардагы оюндардын жыйынтыгын күткөнгө мажбур. Себеби Азия чемпиондугуна 8 тайпада 1-орунду алган 8 команда жана 8 тайпада 2-орунду алган 4 мыкты команда түздөн-түз чыгат. | Спорт | false | https://www.super.kg/kabar/news/143365 | 2016-03-29 |
ky | "Биз миллион панфиловчубуз!" Тынчтык вахтасынын желеги салтанаттуу түрдө Бишкек шаарынан Саратов шаарына өткөрүлүп берилди (фоторепортаж) | Бүгүн, 29-мартта "Биз миллион панфиловчубуз!" Тынчтык вахтасынын желеги Бишкек шаарынан Саратов шаарына өткөрүлүп берилди. Иш-чара КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында башталып, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Панфилов дивизиясынын командири, Советтер Союзунун Баатыры Иван Панфиловдун неберелери жана Саратов шаарынан келген атайын өкүлдөр ушул жерде жолугушту. Андан ары сапар Панфиловдун атын алган сейил бакты көздөй уланып, Панфиловдун эстелигине гүлчамбар коюлду. Иш-чаранын башкы максаты - Улуу Ата Мекендик согушта эрдик көрсөткөндөрдү даңктоо, кийинки муунга мекенди сүйүү боюнча тарбия-сабак берүү. Иш-чаранын алкагында студенттер ардагерлер менен жолугушуп, конференция орун алды. Ошондой эле И.Панфиловду жакындан тааныгандарга, уюштуруучуларга сөз берилди. Кошумчалай кетсек, ушундай эле аталыштагы иш-чаралар Орусия жана Казакстандын да бир катар шаарларында болуп жатат. Бишкек "Биз миллион панфиловчубуз!" иш-чарасына катышып жаткан 7-шаар болуп калды. Акция ушул жылы Москванын алдындагы согуштун 75 жылдыгын салтанаттуу белгилөөгө арналган иш-чаранын алкагында жыйынтыкталат. | Бүгүн, 29-мартта "Биз миллион панфиловчубуз!" Тынчтык вахтасынын желеги Бишкек шаарынан Саратов шаарына өткөрүлүп берилди. Иш-чара КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында башталып, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Панфилов дивизиясынын командири, Советтер Союзунун Баатыры Иван Панфиловдун неберелери жана Саратов шаарынан келген атайын өкүлдөр ушул жерде жолугушту. Андан ары сапар Панфиловдун атын алган сейил бакты көздөй уланып, Панфиловдун эстелигине гүлчамбар коюлду. Иш-чаранын башкы максаты - Улуу Ата Мекендик согушта эрдик көрсөткөндөрдү даңктоо, кийинки муунга мекенди сүйүү боюнча тарбия-сабак берүү. Иш-чаранын алкагында студенттер ардагерлер менен жолугушуп, конференция орун алды. Ошондой эле И.Панфиловду жакындан тааныгандарга, уюштуруучуларга сөз берилди. Кошумчалай кетсек, ушундай эле аталыштагы иш-чаралар Орусия жана Казакстандын да бир катар шаарларында болуп жатат. Бишкек "Биз миллион панфиловчубуз!" иш-чарасына катышып жаткан 7-шаар болуп калды. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/143349 | 2016-03-29 |
ky | Парламент комитети КРнын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султановдун отчётун жакшы деп баалады | Парламенттин Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргоо комитети бүгүн, 29-мартта Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин 2015-жылы жасаган иштери тууралуу элчи Кылычбек Султановдун отчётун укту. Комитет мүчөлөрүнүн билдиришинче, депутаттар элчинин отчётуна жогору баа беришти. "Малайзиядагы элчи Кылычбек Султанов отчётун берди, маалымат катары уктук. Негизи, элчи активдүү иштеп, көптөгөн иштерди аткарып жатат. Окуучуларды кышкы каникулда Малайзияга алып барып, ал өлкө менен тааныштырып келди. Малайзия туризм жактан аябай өнүккөн мамлекет, үйрөнө турган нерсебиз көп. Аталган өлкө коррупция менен да катуу күрөшөт. Алардын тажрыйбасын үйрөнүү боюнча өкмөткө, Тышкы иштер министрлигине сунуштамаларды бердик. Аларда бул жаатта кандай мыйзамдар иштей турганына кызыгып жатабыз. Элчинин отчёту жакшы болду",- деп билдирди депутат Айнуру Алтыбаева . Белгилей кетсек, кабыл алынган эреже боюнча Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси кошумча Бруней, Индонезия, Таиланд өлкөлөрүндө да элчилик кызматты аткарыш керек. Ал үчүн аталган өлкөлөрдө аккредитациядан өтүшү кажет, бирок эмдигиче аккредитация боло элек. Бүгүнкү отчётто ошол иштин кечиктирилип жатышы тууралуу да талкуу болду. Комитет мүчөлөрү тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге бул ишти эртелетүү тапшырмасын беришти. | Парламенттин Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргоо комитети бүгүн, 29-мартта Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин 2015-жылы жасаган иштери тууралуу элчи Кылычбек Султановдун отчётун укту. Комитет мүчөлөрүнүн билдиришинче, депутаттар элчинин отчётуна жогору баа беришти. "Малайзиядагы элчи Кылычбек Султанов отчётун берди, маалымат катары уктук. Негизи, элчи активдүү иштеп, көптөгөн иштерди аткарып жатат. Окуучуларды кышкы каникулда Малайзияга алып барып, ал өлкө менен тааныштырып келди. Малайзия туризм жактан аябай өнүккөн мамлекет, үйрөнө турган нерсебиз көп. Аталган өлкө коррупция менен да катуу күрөшөт. Алардын тажрыйбасын үйрөнүү боюнча өкмөткө, Тышкы иштер министрлигине сунуштамаларды бердик. Аларда бул жаатта кандай мыйзамдар иштей турганына кызыгып жатабыз. Элчинин отчёту жакшы болду",- деп билдирди депутат Айнуру Алтыбаева . Белгилей кетсек, кабыл алынган эреже боюнча Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси кошумча Бруней, Индонезия, Таиланд өлкөлөрүндө да элчилик кызматты аткарыш керек. Ал үчүн аталган өлкөлөрдө аккредитациядан өтүшү кажет, бирок эмдигиче аккредитация боло элек. Бүгүнкү отчётто ошол иштин кечиктирилип жатышы тууралуу да талкуу болду. | Саясат | false | https://www.super.kg/kabar/news/143355 | 2016-03-29 |
ky | Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик кызматкерлер жана дин кызматкерлери экстремизмдин алдын алуу боюнча форум өткөрүштү | Бүгүн, 29-мартта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облустук бөлүмү тарабынан "Экстремизм, терроризмдин алдын алуу жана КРнын жарандарын Сириядагы согуштун катышуусуна бөгөт коюу" форуму өтүүдө. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти. Форумга кыргыз жергесинин мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев , КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Акылбек Жаныбеков , облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков , теолог Кадыр Маликов , УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча жетекчиси Даниэл Рысалиев , Ысык-Көл районунун прокурору Майрамбек Таалайбеков , Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев жана башкалар катышууда. Максатбек ажы Токтомушев ислам дининин тууралыгын түшүндүрүү жолу менен жеткирүүнү, ыймандуу чөйрөнү курууга чакырды. "Диний экстремизм, терроризмдин ислам динине эч кандай тиешеси жок. Бүгүнкү күндө башка мамлекеттерге караганда өлкөбүздө диний абал туруктуу. Муну менен токтоп калбашыбыз керек, анткени аалам чоң. Ошондуктан мектеп окуучуларынан тарта түшүндүрүү иштерин биргеликте жүргүзүүбүз зарыл ",- деди муфтий. Ал эми теолог Кадыр Маликов диний экстремизм менен күрөшүүдө муфтиятка жардам берүү керектигин айтып, биргеликте иштешүүгө чакырды. | Бүгүн, 29-мартта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облустук бөлүмү тарабынан "Экстремизм, терроризмдин алдын алуу жана КРнын жарандарын Сириядагы согуштун катышуусуна бөгөт коюу" форуму өтүүдө. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти. Форумга кыргыз жергесинин мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев , КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Акылбек Жаныбеков , облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков , теолог Кадыр Маликов , УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча жетекчиси Даниэл Рысалиев , Ысык-Көл районунун прокурору Майрамбек Таалайбеков , Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев жана башкалар катышууда. Максатбек ажы Токтомушев ислам дининин тууралыгын түшүндүрүү жолу менен жеткирүүнү, ыймандуу чөйрөнү курууга чакырды. "Диний экстремизм, терроризмдин ислам динине эч кандай тиешеси жок. Бүгүнкү күндө башка мамлекеттерге караганда өлкөбүздө диний абал туруктуу. Муну менен токтоп калбашыбыз керек, анткени аалам чоң. Ошондуктан мектеп окуучуларынан тарта түшүндүрүү иштерин биргеликте жүргүзүүбүз зарыл ",- деди муфтий. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/143357 | 2016-03-29 |
ky | Кипр мамлекетинин башчысы Никос Анастасиадис: "Учакты басып алуу боюнча окуянын терроризм менен байланышы жок" | Бүгүн, 29-мартта белгисиз адамдар Египеттин өлкө ичинде каттамга чыгуучу жүргүнчү учагын абадан басып алышканын чет элдик ММКлар жазып чыгышты. Анда айтылгандай, учакта 55 адам бар болгон. Алардын арасында жаш балдар бар экени айтылууда. Учак Александрия шаарынан Каир шаарына учуп бара жатканда жергиликтүү убакыт менен саат 8:30да басып алынганы кабарланган. Алар экипаж мүчөлөрүнөн учакты Кипр мамлекетинин Ларнака шаарындагы аэропортуна кондурууну талап кылышкан жана бул талаптары орундалбаса, учакты жардырышарын эскертишкен. Учурда учак Ларнака аэропортуна кондурулду. Басып алган белгисиз адамдар учак ичинен 20 чакты аял менен балдарды бошотушту. Ал эми учакты басып алган адам АКШнын Ибрагим Абдель Тавап Самаха аттуу жараны экени айтылууда. Учакты басып алган жаран сүйлөшүүлөрдөн кийин дагы 5 адамды бошотууга макул болду. Ошондой эле Кипр мамлекетинин башчысы Никос Анастасиадистин "бул болуп жаткан окуянын терроризм менен байланышы жок, учакты басып алган адам жеке себептери менен ушул жолго барып жатат" деген билдирүүсүн жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. Египет президентинин басма сөз бөлүмүнөн "учакты басып алган Саиф ад-Дин Мустафа аттуу жаран" деп башка атты айтышууда. | Бүгүн, 29-мартта белгисиз адамдар Египеттин өлкө ичинде каттамга чыгуучу жүргүнчү учагын абадан басып алышканын чет элдик ММКлар жазып чыгышты. Анда айтылгандай, учакта 55 адам бар болгон. Алардын арасында жаш балдар бар экени айтылууда. Учак Александрия шаарынан Каир шаарына учуп бара жатканда жергиликтүү убакыт менен саат 8:30да басып алынганы кабарланган. Алар экипаж мүчөлөрүнөн учакты Кипр мамлекетинин Ларнака шаарындагы аэропортуна кондурууну талап кылышкан жана бул талаптары орундалбаса, учакты жардырышарын эскертишкен. Учурда учак Ларнака аэропортуна кондурулду. Басып алган белгисиз адамдар учак ичинен 20 чакты аял менен балдарды бошотушту. Ал эми учакты басып алган адам АКШнын Ибрагим Абдель Тавап Самаха аттуу жараны экени айтылууда. Учакты басып алган жаран сүйлөшүүлөрдөн кийин дагы 5 адамды бошотууга макул болду. Ошондой эле Кипр мамлекетинин башчысы Никос Анастасиадистин "бул болуп жаткан окуянын терроризм менен байланышы жок, учакты басып алган адам жеке себептери менен ушул жолго барып жатат" деген билдирүүсүн жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143317 | 2016-03-29 |
ky | Бишкектеги кырсыктан улам Бишкек мэриясы элден авариялык абалга келген дарактар тууралуу билдирүүнү суранып жатат | Бишкектеги авариялык абалга келген дарактар тууралуу WhatsApp аркылуу билдирсе болот. Муну бүгүн, 29-мартта шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, мэрия шаардагы райондук администрациялардын акимдеринин орун басарларынын номерлерин берет. WhatsApp аркылуу төмөндөгү номерлерге жыйналбаган таштанды жана кулайын деп калган дарактар тууралуу маалымат берсе болот. Бул иш түрдүү кырсыктардын алдын алуу максатында аткарылып жатат. Азимбаев Мирлан Абылкаирович (Ленин району) — (0556) 25-05-82; Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — (0777) 55-22-11; Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи Май району) — (0558) 33-66-40; Шакитов Сагынбек Үсөналиевич (Свердлов району) — (0773) 56-73-70. Эскерте кетсек, 27-мартта Бишкектеги Турусбеков жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишиндеги кырсыктан бир адам каза болгон. Мындан улам шаардагы дарактардын баары текшерүүдөн өткөрүлөрү айтылган эле . | Бишкектеги авариялык абалга келген дарактар тууралуу WhatsApp аркылуу билдирсе болот. Муну бүгүн, 29-мартта шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, мэрия шаардагы райондук администрациялардын акимдеринин орун басарларынын номерлерин берет. WhatsApp аркылуу төмөндөгү номерлерге жыйналбаган таштанды жана кулайын деп калган дарактар тууралуу маалымат берсе болот. Бул иш түрдүү кырсыктардын алдын алуу максатында аткарылып жатат. Шакитов Сагынбек Үсөналиевич (Свердлов району) —. Эскерте кетсек, 27-мартта Бишкектеги Турусбеков жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишиндеги кырсыктан бир адам каза болгон. | Коом жана турмуш | true | https://www.super.kg/kabar/news/143347 | 2016-03-29 |
ky | Ырчы Омар менен Эрмек Нурбаев футболчуларды жандуу колдоо үчүн Тажикстанга жөнөштү, Урмат Усенов бошобой калганын айтты | Бүгүн, 29-мартта футбол боюнча улуттук курамабыз Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда акыркы беттешин өткөрөт. Мелдештин 10-турунда аларга тажик футболчулары каршы турушмакчы. Беттешке 19:00дө старт берилет. Дүйшөмбү шаарында өтчү беттеште улуттук кураманы колдой турган жоон топ жок экени белгилүү. Ошентсе да 10дой унаа алмаштырып, 2 миң чакырымдай жол жүрүп Бишкектен Дүйшөмбүгө жеткен Эсеннур Алмазбеков аттуу күйөрманыбыз бар. Трибунада "Алга, Кыргызстан!" деп кыйкыра турган Эсеннур жалгыз эмес. Анын катарын ырчы Омар менен "Тамашоу" Лигасынын негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев толуктамакчы. Маданият өкүлдөрү улуттук кураманын Бишкекте өткөн оюндарына калтырбай келип турушат. Бул жолу алар колдоо керек болуп жатканын билип, четте карап турбастан Тажикстанга аттанышкан. Дагы бир атактуу футбол сүйүүчүсү, улуттук курамага күйгөн күйөрмандардын бири Урмат Усеновго байланышып, эмне себептен Дүйшөмбү шаарына барбаганын сурадык. "Эрмек менен Омарга кошулуп футболчуларыбызды колдоп келгенге даяр болчумун. Бирок, тилекке каршы, жумуштарым чыгып калды. Баарыбыз кетип калсак болбойт го, бирөө мекенди карап калыш керек да (тамаша иретинде)",- деди Урмат мырза. | Бүгүн, 29-мартта футбол боюнча улуттук курамабыз Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда акыркы беттешин өткөрөт. Мелдештин 10-турунда аларга тажик футболчулары каршы турушмакчы. Беттешке 19:00дө старт берилет. Дүйшөмбү шаарында өтчү беттеште улуттук кураманы колдой турган жоон топ жок экени белгилүү. Ошентсе да 10дой унаа алмаштырып, 2 миң чакырымдай жол жүрүп Бишкектен Дүйшөмбүгө жеткен Эсеннур Алмазбеков аттуу күйөрманыбыз бар. Трибунада "Алга, Кыргызстан!" деп кыйкыра турган Эсеннур жалгыз эмес. Анын катарын ырчы Омар менен "Тамашоу" Лигасынын негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев толуктамакчы. Маданият өкүлдөрү улуттук кураманын Бишкекте өткөн оюндарына калтырбай келип турушат. Бул жолу алар колдоо керек болуп жатканын билип, четте карап турбастан Тажикстанга аттанышкан. Дагы бир атактуу футбол сүйүүчүсү, улуттук курамага күйгөн күйөрмандардын бири Урмат Усеновго байланышып, эмне себептен Дүйшөмбү шаарына барбаганын сурадык. "Эрмек менен Омарга кошулуп футболчуларыбызды колдоп келгенге даяр болчумун. Бирок, тилекке каршы, жумуштарым чыгып калды. | Маданият, шоу-бизнес | false | https://www.super.kg/kabar/news/143351 | 2016-03-29 |
ky | "Арыкта жаткан баланын үстү кар болчу, аны айыпталуучу өзү көрсөтүп берген" дейт тергөөчү Даниэлдин өлүмү боюнча соттук кароодо | Бүгүн, 29-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 1-класстын окуучусу Даниэлдин өлтүрүлүшү боюнча экинчи соттук кароо өтүүдө. Соттук кароодо күбөлөр кезек-кезеги менен залга чакырылып суракка алынууда. Суракка Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Нурлан Тургуналиев чакырылды. "Шектүү катары кармалган айыпталуучу 10-декабрда бул кылмышты кылганын мойнуна алган. Ал оперкызматкерлердин коштоосунда алгач Селекция айылына барган, себеби бала ошол жакта экенин айткан. Барганыбызда бала ал жакта эмес экени аныкталган. 11-декабрдын түнүндө баланын сөөгү Сокулук районундагы айылдан, жолдон далдоо жердеги 1,5 метрдей тереңдиктеги арыктан табылган. Ошол күндөрдө кар жаагандыктан, бала кар астында жаткан, биз аны таппайт болчубуз. Аны айыпталуучу өзү көрсөтүп берген. Кийин ал таштын алдынан акча талап кылып СМС жиберген уюлдук телефонду да таап берген", - деди Тургуналиев. Буга айыпталуучу: "Мени ур-токмокко алып жатып мойнума илип коюшту. 10-декабрда мени кармап кеткенден кийин милиция кызматкерлери чечинтип, үстүмө жеңил плащ кийгизип талаага алып барышты. Бала табылган жерден мен кыйкырынган жерлерди, айтып, көрсөткөн жерлерди видеого тартпай жатышты. Бул тууралуу эч кимге айткан эмесмин" , - деди Акунова. Эске салсак, 2015-жылдын 10-декабрында милицияга 33 жаштагы Астра аттуу жаран кайрылып, анын баласын белгисиз адамдар уурдап, кайтарып берүү үчүн 150 миң сом талап кылып жатышканын айткан. 11-декабрда аталган кылмышка шектүү катары 39 жаштагы Майрам Акунова аттуу аял кармалган. Анын Жалал-Абад облусунда туулганы, буга чейин уурдоо жана алдамчылык боюнча соттолгону белгилүү болгон. Суракта Майрам Акунова акыркы 10 күн ичинде уурдалган баланын үй-бүлөсү жөнүндө маалыматтарды топтоп жүргөнүн айткан. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгына ылайык, анын акыл-эси жайында экени, ал эми бала дарыдан эмес, муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталган. | Бүгүн, 29-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 1-класстын окуучусу Даниэлдин өлтүрүлүшү боюнча экинчи соттук кароо өтүүдө. Соттук кароодо күбөлөр кезек-кезеги менен залга чакырылып суракка алынууда. Суракка Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Нурлан Тургуналиев чакырылды. "Шектүү катары кармалган айыпталуучу 10-декабрда бул кылмышты кылганын мойнуна алган. Ал оперкызматкерлердин коштоосунда алгач Селекция айылына барган, себеби бала ошол жакта экенин айткан. Барганыбызда бала ал жакта эмес экени аныкталган. 11-декабрдын түнүндө баланын сөөгү Сокулук районундагы айылдан, жолдон далдоо жердеги 1,5 метрдей тереңдиктеги арыктан табылган. Ошол күндөрдө кар жаагандыктан, бала кар астында жаткан, биз аны таппайт болчубуз. Аны айыпталуучу өзү көрсөтүп берген. Кийин ал таштын алдынан акча талап кылып СМС жиберген уюлдук телефонду да таап берген", - деди Тургуналиев. Буга айыпталуучу: "Мени ур-токмокко алып жатып мойнума илип коюшту. 10-декабрда мени кармап кеткенден кийин милиция кызматкерлери чечинтип, үстүмө жеңил плащ кийгизип талаага алып барышты. Бала табылган жерден мен кыйкырынган жерлерди, айтып, көрсөткөн жерлерди видеого тартпай жатышты. Бул тууралуу эч кимге айткан эмесмин" , - деди Акунова. Эске салсак, 2015-жылдын 10-декабрында милицияга 33 жаштагы Астра аттуу жаран кайрылып, анын баласын белгисиз адамдар уурдап, кайтарып берүү үчүн 150 миң сом талап кылып жатышканын айткан. 11-декабрда аталган кылмышка шектүү катары 39 жаштагы Майрам Акунова аттуу аял кармалган. Анын Жалал-Абад облусунда туулганы, буга чейин уурдоо жана алдамчылык боюнча соттолгону белгилүү болгон. Суракта Майрам Акунова акыркы 10 күн ичинде уурдалган баланын үй-бүлөсү жөнүндө маалыматтарды топтоп жүргөнүн айткан. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143335 | 2016-03-29 |
ky | K-News сайтынын кабарчысы Башкы прокуратурага чакырылды | K-News сайтынын кабарчысы Нурзада Тынаева Башкы прокуратурага суракка чакырылды. Редакциянын билдиришинче, эгерде кабарчы келбесе, аны мажбурлап алып кетери айтылган. Журналистти Башкы прокуратуранын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүндө мыйзамдуулукту көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Эмил Жанаев чакырганы белгилүү болду. "Бүгүн редакцияга Башкы прокуратурадан чалышып, журналистти сайтта жарыяланган оппозиция өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү боюнча видеотасмага байланыштуу көрсөтмө берип кетүүгө чакырышкан. Бирок бүгүн мекеменин басма сөз кызматы кабарчы энергетикалык тармак боюнча жазган макаласына түшүндүрмө берүү үчүн чакырылганын айтышты", - деп билдирет редакция. | K-News сайтынын кабарчысы Нурзада Тынаева Башкы прокуратурага суракка чакырылды. Редакциянын билдиришинче, эгерде кабарчы келбесе, аны мажбурлап алып кетери айтылган. Журналистти Башкы прокуратуранын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүндө мыйзамдуулукту көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Эмил Жанаев чакырганы белгилүү болду. "Бүгүн редакцияга Башкы прокуратурадан чалышып, журналистти сайтта жарыяланган оппозиция өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү боюнча видеотасмага байланыштуу көрсөтмө берип кетүүгө чакырышкан. | Саясат | false | https://www.super.kg/kabar/news/143339 | 2016-03-29 |
ky | УКМК: Жашыруун террордук уюмдун 7 мүчөсү кармалды | Өлкө аймагындагы жашыруун террордук уюмдун 7 мүчөсүнүн мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта УКМКнын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти. Маалым болгондой, жашыруун террордук тобунун мүчөлөрү жалданма ишмердүүлүк жүргүзүшкөн. Алар адамдарды үгүттөө жолу менен согушка жөнөтүү каналын түзүшкөн жана өлкө аймагында диверсиялык-террордук акцияларды жасаш үчүн даярданышканы белгилүү болгон. Азыркы маалда аталган уюмдун 7 мүчөсү камакка алынып, аларга карата козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иштери жүрүүдө. | Өлкө аймагындагы жашыруун террордук уюмдун 7 мүчөсүнүн мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта УКМКнын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти. Маалым болгондой, жашыруун террордук тобунун мүчөлөрү жалданма ишмердүүлүк жүргүзүшкөн. Алар адамдарды үгүттөө жолу менен согушка жөнөтүү каналын түзүшкөн жана өлкө аймагында диверсиялык-террордук акцияларды жасаш үчүн даярданышканы белгилүү болгон. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143337 | 2016-03-29 |
ky | Улуттук кураманын күйөрманы 10дой унаа алмаштырып, 2 миң чакырымдай жол жүрүп Бишкектен Дүйшөмбүгө жетти | Бүгүн, 29-мартта футбол боюнча улуттук курамабыз Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда акыркы беттешин өткөрөт. Дүйшөмбү шаарында футболчуларыбызга Тажикстан курамасы каршы турмакчы. Анда Борбордук стадионго 24 миң күйөрман келери күтүлүүдө. Улуттук курамабыздын күйөрманы Эсеннур Алмазбеков өзгөчө ыкма менен эл эсинде калмай болду. Ал жол кире коротпой, өздүк унаасын айдабай, учакка алган билети жок Бишкектен Дүйшөмбүгө сапар алган. Ал учурда көздөгөн жерине жетип, футболчуларыбыздын машыгуусуна күбө болуп, аларга ийгилик каалаганга жетишти. Түшүнүктүүрөөк болсун үчүн Эсеннурдун "автостоп" ыкмасын колдонгонун айта кетели. "Автостопто" сапарга чыккан адам жолдо бош унааларды тосуп, мерчемдүү аралыкка чейин ала кетүүнү суранат. Унаа ээси, албетте, андан каражат сурабоого тийиш. Э.Алмазбеков Бишкектен Ошту көздөй жол алып, ордолуу Ошко жеткенче 7 унаа алмаштырганын айтат. "Мен дааватчылар менен да, аскер кызматкерлери менен да, кадимки айыл тургундары менен да жол жүрүп калдым. Жалал-Абад жана Ошту алгачкы жолу көрдүм",- дейт ашынган күйөрман. Ош шаарын кыдырып, сейилдеп алган соң Эсеннур Чоң-Алай районунун Кара-Мык айылына жөнөгөн. Дал ушул айыл аркылуу Тажикстан менен Кыргыз Республикасынын чек арасына бет алган. "Кара-Мыктан Тажикстандын чек арасына чейин 350 чакырым аралык бар экен. Саат 14:00дө жолго чыккам, бир топ жол жүргөн соң айдоочу мени түшүрүп койду. Чек арага 13 чакырым басыш керек болуп калды. Анан чек ара кызматкерлерин жолуктурдум",- дейт туристке айланган күйөрман. Анын сапары тууралуу уккан чек арачылар аны тозоттон өткөрүп, тамак берип, уктаганга шарт түзүшкөн. Эртеси таң атпай саат 6да жүк ташыган унаага отуруп Дүйшөмбү шаарына жөнөгөнүн айтат Эсеннур. 21 саат жол жүргөн соң көздөгөн жерине жетип, улуттук кураманын оюнчуларынын машыгуусуна барып, аларды колдогонго жетишкен. Макаланы жыйынтыктоодон мурун, сапарын жыйынтыктаган жигиттин сөзүнө орун берели: "Тажикстандын жолдорун көрүп, жон терим менен сезип, ыйладым. Жолдо уюлдук телефонум жоголду. Анан стадионго жетип, "Алга, Кыргызстан!" деген ураанды кыйкырып жатканда көпчүлүк түшүнбөй "жинди болгон го" деп кабыл алышты окшойт. Машыгуудан кийин футболчулар мени мейманканага жайгаштырышты. Менде баары жакшы, эмне болуп жатканына али ишенбей турам. Мекенди сүйгүлө, кыргыз футболун сүйгүлө!" | Бүгүн, 29-мартта футбол боюнча улуттук курамабыз Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда акыркы беттешин өткөрөт. Дүйшөмбү шаарында футболчуларыбызга Тажикстан курамасы каршы турмакчы. Анда Борбордук стадионго 24 миң күйөрман келери күтүлүүдө. Улуттук курамабыздын күйөрманы Эсеннур Алмазбеков өзгөчө ыкма менен эл эсинде калмай болду. Ал жол кире коротпой, өздүк унаасын айдабай, учакка алган билети жок Бишкектен Дүйшөмбүгө сапар алган. Ал учурда көздөгөн жерине жетип, футболчуларыбыздын машыгуусуна күбө болуп, аларга ийгилик каалаганга жетишти. Түшүнүктүүрөөк болсун үчүн Эсеннурдун "автостоп" ыкмасын колдонгонун айта кетели. "Автостопто" сапарга чыккан адам жолдо бош унааларды тосуп, мерчемдүү аралыкка чейин ала кетүүнү суранат. Унаа ээси, албетте, андан каражат сурабоого тийиш. Э.Алмазбеков Бишкектен Ошту көздөй жол алып, ордолуу Ошко жеткенче 7 унаа алмаштырганын айтат. "Мен дааватчылар менен да, аскер кызматкерлери менен да, кадимки айыл тургундары менен да жол жүрүп калдым. Жалал-Абад жана Ошту алгачкы жолу көрдүм",- дейт ашынган күйөрман. Ош шаарын кыдырып, сейилдеп алган соң Эсеннур Чоң-Алай районунун Кара-Мык айылына жөнөгөн. Дал ушул айыл аркылуу Тажикстан менен Кыргыз Республикасынын чек арасына бет алган. "Кара-Мыктан Тажикстандын чек арасына чейин 350 чакырым аралык бар экен. Саат 14:00дө жолго чыккам, бир топ жол жүргөн соң айдоочу мени түшүрүп койду. Чек арага 13 чакырым басыш керек болуп калды. Анан чек ара кызматкерлерин жолуктурдум",- дейт туристке айланган күйөрман. Анын сапары тууралуу уккан чек арачылар аны тозоттон өткөрүп, тамак берип, уктаганга шарт түзүшкөн. Эртеси таң атпай саат 6да жүк ташыган унаага отуруп Дүйшөмбү шаарына жөнөгөнүн айтат Эсеннур. 21 саат жол жүргөн соң көздөгөн жерине жетип, улуттук кураманын оюнчуларынын машыгуусуна барып, аларды колдогонго жетишкен. Макаланы жыйынтыктоодон мурун, сапарын жыйынтыктаган жигиттин сөзүнө орун берели: "Тажикстандын жолдорун көрүп, жон терим менен сезип, ыйладым. Жолдо уюлдук телефонум жоголду. Анан стадионго жетип, "Алга, Кыргызстан!" деген ураанды кыйкырып жатканда көпчүлүк түшүнбөй "жинди болгон го" деп кабыл алышты окшойт. Машыгуудан кийин футболчулар мени мейманканага жайгаштырышты. Менде баары жакшы, эмне болуп жатканына али ишенбей турам. | Спорт | false | https://www.super.kg/kabar/news/143323 | 2016-03-29 |
ky | Муунтулуп өлтүрүлгөн 7 жашар баланын иши боюнча соттук кароодо айыпталуучунун күйөөсү суракка алынды | Бүгүн, 29-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 1-класстын окуучусу Даниэлдин өлтүрүлүшү боюнча экинчи соттук кароо башталды. Соттук кароодо күбөлөр кезек-кезеги менен залга чакырылып суракка алынууда. Суракка айыпталуучу Майрам Акунова менен жарандык никеде жашап жүргөн күйөөсү Канатбек Эсеналиев чакырылды. "Мен айыпталуучу менен 2015-жылы апрель айында таанышкам. Экөөбүз 2 ай сүйлөшүп, анан баш кошконбуз. Кийин айылга жашаганга кетип, 5-6 айдай чогуу жашадык. Ноябрь айынын аягында ага эжеси телефон чалып, апасы каза болгонун айтты. Эртеси ал Казарманга кетип, мен кызын алып калгам. Акча жоктун айынан мен бара алган жокмун. Телефон чалып сураштырсам, кыркы болсун деп койду. 10-декабрда мага милициядан телефон чалып "кызын алып кел" деп айтышты. Жолдон тааныштарым аркылуу окуя тууралуу угуп, бирок ишенген жокмун", - деди Канатбек Эсеналиев. Ал эми айыпталуучу суроолорго жооп берип жатып: "Апам тирүү, ал кезде мен акчанын тартыштыгынан улам шаарга келип иштегенге туура келди", - деди. Эске салсак, 2015-жылдын 10-декабрында милицияга 33 жаштагы Астра аттуу жаран кайрылып, анын баласын белгисиз адамдар уурдап, кайтарып берүү үчүн 150 миң сом талап кылып жатышканын айткан. 11-декабрда аталган кылмышка шектүү катары 39 жаштагы Майрам Акунова аттуу аял кармалган. Анын Жалал-Абад облусунда туулганы, буга чейин уурдоо жана алдамчылык боюнча соттолгону белгилүү болгон. Суракта Майрам Акунова акыркы 10 күн ичинде уурдалган баланын үй-бүлөсү жөнүндө маалыматтарды топтоп жүргөнүн айткан. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгына ылайык, анын акыл-эси жайында экени, ал эми бала дарыдан эмес, муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталган. | Бүгүн, 29-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 1-класстын окуучусу Даниэлдин өлтүрүлүшү боюнча экинчи соттук кароо башталды. Соттук кароодо күбөлөр кезек-кезеги менен залга чакырылып суракка алынууда. Суракка айыпталуучу Майрам Акунова менен жарандык никеде жашап жүргөн күйөөсү Канатбек Эсеналиев чакырылды. "Мен айыпталуучу менен 2015-жылы апрель айында таанышкам. Экөөбүз 2 ай сүйлөшүп, анан баш кошконбуз. Кийин айылга жашаганга кетип, 5-6 айдай чогуу жашадык. Ноябрь айынын аягында ага эжеси телефон чалып, апасы каза болгонун айтты. Эртеси ал Казарманга кетип, мен кызын алып калгам. Акча жоктун айынан мен бара алган жокмун. Телефон чалып сураштырсам, кыркы болсун деп койду. 10-декабрда мага милициядан телефон чалып "кызын алып кел" деп айтышты. Жолдон тааныштарым аркылуу окуя тууралуу угуп, бирок ишенген жокмун", - деди Канатбек Эсеналиев. Ал эми айыпталуучу суроолорго жооп берип жатып: "Апам тирүү, ал кезде мен акчанын тартыштыгынан улам шаарга келип иштегенге туура келди", - деди. Эске салсак, 2015-жылдын 10-декабрында милицияга 33 жаштагы Астра аттуу жаран кайрылып, анын баласын белгисиз адамдар уурдап, кайтарып берүү үчүн 150 миң сом талап кылып жатышканын айткан. 11-декабрда аталган кылмышка шектүү катары 39 жаштагы Майрам Акунова аттуу аял кармалган. Анын Жалал-Абад облусунда туулганы, буга чейин уурдоо жана алдамчылык боюнча соттолгону белгилүү болгон. Суракта Майрам Акунова акыркы 10 күн ичинде уурдалган баланын үй-бүлөсү жөнүндө маалыматтарды топтоп жүргөнүн айткан. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143307 | 2016-03-29 |
ky | "Үңкүр-Тоо Өзбекстанга караштуу" деген документке Сариев кол койбогонун өкмөт экинчи жолу билдирди | Аксыдагы Үңкүр-Тоо Өзбекстанга караштуу аймак деп көрсөтүлүп интернетке тараган документти өкмөт "жасалма" деп билдирүүдө. Кыргыздын жерин башкаларга таандык деген токтомго премьер-министр Темир Сариев кол койбогонун буга чейин да билдиришкен. "Бул кезектеги "бекназаровдук" чагымчылдык", - деп айтылат өкмөттүн маалыматында. Бирок протоколду ММКларга тараткан адамдар жер берүүгө байланыштуу премьер-министр Темир Сариевдин колу коюлган документ оригинал экенин айтышып, өкмөттүн актануусун айла кеткендеги аракет катары баалашууда. Оппозиция өкүлү Азимбек Бекназаров Аксыдагы тоонун кыргыздарга таандык экенин белгилеп, аны коңшу өлкөнүкү деп чечим чыгарган премьер-министр жооп бериши керектигин талап кылууда. Өлкөнүн бүтүндүгүнө байланышкан бул маселеде Бекназаровдун айтканына кошулуп өкмөттү сөгүп жаткандар арбын... Документтин оригинал экенин Кербен шаардык кеңешинин депутаты Эргеш Озокеев да айтууда. | Аксыдагы Үңкүр-Тоо Өзбекстанга караштуу аймак деп көрсөтүлүп интернетке тараган документти өкмөт "жасалма" деп билдирүүдө. Кыргыздын жерин башкаларга таандык деген токтомго премьер-министр Темир Сариев кол койбогонун буга чейин да билдиришкен. "Бул кезектеги "бекназаровдук" чагымчылдык", - деп айтылат өкмөттүн маалыматында. Бирок протоколду ММКларга тараткан адамдар жер берүүгө байланыштуу премьер-министр Темир Сариевдин колу коюлган документ оригинал экенин айтышып, өкмөттүн актануусун айла кеткендеги аракет катары баалашууда. Оппозиция өкүлү Азимбек Бекназаров Аксыдагы тоонун кыргыздарга таандык экенин белгилеп, аны коңшу өлкөнүкү деп чечим чыгарган премьер-министр жооп бериши керектигин талап кылууда. Өлкөнүн бүтүндүгүнө байланышкан бул маселеде Бекназаровдун айтканына кошулуп өкмөттү сөгүп жаткандар арбын... | Саясат | false | https://www.super.kg/kabar/news/143325 | 2016-03-29 |
ky | Бишкекте унаа уурдоого шектелип 6 бала кармалды (фото) | Бишкекте унаа уурдоого шектелген жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине арыз менен Бишкек шаарынын 43 жаштагы тургуну кайрылган. Ал 27-марттан 28-мартка караган түнү белгисиз адамдар короосунда турган Мерседес үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкенин билдирген. Ошондой эле борбор калаанын 52 жаштагы тургуну да милицияга кайрылып, Бишкектеги Серафимов көчөсүндө турган КИА үлгүсүндөгү унаасы уурдалганын айткан. Аталган фактыга шектелип Ысык-Көл облусунун 18 жаштагы К.А. жана 20 жаштагы А.Э. аттуу тургундары, Бишкек шаарынын 18 жаштагы А.Б., Нарын облусунун 18 жаштагы О.Б., Жалал-Абад облусунун 17 жаштагы Т.С., Баткен облусунун 19 жаштагы К.Ж. аттуу тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектелген жарандардын буга окшогон фактылардын бир канчасына тийиштиги бар экени билинди. | Бишкекте унаа уурдоого шектелген жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине арыз менен Бишкек шаарынын 43 жаштагы тургуну кайрылган. Ал 27-марттан 28-мартка караган түнү белгисиз адамдар короосунда турган Мерседес үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкенин билдирген. Ошондой эле борбор калаанын 52 жаштагы тургуну да милицияга кайрылып, Бишкектеги Серафимов көчөсүндө турган КИА үлгүсүндөгү унаасы уурдалганын айткан. Аталган фактыга шектелип Ысык-Көл облусунун 18 жаштагы К.А. жана 20 жаштагы А.Э. аттуу тургундары, Бишкек шаарынын 18 жаштагы А.Б., Нарын облусунун 18 жаштагы О.Б., Жалал-Абад облусунун 17 жаштагы Т.С., Баткен облусунун 19 жаштагы К.Ж. аттуу тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143311 | 2016-03-29 |
ky | Айрым депутаттар статус боюнча вице-премьер-министрлерден жогору турууну каалашууда | Бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында мамлекеттик протокол тууралуу мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Бул долбоорго ылайык, статусу боюнча президенттен кийин премьер-министр турат. Ал эми депутаттардын статусу вице-премьер-министрлердикинен жогору деп өзгөртүлмөкчү. Өкмөт өкүлү бул мыйзам долбооруна өкмөт тарабынан каршы корутунду берилгенин билдирди. Ал мамлекеттик протокол жөнүндө мыйзамга мындай өзгөртүү киргизүү пайдасыз экенин айтты. Депутат Айнуру Алтыбаева өкмөттүн корутундусуна каршы чыгып, аталган мыйзам долбоору парламенттин буга чейинки чакырылышы тарабынан демилгеленгенин жана 1-2-окууда кабыл алынганын эскертти. "3-окууда редакциялык өзгөртүүлөр гана киргизилиш керек. Эгер долбоордун концепциясын өзгөртсөк, анда регламентти бузган болобуз", - деп баса белгиледи Алтыбаева. Депутат Каныбек Иманалиев өкмөттүн позициясын колдой турганын билдирди. "Логикага таянсак, премьер-министр иш сапары менен чет өлкөгө кеткенде, анын ыйгарым укуктарын вице-премьер-министрлер аткарышат. Ошондуктан мамлекеттик ишмердин жоопкерчилигине карата протокол калыш керек",- деди Иманалиев. Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда кароого кайтарылды. | Бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында мамлекеттик протокол тууралуу мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Бул долбоорго ылайык, статусу боюнча президенттен кийин премьер-министр турат. Ал эми депутаттардын статусу вице-премьер-министрлердикинен жогору деп өзгөртүлмөкчү. Өкмөт өкүлү бул мыйзам долбооруна өкмөт тарабынан каршы корутунду берилгенин билдирди. Ал мамлекеттик протокол жөнүндө мыйзамга мындай өзгөртүү киргизүү пайдасыз экенин айтты. Депутат Айнуру Алтыбаева өкмөттүн корутундусуна каршы чыгып, аталган мыйзам долбоору парламенттин буга чейинки чакырылышы тарабынан демилгеленгенин жана 1-2-окууда кабыл алынганын эскертти. "3-окууда редакциялык өзгөртүүлөр гана киргизилиш керек. Эгер долбоордун концепциясын өзгөртсөк, анда регламентти бузган болобуз", - деп баса белгиледи Алтыбаева. Депутат Каныбек Иманалиев өкмөттүн позициясын колдой турганын билдирди. "Логикага таянсак, премьер-министр иш сапары менен чет өлкөгө кеткенде, анын ыйгарым укуктарын вице-премьер-министрлер аткарышат. Ошондуктан мамлекеттик ишмердин жоопкерчилигине карата протокол калыш керек",- деди Иманалиев. | Саясат | false | https://www.super.kg/kabar/news/143312 | 2016-03-29 |
ky | Чүй облусунда 5 миңден ашуун бөтөлкө контрафакттык алкоголь тартылып алынды | Чүй облусунда 5 миңден ашуун бөтөлкө контрафакттык алкоголь тартылып алынды. Бул тууралуу бүгүн, 29-март күнү Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, Жайыл районундагы “Сосновка” көзөмөл-өткөрүү бекетинен жүк ташуучу унаа токтотулган. Унааны текшерүү маалында 9609 бөтөлкө алкоголдук продукция табылып, анын ичинен 5841 бөтөлкөсүнө сыйымдуулугуна шайкеш келбеген акциздик марка чапталганы аныкталган. Натыйжада унаа атайын токтотмо жайга киргизилип, алынган продукция тиешелүү башкармалыкка жөнөтүлгөн. | Чүй облусунда 5 миңден ашуун бөтөлкө контрафакттык алкоголь тартылып алынды. Бул тууралуу бүгүн, 29-март күнү Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, Жайыл районундагы “Сосновка” көзөмөл-өткөрүү бекетинен жүк ташуучу унаа токтотулган. Унааны текшерүү маалында 9609 бөтөлкө алкоголдук продукция табылып, анын ичинен 5841 бөтөлкөсүнө сыйымдуулугуна шайкеш келбеген акциздик марка чапталганы аныкталган. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143277 | 2016-03-29 |
ky | КИНОЗАЛ: "Президент жана бомж" тасмасындагы айрым кадрлар Нариман Түлеевдин үйүндө тартылган" дейт тасманын продюсери | Кыргыз коомчулугунда кызыгуу жараткан тасмалардын бири - "Президент жана бомж" тасмасы. Тасма 2012-жылы тартылган, жанры - мелодрама, комедия. Режиссёру - Ырыс Окенова . Тасмада Марат Алышбаев, Аскат Сулайманов, Марат Жанталиев, Нурзат Токтосунова, Камчы Сарыбаев, Назира Бердигулова өңдүү актёр-актрисалар роль жаратышкан. Фильмдин продюсери жана сценарийинин автору Өмүрзак Төлөбеков: "Ажонун иш бөлмөсүн, үйүн, кымбат баалуу машиналарын Нариман Түлеевдикинен тарттык. Бул жагынан ал чоң колдоо көрсөттү. Өзү жүргөн машинасын бизге берип, кээде такси менен кетип, отурган иш бөлмөсүн бошотуп берип жатты. Анан ушундан улам “Нариманды ушул фильм үчүн камап салыптыр” деген сөз чыгып кетиптир. Бул жерде эч кандай Түлеев тараптан саясий буюртма болгон жок",- деп билдирген бизге берген маектеринин биринде. Президент менен жолугушуп, жеке көйгөйлөрүн чечүү ар бир адамга эле буюрбаган нерсе. Өлкө башчынын кабылдамасында айлап-жылдап кезек күтүп отургандар канча? Тасмада өлкө башчысы жеке кортежи менен өтүп баратканда көчө бойлой желим бөтөлкө чогултуп жүргөн селсаяк Жуманы байкап калат. Бул окуядан соң тасмадагы президент Самат Аманович министрлердин ишин катуу сынга алат. "Президент жана бомж" тасмасын толугу менен бул жерден көрүңүз. | Кыргыз коомчулугунда кызыгуу жараткан тасмалардын бири - "Президент жана бомж" тасмасы. Тасма 2012-жылы тартылган, жанры - мелодрама, комедия. Режиссёру - Ырыс Окенова . Тасмада Марат Алышбаев, Аскат Сулайманов, Марат Жанталиев, Нурзат Токтосунова, Камчы Сарыбаев, Назира Бердигулова өңдүү актёр-актрисалар роль жаратышкан. Фильмдин продюсери жана сценарийинин автору Өмүрзак Төлөбеков: "Ажонун иш бөлмөсүн, үйүн, кымбат баалуу машиналарын Нариман Түлеевдикинен тарттык. Бул жагынан ал чоң колдоо көрсөттү. Өзү жүргөн машинасын бизге берип, кээде такси менен кетип, отурган иш бөлмөсүн бошотуп берип жатты. Анан ушундан улам “Нариманды ушул фильм үчүн камап салыптыр” деген сөз чыгып кетиптир. Бул жерде эч кандай Түлеев тараптан саясий буюртма болгон жок",- деп билдирген бизге берген маектеринин биринде. Президент менен жолугушуп, жеке көйгөйлөрүн чечүү ар бир адамга эле буюрбаган нерсе. Өлкө башчынын кабылдамасында айлап-жылдап кезек күтүп отургандар канча? Тасмада өлкө башчысы жеке кортежи менен өтүп баратканда көчө бойлой желим бөтөлкө чогултуп жүргөн селсаяк Жуманы байкап калат. Бул окуядан соң тасмадагы президент Самат Аманович министрлердин ишин катуу сынга алат. | Маданият, шоу-бизнес | false | https://www.super.kg/kabar/news/142799 | 2016-03-29 |
ky | Баткен облусунда Тажикстанга 1400 килограммдан ашуун курутту мыйзамсыз алып өтүүгө аракеттенген жаран кармалды | Баткен облусунда Тажикстанга 1400 килограммдан ашуун курутту мыйзамсыз алып өтүүгө аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28-март күнү Баткен облусуна караштуу Эки-Таш айыл аймагынан Тажикстан тарапка өтүүгө аракеттенген Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаанын артынан 1460 килограммды түзгөн 61 мүшөк курут табылган. Териштирүү иштеринин алкагында курутту өткөрүүгө эч кандай документтер жок экени аныкталган. Тиешелүү документтер толтурулуп, жалпы суммасы 200 миң сомго бааланган курут Мамлекеттик бажы кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. | Баткен облусунда Тажикстанга 1400 килограммдан ашуун курутту мыйзамсыз алып өтүүгө аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28-март күнү Баткен облусуна караштуу Эки-Таш айыл аймагынан Тажикстан тарапка өтүүгө аракеттенген Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаанын артынан 1460 килограммды түзгөн 61 мүшөк курут табылган. Териштирүү иштеринин алкагында курутту өткөрүүгө эч кандай документтер жок экени аныкталган. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143303 | 2016-03-29 |
ky | Борбор калаада бир нече уурулук фактысына шектелген 27 жаштагы жаран кармалды | Борбор калаада бир нече уурулук фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 27 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Ал 12-мартта Ахунбаев жана Алматы көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адам анын кара түстөгү күрмөсүн уурдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 27 жаштагы С.А. аттуу тургуну кармалган. Кармалган жарандын бул сыяктуу башка кылмыштарга да катыштыгы бар экени аныкталган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. | Борбор калаада бир нече уурулук фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 27 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Ал 12-мартта Ахунбаев жана Алматы көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адам анын кара түстөгү күрмөсүн уурдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 27 жаштагы С.А. аттуу тургуну кармалган. Кармалган жарандын бул сыяктуу башка кылмыштарга да катыштыгы бар экени аныкталган. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143295 | 2016-03-29 |
ky | СУПЕРСТАН: "Сүйүү виртуалдуу жашоодон башталат, ошондуктан сүйүктүүбүз социалдык тармакта башкалар менен жазышса кызганыш керек..." | Интернеттеги социалдык тармактардын оң жана терс жактарын көрүп жүрөбүз. Социалдык желелер адамдардын сүйүшүп, бактылуу болуусуна, тескерисинче, түгөйлөр бири-бирин кызганышып, бактылуу үй-бүлөнүн бузулуусуна алып келген учурлары да бар. SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Виртуалдуу кызгануу" деген тема талкууланууда. Тема боюнча түрдүү пикирлер айтылып жатат: "Виртуалдуу дүйнөдө эмне чечилмек эле, өз көзүң менен көрүп, билбегенден кийин. Мени виртуалдуу кызгануу кызыктырбайт". "Виртуалда деле кимге болбосун, эмнени ойлоп жатса, ошону жазат да. Алдайм, тамашалайм деген менен, ошо сөздөрдүн кандайдыр бир деңгээлде чындыгы бар, ошондуктан бардык жерде жакындарымды кызганам". "Сүйүү виртуалдуу жашоодон башталат. Ошондуктан кызганыш керек". "Кээ бир адамдардай болуп ичинен кызганып тим боло албайм, ушунун айынан бир сыйра "авария" болуп барып, анан оңдолуп-түздөлүп калмай. Көбүнчө кечигип келген жооптор үчүн болот". "Азыр бирөө менен жакшы жазышып койсоң, эртеси күнү "жаным" деп, үчүнчү күнү кызганып башташат экен, шумдугуң кургур!" Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз. | Интернеттеги социалдык тармактардын оң жана терс жактарын көрүп жүрөбүз. Социалдык желелер адамдардын сүйүшүп, бактылуу болуусуна, тескерисинче, түгөйлөр бири-бирин кызганышып, бактылуу үй-бүлөнүн бузулуусуна алып келген учурлары да бар. порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Виртуалдуу кызгануу" деген тема талкууланууда. Тема боюнча түрдүү пикирлер айтылып жатат: "Виртуалдуу дүйнөдө эмне чечилмек эле, өз көзүң менен көрүп, билбегенден кийин. Мени виртуалдуу кызгануу кызыктырбайт". "Виртуалда деле кимге болбосун, эмнени ойлоп жатса, ошону жазат да. Алдайм, тамашалайм деген менен, ошо сөздөрдүн кандайдыр бир деңгээлде чындыгы бар, ошондуктан бардык жерде жакындарымды кызганам". "Сүйүү виртуалдуу жашоодон башталат. Ошондуктан кызганыш керек". "Кээ бир адамдардай болуп ичинен кызганып тим боло албайм, ушунун айынан бир сыйра "авария" болуп барып, анан оңдолуп-түздөлүп калмай. Көбүнчө кечигип келген жооптор үчүн болот". "Азыр бирөө менен жакшы жазышып койсоң, эртеси күнү "жаным" деп, үчүнчү күнү кызганып башташат экен, шумдугуң кургур!" | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/143299 | 2016-03-29 |
ky | Кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча маалыматты угууга депутаттар журналисттерди катыштырган жок | Бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргоо боюнча комитетинде Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимдин долбоору каралууда. Жыйында биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев жана КРнын Чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиев комитеттин мүчөлөрүнө маалымат бермекчи. Бул маселени кароонун алдында аталган комитеттин мүчөлөрү жыйынды жабык эшиктин артында жүргүзүүнү сунушташты. Депутаттар бул сунушту бир добуштан колдошту. | Бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргоо боюнча комитетинде Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимдин долбоору каралууда. Жыйында биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев жана КРнын Чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиев комитеттин мүчөлөрүнө маалымат бермекчи. Бул маселени кароонун алдында аталган комитеттин мүчөлөрү жыйынды жабык эшиктин артында жүргүзүүнү сунушташты. | Саясат | false | https://www.super.kg/kabar/news/143306 | 2016-03-29 |
ky | Бишкек шаарында катталган жол кырсыгында эки жөө жүрүүчү жабыркады | Бишкек шаарында катталган жол кырсыгында эки жөө жүрүүчү жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта "Тез жардам” кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 28-мартта саат 08:09 чамасында Фучик жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу 38 жаштагы жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. Аталган жерге барган “Тез жардамдын” кызматкерлери жабырлануучуга тиешелүү жардам көрсөтүшкөн. Ошондой эле саат 17:14 чамасында Чүй жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу 35 жаштагы аялды сүзүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган кызматкерлер жаракаттарды алган жөө жүрүүчүгө алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, аны ооруканага жеткиришкен. | Бишкек шаарында катталган жол кырсыгында эки жөө жүрүүчү жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта "Тез жардам” кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 28-мартта саат 08:09 чамасында Фучик жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу 38 жаштагы жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. Аталган жерге барган “Тез жардамдын” кызматкерлери жабырлануучуга тиешелүү жардам көрсөтүшкөн. Ошондой эле саат 17:14 чамасында Чүй жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу 35 жаштагы аялды сүзүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143293 | 2016-03-29 |
ky | Борбордо жалпы суммасы 7 миң сомдон ашуун тамеки уурдоого шектелип 19 жаштагы шаар тургуну кармалды | Борбор калаада жалпы суммасы 7 миңден ашуун сомду түзгөн тамекини уурдоого шектелип 19 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен шаар тургуну кайрылган. Ал 27-мартта саат 18:00 чамасында Махатма Ганди көчөсүндө жайгашкан базардагы дүкөнүнөн чала таанышы жалпы суммасы 7165 сомду түзгөн тамекини уурдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 19 жаштагы М.М. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. | Борбор калаада жалпы суммасы 7 миңден ашуун сомду түзгөн тамекини уурдоого шектелип 19 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен шаар тургуну кайрылган. Ал 27-мартта саат 18:00 чамасында Махатма Ганди көчөсүндө жайгашкан базардагы дүкөнүнөн чала таанышы жалпы суммасы 7165 сомду түзгөн тамекини уурдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 19 жаштагы М.М. аттуу тургуну кармалган. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143289 | 2016-03-29 |
ky | Футболчу Лионель Месси: "Криштиану Роналду 3 ирет тең "Алтын топ" сыйлыгын татыктуу түрдө алган" | "Барселона" футболдук клубунун чабуулчусу, дүйнөнүн мыкты футболчусу катары 5 ирет "Алтын топ" сыйлыгын алган Лионель Месси "Реалдын" чабуулчусу Криштиану Роналдунун сыйлыктары тууралуу ой бөлүштү. Мессинин пикири боюнча, Роналду 3 ирет "Алтын топ" сыйлыгын татыктуу түрдө алган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады. "Криштиану Роналду 3 жолу тең "Алтын топ" сыйлыгын татыктуу түрдө алган. Улуттук курамалардын машыктыруучулары, капитандары ага жеңүүчү катары добуш беришкен. Анын мыкты экенине шек санай албайм",- дейт Месси. "Алтын топ" сыйлыгын 2008-жылдан тарта Криштиану Роналду менен Лионель Месси өз ара бөлүшүп келет. Кошумчалай кетсек, Испания чемпиондугунун 31-турунда "Барселона" өз майданында "Реал" футболдук клубун кабыл алат. | "Барселона" футболдук клубунун чабуулчусу, дүйнөнүн мыкты футболчусу катары 5 ирет "Алтын топ" сыйлыгын алган Лионель Месси "Реалдын" чабуулчусу Криштиану Роналдунун сыйлыктары тууралуу ой бөлүштү. Мессинин пикири боюнча, Роналду 3 ирет "Алтын топ" сыйлыгын татыктуу түрдө алган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады. "Криштиану Роналду 3 жолу тең "Алтын топ" сыйлыгын татыктуу түрдө алган. Улуттук курамалардын машыктыруучулары, капитандары ага жеңүүчү катары добуш беришкен. Анын мыкты экенине шек санай албайм",- дейт Месси. "Алтын топ" сыйлыгын 2008-жылдан тарта Криштиану Роналду менен Лионель Месси өз ара бөлүшүп келет. | Спорт | false | https://www.super.kg/kabar/news/143305 | 2016-03-29 |
ky | Бишкек шаарында зордуктоого шектелген жаран кармалды | Бишкек шаарында зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 24 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Ал 27-мартта саат 18:30 чамасында Гоголь көчөсүндө жайгашкан мейманканадан чала таанышы күч колдонуу менен аны зордуктаганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 33 жаштагы Б.М. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. | Бишкек шаарында зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 24 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Ал 27-мартта саат 18:30 чамасында Гоголь көчөсүндө жайгашкан мейманканадан чала таанышы күч колдонуу менен аны зордуктаганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 33 жаштагы Б.М. аттуу тургуну кармалган. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143291 | 2016-03-29 |
ky | "Ысык-Көлдөгү аэропортко жардыргыч зат коюлду" деген маалымат жалган болуп чыкты | "Ысык-Көл облусунун аэропортуна жардыргыч зат коюлду" деген маалымат жалган болуп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 29-март күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, 28-мартта "аэропортко жардыргыч зат коюлган" деген маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге өрт куткаруу бөлүмү 1 авариялык-куткаруу унаасы менен барган, бирок аталган факт боюнча маалымат тастыкталган эмес. | "Ысык-Көл облусунун аэропортуна жардыргыч зат коюлду" деген маалымат жалган болуп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 29-март күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, 28-мартта "аэропортко жардыргыч зат коюлган" деген маалымат түшкөн. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143285 | 2016-03-29 |
ky | Аламүдүн районунда унаадан өрт чыгып, 5 газ баллон жарылды | Аламүдүн районуна караштуу Үмүт жаңы конушунда газ баллондорду жүктөп бара жаткан Хундай Портер үлгүсүндөгү унаанын мотор бөлүгүнөн өрт чыгып, 5 газ баллон жарылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, унаа жеке ишканаларга тиешелүү газ баллондорду ташып бара жаткан. Унаанын үстүндө жүктөлгөн 20 даана газ баллондун бешөө жарылып кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна өрт коопсуздугунун эрежелеринин бузулушу себеп болгон. | Аламүдүн районуна караштуу Үмүт жаңы конушунда газ баллондорду жүктөп бара жаткан Хундай Портер үлгүсүндөгү унаанын мотор бөлүгүнөн өрт чыгып, 5 газ баллон жарылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, унаа жеке ишканаларга тиешелүү газ баллондорду ташып бара жаткан. Унаанын үстүндө жүктөлгөн 20 даана газ баллондун бешөө жарылып кеткен. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/143279 | 2016-03-29 |
ky | ЖЫЛНААМА, 29-МАРТ: Мындан 32 жыл мурун обончу, аткаруучу, диктор Жолдубай Кайыпов каза болгон | Мындан 32 жыл мурун, 1984-жылы 29-мартта обончу, аткаруучу, диктор Жолдубай Кайыпов 37 жашында киши колдуу болуп каза тапкан. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жолдубай Кайыпов 1946-жылы 11-августта Нарын облусундагы Ат-Башы районуна караштуу Жаңы-Күч айылында туулган. 1963-жылы Ысык-Көл айыл чарба техникумун, 1974-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн. Ал эми 1963-1967-жылдары "Пограничник" колхозунда зоотехник, 1965-1973-жылдары Кыргыз опера жана балет театрында солист, 1973-1984-жылдары Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде диктор болуп иштеген. Жолдубай Кайыпов 1981-жылдан тартып жогорку категориядагы диктор болгон. Орто Азия жана Казакстан Республикаларынын ортосунда өткөрүлгөн "Эң мыкты диктор" сынагынын жеңүүчүсү деп табылган. Көптөгөн телеберүүлөрдү, айрыкча "Ыр кесенин" ажарын ача алып барган. 70тей обондун автору, ошону менен катар мыкты аткаруучу да болгон. Анын “Мекеним", “Атам менен энеме", "Көл үстүндө", "Жашчылык", "Алгачкы кадам", "Кел бийлейли, ырдайлы" жана башка ырлары элге кеңири белгилүү. 1985-жылы көзү өткөндөн кийин "Ырлар" аттуу ыр-обондор жыйнагы жарыкка чыккан. Улуу таланттын ысымы өзү туулуп-өскөн Жаңы-Күч айылындагы мектепке берилген. 29-марттын жылнаамасы . | Мындан 32 жыл мурун, 1984-жылы 29-мартта обончу, аткаруучу, диктор Жолдубай Кайыпов 37 жашында киши колдуу болуп каза тапкан. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жолдубай Кайыпов 1946-жылы 11-августта Нарын облусундагы Ат-Башы районуна караштуу Жаңы-Күч айылында туулган. 1963-жылы Ысык-Көл айыл чарба техникумун, 1974-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн. Ал эми 1963-1967-жылдары "Пограничник" колхозунда зоотехник, 1965-1973-жылдары Кыргыз опера жана балет театрында солист, 1973-1984-жылдары Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде диктор болуп иштеген. Жолдубай Кайыпов 1981-жылдан тартып жогорку категориядагы диктор болгон. Орто Азия жана Казакстан Республикаларынын ортосунда өткөрүлгөн "Эң мыкты диктор" сынагынын жеңүүчүсү деп табылган. Көптөгөн телеберүүлөрдү, айрыкча "Ыр кесенин" ажарын ача алып барган. 70тей обондун автору, ошону менен катар мыкты аткаруучу да болгон. Анын “Мекеним", “Атам менен энеме", "Көл үстүндө", "Жашчылык", "Алгачкы кадам", "Кел бийлейли, ырдайлы" жана башка ырлары элге кеңири белгилүү. 1985-жылы көзү өткөндөн кийин "Ырлар" аттуу ыр-обондор жыйнагы жарыкка чыккан. Улуу таланттын ысымы өзү туулуп-өскөн Жаңы-Күч айылындагы мектепке берилген. | Маданият, шоу-бизнес | false | https://www.super.kg/kabar/news/143283 | 2016-03-29 |
ky | Мамлекеттен жөлөк пул алган жакыр үй-бүлөлөр 1 жылда 2 пайызга азайганы айтылды | Кыргыз мамлекетинин жарандары 2016-жылдын башынан бери мамлекеттен жалпы 910 миллион сом жөлөк пул алышты. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин билдиришинче, 510 миллион 500 миң сому балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул катары төлөндү. Бул категорияда жөлөк пул алгандардын саны 2016-жылдын 1-мартына карата 301 400 жаранды түзгөнү, бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 2 пайызга аз экени айтылды. Жөлөк пул алуучулардын санынын азайышын министрлик жакырчылыктан чыгуу жана жөлөк пулду чыныгы муктаждарга берүү боюнча тизменин такталышы менен байланыштырууда. Кепилденген минималдык киреше жыл ичинде 705 сомдон 810 сомго көтөрүлгөнү айтылат маалыматта. | Кыргыз мамлекетинин жарандары 2016-жылдын башынан бери мамлекеттен жалпы 910 миллион сом жөлөк пул алышты. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин билдиришинче, 510 миллион 500 миң сому балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул катары төлөндү. Бул категорияда жөлөк пул алгандардын саны 2016-жылдын 1-мартына карата 301 400 жаранды түзгөнү, бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 2 пайызга аз экени айтылды. Жөлөк пул алуучулардын санынын азайышын министрлик жакырчылыктан чыгуу жана жөлөк пулду чыныгы муктаждарга берүү боюнча тизменин такталышы менен байланыштырууда. | Саясат | false | https://www.super.kg/kabar/news/143287 | 2016-03-29 |
ky | Бишкекте тил жана маданият боюнча эл аралык фестивалга быйыл 25 мамлекеттин окуучулары келери күтүлүүдө | 2-10-май аралыгында кыргыз жеринде балдардын Эл аралык тил жана маданият фестивалы өтөт. Тарых жана маданият жылына карата уюштурулуп жаткан салтанаттуу иш-чара Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда болмокчу. Фестивалга 25 мамлекеттен окуучулар келишет. Алардын катарында Орусия, Азербайжан, Марокко, АКШ, Филиппин, Ооганстан, Түштүк Африка Республикасы, Индия жана башка мамлекеттердин окуучулары да бар. Анда түрдүү улуттарга, мамлекеттерге таандык маданият көрсөтүлөт. 13 жыл бул фестиваль Түркияда уюштурулуп келсе, 2013-жылдан тарта башка мамлекеттерде өткөрүлө баштады. Эл аралык тил жана маданият фестивалы расмий жана жарандык коомчулуктун колдоосу менен 2006-жылдан бери дүйнөнүн бир нече мамлекеттеринде уюштурулуп келет. Иш-чараны Эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинин демилгеси менен Тарых жана маданият жылын уюштуруу жана өткөрүү боюнча дирекция өткөрүүдө. | 2-10-май аралыгында кыргыз жеринде балдардын Эл аралык тил жана маданият фестивалы өтөт. Тарых жана маданият жылына карата уюштурулуп жаткан салтанаттуу иш-чара Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда болмокчу. Фестивалга 25 мамлекеттен окуучулар келишет. Алардын катарында Орусия, Азербайжан, Марокко, АКШ, Филиппин, Ооганстан, Түштүк Африка Республикасы, Индия жана башка мамлекеттердин окуучулары да бар. Анда түрдүү улуттарга, мамлекеттерге таандык маданият көрсөтүлөт. 13 жыл бул фестиваль Түркияда уюштурулуп келсе, 2013-жылдан тарта башка мамлекеттерде өткөрүлө баштады. Эл аралык тил жана маданият фестивалы расмий жана жарандык коомчулуктун колдоосу менен 2006-жылдан бери дүйнөнүн бир нече мамлекеттеринде уюштурулуп келет. | Маданият, шоу-бизнес | false | https://www.super.kg/kabar/news/143281 | 2016-03-29 |
Subsets and Splits
No community queries yet
The top public SQL queries from the community will appear here once available.