lang
stringclasses
3 values
title
stringlengths
3
277
original_text
stringlengths
69
182k
processed_text
stringlengths
42
181k
category
stringlengths
4
50
processed
bool
2 classes
url
stringlengths
33
293
date
stringlengths
10
24
ky
МЕДИА-ПОРТАЛ : Нурлан Насиптин "Карындаш" ырына клип тартууда толук кызды табуу кыйын болгон
"Медиа-порталда" кызуу талкууга алынган клиптердин бири Нурлан Насиптин "Карындаш" ырына тартылган клиби болду. Клипти тартуудагы кызыктар тууралуу ырчы буларга токтолду: "Клиптин режиссёру - Эрнист Сыдыков. Тартуу учурунда толук кыздын образын жаратууга каарман таба албай көпкө издедик. Акыры тааныштар аркылуу таптык. Ал кызга айтарыбыз менен макул болду. Өзүнүн да аткаруу жөндөмү бар экен, бизди кыйнабай жакшы ойноп берди. Ооба, плагиат деп чыккандар да болду, бирок биз башка бирөөнүн эмгегин көчүрүп алган жокпуз. Клиптин сценарийи клипмейкерлерге таандык. Андыктан алар бардык жоопкерчиликти алышкан. Биздин милдетибиз ырдап, аткарып берүү гана болчу" . Нурлан Насиптин "Карындаш" ырына тартылган клипти бул жерден көрүңүз.
"Медиа-порталда" кызуу талкууга алынган клиптердин бири Нурлан Насиптин "Карындаш" ырына тартылган клиби болду. Клипти тартуудагы кызыктар тууралуу ырчы буларга токтолду: "Клиптин режиссёру - Эрнист Сыдыков. Тартуу учурунда толук кыздын образын жаратууга каарман таба албай көпкө издедик. Акыры тааныштар аркылуу таптык. Ал кызга айтарыбыз менен макул болду. Өзүнүн да аткаруу жөндөмү бар экен, бизди кыйнабай жакшы ойноп берди. Ооба, плагиат деп чыккандар да болду, бирок биз башка бирөөнүн эмгегин көчүрүп алган жокпуз. Клиптин сценарийи клипмейкерлерге таандык. Андыктан алар бардык жоопкерчиликти алышкан. Биздин милдетибиз ырдап, аткарып берүү гана болчу" .
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/143027
2016-03-26
ky
Таш-Көмүрдө милиция экстремисттерди издеди (фото)
Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын аймагында каттоодо турган “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү, үгүтчүлөрү жашаган жана бул уюмга байланышы бар делген атуулдардын үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлдү. Тагыраак айтканда, 5 үй текшерүүгө алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы жарыялады. Маалыматка ылайык, тинтүү учурунда мыйзамсыз буюмдарды жашырууга аракет кылгандар кездешти. "Далил буюм катары ар кандай флешкалар, видеокассеталар, дисктер, китеп, баракчалар, уюлдук телефондор, сим-карталар, компьютерлер күбөлөрдүн (кошуналары, жакын туугандары, айыл башчылары) катышуусунда алынды. Топтолгон материалдар Таш-Көмүр ШИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Алынган далил буюмдарга соттук-теологиялык экспертиза дайындалып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат" ,- деп айтылат маалыматта.
Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын аймагында каттоодо турган “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү, үгүтчүлөрү жашаган жана бул уюмга байланышы бар делген атуулдардын үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлдү. Тагыраак айтканда, 5 үй текшерүүгө алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы жарыялады. Маалыматка ылайык, тинтүү учурунда мыйзамсыз буюмдарды жашырууга аракет кылгандар кездешти. "Далил буюм катары ар кандай флешкалар, видеокассеталар, дисктер, китеп, баракчалар, уюлдук телефондор, сим-карталар, компьютерлер күбөлөрдүн (кошуналары, жакын туугандары, айыл башчылары) катышуусунда алынды. Топтолгон материалдар Таш-Көмүр ШИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/143062
2016-03-26
ky
Караколдо окуучу мектептин 2-кабатынан кулады. Бала ага "салык" салган балдардан качыш үчүн секиргени айтылууда
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Киров атындагы орто мектебинин окуучусу аталган окуу жайдын 2-кабатынан кулады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти. Укук коргоо органынан кабарлашкандай, учурда бала үйүндө, аталган факт боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Аталган мектептин SUPER.KG'ге берген маалыматына ылайык, жабырлануучу бала 9-класстын окуучусу. "11-класстын окуучулары ага "салык" салып коркутушуп, эшиктин алдында күтүп турушкан. Бала мектептин 2-кабатынан секирип, качып кетүүгө аракет жасаган. Жыйынтыгында анын бели сынган" ,- дешти окуу жайдан.
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Киров атындагы орто мектебинин окуучусу аталган окуу жайдын 2-кабатынан кулады. Бул тууралуу порталына облустук милициядан билдиришти. Укук коргоо органынан кабарлашкандай, учурда бала үйүндө, аталган факт боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Аталган мектептин 'ге берген маалыматына ылайык, жабырлануучу бала 9-класстын окуучусу. "11-класстын окуучулары ага "салык" салып коркутушуп, эшиктин алдында күтүп турушкан. Бала мектептин 2-кабатынан секирип, качып кетүүгө аракет жасаган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/143060
2016-03-26
ky
СУПЕРСТАН: "Мен бала кезимде эркек болуп төрөлүп калсам жакшы болмок дей берчүмүн"
SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жынысты алмаштырганга мамилеңер кандай?" деген тема да талкууга алынды. Автор "Силер жынысты алмаштырууну каалайт белеңер?" деп суроо салган. Буга көпчүлүк каршы экенин, кыргыз менталитетине бул нерсе туура келбешин, "Кудай кандай жараткан болсо, ошол боюнча эле калган жакшы. Андай алмаштыргандарга же жетишпейт, же ашыкча", "Табияттан кандай жаралса, ошол бойдон калып, өзүнүн адамдык милдеттерин аткаруусу зарыл, балалуу болуп, аларды тарбиялап" деген сыяктуу ойлор айтылган. Бирок бул пикирлерге каршы дагы ойлор да болду: "Жынысын алмаштырууга ойноп барбайт. Адамдын физиологиялык өзгөчөлүктөрү ошого алып келген үчүн барат да. Гормондорго, психикалык өзгөчөлүктөргө көз каранды иш. Себеби бар болсо, ал кадамга бара берүүсү туура деп эсептейм". "Ар кимдин башы өзүндө, каалаганын кылса болот". "Кыз чалыш эркек же эркек чалыш кыз болуп жүргөндөн көрө ошенткени дурус". "Мен бала кезимде кээде эркек болуп төрөлүп калсам жакшы болот эле дей берчүмүн. Азыр деле эркек болуу мүмкүнчүлүгүн берсе баш тартмак эмесмин. Ал эми тек гана жыныстык органды алмаштырганга каршымын. Баары бир дилиң, жан дүйнөң мурунку бойдон калат да". Мындан башка да түрдүү пикирлер айтылууда. Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.
порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жынысты алмаштырганга мамилеңер кандай?" деген тема да талкууга алынды. Автор "Силер жынысты алмаштырууну каалайт белеңер?" деп суроо салган. Буга көпчүлүк каршы экенин, кыргыз менталитетине бул нерсе туура келбешин, "Кудай кандай жараткан болсо, ошол боюнча эле калган жакшы. Андай алмаштыргандарга же жетишпейт, же ашыкча", "Табияттан кандай жаралса, ошол бойдон калып, өзүнүн адамдык милдеттерин аткаруусу зарыл, балалуу болуп, аларды тарбиялап" деген сыяктуу ойлор айтылган. Бирок бул пикирлерге каршы дагы ойлор да болду: "Жынысын алмаштырууга ойноп барбайт. Адамдын физиологиялык өзгөчөлүктөрү ошого алып келген үчүн барат да. Гормондорго, психикалык өзгөчөлүктөргө көз каранды иш. Себеби бар болсо, ал кадамга бара берүүсү туура деп эсептейм". "Ар кимдин башы өзүндө, каалаганын кылса болот". "Кыз чалыш эркек же эркек чалыш кыз болуп жүргөндөн көрө ошенткени дурус". "Мен бала кезимде кээде эркек болуп төрөлүп калсам жакшы болот эле дей берчүмүн. Азыр деле эркек болуу мүмкүнчүлүгүн берсе баш тартмак эмесмин. Ал эми тек гана жыныстык органды алмаштырганга каршымын. Баары бир дилиң, жан дүйнөң мурунку бойдон калат да". Мындан башка да түрдүү пикирлер айтылууда.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/143015
2016-03-26
ky
ЖЫЛНААМА, 26-МАРТ: Мындан 29 жыл мурун футболчу Эмил Кенжесариев төрөлгөн
Мындан 29 жыл мурун, 1987-жылы 26-мартта кыргыз футболчусу, карьерасынын мыкты жылдарын Казакстанда өткөргөн Эмил Кенжесариев Кант шаарында туулган. Уулунун кызыгуусун көргөн апасы Чолпон аны 6 жашында Владимир Александров аттуу машыктыруучунун колуна берген. Ал кезде футбол секциясына балдар 8 жаштан алынса да, машыктыруучу анын жөндөмүнө карап секцияга кабыл алып, 8 жаштагы балдарга кошуп койгон. Эмил Бишкектеги атайын адистештирилген №60-мектепте окуган. Мектепти бүтүп-бүтпөй, 2003-жылы канттык “Абдыш-Атада” топ тоголото баштайт. Ал эми улуттук курамда тушоосун 2004-жылы кескен. Эмил Кенжесариев Кыргыз Республикасынын чемпиондугунда 2003-жылы дебют жасап, 2004-жылы "Мыкты футболчу" аталган. Кыргыз мамлекетинин курама командасы үчүн 3 оюнда 1 гол киргизген. 2009-жылы Казакстандын жарандыгын алып, "Актөбе" клубуна кирген. Ага атактуулук “Актөбе” клубунда ойноп жүргөндө келген. 2008-2011-жылдар аралыгында ал клуб үчүн 140 оюн өткөрүп, 25 гол жараткан. Клубдун курамында 4 ирет (2006, 2008, 2009, 2013) өлкө чемпиондугун, 1 ирет (2008-жылы) өлкө кубогун уткан. Эмил Кенжесариев 2013-жылы 11-августка караган түнү Алматы шаарында оор абалда ооруканага жеткирилген. Комада жаткан футболчунун баш сөөгүнө дароо операция жасалган. 2014-жылы 15-январда "футболчу Эмил Кенжесариевди сабаган" деген шек менен кармалган Казакстандын жараны, түнкү клубдардын биринде күзөт кызматында иштеген 20 жаштагы Бейбит Узакбай соттук отурумда күнөөсүн моюнуна алып, бирөөнүн ден соолугуна оор залака келтиргендиги үчүн 3 жылга кесилген. 26-марттын жылнаамасы .
Мындан 29 жыл мурун, 1987-жылы 26-мартта кыргыз футболчусу, карьерасынын мыкты жылдарын Казакстанда өткөргөн Эмил Кенжесариев Кант шаарында туулган. Уулунун кызыгуусун көргөн апасы Чолпон аны 6 жашында Владимир Александров аттуу машыктыруучунун колуна берген. Ал кезде футбол секциясына балдар 8 жаштан алынса да, машыктыруучу анын жөндөмүнө карап секцияга кабыл алып, 8 жаштагы балдарга кошуп койгон. Эмил Бишкектеги атайын адистештирилген №60-мектепте окуган. Мектепти бүтүп-бүтпөй, 2003-жылы канттык “Абдыш-Атада” топ тоголото баштайт. Ал эми улуттук курамда тушоосун 2004-жылы кескен. Эмил Кенжесариев Кыргыз Республикасынын чемпиондугунда 2003-жылы дебют жасап, 2004-жылы "Мыкты футболчу" аталган. Кыргыз мамлекетинин курама командасы үчүн 3 оюнда 1 гол киргизген. 2009-жылы Казакстандын жарандыгын алып, "Актөбе" клубуна кирген. Ага атактуулук “Актөбе” клубунда ойноп жүргөндө келген. 2008-2011-жылдар аралыгында ал клуб үчүн 140 оюн өткөрүп, 25 гол жараткан. Клубдун курамында 4 ирет (2006, 2008, 2009, 2013) өлкө чемпиондугун, 1 ирет (2008-жылы) өлкө кубогун уткан. Эмил Кенжесариев 2013-жылы 11-августка караган түнү Алматы шаарында оор абалда ооруканага жеткирилген. Комада жаткан футболчунун баш сөөгүнө дароо операция жасалган. 2014-жылы 15-январда "футболчу Эмил Кенжесариевди сабаган" деген шек менен кармалган Казакстандын жараны, түнкү клубдардын биринде күзөт кызматында иштеген 20 жаштагы Бейбит Узакбай соттук отурумда күнөөсүн моюнуна алып, бирөөнүн ден соолугуна оор залака келтиргендиги үчүн 3 жылга кесилген.
Спорт
false
https://www.super.kg/kabar/news/143049
2016-03-26
ky
ЭЛДИК КАБАР : Жалал-Абаддагы шакекче жолунда унаа бордюрду сүзүп алды. Айдоочу ооруканада
25-мартта саат 21:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы шакекче жолунда унаа бордюрду сүзүп алды. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, айдоочу мас абалда болгон. "Айдоочу аман калды. Аны ооруканага алып кетишти" ,- деди окурман.
25-мартта саат 21:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы шакекче жолунда унаа бордюрду сүзүп алды. Бул тууралуу окурман порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, айдоочу мас абалда болгон. "Айдоочу аман калды.
Элдик кабар
false
https://www.super.kg/kabar/news/143059
2016-03-26
ky
ЖЫЛНААМА, 26-МАРТ: Мындан 59 жыл мурун "Бешкемпир", "Свет аке" тасмаларынын жаратуучусу, режиссёр Актан Арым Кубат туулган
Мындан 59 жыл мурун, 1957-жылы 26-мартта Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Улуттук киноакадемиянын академиги жана Эл артисти, Европа киноискусство академиясынын чыныгы мүчөсү, режиссёр Актан Арым Кубат Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Күн-Туу айылында туулган. Актан Арым Кубат 1976-1980-жылдары Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. Андан соң "Кыргыз фильм" киностудиясында сүрөтчү, режиссёр болуп иштеген. 1998-жылы өзүнүн "Бешкемпир" аттуу студиясын түзүп, 2000-жылы "Ой-Арт" студиясынын арт-директору болот. Актан Арым Кубат коомдук иштерге да активдүү катышып, киноискусство жаатында "Кыргызстандын кинематографиясы - 2010" деп аталган стратегиянын авторлорунун бири болгон. Актан Арым Кубаттын даректүү, көркөм тасмалары, алган сыйлыктары: - "Жолбун ит" (1990-жыл, Баку, Эл аралык кинофестивалдын баш байгеси) - "Үйүң кайда, үлүл?" (1992-жыл, Ашхабад, Эл аралык кинофестивалда калыстар тобунун байгеси) - "Селкинчек" (1993-жыл, Локарно, Эл аралык кинофестивалдын кыска метраждуу фильмдердин секциясындагы биринчи сыйлык; Турин, ФИПРЕССИ Эл аралык киножурналисттер тобунун атайын байгеси; Подстам, Эл аралык кинофестивалдын баш байгеси). - "Ырыс алды - ынтымак" - социалдык жарнама (1995-жыл, Москва, Эл аралык фестивалдын баш байгеси; Канн, Эл аралык жарнама-фестивалынын "Күмүш оюу" сыйлыгы ). - "Алакандай элбиз, ынтымактуу бололу" (Москва, Эл аралык жарнама-фестивалынын "Социалдык жарнама" номинациясынын биринчи сыйлыгы). - "Асан-Үсөн" (1997-жыл, Сиена, Эл аралык кинофестивалда кыска метраждуу фильмдердин баш байгеси; Чикаго, Балдар фильмдеринин эл аралык кинофестивалында калыстар тобунун байгеси). - "Бешкемпир" (1998-жыл, Локарно, Эл аралык кинофестиваль, "Күмүш кабылан"; Алматы, "Евразия" Эл аралык кинофестивалынын баш байгеси; Вена, Эл аралык кинофестивалда көрүүчүлөр менен калыстар тобунун сыйлыгы; Токио, Эл аралык кинофестивалда Азия фильмдери боюнча калыстар тобунун сыйлыгы; Котбус, Эл аралык кинофестивалдын баш байгеси; Анжей, көрүүчүлөрдүн жана Француз кинопродюсерлеринин ассоциациясынын сыйлыгы; Буэнос-Айрес, Эл аралык фестивалда калыстар тобунун "Артисттик салымы үчүн" сыйлыгы; Сингапур, Эл аралык кинофестивалда "Кинотасманын күмүш кутусу"; Любляна, Эл аралык кинофестивалда көрүүчүлөрдүн баш байгеси; Белград, Автордук фильмдердин эл аралык фестивалынын баш байгеси; Рига, Эл аралык кинофестивалда калыстар тобунун "Мыкты режиссура үчүн" сыйлыгы). - "Бекет" (2000-жыл, Анапа, Эл аралык фестивалдагы мыкты кыска метраждуу фильмдер боюнча калыстар тобунун сыйлыгы; Котбус, Эл аралык кинофестивалда калыстар тобунун сыйлыгы). - "Маймыл" (2001-жыл, Канн, Эл аралык кинофестивалда сынактан сырткары расмий "Өзгөчө көз караш" программасына катышуу; Ялта, Эл аралык кинофестивалдын баш байгеси; Анапа, Эл аралык кинофестивалда калыстар тобунун "Мыкты сценарий үчүн" сыйлыгы; Минск, Эл аралык кинофестивалда калыстар тобунун "Мыкты режиссура үчүн" сыйлыгы; Португалия, Эл аралык "Фестройа" кинофестивалында калыстар тобунун "Күмүш дельфин" сыйлыгы; Братислава, Эл аралык кинофестивалдын кино сынчыларынын эл аралык калыстар тобунун сыйлыгы). - "Свет аке" (2010-жыл, Канн, Эл аралык кинофестивалда сынактан сырткары расмий "Режиссёрлордун эки жумалыгы" программасына катышуу). 26-марттын жылнаамасы .
Мындан 59 жыл мурун, 1957-жылы 26-мартта Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Улуттук киноакадемиянын академиги жана Эл артисти, Европа киноискусство академиясынын чыныгы мүчөсү, режиссёр Актан Арым Кубат Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Күн-Туу айылында туулган. Актан Арым Кубат 1976-1980-жылдары Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. Андан соң "Кыргыз фильм" киностудиясында сүрөтчү, режиссёр болуп иштеген. 1998-жылы өзүнүн "Бешкемпир" аттуу студиясын түзүп, 2000-жылы "Ой-Арт" студиясынын арт-директору болот. Актан Арым Кубат коомдук иштерге да активдүү катышып, киноискусство жаатында "Кыргызстандын кинематографиясы - 2010" деп аталган стратегиянын авторлорунун бири болгон. Актан Арым Кубаттын даректүү, көркөм тасмалары, алган сыйлыктары: - "Жолбун ит" (1990-жыл, Баку, Эл аралык кинофестивалдын баш байгеси) - "Үйүң кайда, үлүл?" (1992-жыл, Ашхабад, Эл аралык кинофестивалда калыстар тобунун байгеси) - "Селкинчек" (1993-жыл, Локарно, Эл аралык кинофестивалдын кыска метраждуу фильмдердин секциясындагы биринчи сыйлык; Турин, ФИПРЕССИ Эл аралык киножурналисттер тобунун атайын байгеси; Подстам, Эл аралык кинофестивалдын баш байгеси). - "Ырыс алды - ынтымак" - социалдык жарнама (1995-жыл, Москва, Эл аралык фестивалдын баш байгеси; Канн, Эл аралык жарнама-фестивалынын "Күмүш оюу" сыйлыгы ). - "Алакандай элбиз, ынтымактуу бололу" (Москва, Эл аралык жарнама-фестивалынын "Социалдык жарнама" номинациясынын биринчи сыйлыгы). - "Асан-Үсөн" (1997-жыл, Сиена, Эл аралык кинофестивалда кыска метраждуу фильмдердин баш байгеси; Чикаго, Балдар фильмдеринин эл аралык кинофестивалында калыстар тобунун байгеси). - "Бешкемпир" (1998-жыл, Локарно, Эл аралык кинофестиваль, "Күмүш кабылан"; Алматы, "Евразия" Эл аралык кинофестивалынын баш байгеси; Вена, Эл аралык кинофестивалда көрүүчүлөр менен калыстар тобунун сыйлыгы; Токио, Эл аралык кинофестивалда Азия фильмдери боюнча калыстар тобунун сыйлыгы; Котбус, Эл аралык кинофестивалдын баш байгеси; Анжей, көрүүчүлөрдүн жана Француз кинопродюсерлеринин ассоциациясынын сыйлыгы; Буэнос-Айрес, Эл аралык фестивалда калыстар тобунун "Артисттик салымы үчүн" сыйлыгы; Сингапур, Эл аралык кинофестивалда "Кинотасманын күмүш кутусу"; Любляна, Эл аралык кинофестивалда көрүүчүлөрдүн баш байгеси; Белград, Автордук фильмдердин эл аралык фестивалынын баш байгеси; Рига, Эл аралык кинофестивалда калыстар тобунун "Мыкты режиссура үчүн" сыйлыгы). - "Бекет" (2000-жыл, Анапа, Эл аралык фестивалдагы мыкты кыска метраждуу фильмдер боюнча калыстар тобунун сыйлыгы; Котбус, Эл аралык кинофестивалда калыстар тобунун сыйлыгы). - "Маймыл" (2001-жыл, Канн, Эл аралык кинофестивалда сынактан сырткары расмий "Өзгөчө көз караш" программасына катышуу; Ялта, Эл аралык кинофестивалдын баш байгеси; Анапа, Эл аралык кинофестивалда калыстар тобунун "Мыкты сценарий үчүн" сыйлыгы; Минск, Эл аралык кинофестивалда калыстар тобунун "Мыкты режиссура үчүн" сыйлыгы; Португалия, Эл аралык "Фестройа" кинофестивалында калыстар тобунун "Күмүш дельфин" сыйлыгы; Братислава, Эл аралык кинофестивалдын кино сынчыларынын эл аралык калыстар тобунун сыйлыгы). - "Свет аке" (2010-жыл, Канн, Эл аралык кинофестивалда сынактан сырткары расмий "Режиссёрлордун эки жумалыгы" программасына катышуу).
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/143045
2016-03-26
ky
АФИША, 26-МАРТ: "Манас" кинотеатрында "Чүкө баатыр" тасмасы көрсөтүлөт
Ч.Айтматов атындагы Орус драма театры А.С.Пушкиндин "Таш конок" пьесасына жазылган спектакль коюлат. Башталышы саат 18:00. А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театры "Севильский цирюльник" операсы. Башталышы саат 17:00. "Кыргыз киносу" кинотеатры Чоң зал "Зверополис” 3D тасмасы. 10:40, 15:50. “Бэтмен против Супермена: на заре справедливости” тасмасы. 12:50, 18:00, 20:50. “Боги Египта” (+16) тасмасы. 23:50. Кичи зал "Эне жүрөгү” тасмасы. 16:10, 22:00. “Герой моей девушки” тасмасы. 12:10, 20:00. “Чүкө баатыр” тасмасы. 10:30, 14:00, 18:00. "Манас" кинотеатры Чоң зал "Зверополис” 3D тасмасы. 10:40, 15:50. “Бэтмен против Супермена: на заре справедливости” тасмасы. 12:50, 18:00, 20:50. “Боги Египта” тасмасы. 23:50. Көк зал "Дивергент, глава 3: За стеной" тасмасы. 11:10, 18:10. “Бэтмен против Супермена: на заре справедливости” тасмасы. 22:40. “Падение Лондона” тасмасы. 13:40, 20:30. “Боги Египта” тасмасы. 15:40. Жашыл зал “Эне жүрөгү” тасмасы. 10:20, 12:00, 13:40, 15:20, 17:00, 18:40, 20:20, 22:00, 23:40. Кызыл зал “ЖинМэн" тасмасы. 10:40, 12:20, 14:00, 15:40, 17:30, 19:20, 21:10, 23:00. Ретро зал "Бир мешок акча" тасмасы. 10:30, 12:10, 14:10, 16:00, 17:50, 19:40, 21:30, 23:10. Айтыш зал “Чүкө баатыр” тасмасы. 11:30, 15:10, 19:10. "Запрос в друзья" тасмасы. 13:20, 17:10. “Эне жүрөгү” тасмасы. 21:00. Замандаш зал “Герой моей девушки” тасмасы. 11:00, 12:40, 16:20, 20:00, 23:50. “Бир мешок акча” тасмасы. 14:30, 18:10, 22:00.
Ч.Айтматов атындагы Орус драма театры А.С.Пушкиндин "Таш конок" пьесасына жазылган спектакль коюлат. Башталышы саат 18:00. А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театры "Севильский цирюльник" операсы. Башталышы саат 17:00. "Кыргыз киносу" кинотеатры Чоң зал "Зверополис” 3D тасмасы. “Боги Египта” (+16) тасмасы. 23:50. Кичи зал "Эне жүрөгү” тасмасы. “Чүкө баатыр” тасмасы. 10:30, 14:00, 18:00. "Манас" кинотеатры Чоң зал "Зверополис” 3D тасмасы. “Боги Египта” тасмасы. “Падение Лондона” тасмасы. 13:40, 20:30. “Боги Египта” тасмасы. 15:40. Жашыл зал “Эне жүрөгү” тасмасы. 10:20, 12:00, 13:40, 15:20, 17:00, 18:40, 20:20, 22:00, 23:40. Кызыл зал “ЖинМэн" тасмасы. 10:40, 12:20, 14:00, 15:40, 17:30, 19:20, 21:10, 23:00. Ретро зал "Бир мешок акча" тасмасы. 10:30, 12:10, 14:10, 16:00, 17:50, 19:40, 21:30, 23:10. Айтыш зал “Чүкө баатыр” тасмасы. “Эне жүрөгү” тасмасы.
Күннаама
true
https://www.super.kg/kabar/news/143029
2016-03-26
ky
УКМК дагы бир адамды "өлкөдө төңкөрүш жасоону пландаган" деген шек менен кармады
"Өлкөдө төңкөрүш жасоону пландаган" деп шектелип К.Э. аттуу адам Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кармалган адам "коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, андан ары бийликти күч менен басып алууну пландаган" деп айыпталууда. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. К.Э. аттуу кармалган адам энергетика маселелери боюнча адис Эрнест Карыбеков экени айтылууда. Айта кетсек, кечээ, 24-мартта "өлкөдө төңкөрүш жасоону пландаган" деген шек менен Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилишкен .
"Өлкөдө төңкөрүш жасоону пландаган" деп шектелип К.Э. аттуу адам Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кармалган адам "коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, андан ары бийликти күч менен басып алууну пландаган" деп айыпталууда. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. К.Э. аттуу кармалган адам энергетика маселелери боюнча адис Эрнест Карыбеков экени айтылууда.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/143056
2016-03-25
ky
КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫ. 25-МАРТ. Кыргыз жана өзбек Чек ара кызматтарынын башчыларынын чек ара боюнча сүйлөшүүсү 8 саатка жакын созулду
20:34 . Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын Чек ара кызматтарынын башчыларынын чек ара боюнча сүйлөшүүсү 6 сааттан бери уланууда. Протоколдор бекитиле элек. Сүйлөшүү качан бүтөрү белгисиз. Муну SUPER.KG порталына Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. 18:25 . Бүгүн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамында кызмат кылып жаткан айымдар жамааты, мектеп окуучуларынан түзүлгөн милициянын жаш достору Аксы районунда кызмат өтөп жаткан күч кызматкерлерине кабар алуу менен аларга моралдык жактан жардам көрсөтүү иретинде барышты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, алгач алар кызмат өтөп жаткан милиция жана чек ара кызматкерлерине тамак-аш азыктарын тартуулашты. Алар менен кошо барган маданият кызматкерлери мекен сакчыларына чакан концерттик программа коюп, милициянын жаш жардамчылары да өздөрүнүн жылуу каалоо-тилектерин билдиришти. “Мекенди коргоо - баарыбыздын ыйык милдетибиз, андыктан биз өлкөнүн келечегине кайдыгер карабастан, мекен чегинде мамлекеттин коопсуздугу үчүн турган эр-азаматтарды көрүп өзүбүзгө дем, ишеним алдык”, - деп билдирет милициянын жаш жардамчысы Курманбек уулу Умар . Бул иш-чараны уюштурган Жалал-Абад ОИИБинин айымдар жамаатынан келген өкүл Чынара Кадырова төмөндөгүлөрдү белгилейт: “Келгенибиздин негизги максаты - бул жерде турган сакчыларга руханий байлык тартуулоо, аларга моралдык жана материалдык жардам көрсөтүү жана артыбыздагы жаш муундардын сезимдерин ойготуп, патриоттуулукка тарбиялоо” . 17:20. Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын Чек ара кызматтарынын башчыларынын чек ара боюнча сүйлөшүүсү 3 сааттан бери уланууда. Качан бүтөрү белгисиз. Муну SUPER.KG порталына Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. 14:35 . Бүгүн, 25-мартта өкмөттүн жыйынында премьер-министр Темир Сариев: "Чек ара маселеси абдан кылдат мамилени талап кылат. Президент айткандай, биз эч кимге жамандык каалабайбыз, биринчи күч колдонбойбуз. Бирок жарандарыбызды коргош үчүн күчүбүз жетет. Акыркы күндөрү ар кандай ушак сөздөр айтылып жүрдү. Мындан алыс болушубуз керек", - деди. 14:14 . Өзбек тараптын сунушу менен өлкөлөрдүн Чек ара кызматтарынын башчылары жолугушту. Бул тууралуу КРнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Сүйлөшүүдө КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара бөлүктөрүнүн жетекчиси Рустам Эминжанов менен кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаалды талкууламакчы. Жолугушуу "Кызыл-Кыя унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү пунктунда өтүүдө. 13:40. Аксыдагы чек ара тилкесинде абал туруктуу жана өзгөрүүсүз. Маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Эки тараптын тең аскерлери мурунку орундарында турушат. 11:48 . Кыргыз-өзбек чек арасындагы кыргыз аскерлерине жергиликтүү айылдардын тургундары суусундук, тамак-аш жеткирип, жардам көрсөтүп жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ала-Бука районунун Ала-Бука айылынын Алибек аттуу тургуну билдирди. 09:10. Кыргыз өкмөтү Аксыдагы чек ара кырдаалына кечигип реакция жасады. Муну SUPER.KG порталына Кербен шаардык кеңешинин депутаты Эргеш Озокеев билдирди. "Өзбекстан чек арага аскер киргизери менен дароо блокпостун сүрдүрүп салышыбыз керек болчу. Ошондо унчуга албай калмак, ошондо биз менен сүйлөшүүгө бармак. Жолубузга шлагбаум койдуруп алып, 3 күндөн кийин Өзбекстанга "келгиле, сүйлөшөлү" дегенине кыжырың келет", - дейт депутат. Айтымында, аймакта абал өзгөрүүсүз.
20:34 . Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын Чек ара кызматтарынын башчыларынын чек ара боюнча сүйлөшүүсү 6 сааттан бери уланууда. Протоколдор бекитиле элек. Сүйлөшүү качан бүтөрү белгисиз. Муну порталына Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. 18:25 . Бүгүн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамында кызмат кылып жаткан айымдар жамааты, мектеп окуучуларынан түзүлгөн милициянын жаш достору Аксы районунда кызмат өтөп жаткан күч кызматкерлерине кабар алуу менен аларга моралдык жактан жардам көрсөтүү иретинде барышты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, алгач алар кызмат өтөп жаткан милиция жана чек ара кызматкерлерине тамак-аш азыктарын тартуулашты. Алар менен кошо барган маданият кызматкерлери мекен сакчыларына чакан концерттик программа коюп, милициянын жаш жардамчылары да өздөрүнүн жылуу каалоо-тилектерин билдиришти. “Мекенди коргоо - баарыбыздын ыйык милдетибиз, андыктан биз өлкөнүн келечегине кайдыгер карабастан, мекен чегинде мамлекеттин коопсуздугу үчүн турган эр-азаматтарды көрүп өзүбүзгө дем, ишеним алдык”, - деп билдирет милициянын жаш жардамчысы Курманбек уулу Умар . Бул иш-чараны уюштурган Жалал-Абад ОИИБинин айымдар жамаатынан келген өкүл Чынара Кадырова төмөндөгүлөрдү белгилейт: “Келгенибиздин негизги максаты - бул жерде турган сакчыларга руханий байлык тартуулоо, аларга моралдык жана материалдык жардам көрсөтүү жана артыбыздагы жаш муундардын сезимдерин ойготуп, патриоттуулукка тарбиялоо” . 17:20. Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын Чек ара кызматтарынын башчыларынын чек ара боюнча сүйлөшүүсү 3 сааттан бери уланууда. Качан бүтөрү белгисиз. Муну порталына Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. 14:35 . Бүгүн, 25-мартта өкмөттүн жыйынында премьер-министр Темир Сариев: "Чек ара маселеси абдан кылдат мамилени талап кылат. Президент айткандай, биз эч кимге жамандык каалабайбыз, биринчи күч колдонбойбуз. Бирок жарандарыбызды коргош үчүн күчүбүз жетет. Акыркы күндөрү ар кандай ушак сөздөр айтылып жүрдү. Мындан алыс болушубуз керек", - деди. 14:14 . Өзбек тараптын сунушу менен өлкөлөрдүн Чек ара кызматтарынын башчылары жолугушту. Бул тууралуу КРнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Сүйлөшүүдө КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара бөлүктөрүнүн жетекчиси Рустам Эминжанов менен кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаалды талкууламакчы. Жолугушуу "Кызыл-Кыя унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү пунктунда өтүүдө. 13:40. Аксыдагы чек ара тилкесинде абал туруктуу жана өзгөрүүсүз. Маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Эки тараптын тең аскерлери мурунку орундарында турушат. 11:48 . Кыргыз-өзбек чек арасындагы кыргыз аскерлерине жергиликтүү айылдардын тургундары суусундук, тамак-аш жеткирип, жардам көрсөтүп жатышат. Бул тууралуу порталына Ала-Бука районунун Ала-Бука айылынын Алибек аттуу тургуну билдирди. 09:10. Кыргыз өкмөтү Аксыдагы чек ара кырдаалына кечигип реакция жасады. Муну порталына Кербен шаардык кеңешинин депутаты Эргеш Озокеев билдирди. "Өзбекстан чек арага аскер киргизери менен дароо блокпостун сүрдүрүп салышыбыз керек болчу. Ошондо унчуга албай калмак, ошондо биз менен сүйлөшүүгө бармак. Жолубузга шлагбаум койдуруп алып, 3 күндөн кийин Өзбекстанга "келгиле, сүйлөшөлү" дегенине кыжырың келет", - дейт депутат.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142903
2016-03-25
ky
КҮНСЕРЕП: Атамбаевдин курч билдирүүлөрү Өзбекстандын үстөмдүк кылуу үмүтүн үздүбү?
Бүгүн, 25-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз... Жети күндөн бери Кыргыз Республикасынын каршылык нотасына түзүктөп жооп кайтарбай жаткан Өзбекстан бүгүн сүйлөшүүнү сунуштады . Өлкөлөрдүн Чек ара кызматтарынын башчылары Кызыл-Кыядан жолугушуп, Аксыда түзүлгөн кырдаалды талкуулашууда. Мамлекет жетекчиси Алмазбек Атамбаевдин кечээги кескин билдирүүлөрү Өзбекстанды ойлондурган сыяктуу... Тунжуроо режиминде турган коңшулар 24 сааттын ичинде кыймылга келишти. Аймактан аскерлерин чыгарбаганы менен, сүйлөшүүгө биринчи болуп сунуш киргизүүсү коңшулардын жумшара баштаганын билдирет. Президент кечээ "Өзбекстан айласын таппай калды, керек болсо сууну бууп коёбуз...", "Согуш баштабайбыз, бирок тийишсе жообун берүүгө даярбыз...", "Мен президент болуп турганда өлкөбүз эч кимге чөгөлөбөйт..." деген курч билдирүүлөрдү жасап, Каримов жетектеген өлкө мындан ары Кыргыз Республикасына үстөмдүк кылуудан үмүтүн үзүшү керектигин айтты. Президенттин позициясы тышкы саясатта маанилүү инструмент. Атамбаев кечээгидей тарс жарылып сүйлөбөй, жымсалдап эл сооротор сөздөрдү айтып тим болгондо, Өзбекстан бүгүнкүдөй "келиңиз, сүйлөшөлү" демек эместир, балким... Чек ара кызматынын башчыларынын сүйлөшүүсү бүтө электиги айтылды. Көпчүлүк кырдаалды жөндөө же Аксыдан аскерлерди чыгарып, жолду ачтырууда тараптардын тил табышуусун күтүп жатышат. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалган оппозиция лидерлери Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров бошотула элек . Түндү УКМКнын убактылуу кармоочу жайында өткөрүштү. Бүгүн-эртең аларга карата соттун санкциясы чыгып, шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы аныкталары айтылды. УКМКнын билдиришинче, Кадыров менен Асанов коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырып, андан ары бийликти күч менен басып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр боюнча шектелип жатышат. Бишкек шаардык Жол-патрулдук милициясынын башчысы Зумрад Жанабаева кылмышка шектелүүдө . Чиновникти Октябрь райондук прокуратурасынын кызматкерлери 25-мартка караган түнү кармашып, учурда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында отурат. Расмий орган Жанабаева ага карата ачылган кылмыш ишине байланыштуу камакка алынганын билдирүүдө. Азыркы маалда прокуратура кызматкерлери аны суракка алышууда. Эл ичинде "майлуу-сүттүү орун" деп айтылган аталган кызматтын башчысы "кол алдында иштеген кызматкерине байланыштуу жасалма документке кол коюп, ал кызматкердин жасаган кылмышы үчүн жоопкерчиликке тартылышына тоскоолдук жаратты" деп айыпталууда. Бул жагы "карга карганын көзүн чокубайт" болгон өңдүү... Өлкөдө 2016-жылдын 1-мартына карата 382,8 миң адам мамлекеттик жөлөк пул алары аныкталды . Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, мунун 301,4 миңи балдары бар, жакыр үй-бүлөлөр. Республика жарандарында социалдык коргоо, жөлөк пул берүү системине нааразычылык күчтүү. Айрыкча акыркы жылдары өкмөттөн жардам алган карапайым калктын чыдамы кетти. Социалдык түйшүк моюнга мингенин айтышып Нарын, Алай, Аксынын жана башка аймактардын тургундары премьер-министрге талап коюшкан. "Дүйнөлүк каатчылык маалында башка мамлекеттердин өкмөтү элге жеңилдиктерди берип, социалдык колдоону күчөтөт. Биздики тескерисинче... Бир эски автоунаасы барларга "киреше булагың бар экен" деп жөлөк пул беришпейт. Автоунаасы 1 айда сом киреше таппаган үй-бүлөлөр менен Темир Сариевдин башы да оорубайт" ,- дейт Аксы районунун тургуну Шекербек Камчыбек уулу .
Бүгүн, 25-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз... Жети күндөн бери Кыргыз Республикасынын каршылык нотасына түзүктөп жооп кайтарбай жаткан Өзбекстан бүгүн сүйлөшүүнү сунуштады . Өлкөлөрдүн Чек ара кызматтарынын башчылары Кызыл-Кыядан жолугушуп, Аксыда түзүлгөн кырдаалды талкуулашууда. Мамлекет жетекчиси Алмазбек Атамбаевдин кечээги кескин билдирүүлөрү Өзбекстанды ойлондурган сыяктуу... Тунжуроо режиминде турган коңшулар 24 сааттын ичинде кыймылга келишти. Аймактан аскерлерин чыгарбаганы менен, сүйлөшүүгө биринчи болуп сунуш киргизүүсү коңшулардын жумшара баштаганын билдирет. Президент кечээ "Өзбекстан айласын таппай калды, керек болсо сууну бууп коёбуз...", "Согуш баштабайбыз, бирок тийишсе жообун берүүгө даярбыз...", "Мен президент болуп турганда өлкөбүз эч кимге чөгөлөбөйт..." деген курч билдирүүлөрдү жасап, Каримов жетектеген өлкө мындан ары Кыргыз Республикасына үстөмдүк кылуудан үмүтүн үзүшү керектигин айтты. Президенттин позициясы тышкы саясатта маанилүү инструмент. Атамбаев кечээгидей тарс жарылып сүйлөбөй, жымсалдап эл сооротор сөздөрдү айтып тим болгондо, Өзбекстан бүгүнкүдөй "келиңиз, сүйлөшөлү" демек эместир, балким... Чек ара кызматынын башчыларынын сүйлөшүүсү бүтө электиги айтылды. Көпчүлүк кырдаалды жөндөө же Аксыдан аскерлерди чыгарып, жолду ачтырууда тараптардын тил табышуусун күтүп жатышат. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалган оппозиция лидерлери Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров бошотула элек . Түндү УКМКнын убактылуу кармоочу жайында өткөрүштү. Бүгүн-эртең аларга карата соттун санкциясы чыгып, шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы аныкталары айтылды. УКМКнын билдиришинче, Кадыров менен Асанов коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырып, андан ары бийликти күч менен басып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр боюнча шектелип жатышат. Бишкек шаардык Жол-патрулдук милициясынын башчысы Зумрад Жанабаева кылмышка шектелүүдө . Чиновникти Октябрь райондук прокуратурасынын кызматкерлери 25-мартка караган түнү кармашып, учурда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында отурат. Расмий орган Жанабаева ага карата ачылган кылмыш ишине байланыштуу камакка алынганын билдирүүдө. Азыркы маалда прокуратура кызматкерлери аны суракка алышууда. Эл ичинде "майлуу-сүттүү орун" деп айтылган аталган кызматтын башчысы "кол алдында иштеген кызматкерине байланыштуу жасалма документке кол коюп, ал кызматкердин жасаган кылмышы үчүн жоопкерчиликке тартылышына тоскоолдук жаратты" деп айыпталууда. Бул жагы "карга карганын көзүн чокубайт" болгон өңдүү... Өлкөдө 2016-жылдын 1-мартына карата 382,8 миң адам мамлекеттик жөлөк пул алары аныкталды . Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, мунун 301,4 миңи балдары бар, жакыр үй-бүлөлөр. Республика жарандарында социалдык коргоо, жөлөк пул берүү системине нааразычылык күчтүү. Айрыкча акыркы жылдары өкмөттөн жардам алган карапайым калктын чыдамы кетти. Социалдык түйшүк моюнга мингенин айтышып Нарын, Алай, Аксынын жана башка аймактардын тургундары премьер-министрге талап коюшкан. "Дүйнөлүк каатчылык маалында башка мамлекеттердин өкмөтү элге жеңилдиктерди берип, социалдык колдоону күчөтөт. Биздики тескерисинче... Бир эски автоунаасы барларга "киреше булагың бар экен" деп жөлөк пул беришпейт.
Күннаама
false
https://www.super.kg/kabar/news/142991
2016-03-25
ky
26-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт
БИШКЕК ШААРЫ Түнкүсүн +2°C Күндүз +17°C Күндүн узактыгы 12 саат 25 мүнөт. Күн саат 06:55те чыгып, 19:20да батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ЧҮЙ ОБЛУСУ Түнкүсүн +1°C Күндүз +18°C Күндүн узактыгы 12 саат 24 мүнөт. Күн саат 06:55те чыгып, 19:20да батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ТАЛАС ОБЛУСУ Түнкүсүн +1°C Күндүз +17°C Күндүн узактыгы 12 саат 25 мүнөт. Күн саат 07:04тө чыгып, 19:29да батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ОШ ОБЛУСУ Түнкүсүн +4°C Күндүз +17°C Күндүн узактыгы 12 саат 22 мүнөт. Күн саат 07:04тө чыгып, 19:26да батат. Жамгыр жаайт Көпчүлүк аймактарда жаан жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ Түнкүсүн +2°C Күндүз +19°C Күндүн узактыгы 12 саат 24 мүнөт. Күн саат 07:02де чыгып, 19:26да батат. Жамгыр жаайт Тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр БАТКЕН ОБЛУСУ Түнкүсүн +1°C Күндүз +17°C Күндүн узактыгы 12 саат 23 мүнөт. Күн саат 07:11де чыгып, 19:35те батат. Жамгыр жаайт Тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ Түнкүсүн -3°C Күндүз +16°C Күндүн узактыгы 12 саат 25 мүнөт. Күн саат 06:44тө чыгып, 19:10до батат. Жамгыр жаайт Кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр НАРЫН ОБЛУСУ Түнкүсүн -1°C Күндүз +16°C Күндүн узактыгы 12 саат 24 мүнөт. Күн саат 06:50дө чыгып, 19:14тө батат. Жамгыр жаайт Кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр
БИШКЕК ШААРЫ Түнкүсүн +2°C Күндүз +17°C Күндүн узактыгы 12 саат 25 мүнөт. Күн саат 06:55те чыгып, 19:20да батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ЧҮЙ ОБЛУСУ Түнкүсүн +1°C Күндүз +18°C Күндүн узактыгы 12 саат 24 мүнөт. Күн саат 06:55те чыгып, 19:20да батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ТАЛАС ОБЛУСУ Түнкүсүн +1°C Күндүз +17°C Күндүн узактыгы 12 саат 25 мүнөт. Күн саат 07:04тө чыгып, 19:29да батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ОШ ОБЛУСУ Түнкүсүн +4°C Күндүз +17°C Күндүн узактыгы 12 саат 22 мүнөт. Күн саат 07:04тө чыгып, 19:26да батат. Жамгыр жаайт Көпчүлүк аймактарда жаан жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ Түнкүсүн +2°C Күндүз +19°C Күндүн узактыгы 12 саат 24 мүнөт. Күн саат 07:02де чыгып, 19:26да батат. Жамгыр жаайт Тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр БАТКЕН ОБЛУСУ Түнкүсүн +1°C Күндүз +17°C Күндүн узактыгы 12 саат 23 мүнөт. Күн саат 07:11де чыгып, 19:35те батат. Жамгыр жаайт Тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ Түнкүсүн -3°C Күндүз +16°C Күндүн узактыгы 12 саат 25 мүнөт. Күн саат 06:44тө чыгып, 19:10до батат. Жамгыр жаайт Кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр НАРЫН ОБЛУСУ Түнкүсүн -1°C Күндүз +16°C Күндүн узактыгы 12 саат 24 мүнөт. Күн саат 06:50дө чыгып, 19:14тө батат. Жамгыр жаайт Кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Күннаама
false
https://www.super.kg/kabar/news/143031
2016-03-25
ky
ЭЛДИК ВИДЕО: Рим Папасы качкындардын бутун жууду
SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Рим Папасы качкындардын бутун жууду" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Epke) Бул видеодо Рим Папасы Франциск «Воспоминания тайной вечери» деген аталышта зыйнат өткөргөнү чагылдырылат. Зыйнат христиандар менен биргеликте мусулмандар да, индустар да баш калкалоочу Римге жакын жердеги качкындарды кабыл алуу борборунда өттү. Рим Папасы өз сөзүндө жакында болгон Брюсселдеги жардырууну эске алып, буга кан төгүүнү каалаган курал-жарак жасап чыгарган мекемелер, сатуучулар, сатып алуучулар, адамдарды саткандар себепкер экенин белгиледи. Ошондой эле ал "биз ар башка улутпуз, маданиятыбыз башка, динибиз башка, бирок баарыбыз бир тууганбыз, биз ынтымакта, тынчтыкта жашоону каалайбыз" деди. Франциск зыйнатта салт боюнча ар кошкон качкындардын бутун жууду. Видеону көрүү үчүн шилтеме .
порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Рим Папасы качкындардын бутун жууду" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Epke) Бул видеодо Рим Папасы Франциск «Воспоминания тайной вечери» деген аталышта зыйнат өткөргөнү чагылдырылат. Зыйнат христиандар менен биргеликте мусулмандар да, индустар да баш калкалоочу Римге жакын жердеги качкындарды кабыл алуу борборунда өттү. Рим Папасы өз сөзүндө жакында болгон Брюсселдеги жардырууну эске алып, буга кан төгүүнү каалаган курал-жарак жасап чыгарган мекемелер, сатуучулар, сатып алуучулар, адамдарды саткандар себепкер экенин белгиледи. Ошондой эле ал "биз ар башка улутпуз, маданиятыбыз башка, динибиз башка, бирок баарыбыз бир тууганбыз, биз ынтымакта, тынчтыкта жашоону каалайбыз" деди. Франциск зыйнатта салт боюнча ар кошкон качкындардын бутун жууду.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/143043
2016-03-25
ky
ЭЛДИК КАБАР : Кара-Көлдө унаа көпүрөдөн дарыяга кулап, айдоочу каза тапты
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жеңил автоунаа Нарын дарыясына кулады. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Маалым болгондой, унаада үч адам болгон. "Айдоочу каза тапты, аман калган эки адам ооруканага жеткирилди. Алардын айтымдарында, айдоочу мас абалда болгон. Унаа катуу ылдамдыкта бара жатып көпүрөдөн дарыяга кулап түшүптүр" ,- деди окурман.
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жеңил автоунаа Нарын дарыясына кулады. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта окурман порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Маалым болгондой, унаада үч адам болгон. "Айдоочу каза тапты, аман калган эки адам ооруканага жеткирилди. Алардын айтымдарында, айдоочу мас абалда болгон.
Элдик кабар
false
https://www.super.kg/kabar/news/143039
2016-03-25
ky
ЖЫЛНААМА, 25-март: Мындан 8 жыл мурун манасчы Каба Атабеков каза болгон
Мындан 8 жыл мурун, 2008-жылы 25-мартта манасчы Каба Атабеков Ысык-Көл облусундагы Тоң районуна караштуу Төрт-Күл айылында каза болгон. Кыргыз Республикасынын Эл артисти (1994), "Манас"-1000 медалынын ээси (1995), бугунун кыдык уругунан чыккан Атабек уулу Каба Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Төрт-Күл айылында 1924-жылы октябрь айында туулган. Ал бардык манасчыларга таандык болгондой эле кереметтүү түш көрүү аркылуу "Манас" айтып калган. 12-13 жаш курагында үйдө жатканда түшүнө жоокер кийимчен Бакай, Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргак, Ажыбай келип: "Мына бул насипти алып жегин! Жебесең атка сүйрөтүп алып кетем!"- деп алты баатырдын алдынкы катарында турган карыя буйрук берет. Каба коркконунан колундагы кумду какап-чакап жутуп жиберет. Баягы карыя баланын жегенин көрүп: "Эми сен мындан ары Манастын баянын айтасың! Жок, антпей турган болсоң, майып кылып салам!"- деп айткычакты болбой баласынын кыйналып жатканын көргөн энеси ойготуп жиберет. Ошондон кийин Каба тилден калып, оозуна наар албай үч күн бою жатып калат. Жарым ай өтпөй, уй кайтарып жүргөн жеринен Кабага дүңгүрөгөн добуш угулат. Башына туулга, үстүнө зоот кийген беш баатырды баштаган аксакал карыя Кабаны суунун аркы өйүзүндөгү чоң таштын үстүнө отургузуп коюп: "Эми, балам, баягы биз койгон талапты аткарып, билгениңди айт!"- деп буйрук берип, көздөн кайым болушат. Ошондон тартып Кабанын оозу өзүнөн өзү кыбырап, ээлигип, токтоно албай, ыр ырдагысы келет. Уулунун мындай абалын байкаган атасы Атабек Кабаны ээрчитип барып, ошол айылдык Мамбет Чокмор уулу деген белгилүү манасчыга тапшырат. Ал бир нече жыл бою манасчы Мамбет Чокмор уулунун кол алдында жүрүп таалимин алып, такшалат. Атабек уулу Каба 1940-жылдын июнь айында Фрунзе шаарында өткөн Эл чыгармачылыгынын республикалык олимпиадасына катышып, Манас баянын айтат. Ошол олимпиадада Саякбай Карала уулу анын "Манас" айтканын угуп, жактырып, батасын берет. Ал өмүр бою колхоздун ар кандай тармактарында эмгектенип келгени менен, "Манас" айтуусун эч убакта калтырган эмес. Ал ар дайым манасчылардын облустук, республикалык, эл аралык кароо-сынактарына катышып, алдынкы орундарга татыктуу болуп келген. 1995-жылдын 21-25-июлунда "Манас" эпосунун 1000 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн манасчылардын эл аралык кароо-сынагына катышып, биринчи орунга татыктуу болгон. Анын айтуусу боюнча Кыргыз мамлекеттик илимдер академиясы тарабынан Кол жазмалар фондуна 1962-жылы "Манас" эпосунун "Жылкы тийүү" окуясы жазылып алынган. Ал эми манасчынын өз колу менен жазып калтырган "Манас" эпосунун болжол менен 65 миң сап ырдан турган айрым окуялары азыркы күндө үйүндө сакталып турат. Атабек уулу Кабанын манасчылык өнөрү тууралуу голландиялык окумуштуу Ниенке ван дер Хейденин илимий эмгектери англис тилинде жарык көргөн. 1998-жылы манасчы Атабек уулу Кабанын чыгармачылыгы жөнүндө Голландиянын кинокомпаниясы тарабынан "Акыркы манасчы" ("The Last Manaschi") деген 40 мүнөттүк даректүү кинотасма тартылган. 2000-жылы Ж.Орозобекованын киносценарийинин негизинде Швейцария менен Франциянын биргелешкен кинокомпаниялары тарабынан тартылган "Манасчы" деген даректүү кинотасмага Атабек уулу Кабанын айтуусунда "Манас" эпосунун "Чоң казат" эпизодунан айрым үзүндүлөр тартылып алынган. Манасчы 1995-жылы Түркия, 1996-жылы Франция мамлекеттеринин атайын чакыруусу боюнча "Манас" айтып барып келген. 1998-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын "Устат-шакирт" аттуу долбоорунун алкагында бир катар жаш манасчыларды тарбиялаган. “Манас” айтуучулук өнөрү Саякбай Карала уулу менен Чокмор уулу Мамбеттин стилине үндөшүп турат. Анткени анын өнөрүнүн калыптанышына түздөн-түз бул эки манасчынын таасири болгон. Ал кийинки жылдардагы "Манас" эпосунун, манасчылык өнөрүнүн салттуулугун сактап келген манасчылардын бири болгон. 25-марттын жылнаамасы .
Мындан 8 жыл мурун, 2008-жылы 25-мартта манасчы Каба Атабеков Ысык-Көл облусундагы Тоң районуна караштуу Төрт-Күл айылында каза болгон. Кыргыз Республикасынын Эл артисти (1994), "Манас"-1000 медалынын ээси (1995), бугунун кыдык уругунан чыккан Атабек уулу Каба Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Төрт-Күл айылында 1924-жылы октябрь айында туулган. Ал бардык манасчыларга таандык болгондой эле кереметтүү түш көрүү аркылуу "Манас" айтып калган. 12-13 жаш курагында үйдө жатканда түшүнө жоокер кийимчен Бакай, Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргак, Ажыбай келип: "Мына бул насипти алып жегин! Жебесең атка сүйрөтүп алып кетем!"- деп алты баатырдын алдынкы катарында турган карыя буйрук берет. Каба коркконунан колундагы кумду какап-чакап жутуп жиберет. Баягы карыя баланын жегенин көрүп: "Эми сен мындан ары Манастын баянын айтасың! Жок, антпей турган болсоң, майып кылып салам!"- деп айткычакты болбой баласынын кыйналып жатканын көргөн энеси ойготуп жиберет. Ошондон кийин Каба тилден калып, оозуна наар албай үч күн бою жатып калат. Жарым ай өтпөй, уй кайтарып жүргөн жеринен Кабага дүңгүрөгөн добуш угулат. Башына туулга, үстүнө зоот кийген беш баатырды баштаган аксакал карыя Кабаны суунун аркы өйүзүндөгү чоң таштын үстүнө отургузуп коюп: "Эми, балам, баягы биз койгон талапты аткарып, билгениңди айт!"- деп буйрук берип, көздөн кайым болушат. Ошондон тартып Кабанын оозу өзүнөн өзү кыбырап, ээлигип, токтоно албай, ыр ырдагысы келет. Уулунун мындай абалын байкаган атасы Атабек Кабаны ээрчитип барып, ошол айылдык Мамбет Чокмор уулу деген белгилүү манасчыга тапшырат. Ал бир нече жыл бою манасчы Мамбет Чокмор уулунун кол алдында жүрүп таалимин алып, такшалат. Атабек уулу Каба 1940-жылдын июнь айында Фрунзе шаарында өткөн Эл чыгармачылыгынын республикалык олимпиадасына катышып, Манас баянын айтат. Ошол олимпиадада Саякбай Карала уулу анын "Манас" айтканын угуп, жактырып, батасын берет. Ал өмүр бою колхоздун ар кандай тармактарында эмгектенип келгени менен, "Манас" айтуусун эч убакта калтырган эмес. Ал ар дайым манасчылардын облустук, республикалык, эл аралык кароо-сынактарына катышып, алдынкы орундарга татыктуу болуп келген. 1995-жылдын 21-25-июлунда "Манас" эпосунун 1000 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн манасчылардын эл аралык кароо-сынагына катышып, биринчи орунга татыктуу болгон. Анын айтуусу боюнча Кыргыз мамлекеттик илимдер академиясы тарабынан Кол жазмалар фондуна 1962-жылы "Манас" эпосунун "Жылкы тийүү" окуясы жазылып алынган. Ал эми манасчынын өз колу менен жазып калтырган "Манас" эпосунун болжол менен 65 миң сап ырдан турган айрым окуялары азыркы күндө үйүндө сакталып турат. Атабек уулу Кабанын манасчылык өнөрү тууралуу голландиялык окумуштуу Ниенке ван дер Хейденин илимий эмгектери англис тилинде жарык көргөн. 1998-жылы манасчы Атабек уулу Кабанын чыгармачылыгы жөнүндө Голландиянын кинокомпаниясы тарабынан "Акыркы манасчы" ("The Last Manaschi") деген 40 мүнөттүк даректүү кинотасма тартылган. 2000-жылы Ж.Орозобекованын киносценарийинин негизинде Швейцария менен Франциянын биргелешкен кинокомпаниялары тарабынан тартылган "Манасчы" деген даректүү кинотасмага Атабек уулу Кабанын айтуусунда "Манас" эпосунун "Чоң казат" эпизодунан айрым үзүндүлөр тартылып алынган. Манасчы 1995-жылы Түркия, 1996-жылы Франция мамлекеттеринин атайын чакыруусу боюнча "Манас" айтып барып келген. 1998-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын "Устат-шакирт" аттуу долбоорунун алкагында бир катар жаш манасчыларды тарбиялаган. “Манас” айтуучулук өнөрү Саякбай Карала уулу менен Чокмор уулу Мамбеттин стилине үндөшүп турат. Анткени анын өнөрүнүн калыптанышына түздөн-түз бул эки манасчынын таасири болгон. Ал кийинки жылдардагы "Манас" эпосунун, манасчылык өнөрүнүн салттуулугун сактап келген манасчылардын бири болгон.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/143041
2016-03-25
ky
Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылынын жолу убактылуу жабылды, бирок айланып өтө турган жол курулган
Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылынын жолу убактылуу жабылды, бирок айланып өтө турган жол курулган. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, Чок-Тал айылынын 49 чакырымында суу түтүктөрүн жайгаштыруу, көпүрөнү куруу иштери көрүлүп жатат. Көпүрөнү куруу үчүн узундугу 1,1 чакырымды түзгөн айланып өтө турган жол курулган. Аталган жол 16-марттан 25-майга чейин жабылды. Оңдоо иштери Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду жолун курууга байланыштуу жүрүүдө.
Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылынын жолу убактылуу жабылды, бирок айланып өтө турган жол курулган. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, Чок-Тал айылынын 49 чакырымында суу түтүктөрүн жайгаштыруу, көпүрөнү куруу иштери көрүлүп жатат. Көпүрөнү куруу үчүн узундугу 1,1 чакырымды түзгөн айланып өтө турган жол курулган. Аталган жол 16-марттан 25-майга чейин жабылды.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/143017
2016-03-25
ky
ЭЛДИК КАБАР: Токтогул районундагы Чалдыбар айылында ушул убакка чейин таза суу көйгөйү чечилбей келет
Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Чалдыбар айылында таза суу көйгөйү ушул убакка чейин чечилбей келет. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. "Айылда 30дай түтүн бар. Сүрөттөгү арыктан 15тей түтүн суу ичүүгө аргасыз. Калганы да ушуга окшогон дагы бир арыктан суу алат. Кыскасын айтканда, таза суу айылыбызга келбейт. Айылыбыз Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө карайт. Кызыл-Өзгөрүш бизден 5 чакырым алыстыкта жайгашкан. Арыкты жыл сайын жазында чабабыз, бирок бир айдан кийин эле бака толуп, чылага айланат", - дейт окурман.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Чалдыбар айылында таза суу көйгөйү ушул убакка чейин чечилбей келет. Бул тууралуу окурман порталына WhatsApp аркылуу билдирди. "Айылда 30дай түтүн бар. Сүрөттөгү арыктан 15тей түтүн суу ичүүгө аргасыз. Калганы да ушуга окшогон дагы бир арыктан суу алат. Кыскасын айтканда, таза суу айылыбызга келбейт. Айылыбыз Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө карайт. Кызыл-Өзгөрүш бизден 5 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Элдик кабар
false
https://www.super.kg/kabar/news/143023
2016-03-25
ky
Алмазбек Атамбаевдин кичүү кызы тарткан сүрөттөрүн сатуудан түшкөн акчаны Даун синдрому менен ооруган балдарга берди
Бишкек шаарында 26-февралдан 19-мартка чейин Алмазбек Атамбаевдин кичүү кызы Алия Шагиеванын "Метаморфоза" аттуу сүрөт көргөзмөсү өттү. Көргөзмөдөн түшкөн 200 миң сомдой акчаны Шагиева Даун синдрому менен ооруган балдардын ата-энелеринин коомдук фондуна которгон. "Анча чоң эмес жумуш жасалды. Менин жасаган эмгегим дүйнөгө бир аз да болсо жарыктык алып келгенине бактылуумун",- деп жазган Алия Шагиева интернеттеги өздүк баракчасына. Анын айтымында, ал муну менен эле чектелип калбайт. "Ар шаршемби күнү эми убактымды балдар менен сүрөт тартып өткөрөм", - деп билдирген.
Бишкек шаарында 26-февралдан 19-мартка чейин Алмазбек Атамбаевдин кичүү кызы Алия Шагиеванын "Метаморфоза" аттуу сүрөт көргөзмөсү өттү. Көргөзмөдөн түшкөн 200 миң сомдой акчаны Шагиева Даун синдрому менен ооруган балдардын ата-энелеринин коомдук фондуна которгон. "Анча чоң эмес жумуш жасалды. Менин жасаган эмгегим дүйнөгө бир аз да болсо жарыктык алып келгенине бактылуумун",- деп жазган Алия Шагиева интернеттеги өздүк баракчасына. Анын айтымында, ал муну менен эле чектелип калбайт.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142989
2016-03-25
ky
Бүгүндөн тарта "Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" программасынын алкагында ипотекалык насыя бериле баштады
Бүгүн, 25-марттан тарта "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому алгачкы мамлекеттик ипотекалык насыяларды бере баштады. Бул тууралуу аталган ишкананын коомчулук менен байланышуу бөлүмү билдирди. Жалал-Абад жана Ош облустарындагы мамлекеттик банктардын бөлүмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" программасынын катышуучуларына турак жай алуу үчүн каражат берет. Алгачкылардан болуп медицина жана билим берүү тармагындагы кызматкерлер алышты. "Банктык сыр" мыйзамына ылайык, "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун кардарлардын тизмесин жарыялоого укугу жок. Учурда потенциалдуу алуучулардын жалпы саны 185 адамды түзөт. Негизинен алар мектеп мугалимдери, медицина кызматкерлери жана социалдык жумушчулар. Баткен облусунда 9 мугалим, 4 медицина кызматкери жана 1 социалдык жумушчуга насыя берилет. Жалал-Абад облусу боюнча 11 билим берүү, 10 медицина жана 4 социалдык кызматкерге берилет. Ысык-Көл облусунда 6 медицина жана 9 билим берүү кызматкери тизмеге кошулган. Нарын облусу боюнча 1 социалдык, 4 медицина ишканасынын жана 5 билим берүү кызматкери алат. Талас облусунда 5тен медицина жана билим берүү кызматкерлери алышат. Ош облусу жана шаары боюнча 20 билим берүү жана 13 медицина өкүлдөрүнө берилери күтүлүүдө. Чүй облусу боюнча тизмеге 10 билим берүү, 10 медицина тармагындагы жана 10 социалдык кызматкер кирген. Бишкек шаары боюнча комиссия 24 билим берүү, 20 медицина жана 4 социалдык кызматкердин тизмесин берген. Мамлекеттик ипотекалык насыяларды алууну каалагандарды каттоо дагы да уланууда. Кызыкдар болгон жарандар жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга кайрылышса болот. Мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери арызды иштеген жерине ылайык беришет.
Бүгүн, 25-марттан тарта "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому алгачкы мамлекеттик ипотекалык насыяларды бере баштады. Бул тууралуу аталган ишкананын коомчулук менен байланышуу бөлүмү билдирди. Жалал-Абад жана Ош облустарындагы мамлекеттик банктардын бөлүмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" программасынын катышуучуларына турак жай алуу үчүн каражат берет. Алгачкылардан болуп медицина жана билим берүү тармагындагы кызматкерлер алышты. "Банктык сыр" мыйзамына ылайык, "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун кардарлардын тизмесин жарыялоого укугу жок. Учурда потенциалдуу алуучулардын жалпы саны 185 адамды түзөт. Негизинен алар мектеп мугалимдери, медицина кызматкерлери жана социалдык жумушчулар. Баткен облусунда 9 мугалим, 4 медицина кызматкери жана 1 социалдык жумушчуга насыя берилет. Жалал-Абад облусу боюнча 11 билим берүү, 10 медицина жана 4 социалдык кызматкерге берилет. Ысык-Көл облусунда 6 медицина жана 9 билим берүү кызматкери тизмеге кошулган. Нарын облусу боюнча 1 социалдык, 4 медицина ишканасынын жана 5 билим берүү кызматкери алат. Талас облусунда 5тен медицина жана билим берүү кызматкерлери алышат. Ош облусу жана шаары боюнча 20 билим берүү жана 13 медицина өкүлдөрүнө берилери күтүлүүдө. Чүй облусу боюнча тизмеге 10 билим берүү, 10 медицина тармагындагы жана 10 социалдык кызматкер кирген. Бишкек шаары боюнча комиссия 24 билим берүү, 20 медицина жана 4 социалдык кызматкердин тизмесин берген. Мамлекеттик ипотекалык насыяларды алууну каалагандарды каттоо дагы да уланууда. Кызыкдар болгон жарандар жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга кайрылышса болот.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/143033
2016-03-25
ky
КИНОЗАЛ: "Ишен" тасмасында шайлоодо ар бир добуш маанилүү экенин элге жеткирүүнү көздөдүк" дейт тасманын режиссёру
"Медиа-порталдагы" лирикалык комедия аркылуу чындыкты көрсөткөн тасмалардын бири - "Ишен" тасмасы. Режиссёру - Азамат Арыков. Башкы каармандардын образдарын Азамат Уланов, Эржан Осмонов, Марат Алышбаев, Улан Өмүралиев, Нишанбай Топчубаев, Айсалкын Осмонова, Чоро Думанаев, Табылды Актанов сыяктуу актёр-актрисалар жаратышкан. Тасманын режиссёру Азамат Арыков фильм тууралуу буларга токтолду: "Тасмада билимдүүсү деле, билимсизи деле шайлоого катышып, элге толтура убада берип, бийликке жеткенден кийин айткандарын унутуп койгону көрсөтүлөт. Анда роль жараткандардын 95 пайызы профессионал актёр-актрисалар. Тасма тартууда табият да бизди колдоп жаткандай эле болду окшойт. Себеби күн бүркөк абал керек болсо, бүркөлүп, жамгыр жааган учур болсо, жамгыр жаап дегендей. Кыска убакыттын ичинде шыр тартылган тасма болду. Мурун эч мындай болчу эмес. Максатыбыз тасма аркылуу пайда табуу эмес болчу, тескерисинче, шайлоодо ар бир добуш, тандоо маанилүү экенин элге көрсөткүбүз келген. Тасма тартылып бүткөндөн кийин мамлекеттик телеканалдардын биринде бир жумада 5-6 жолу кайра-кайра көрсөтүлдү. Эл да аябай жакшы кабыл алды. Демек, максатыбызга жеттик". Тасмада парламенттик шайлоо чагылдырылып, анда айыл өкмөтүндө болгон окуялар көрсөтүлөт. Шайлоо алдындагы ыплас күрөш, саясатчылардын куру убадалары элеттик окуучунун көзү менен каралат. Негизги айта турган ой - добушту акчага сатпоо. "Ишен" тасмасын толугу менен бул жерден көрүңүз.
"Медиа-порталдагы" лирикалык комедия аркылуу чындыкты көрсөткөн тасмалардын бири - "Ишен" тасмасы. Режиссёру - Азамат Арыков. Башкы каармандардын образдарын Азамат Уланов, Эржан Осмонов, Марат Алышбаев, Улан Өмүралиев, Нишанбай Топчубаев, Айсалкын Осмонова, Чоро Думанаев, Табылды Актанов сыяктуу актёр-актрисалар жаратышкан. Тасманын режиссёру Азамат Арыков фильм тууралуу буларга токтолду: "Тасмада билимдүүсү деле, билимсизи деле шайлоого катышып, элге толтура убада берип, бийликке жеткенден кийин айткандарын унутуп койгону көрсөтүлөт. Анда роль жараткандардын 95 пайызы профессионал актёр-актрисалар. Тасма тартууда табият да бизди колдоп жаткандай эле болду окшойт. Себеби күн бүркөк абал керек болсо, бүркөлүп, жамгыр жааган учур болсо, жамгыр жаап дегендей. Кыска убакыттын ичинде шыр тартылган тасма болду. Мурун эч мындай болчу эмес. Максатыбыз тасма аркылуу пайда табуу эмес болчу, тескерисинче, шайлоодо ар бир добуш, тандоо маанилүү экенин элге көрсөткүбүз келген. Тасма тартылып бүткөндөн кийин мамлекеттик телеканалдардын биринде бир жумада 5-6 жолу кайра-кайра көрсөтүлдү. Эл да аябай жакшы кабыл алды. Демек, максатыбызга жеттик". Тасмада парламенттик шайлоо чагылдырылып, анда айыл өкмөтүндө болгон окуялар көрсөтүлөт. Шайлоо алдындагы ыплас күрөш, саясатчылардын куру убадалары элеттик окуучунун көзү менен каралат. Негизги айта турган ой - добушту акчага сатпоо.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142953
2016-03-25
ky
Бишкекте 100 миң сом пара алып жатып кармалган Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы №1-СИЗОго камакка алынды
Бишкек шаарында 100 миң сом пара алып жатып кармалган Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов 5-апрелге чейин №1-СИЗОго камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта SUPER.KG`ге анын жактоочусу Жыргал Бабаев билдирди. Маалыматка ылайык, 12-март күнү аталган УКМКнын коррупцияга каршы бөлүмүнө арыз менен А.А. аттуу жаран кайрылган. Ал Мамлекеттик каттоо кызматынын Н.Ш. аттуу статс-катчысы жана У.А. аттуу кызматкери 7 миң долларга бааланган Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү эки унаасын тартып алышканын билдирген. Андан сырткары ошол эле адамдар дагы 550 миң сом акча талап кылып жатышканын кошумчалаган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 100 миң сом пара алып жаткан жеринен аталган кызматтын Н.Ш. жана У.А. аттуу кызматкерлери кармалышкан.
Бишкек шаарында 100 миң сом пара алып жатып кармалган Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов 5-апрелге чейин №1-СИЗОго камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта `ге анын жактоочусу Жыргал Бабаев билдирди. Маалыматка ылайык, 12-март күнү аталган УКМКнын коррупцияга каршы бөлүмүнө арыз менен А.А. аттуу жаран кайрылган. Ал Мамлекеттик каттоо кызматынын Н.Ш. аттуу статс-катчысы жана У.А. аттуу кызматкери 7 миң долларга бааланган Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү эки унаасын тартып алышканын билдирген. Андан сырткары ошол эле адамдар дагы 550 миң сом акча талап кылып жатышканын кошумчалаган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/143025
2016-03-25
ky
Бишкектин арыктары 70 пайызга тазаланды
Бишкектин ирригациялык системдерин тазалоо 70 пайызга бүткөрүлдү. Муну бүгүн, 25-мартта шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, “Жашылдандыруу” жана “Тазалык” муниципалдык ишканалары арыктарды тазалоо боюнча жазында бир жолу өткөрүлчү иштерди жүргүзүп жатышат. Сейил бактар, скверлер, бульварлар жана аянттардын арыктары тазаланып бүтүп, учурда магистралдык каналдарды сугаруу мезгилине даярдоо иштери аткарылууда. Бишкекте сугаруу мезгили май айында башталат.
Бишкектин ирригациялык системдерин тазалоо 70 пайызга бүткөрүлдү. Муну бүгүн, 25-мартта шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, “Жашылдандыруу” жана “Тазалык” муниципалдык ишканалары арыктарды тазалоо боюнча жазында бир жолу өткөрүлчү иштерди жүргүзүп жатышат. Сейил бактар, скверлер, бульварлар жана аянттардын арыктары тазаланып бүтүп, учурда магистралдык каналдарды сугаруу мезгилине даярдоо иштери аткарылууда.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/143021
2016-03-25
ky
Борбордо батирлерди тоноо жана каракчылык менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалышты
Борбор калаада батирлерди тоноо жана каракчылык менен алектенген топтун мүчөлөрү кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына борбор калаада батирлерди тоноо менен алектенген 5-6 адамдан турган топ тууралуу маалымат түшкөн. Аталган кылмыштуу топтун Бишкек жана Чүй облусундагы катталган каракчылык фактыларына да тиешеси бар экени аныкталган. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмыштарга шектүү катары Чүй облусунун 22 жаштагы А.Т., мурда соттолгон 36 жаштагы С.М., 37 жаштагы К.В., Жалал-Абад облусунун мурда сот жообуна тартылган 18 жаштагы С.А. жана 20 жаштагы А.Н. аттуу тургундары кармалган. Топтун мүчөлөрүн кармоо учурунда Ауди 100 үлгүсүндөгү унаадан күмүш шакек, сөйкөлөр жана 9 миң рубль табылган. Ал эми С.М. жана С.А. аттуу жарандардын жанынан баңгизат жана тапанча чыккан. Бишкек ШИИББи бул жарандан жабыркагандар болсо, төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт: (0554) 10-23-02, (0555) 10-24-18
Борбор калаада батирлерди тоноо жана каракчылык менен алектенген топтун мүчөлөрү кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына борбор калаада батирлерди тоноо менен алектенген 5-6 адамдан турган топ тууралуу маалымат түшкөн. Аталган кылмыштуу топтун Бишкек жана Чүй облусундагы катталган каракчылык фактыларына да тиешеси бар экени аныкталган. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмыштарга шектүү катары Чүй облусунун 22 жаштагы А.Т., мурда соттолгон 36 жаштагы С.М., 37 жаштагы К.В., Жалал-Абад облусунун мурда сот жообуна тартылган 18 жаштагы С.А. жана 20 жаштагы А.Н. аттуу тургундары кармалган. Топтун мүчөлөрүн кармоо учурунда Ауди 100 үлгүсүндөгү унаадан күмүш шакек, сөйкөлөр жана 9 миң рубль табылган. Ал эми С.М. жана С.А. аттуу жарандардын жанынан баңгизат жана тапанча чыккан.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/143009
2016-03-25
ky
Бишкекте түрк жаранынын өткөн жылы уурдалган унаасын Баңгизатты көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери айдап жүрүшкөнү аныкталды
Бишкекте түрк жаранынын 2015-жылы жоголгон унаасын Баңгизатты көзөмөлдөө кызматынын оперативдүү кызматкерлери колдонуп жүрүшкөнү аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта SUPER.KG порталына Акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, КРнын Акыйкатчысына арыз менен Түркиянын Эрхан Катаналп аттуу жараны кайрылган. Ал 2015-жылы кочкул кызыл түстөгү Мерседес-Бенц Е-240 үлгүсүндөгү унаасын (мамлекеттик номери КGFH 2212) белгисиз адамдар уурдап кетишкенин билдирген. Бул тууралуу тиешелүү мекемеге арыз жазылгандыгын да кошумчалаган. Унаа ушул убакка чейин изделип жаткан. Жабырлануучу 2016-жылдын 12-мартында КРнын Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы жайгашкан имараттын жанынан Т4086D мамлекеттик номуру тагылган өзүнүн унаасын таанып калган. “Бул факт боюнча Свердлов РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан иш жандандырылып, аталган унаа унаа токтотуучу жайга жеткирилди. Унаанын кузовдук номери менен Эрхан Катаналптын атына жазылган унаанын техникалык паспортундагы номерин салыштырганда дал келген. Азыркы тапта тергөө иштери жүрүүдө ”,- деп билдиришти Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан. Ал эми Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынан аталган факт боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын билдиришти. Иликтөө иштеринин алкагында кызматкерлердин күнөөсү далилденсе, алар мыйзамдуу түрдө жазага тартыларын баса белгилешти.
Бишкекте түрк жаранынын 2015-жылы жоголгон унаасын Баңгизатты көзөмөлдөө кызматынын оперативдүү кызматкерлери колдонуп жүрүшкөнү аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта порталына Акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, КРнын Акыйкатчысына арыз менен Түркиянын Эрхан Катаналп аттуу жараны кайрылган. Ал 2015-жылы кочкул кызыл түстөгү Мерседес-Бенц Е-240 үлгүсүндөгү унаасын (мамлекеттик номери КGFH 2212) белгисиз адамдар уурдап кетишкенин билдирген. Бул тууралуу тиешелүү мекемеге арыз жазылгандыгын да кошумчалаган. Унаа ушул убакка чейин изделип жаткан. Жабырлануучу 2016-жылдын 12-мартында КРнын Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы жайгашкан имараттын жанынан Т4086D мамлекеттик номуру тагылган өзүнүн унаасын таанып калган. “Бул факт боюнча Свердлов РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан иш жандандырылып, аталган унаа унаа токтотуучу жайга жеткирилди. Унаанын кузовдук номери менен Эрхан Катаналптын атына жазылган унаанын техникалык паспортундагы номерин салыштырганда дал келген. Азыркы тапта тергөө иштери жүрүүдө ”,- деп билдиришти Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан. Ал эми Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынан аталган факт боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын билдиришти.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/143007
2016-03-25
ky
Жамгырдан кийин жер баткак болуп калгандыктан, эртең өкмөт аппараты ишембиликти имараттын ичинде өткөрмөй болду
Эртең, 26-мартта өкмөт аппаратынын кызматкерлери ишембиликке чыгышат. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында белгилүү болду. Премьер-министр Темир Сариевдин айтымында, эртеңки ишембилик Ботаникалык сейил багында өтүш керек болчу. "Бирок бүгүн түнкүсүн жана эртең менен жамгыр жаап, жер баткак болгондуктан, ишембилик өкмөттүн имаратында өтөт",- деди премьер-министр.
Эртең, 26-мартта өкмөт аппаратынын кызматкерлери ишембиликке чыгышат. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында белгилүү болду. Премьер-министр Темир Сариевдин айтымында, эртеңки ишембилик Ботаникалык сейил багында өтүш керек болчу.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/143020
2016-03-25
ky
Футбол боюнча улуттук курам жолдоштук беттеште "Алга" клубун 4:0 эсебинде утту
Футбол боюнча улуттук курам Бишкекте "Алга" футболдук клубу менен жолдоштук беттеш өткөрдү. КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, беттеш улуттук кураманын 29-мартта Тажикстан менен болчу оюнуна даярдыктардын алкагында уюштурулду. Маалыматка ылайык, алгачкы таймда улуттук курамадан Павел Сидоренко менен Антон Землянухин айырмаланышты. Экинчи таймда Кайрат Жыргалбек уулу 2 гол киргизип, эсеп айырмачылыгын 4 голго жеткирди.
Футбол боюнча улуттук курам Бишкекте "Алга" футболдук клубу менен жолдоштук беттеш өткөрдү. КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, беттеш улуттук кураманын 29-мартта Тажикстан менен болчу оюнуна даярдыктардын алкагында уюштурулду. Маалыматка ылайык, алгачкы таймда улуттук курамадан Павел Сидоренко менен Антон Землянухин айырмаланышты.
Спорт
false
https://www.super.kg/kabar/news/143011
2016-03-25
ky
Ошто дагы бир 100 орундуу балдар бакчасы пайдаланууга берилди (фото)
Бүгүн, 25-мартта Ош шаарынын №2-Достук аймактык кеңешинде 100 орундуу №13-“Кыял” балдар бакчасынын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, иш-чарага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев , шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү тургундар жана бөбөктөр катышты. Шаар мэри бала бакчаларды курууга, алардын материалдык-техникалык, окуу-усулдук базасын чыңдоого өзгөчө басым жасалып жатканын билдирди. “ Аталган бала бакча 1920-жылдары курулган байдын үйү болгон экен. Үйдү 1937-жылдан бери бала бакчага ыңгайлаштырып пайдаланып келишкен. Ошондон улам бул имараттын шартын иликтеп, өткөн жылы бала бакчаны бузуп, анын ордуна жаңы, бүгүнкү күндүн талабына жооп берген бакча куруу чечимине келгенбиз. Кыска мөөнөттө, башкача айтканда, 9 айдын ичинде куруп бүтүрүп, бөбөктөрүбүзгө тартуулап жатабыз. Бүгүн ачылып жаткан жаңы бала бакчаны кошкондо соңку жылдарда 4 бала бакча курулуп, пайдаланууга берилди жана мурда жабылып калган 4 бала бакчаны кайрадан калыбына келтирүүгө жетиштик. Апрель-май айларында дагы 2 бакчанын курулушу аяктайт. Жылдын аягына чейин дагы 2 бала бакча куруунун үстүндө иштеп жатабыз ”,- деди Кадырбаев. Иш-чаранын негизинде калаа башчысы бала бакчаны курууга активдүү катышкандарга Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталарын жана бакчанын бөбөктөрүнө эстелик белектерин тапшырды. Бакчанын курулуш иштери 2015-жылдын июнь айында башталып, толугу менен жергиликтүү бюджеттен каржыланды. Жалпы сметалык баасы 35 миллион сомду, тендердик баасы 22 миллион сомду түзөт. Эске салсак, 23-март күнү Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Гүлбаар-Төлөйкөн айылында 180 орундуу балдар бакчасы пайдаланууга берилген. Учурда Ош шаарында 31 мамлекеттик, 22 менчик балдар бакчасы бар.
Бүгүн, 25-мартта Ош шаарынын №2-Достук аймактык кеңешинде 100 орундуу №13-“Кыял” балдар бакчасынын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, иш-чарага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев , шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү тургундар жана бөбөктөр катышты. Шаар мэри бала бакчаларды курууга, алардын материалдык-техникалык, окуу-усулдук базасын чыңдоого өзгөчө басым жасалып жатканын билдирди. “ Аталган бала бакча 1920-жылдары курулган байдын үйү болгон экен. Үйдү 1937-жылдан бери бала бакчага ыңгайлаштырып пайдаланып келишкен. Ошондон улам бул имараттын шартын иликтеп, өткөн жылы бала бакчаны бузуп, анын ордуна жаңы, бүгүнкү күндүн талабына жооп берген бакча куруу чечимине келгенбиз. Кыска мөөнөттө, башкача айтканда, 9 айдын ичинде куруп бүтүрүп, бөбөктөрүбүзгө тартуулап жатабыз. Бүгүн ачылып жаткан жаңы бала бакчаны кошкондо соңку жылдарда 4 бала бакча курулуп, пайдаланууга берилди жана мурда жабылып калган 4 бала бакчаны кайрадан калыбына келтирүүгө жетиштик. Апрель-май айларында дагы 2 бакчанын курулушу аяктайт. Жылдын аягына чейин дагы 2 бала бакча куруунун үстүндө иштеп жатабыз ”,- деди Кадырбаев. Иш-чаранын негизинде калаа башчысы бала бакчаны курууга активдүү катышкандарга Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталарын жана бакчанын бөбөктөрүнө эстелик белектерин тапшырды. Бакчанын курулуш иштери 2015-жылдын июнь айында башталып, толугу менен жергиликтүү бюджеттен каржыланды. Жалпы сметалык баасы 35 миллион сомду, тендердик баасы 22 миллион сомду түзөт. Эске салсак, 23-март күнү Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Гүлбаар-Төлөйкөн айылында 180 орундуу балдар бакчасы пайдаланууга берилген.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/143001
2016-03-25
ky
Шашылыш билдирүү! 24-26-март күндөрү өлкөнүн тоолуу райондорунда жана Бишкек-Ош, Каракол-Эңилчек унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт
24-26-март аралыгында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөбүздүн тоолуу райондорунда жана Бишкек-Ош (121-137, 198-265-чакырымдары), Каракол-Эңилчек (45-90-чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. 24-марттан тартып аба ырайынын кескин өзгөрүп жаткандыгына байланыштуу, “Жарандык коргонуу аскерлери жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күжүрмөн даярдыкка өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
24-26-март аралыгында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөбүздүн тоолуу райондорунда жана Бишкек-Ош (121-137, 198-265-чакырымдары), Каракол-Эңилчек (45-90-чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. 24-марттан тартып аба ырайынын кескин өзгөрүп жаткандыгына байланыштуу, “Жарандык коргонуу аскерлери жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күжүрмөн даярдыкка өттү.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/143003
2016-03-25
ky
"Өлкө кыштан ийгиликтүү чыкты" дейт премьер-министр
Бүгүн, 25-мартта өкмөттүн жыйынында премьер-министр Темир Сариев өлкөнүн кыштан чыгышына "ийгиликтүү" деген баа берди. "Быйылкы кышта энергетика тармагынын кызматкерлери жана жергиликтүү бийликтер аталган маселени убагында чечип, бардык тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп, алдын ала жыйындарды уюштурду. Тургундар газ менен үзгүлтүксүз камсыз болушту. Электр энергиясы бардык жерлерге туруктуу берилди. Токтогул ГЭСинде эки агрегат күйүп кетти, бирок ошого карабай чектөөлөр болгон жок. Электр энергиясын чет өлкөдөн импорттобой, өзүбүздүн электр энергиябыз менен кыштан чыга алдык",- деди Сариев. Андан соң ал Токтогул ГЭСиндеги авариялардын алдын албаган адамдарга сөгүш жарыяланарын баса белгиледи . "Быйыл аталган ГЭСте чоң оңдоо иштерин баштайбыз. Жыйынтыгында анын кубаттуулугу 20 пайызга көбөйөт" ,- деп билдирди премьер-министр.
Бүгүн, 25-мартта өкмөттүн жыйынында премьер-министр Темир Сариев өлкөнүн кыштан чыгышына "ийгиликтүү" деген баа берди. "Быйылкы кышта энергетика тармагынын кызматкерлери жана жергиликтүү бийликтер аталган маселени убагында чечип, бардык тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп, алдын ала жыйындарды уюштурду. Тургундар газ менен үзгүлтүксүз камсыз болушту. Электр энергиясы бардык жерлерге туруктуу берилди. Токтогул ГЭСинде эки агрегат күйүп кетти, бирок ошого карабай чектөөлөр болгон жок. Электр энергиясын чет өлкөдөн импорттобой, өзүбүздүн электр энергиябыз менен кыштан чыга алдык",- деди Сариев. Андан соң ал Токтогул ГЭСиндеги авариялардын алдын албаган адамдарга сөгүш жарыяланарын баса белгиледи . "Быйыл аталган ГЭСте чоң оңдоо иштерин баштайбыз.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/143002
2016-03-25
ky
Бишкекте “унаа жана үйдүн ичиндеги баалуу буюмдарды уурдаган" деп шектелген жаран кармалды
Бишкекте “унаа жана үйдүн ичиндеги баалуу буюмдарды уурдаган” деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 25-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 56 жаштагы К.К. аттуу тургуну кайрылган. Ал таңкы саат 04:00 чамасында белгисиз адамдар үйүнөн 2 уюлдук телефонун, акчасын алып, короодо токтоп турган Ниссан Альмера үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкенин билдирген. Бул факт боюнча кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 20 жаштагы К.Э. аттуу тургуну кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Бишкекте “унаа жана үйдүн ичиндеги баалуу буюмдарды уурдаган” деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 25-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 56 жаштагы К.К. аттуу тургуну кайрылган. Ал таңкы саат 04:00 чамасында белгисиз адамдар үйүнөн 2 уюлдук телефонун, акчасын алып, короодо токтоп турган Ниссан Альмера үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкенин билдирген. Бул факт боюнча кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 20 жаштагы К.Э. аттуу тургуну кармалды.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142967
2016-03-25
ky
Бишкек шаарында тоноочулукка шектелген 3 жаран кармалды
Бишкек шаарында тоноочулукка шектелген 3 жаран кармалды, алардын бири өспүрүм. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ленин райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен 18 жаштагы А.А. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал саат 21:35 чамасында Манас жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар күч колдонуу менен колундагы 350 долларлык планшетин жулуп алып качып кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 19 жаштагы А.А., Ж.А. жана 17 жаштагы М.Ы. аттуу шаар тургундары кармалышкан. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Бишкек шаарында тоноочулукка шектелген 3 жаран кармалды, алардын бири өспүрүм. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ленин райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен 18 жаштагы А.А. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал саат 21:35 чамасында Манас жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар күч колдонуу менен колундагы 350 долларлык планшетин жулуп алып качып кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 19 жаштагы А.А., Ж.А. жана 17 жаштагы М.Ы. аттуу шаар тургундары кармалышкан.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142999
2016-03-25
ky
ЖЫЛНААМА, 25-МАРТ: Легендарлуу "Биз" тобунун жетекчиси Бактияр Токторов бүгүн туулган күнүн үй-бүлөсү менен тосот
Бүгүн, 25-мартта легендарлуу "Биз" тобунун жетекчиси, ырчы Бактияр Токторов туулган күнүн белгилейт. Ырчы бүгүн 46 жашка толду. "Туулган күнүң менен, куттуктаймын сени мен! Туулган күнүң менен, куттуктаймын ыр менен!"- деп ырдаган ырчынын өздүк майрамы менен куттуктап, байланышка чыктык. "Жаш кезде туулган күндү майрамдачу элек. Убакыттын өтүшү менен туулган күн деле майрамдалбай калат экен. Эртең менен телеканалдардын бири чакырган экен. Барып ырдап, өзүмдү өзүм куттуктап белек алып келдим. Кечинде үй-бүлөмдүн курчоосунда чакан майрам уюштуруп коёбуз",- деп билдирди. 25-марттын жылнаамасы.
Бүгүн, 25-мартта легендарлуу "Биз" тобунун жетекчиси, ырчы Бактияр Токторов туулган күнүн белгилейт. Ырчы бүгүн 46 жашка толду. "Туулган күнүң менен, куттуктаймын сени мен! Туулган күнүң менен, куттуктаймын ыр менен!"- деп ырдаган ырчынын өздүк майрамы менен куттуктап, байланышка чыктык. "Жаш кезде туулган күндү майрамдачу элек. Убакыттын өтүшү менен туулган күн деле майрамдалбай калат экен. Эртең менен телеканалдардын бири чакырган экен. Барып ырдап, өзүмдү өзүм куттуктап белек алып келдим. Кечинде үй-бүлөмдүн курчоосунда чакан майрам уюштуруп коёбуз",- деп билдирди.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142907
2016-03-25
ky
ЭЛДИК КАБАР: "Орусиянын Красноярск крайынын Норильск шаарында 23-мартта башталган катуу шамалдын айынан 3 адам каза болду" дейт окурман
Орусиянын Красноярск крайынын Норильск шаарында 23-мартта башталган катуу шамалдын айынан 3 адам каза болду. Бул тууралуу окурман бүгүн, 25-мартта WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. "Шамалдын ылдамдыгы секундасына 50 метрге чейин жетип, бир канча көп кабаттуу үйлөрдүн чатырлары кыйрады. Жергиликтүү маалыматтарда 3 адам каза болгону айтылып жатат, алардын арасында кыргыз жарандары жок. Азырынча так маалымат бериле элек. Бүгүн шамал бир аз тынчып калды. Кошумчалай кетсем, бул жакта кыргыздар көбөйүп калды , жакында "Кыргыз биримдиги" деген уюм ачканы жатабыз", - дейт окурман.
Орусиянын Красноярск крайынын Норильск шаарында 23-мартта башталган катуу шамалдын айынан 3 адам каза болду. Бул тууралуу окурман бүгүн, 25-мартта WhatsApp аркылуу порталына билдирди. "Шамалдын ылдамдыгы секундасына 50 метрге чейин жетип, бир канча көп кабаттуу үйлөрдүн чатырлары кыйрады. Жергиликтүү маалыматтарда 3 адам каза болгону айтылып жатат, алардын арасында кыргыз жарандары жок. Азырынча так маалымат бериле элек. Бүгүн шамал бир аз тынчып калды.
Элдик кабар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142997
2016-03-25
ky
Өлкөдө 151 бала асырап алууга муктаж
Өлкөдө 151 бала асырап алууга муктаж. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта маалымат жыйынында белгилүү болду. Маалыматка караганда, 2016-жылы 7 наристени балага зар үй-бүлөлөр багып алышты. Ал эми былтыр кыргыз жергесиндеги 650 бала асырап алынган. Алардын 523үн жергиликтүү тургундар, 27 наристени чет өлкөлүк жарандар багып алышкан. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Ахматова билдиргендей, бала асырап алууда биринчи кезекте жергиликтүү жарандарга мүмкүнчүлүк көбүрөөк түзүлөт. “ Көбүнчө биздин жарандар багып алгысы келбеген, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды чет өлкөлүк жарандар асырап алышат. Биздин наристелерди багып алгандардын басымдуу бөлүгүн АКШ, Нидерланды, Швециянын жарандары түзөт. Чет өлкөгө кеткен балдардын кандай жашап жаткандыгы боюнча текшерүүлөрдү ар бир жарым жылда дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жардамы менен жүргүзүп турабыз ”,- деди Ахматова.
Өлкөдө 151 бала асырап алууга муктаж. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта маалымат жыйынында белгилүү болду. Маалыматка караганда, 2016-жылы 7 наристени балага зар үй-бүлөлөр багып алышты. Ал эми былтыр кыргыз жергесиндеги 650 бала асырап алынган. Алардын 523үн жергиликтүү тургундар, 27 наристени чет өлкөлүк жарандар багып алышкан. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Ахматова билдиргендей, бала асырап алууда биринчи кезекте жергиликтүү жарандарга мүмкүнчүлүк көбүрөөк түзүлөт. “ Көбүнчө биздин жарандар багып алгысы келбеген, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды чет өлкөлүк жарандар асырап алышат. Биздин наристелерди багып алгандардын басымдуу бөлүгүн АКШ, Нидерланды, Швециянын жарандары түзөт.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142995
2016-03-25
ky
Бишкек шаарында уурулукка шектелген селсаяк кармалды
Бишкекте уурулукка шектелген селсаяк кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен шаар тургуну кайрылган. Ал "Кудайберген" базарындагы контейнерден белгисиз адамдар унаанын тетиктерин уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары туруктуу жашаган жайы жок 46 жаштагы У.К. аттуу жаран кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Бишкекте уурулукка шектелген селсаяк кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен шаар тургуну кайрылган. Ал "Кудайберген" базарындагы контейнерден белгисиз адамдар унаанын тетиктерин уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары туруктуу жашаган жайы жок 46 жаштагы У.К. аттуу жаран кармалган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142987
2016-03-25
ky
ӨКМӨТ ЖООП БЕРЕТ: Мөөнөтү бүтүп калган паспортто резиденттик виза бар болсо, мамлекет аны "мындан ары жараксыз" деп алып калабы?
Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. Суроо: - Кыргыз Республикасынын паспорту 10 жылдык мөөнөткө берилет эмеспи. Анан ошол паспорттун мөөнөтү бүтө электе чет өлкөдө жүргөн КРнын жараны паспортту алмаштырды дейли. Бирок эски паспортто ал жүргөн мамлекеттеги резиденттик визасы чапталган. Бул учурда эски паспортту өлкөдөн чыгып, тиги визасы чапталган өлкөгө кире берүүгө болобу? Же эски паспортту КРнын паспорт берген мекемеси "мындан ары жараксыз" деп алып калып жок кылабы? Суроо калтырган Shanson . Жооп: - Биринчиден, Кыргыз Республикасынын жараны чет өлкөдө жүрүп мөөнөтү бүтө элек паспортту алмаштыра албайт. Экинчиден, Кыргыз Республикасынын жараны башка мамлекетке чыгарда бара турган өлкөнүн визасын алыш керек. Ал виза КР паспортуна чапталат. Ошол паспорт жана виза менен барчу өлкөсүнө бара алат. Үчүнчүдөн, кандайдыр себеп менен Кыргыз Республикасынын жараны паспортун жоготуп алса, анда ал түздөн-түз Кыргыз Республикасынын ошол өлкөдөгү элчилигине же консулдугуна кайрылып, жаӊы паспорт алууга тийиш. Ошол эле элчилик (консулдук) КР жаранынын визасын жаӊы паспортко койдуруп берүүгө жардам берет же ал өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиштүү документтерди камдап берет. Ошондуктан ар бир Кыргыз Республикасынын жараны узак мөөнөткө (жумуш, окуу же башка себептер менен) барчу өлкөдө кыргыз элчилигинде консулдук каттоого туруусу зарыл. Суроого Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди. Эгер сизде да суроолор болсо, анда " Өкмөт жооп берет " бөлүмүнө кириңиз.
Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. Суроо: - Кыргыз Республикасынын паспорту 10 жылдык мөөнөткө берилет эмеспи. Анан ошол паспорттун мөөнөтү бүтө электе чет өлкөдө жүргөн КРнын жараны паспортту алмаштырды дейли. Бирок эски паспортто ал жүргөн мамлекеттеги резиденттик визасы чапталган. Бул учурда эски паспортту өлкөдөн чыгып, тиги визасы чапталган өлкөгө кире берүүгө болобу? Же эски паспортту КРнын паспорт берген мекемеси "мындан ары жараксыз" деп алып калып жок кылабы? Суроо калтырган Shanson . Жооп: - Биринчиден, Кыргыз Республикасынын жараны чет өлкөдө жүрүп мөөнөтү бүтө элек паспортту алмаштыра албайт. Экинчиден, Кыргыз Республикасынын жараны башка мамлекетке чыгарда бара турган өлкөнүн визасын алыш керек. Ал виза КР паспортуна чапталат. Ошол паспорт жана виза менен барчу өлкөсүнө бара алат. Үчүнчүдөн, кандайдыр себеп менен Кыргыз Республикасынын жараны паспортун жоготуп алса, анда ал түздөн-түз Кыргыз Республикасынын ошол өлкөдөгү элчилигине же консулдугуна кайрылып, жаӊы паспорт алууга тийиш. Ошол эле элчилик (консулдук) КР жаранынын визасын жаӊы паспортко койдуруп берүүгө жардам берет же ал өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиштүү документтерди камдап берет. Ошондуктан ар бир Кыргыз Республикасынын жараны узак мөөнөткө (жумуш, окуу же башка себептер менен) барчу өлкөдө кыргыз элчилигинде консулдук каттоого туруусу зарыл. Суроого Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142985
2016-03-25
ky
Өткөн суткада өлкөдө 12 өрт кырсыгы катталып, Түп районунда жаш баланын шоктугунан короодогу саман жана отун күйдү
Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 13 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, борбор калаада 2, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 7, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталды. Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Түп айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анда короодогу 10 түк саман, 0,3 куб отун күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна үй ээсинин баласынын шоктугу себеп болгон.
Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 13 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, борбор калаада 2, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 7, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталды. Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Түп айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анда короодогу 10 түк саман, 0,3 куб отун күйүп кеткен.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142983
2016-03-25
ky
Бишкекте өгөй кызын зордуктоого шектелген шаар тургуну кармалды
Бишкекте “өгөй кызын зордуктады” деген шек менен шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-март күнү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине арыз менен Бишкек шаарынын 28 жаштагы Ж.Б. аттуу тургуну кайрылган. Ал 23-март күнү саат 23:30 чамасында Алматы көчөсүндө жайгашкан менчик мейманканадан өгөй атасы күч колдонуу менен зордуктап койгонун билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 58 жаштагы К.Т. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Бишкекте “өгөй кызын зордуктады” деген шек менен шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-март күнү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине арыз менен Бишкек шаарынын 28 жаштагы Ж.Б. аттуу тургуну кайрылган. Ал 23-март күнү саат 23:30 чамасында Алматы көчөсүндө жайгашкан менчик мейманканадан өгөй атасы күч колдонуу менен зордуктап койгонун билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 58 жаштагы К.Т. аттуу шаар тургуну кармалган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142981
2016-03-25
ky
Кыргыз Эл жазуучусу Мурза Гапаровдун 80 жылдыгына арналган “Көп кырдуу сүрөткер” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылды (фоторепортаж)
Бүгүн, 25-мартта Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Мурза Гапаровдун 80 жылдыгына карата “Көп кырдуу сүрөткер” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылды. Ага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият, илим кызматкерлери, акындар, жазуучулар, студенттер жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты. Жазуучунун адабиятка болгон шыгы 1960-жылдын башында башталып, ырлары, аңгемелери гезит-журналдардын беттерине жарыяланган. Гапаровдун алгачкы чыгармасы 1963-жылы “Мейман” деген ат менен басмадан жарык көргөн. Окурмандар тарабынан эң жогорку баага татыган “Кызыл беде”, “Кыштакча”, “Жаңгак токойлору”, “Шабдалы бак”, “Айгүл тоо”, “Аялдардын деңизи”, “Бир шиңгил жүзүм”, “Экөө ээн бакта” деген чыгармалары жана бир канча аңгемелери орус, француз, немец, чех, румын, болгар, венгер жана башка тилдерге которулган. Гапаров кино жаатында, драматургия жанрында да өзүнүн чеберчилигин даана көрсөткөн. “Күнөстүү арал”, “Көчө”, “Өрүкзар баяны” деген көркөм жана бир нече даректүү тасмалардын сценарийлери анын калемине таандык. Академик Константин Юдахин жана Зууракан Кайназарова жөнүндө даректүү фильмдердин жана ондон ашык хроникалык-даректүү фильмдердин сценарийлеринин автору. Кыргыз драматургиясына өзүнүн чыйырын салган таланттуу сүрөткер Мурза Гапаров оригиналдуу ойлору, колориттүү түзгөн образдары менен дасыккан драматург катары элге таанылган. Ал 1971-жылы СССРдин Кинематографисттер союзунун, 1974-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Кыргыз адабиятын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
Бүгүн, 25-мартта Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Мурза Гапаровдун 80 жылдыгына карата “Көп кырдуу сүрөткер” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылды. Ага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият, илим кызматкерлери, акындар, жазуучулар, студенттер жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты. Жазуучунун адабиятка болгон шыгы 1960-жылдын башында башталып, ырлары, аңгемелери гезит-журналдардын беттерине жарыяланган. Гапаровдун алгачкы чыгармасы 1963-жылы “Мейман” деген ат менен басмадан жарык көргөн. Окурмандар тарабынан эң жогорку баага татыган “Кызыл беде”, “Кыштакча”, “Жаңгак токойлору”, “Шабдалы бак”, “Айгүл тоо”, “Аялдардын деңизи”, “Бир шиңгил жүзүм”, “Экөө ээн бакта” деген чыгармалары жана бир канча аңгемелери орус, француз, немец, чех, румын, болгар, венгер жана башка тилдерге которулган. Гапаров кино жаатында, драматургия жанрында да өзүнүн чеберчилигин даана көрсөткөн. “Күнөстүү арал”, “Көчө”, “Өрүкзар баяны” деген көркөм жана бир нече даректүү тасмалардын сценарийлери анын калемине таандык. Академик Константин Юдахин жана Зууракан Кайназарова жөнүндө даректүү фильмдердин жана ондон ашык хроникалык-даректүү фильмдердин сценарийлеринин автору. Кыргыз драматургиясына өзүнүн чыйырын салган таланттуу сүрөткер Мурза Гапаров оригиналдуу ойлору, колориттүү түзгөн образдары менен дасыккан драматург катары элге таанылган. Ал 1971-жылы СССРдин Кинематографисттер союзунун, 1974-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142975
2016-03-25
ky
ЭЛДИК КАБАР : Ош технологиялык университетинде өрт чыкты
Ош технологиялык университетинде өрт чыкты. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, өрт имараттын чатырында саат 12:30 чамасында башталган. "Өрт өчүрүү кызматы келип, өрт толугу менен өчүрүлдү. Кырсыктан улам жабыркагандар жок" ,- дейт окурман.
Ош технологиялык университетинде өрт чыкты. Бул тууралуу окурман порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, өрт имараттын чатырында саат 12:30 чамасында башталган. "Өрт өчүрүү кызматы келип, өрт толугу менен өчүрүлдү.
Элдик кабар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142977
2016-03-25
ky
Баткен облусунда студенттерди коркутуп, тоноого шектелген 20 жаштагы жаран кармалды
Баткен облусунда "студенттерди коркутуп, уюлдук телефондорун алып жүргөн" деген шек менен 20 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарында студенттерди коркутуу жолу менен уюлдук телефондорун тартып алуу фактылары катталган. Кызыл-Кыя ШИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Кадамжай районунун Арпа-Сай айылынын 20 жаштагы К.М. аттуу тургуну кармалды. Аны кармоо учурунда жанынан уюлдук телефондор табылган. Бул факт боюнча "тоноочулук" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Баткен облусунда "студенттерди коркутуп, уюлдук телефондорун алып жүргөн" деген шек менен 20 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарында студенттерди коркутуу жолу менен уюлдук телефондорун тартып алуу фактылары катталган. Кызыл-Кыя ШИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Кадамжай районунун Арпа-Сай айылынын 20 жаштагы К.М. аттуу тургуну кармалды. Аны кармоо учурунда жанынан уюлдук телефондор табылган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142979
2016-03-25
ky
ЖЫЛНААМА, 25-март: Мындан 51 жыл мурун америкалык актриса Сара Жессика Паркер туулган
Мындан 51 жыл мурун, 1965-жылы 25-мартта "Чоң шаардагы секс" ("Секс в большом городе") телесериалындагы журналист айым Кэрри Брэдшонун ролун жаратып популярдуу болгон америкалык актриса Сара Жессика Паркер Огайодо (АКШ) туулуп, 7 бир тууганы менен ынтымактуу үй-бүлөдө тарбияланган. Ал кичинекейинен эле актриса болууну самаган. Голливуд Сараны тааный электе ал чакан телесериалдарга, жарнамалык түрмөктөгө тартылып жүргөн. "Чоң шаардагы секс" сериалындагы ролу үчүн Сара Жессика Паркер төрт жолу "Алтын глобус" жана эки жолу "Эмми" сыйлыгын алган. Бул тасмага чейин 1990-жылдары актриса "Биринчи жубайлар клубу" ("Клуб первых жён"), "Акыркы чаралар" ("Крайние меры") тасмаларына катышкан. 2009-жылдын ноябрь айында Сара Жессика Паркер АКШнын президентинин маданият, искусство жана гуманизм маселелери боюнча кеңешчилеринин мүчөсү болгон. 25-марттын жылнаамасы .
Мындан 51 жыл мурун, 1965-жылы 25-мартта "Чоң шаардагы секс" ("Секс в большом городе") телесериалындагы журналист айым Кэрри Брэдшонун ролун жаратып популярдуу болгон америкалык актриса Сара Жессика Паркер Огайодо (АКШ) туулуп, 7 бир тууганы менен ынтымактуу үй-бүлөдө тарбияланган. Ал кичинекейинен эле актриса болууну самаган. Голливуд Сараны тааный электе ал чакан телесериалдарга, жарнамалык түрмөктөгө тартылып жүргөн. "Чоң шаардагы секс" сериалындагы ролу үчүн Сара Жессика Паркер төрт жолу "Алтын глобус" жана эки жолу "Эмми" сыйлыгын алган. Бул тасмага чейин 1990-жылдары актриса "Биринчи жубайлар клубу" ("Клуб первых жён"), "Акыркы чаралар" ("Крайние меры") тасмаларына катышкан. 2009-жылдын ноябрь айында Сара Жессика Паркер АКШнын президентинин маданият, искусство жана гуманизм маселелери боюнча кеңешчилеринин мүчөсү болгон.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142973
2016-03-25
ky
Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын төрагасына негизги милдеттерин эскертти
Кыргыз мамлекетинде 2397 жаранга 2 миллиард 163 миллион сом суммасында ипотекалык насыя берилгени жатат. Бул тууралуу 25-мартта президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. Банк жетекчиси өлкөдө макроэкономикалык кырдаалдын туруктуулугун камсыздоо иштери, банктык системдин коопсуздугу тууралуу да маалымат берди. Президент Улуттук банктын негизги милдети сомдун туруктуулугун кармоо, республиканын банктык, төлөм системинин эффективдүүлүгүн камсыздоо эле эмес, ишкерлерди арзан насыялар менен камсыздоого ортомчулук кылып, өлкөнүн экономикалык өсүшүнө көмөктөшүү экенин айтты.
Кыргыз мамлекетинде 2397 жаранга 2 миллиард 163 миллион сом суммасында ипотекалык насыя берилгени жатат. Бул тууралуу 25-мартта президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. Банк жетекчиси өлкөдө макроэкономикалык кырдаалдын туруктуулугун камсыздоо иштери, банктык системдин коопсуздугу тууралуу да маалымат берди.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142969
2016-03-25
ky
ЭЛДИК КАБАР : Аксыда окуучулар миңге жакын көчөт отургузушту
24-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айылындагы Асанбек Кабаев атындагы орто мектептин окуучулары көчөт отургузушту. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, иш-чарага окуучулар менен кошо мугалимдер да катышышты. "Отургузулган көчөттөрдүн саны 1000ге жакын" ,- дейт окурман.
24-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айылындагы Асанбек Кабаев атындагы орто мектептин окуучулары көчөт отургузушту. Бул тууралуу окурман порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, иш-чарага окуучулар менен кошо мугалимдер да катышышты.
Элдик кабар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142965
2016-03-25
ky
"Евровидение-2016" сынагында Беларусь ырчысы сахнага энеден туума жылаңач чыкмай болууда (фото)
Беларусь өлкөсүнүн атынан катышып жаткан 21 жаштагы ырчы Ivan (Александр Иванов) "Евровидение-2016" музыкалык сынагына энеден туума жылаңач чыгып, дүйнөдөгү бардык көрүүчүлөрдү таң калтырууга даярданууда. Ошондой эле ал өзү менен кошо сахнага эки карышкырды алып чыгат. Бул тууралуу ырчынын расмий баракчасына жазылган. Ырчынын продюсери Виктор Дробыштын айтымында, учурда сынактын уюштуруучулары менен сахнага жаныбарларды алып чыгууга уруксат алуу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Макулдук алуу үчүн болгон аракетин жумшай турганын айткан. "Ооба, Иван сахнага 2 карышкырдын коштоосунда жылаңач чыгат. Негизи эле ар бир адам өзүн кайсы бир жандыкка окшоштурат. Кээде биз ал окшоштукту басып салабыз, бирок ар бир эле адам өзүндөгү жандык менен бетме-бет жолуга бербейт. Ивандын бул номери аркылуу биз адам менен жаратылыштын ортосундагы тыгыз байланышты берүүнү чечтик",- деп билдирген продюсер.
Беларусь өлкөсүнүн атынан катышып жаткан 21 жаштагы ырчы Ivan (Александр Иванов) "Евровидение-2016" музыкалык сынагына энеден туума жылаңач чыгып, дүйнөдөгү бардык көрүүчүлөрдү таң калтырууга даярданууда. Ошондой эле ал өзү менен кошо сахнага эки карышкырды алып чыгат. Бул тууралуу ырчынын расмий баракчасына жазылган. Ырчынын продюсери Виктор Дробыштын айтымында, учурда сынактын уюштуруучулары менен сахнага жаныбарларды алып чыгууга уруксат алуу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Макулдук алуу үчүн болгон аракетин жумшай турганын айткан. "Ооба, Иван сахнага 2 карышкырдын коштоосунда жылаңач чыгат. Негизи эле ар бир адам өзүн кайсы бир жандыкка окшоштурат. Кээде биз ал окшоштукту басып салабыз, бирок ар бир эле адам өзүндөгү жандык менен бетме-бет жолуга бербейт.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142951
2016-03-25
ky
Бишкекте акыркы суткада 4 жөө жүрүүчү ар түрдүү жаракаттарды алды, алардын бири оор абалда
Бишкекте акыркы суткада 4 жөө жүрүүчү ар түрдүү жаракаттарды алды, алардын бири оор абалда. Жөө жүрүүчүлөрдү сүзгөн айдоочулар окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта “Тез жардам” кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, кечээ саат 20:03 чамасында " Жибек-Жолу жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу 3 аялды сүзүп кетти" деген маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге келген "Тез жардамдын" кызматкерлери жабырлануучу 3 аялга алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, ооруканага жеткиришкен. Жабырлануучулардын бири эс-учу жок, оор абалда болгон. Ошондой эле саат 05:35те " жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти " деген маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган кызматкерлер 56 жаштагы жабырлануучу бир нече жаракаттарды алганын аныктап, аны ооруканага жеткиришкен.
Бишкекте акыркы суткада 4 жөө жүрүүчү ар түрдүү жаракаттарды алды, алардын бири оор абалда. Жөө жүрүүчүлөрдү сүзгөн айдоочулар окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта “Тез жардам” кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, кечээ саат 20:03 чамасында " Жибек-Жолу жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу 3 аялды сүзүп кетти" деген маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге келген "Тез жардамдын" кызматкерлери жабырлануучу 3 аялга алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, ооруканага жеткиришкен. Жабырлануучулардын бири эс-учу жок, оор абалда болгон. Ошондой эле саат 05:35те " жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти " деген маалымат түшкөн.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142961
2016-03-25
ky
МЕДИА-ПОРТАЛ: Съездбек Искеналиевдин "Аруу кызым" клибине ырчынын өзүнүн кызы тартылган
Ата-эненин балага болгон сүйүүсү "Медиа-портал" бөлүмүндөгү клиптердин биринде чагылдырылат. Съездбек Искеналиевдин "Аруу кызым" ырына тартылган клип кызын турмуш жолуна аттантып жаткан ата-энелерге арналат. Анда кызынын кичинекей кезинен чоңойгонго чейинки мезгили атасынын көз алдынан өтөрү сүрөттөлөт. "Бул клипте башкы каармандын ролун белгилүү актёр Марат Козукеев аткарды. Клиптеги кичинекей кыздын ролун менин кызым Даткайым ойногон. Ал эми турмушка чыгып жаткан келинчектин образын Назбийке аттуу карындаш аткарды",- деп ырчы клиптин бет ачарында билдирген эле. Ырчынын "Аруу кызым" ырына тартылган клипти бул жактан көрсөңүз болот.
Ата-эненин балага болгон сүйүүсү "Медиа-портал" бөлүмүндөгү клиптердин биринде чагылдырылат. Съездбек Искеналиевдин "Аруу кызым" ырына тартылган клип кызын турмуш жолуна аттантып жаткан ата-энелерге арналат. Анда кызынын кичинекей кезинен чоңойгонго чейинки мезгили атасынын көз алдынан өтөрү сүрөттөлөт. "Бул клипте башкы каармандын ролун белгилүү актёр Марат Козукеев аткарды. Клиптеги кичинекей кыздын ролун менин кызым Даткайым ойногон. Ал эми турмушка чыгып жаткан келинчектин образын Назбийке аттуу карындаш аткарды",- деп ырчы клиптин бет ачарында билдирген эле.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142837
2016-03-25
ky
Казакстандык "Нур Отан" партиясынын баш кийимдери Кыргыз Республикасында тигилгени блоггерди нааразы кылды
Жакында эле Казакстандын парламенттик шайлоосунда алдыга чыккан "Нур Отан" партиясынын баш кийимдери Кыргыз Республикасында тигилген. Бул тууралуу казакстандык блогдордун биринде жазылды. Казакстандык блоггер Руслан Ботайулы "Нур Отан" партиясынын форумуна катышып, андагы абалды жана партиянын кийимдерин кенен сүрөттөп берген. Акырында алардын кепкалары Кыргыз Республикасында тигилгенине нааразы экенин жазган. "Кийим алганы кезекке туруп калбаш үчүн залдан эртерээк чыкканга аракеттендим. Бутум менен бир нерсе тебелеп алгандай болдум. Таманымды карасам, "Нур Отан" деген жазуусу бар кепканы көрдүм. Баш кийим болгондуктан, аны жерден көтөрүп алдым. Алаканыма кагып чаңын күбүп жатып анын ичиндеги этикеткасына көзүм түштү. Өз көзүмө ишенбедим! Жок, жалган! Көзүмдү сүртүп, кайра карадым. Чын экен. "Made in Kyrgyzstan" деп туруптур. Кыргыз бир туугандар кийим-кечек тигишерине күмөнүм жок. Жашырып эмне кылайын, байпагым, ич кийимим кыргыз өлкөсүндө чыккан. А бул партиянын баш кийимине таң калбаганга аргам калбады. Ушу ата мекендик кийим-кечени кийип жүрүүнү ким үйрөттү эле? Ата мекендик өндүрүштүн абалы жөнүндө кайсы партия сынактарды уюштурду эле? "Казакстандын жумушчуларынын таламын талашып, колдоп, бейишке алып барабыз" деген кайсы партия эле? Ошол партия ушундай ураан менен 82 пайыз добуш жыйнабады беле? Анан эмнеге партиянын иш-чараларына арналган кийимдерди ата мекендик ишкерлерге тиктирген эмес?"- деп жазган блоггер.
Жакында эле Казакстандын парламенттик шайлоосунда алдыга чыккан "Нур Отан" партиясынын баш кийимдери Кыргыз Республикасында тигилген. Бул тууралуу казакстандык блогдордун биринде жазылды. Казакстандык блоггер Руслан Ботайулы "Нур Отан" партиясынын форумуна катышып, андагы абалды жана партиянын кийимдерин кенен сүрөттөп берген. Акырында алардын кепкалары Кыргыз Республикасында тигилгенине нааразы экенин жазган. "Кийим алганы кезекке туруп калбаш үчүн залдан эртерээк чыкканга аракеттендим. Бутум менен бир нерсе тебелеп алгандай болдум. Таманымды карасам, "Нур Отан" деген жазуусу бар кепканы көрдүм. Баш кийим болгондуктан, аны жерден көтөрүп алдым. Алаканыма кагып чаңын күбүп жатып анын ичиндеги этикеткасына көзүм түштү. Өз көзүмө ишенбедим! Жок, жалган! Көзүмдү сүртүп, кайра карадым. Чын экен. "Made in Kyrgyzstan" деп туруптур. Кыргыз бир туугандар кийим-кечек тигишерине күмөнүм жок. Жашырып эмне кылайын, байпагым, ич кийимим кыргыз өлкөсүндө чыккан. А бул партиянын баш кийимине таң калбаганга аргам калбады. Ушу ата мекендик кийим-кечени кийип жүрүүнү ким үйрөттү эле? Ата мекендик өндүрүштүн абалы жөнүндө кайсы партия сынактарды уюштурду эле? "Казакстандын жумушчуларынын таламын талашып, колдоп, бейишке алып барабыз" деген кайсы партия эле? Ошол партия ушундай ураан менен 82 пайыз добуш жыйнабады беле?
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142957
2016-03-25
ky
Ысык-Ата районундагы үйлөрдүн биринен мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 3 аялдын иши боюнча иликтөө улантылууда
Ысык-Ата районундагы үйлөрдүн биринен мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 3 аялдын иши боюнча иликтөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда кылмыштын бетин ачууга Чүй ОИИББинин жана Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын тажрыйбалуу кызматкерлеринен турган кылмыш иликтөө тобу түзүлгөн. Каргашалуу окуя болгон үйдөн канга боёлгон бычак жана манжа издери табылган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, кылмышкерди издөө иштери жүрүүдө. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмышкерлер үйдү тоноо максатында киришкен. Факт боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Ысык-Ата районундагы үйлөрдүн биринен мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 3 аялдын иши боюнча иликтөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда кылмыштын бетин ачууга Чүй ОИИББинин жана Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын тажрыйбалуу кызматкерлеринен турган кылмыш иликтөө тобу түзүлгөн. Каргашалуу окуя болгон үйдөн канга боёлгон бычак жана манжа издери табылган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, кылмышкерди издөө иштери жүрүүдө. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмышкерлер үйдү тоноо максатында киришкен.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142963
2016-03-25
ky
Москвада полиция имаратынын 5-кабатынан түшүп кетип каза болгон кыргыз жаранынын өздүгү аныкталды
Орусиянын Москва шаарында “адамдарды Сирияга жөнөтүп жаткан” деген шек менен кармалган кыргыз жараны 23-март күнү эртең менен полиция имаратынын 5-кабатынан өзүн таштап жиберип каза болгонун Орусиянын ММКлары жазып чыккан эле. Каза болгон адам 22 жаштагы Н.Айдаров аттуу жаран экендигин Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен билдиришти. Маалым болгондой, элчиликтин өкүлү Москва шаарынын Түндүк-чыгыш административдик аймагынын ИИБинин Экстремизмге каршы борборунун башчысы менен жолугуп, кырсыктын чоо-жайы адилеттүү иликтениши керектигин белгилеген. Учурда Орусиянын Тергөө комитетинин башкы башкармалыгы бул ишти иликтеп жатат. Эгерде анын өлүмүнө полиция кызматкерлери күнөөлүү болушса, аларды мыйзамдуу түрдө жоопко тартуу элчиликтен талап кылынган.
Орусиянын Москва шаарында “адамдарды Сирияга жөнөтүп жаткан” деген шек менен кармалган кыргыз жараны 23-март күнү эртең менен полиция имаратынын 5-кабатынан өзүн таштап жиберип каза болгонун Орусиянын ММКлары жазып чыккан эле. Каза болгон адам 22 жаштагы Н.Айдаров аттуу жаран экендигин Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен билдиришти. Маалым болгондой, элчиликтин өкүлү Москва шаарынын Түндүк-чыгыш административдик аймагынын ИИБинин Экстремизмге каршы борборунун башчысы менен жолугуп, кырсыктын чоо-жайы адилеттүү иликтениши керектигин белгилеген. Учурда Орусиянын Тергөө комитетинин башкы башкармалыгы бул ишти иликтеп жатат.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142933
2016-03-25
ky
Бүгүнкү күндө жумушсуз адамдардын саны 200 миңден ашат, алардын көбүн эркектер түзөт
"Бүгүнкү күндө жумушсуз адамдардын саны 201,5 миң, алардын көбүн эркектер түзөт", - деди бүгүн, 25-мартта маалымат жыйынында эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев. Анын айтымында, жумушсуздардын 98,4 миңин аялдар жана 103,1 миңин эркектер түзөт. " Расмий жумушсуздуктун деңгээли республика боюнча 8 пайызды түзөт. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 89,3 миң адам. Ал эми расмий катталган жумушсуздардын саны 57,3 миң жаран. Иш менен камсыз кылуу кызматынын көмөгү астында 5,5 миң жумушсуз жаран ишке орноштурулуп, кесиптик окутууга 389 адам жөнөтүлгөн. Эмгек рыногунда жаңы жумушчу орундарын түзүү максатында чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн эсебинен жумушсуз жарандарга чакан насыя берилет. Бул жаатта 43 жумушсуз жаран чакан насыя алган. Жумушсуз жарандар чакан насыяны өздөштүрүүнүн натыйжасында элдик кол өнөрчүлүк, товарларды өндүрүү, соода-сатык жана коомдук тамактануу, мал багуу жана башка иштер менен камсыз болушкан. 2016-жылдын 1-мартына карата убактылуу ишке орноштуруу тартибинде коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга 1,8 миң адам жөнөтүлгөн. Кошумчалай кетсек, учурда 546 адамга жумушсуздук боюнча жөлөк пул берилет ",- деди министр.
"Бүгүнкү күндө жумушсуз адамдардын саны 201,5 миң, алардын көбүн эркектер түзөт", - деди бүгүн, 25-мартта маалымат жыйынында эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев. Анын айтымында, жумушсуздардын 98,4 миңин аялдар жана 103,1 миңин эркектер түзөт. " Расмий жумушсуздуктун деңгээли республика боюнча 8 пайызды түзөт. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 89,3 миң адам. Ал эми расмий катталган жумушсуздардын саны 57,3 миң жаран. Иш менен камсыз кылуу кызматынын көмөгү астында 5,5 миң жумушсуз жаран ишке орноштурулуп, кесиптик окутууга 389 адам жөнөтүлгөн. Эмгек рыногунда жаңы жумушчу орундарын түзүү максатында чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн эсебинен жумушсуз жарандарга чакан насыя берилет. Бул жаатта 43 жумушсуз жаран чакан насыя алган. Жумушсуз жарандар чакан насыяны өздөштүрүүнүн натыйжасында элдик кол өнөрчүлүк, товарларды өндүрүү, соода-сатык жана коомдук тамактануу, мал багуу жана башка иштер менен камсыз болушкан. 2016-жылдын 1-мартына карата убактылуу ишке орноштуруу тартибинде коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга 1,8 миң адам жөнөтүлгөн.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142959
2016-03-25
ky
Екатеринбургда абакта жаткан 33 жаштагы кыргыз жараны күч колдонуудан каза болуп калды
Орусиянын Екатеринбург шаарында абакта жаткан 33 жаштагы кыргыз жараны күч колдонуудан улам каза тапканын өлкөнүн күч түзүмдөрүнө шилтеме берүү менен "Ведомости Урал" маалымат агенттиги жазып чыкты. Маалыматта айтылгандай, маркумдун сөөгү абактан 10-марттан 11-мартка караган түнү табылган. Бул факт боюнча Орусиянын мыйзамдарына ылайык кылмыш иши козголуп, күнөөлүү адам мыйзамдуу түрдө жоопко тартылары, ал эми кызмат адамдарына карата укуктук баа бериле тургандыгы айтылган. Азыркы тапта окуянын чоо-жайын иликтөө иштери жүрүүдө. Анын өлүмүнө камак жайынын башчылары менен байланыштырып турган кызматкерге акча төлөбөй койгондугу себеп болгону божомолдонуп жатканын жазышкан.
Орусиянын Екатеринбург шаарында абакта жаткан 33 жаштагы кыргыз жараны күч колдонуудан улам каза тапканын өлкөнүн күч түзүмдөрүнө шилтеме берүү менен "Ведомости Урал" маалымат агенттиги жазып чыкты. Маалыматта айтылгандай, маркумдун сөөгү абактан 10-марттан 11-мартка караган түнү табылган. Бул факт боюнча Орусиянын мыйзамдарына ылайык кылмыш иши козголуп, күнөөлүү адам мыйзамдуу түрдө жоопко тартылары, ал эми кызмат адамдарына карата укуктук баа бериле тургандыгы айтылган. Азыркы тапта окуянын чоо-жайын иликтөө иштери жүрүүдө.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142909
2016-03-25
ky
Бишкектин Жол-патрулдук милициясынын башчысы Зумрад Жанабаева камакка алынды
Бишкек шаарынын Жол-патрулдук милициясынын башчысы Зумрад Жанабаева Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматынан бүгүн, 25-мартта SUPER.KG порталына билдиришти. Маалым болгондой, кечээ, 24-март күнү саат 23:30 чамасында Октябрь райондук прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан З.Жанабаева ага карата козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган. Иштин чоо-жайын прокуратура иликтеп жатканын башкармалыктан белгилешти. Айта кетсек, 2015-жылдын декабрь айында Жол-патрулдук милициясынын бир катар кызмат адамдарына Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан “кызмат абалынан кыянаттык түрдө пайдалануу”, “кызматтык жасалмалык” беренелери менен кылмыш иши козголгон. Ал эми Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан бул тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди: 2015-жылдын 8-ноябрь күнү Чүй жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинен Жол-кайгуул кызматынын Н.К. аттуу кызматкеринин катышуусунда жол кырсыгы катталган. Анда мас абалында Ауди А4 үлгүсүндөгү унааны башкарып бараткан Н.К. нөөмөттө турган Жол-патрулдук милициясынын буйруктарына баш ийбей качып кеткен. Кызматтык унаа менен артынан кууп барган кызматкер менен мас абалдагы айдоочу жол кырсыгына учураган. Бул факт боюнча мас абалдагы кызматкерге карата кылмыш иши козголгон. "Н.К. аттуу жаран 6-ноябрь күнү өз ыктыяры менен жумуштан кетти" деген буйрукка Жол-патрулдук милициясынын башчысы кол койгону белгилүү болгон. Бирок иликтөө иштеринин алкагында Н.К. 6-7-ноябрь күндөрү жумуш ордунда болгону аныкталган. Мекеменин башчысы Н.К. аттуу кызматкери аталган күндөрү өз кызматын өтөгөндүгүн билип туруп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, туура эмес датаны коюу менен буйрук чыгарган. Бул факт боюнча 17-декабрь күнү Октябрь райондук прокуратурасы Жол-патрулдук милициясынын башчысына жана башка тиешелүү кызматкерге карата “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “кызматтык жасалмалык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Бишкек шаарынын Жол-патрулдук милициясынын башчысы Зумрад Жанабаева Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматынан бүгүн, 25-мартта порталына билдиришти. Маалым болгондой, кечээ, 24-март күнү саат 23:30 чамасында Октябрь райондук прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан З.Жанабаева ага карата козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган. Иштин чоо-жайын прокуратура иликтеп жатканын башкармалыктан белгилешти. Айта кетсек, 2015-жылдын декабрь айында Жол-патрулдук милициясынын бир катар кызмат адамдарына Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан “кызмат абалынан кыянаттык түрдө пайдалануу”, “кызматтык жасалмалык” беренелери менен кылмыш иши козголгон. Ал эми Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан бул тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди: 2015-жылдын 8-ноябрь күнү Чүй жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинен Жол-кайгуул кызматынын Н.К. аттуу кызматкеринин катышуусунда жол кырсыгы катталган. Анда мас абалында Ауди А4 үлгүсүндөгү унааны башкарып бараткан Н.К. нөөмөттө турган Жол-патрулдук милициясынын буйруктарына баш ийбей качып кеткен. Кызматтык унаа менен артынан кууп барган кызматкер менен мас абалдагы айдоочу жол кырсыгына учураган. Бул факт боюнча мас абалдагы кызматкерге карата кылмыш иши козголгон. "Н.К. аттуу жаран 6-ноябрь күнү өз ыктыяры менен жумуштан кетти" деген буйрукка Жол-патрулдук милициясынын башчысы кол койгону белгилүү болгон. Бирок иликтөө иштеринин алкагында Н.К. 6-7-ноябрь күндөрү жумуш ордунда болгону аныкталган. Мекеменин башчысы Н.К. аттуу кызматкери аталган күндөрү өз кызматын өтөгөндүгүн билип туруп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, туура эмес датаны коюу менен буйрук чыгарган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142955
2016-03-25
ky
Былтыр кароосуз калган 11 бала Орусиядан кыргыз жергесине алынып келинген
Былтыр кароосуз калган 11 бала Орусиядан кыргыз жергесине алынып келинген. Муну бүгүн, 25-мартта маалымат жыйынында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлөлөрдү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Ахматова билдирди. Анын айтымында, Орусияда кароосуз калган балдар эмгек мигранттарынын балдары болуп эсептелет. "Тилекке каршы, чет өлкөдө жүргөн кээ бир мекендештерибиз балдарын бага албай балдар үйлөрүнө калтырып кетишет. Бизде бир гана Орусиядан ушундай балдар мекенине кайтарылып келүүдө. Мындай иштерге бюджеттен жыл сайын 2 миллион сомго жакын каражат бөлүнөт, анткени бир баланы кыргыз жергесине алып келүү үчүн орто эсеп менен 70 миң сом жумшалат. Балдар Орусиядан келгенден кийин 3 айдын ичинде алардын туугандары изделип, багып алуу маселеси чечилет. Көбүнчө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды туугандары да алгылары келбейт. Мындай балдар абалына жараша атайын балдар үйлөрүнө жөнөтүлөт. Кароосуз калган балдарды Орусиядан алып келүү иш-аракеттери 2011-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ошондон бери жалпысынан 50 бала кыргыз жергесине кайтарылган" ,- деди адис.
Былтыр кароосуз калган 11 бала Орусиядан кыргыз жергесине алынып келинген. Муну бүгүн, 25-мартта маалымат жыйынында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлөлөрдү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Ахматова билдирди. Анын айтымында, Орусияда кароосуз калган балдар эмгек мигранттарынын балдары болуп эсептелет. "Тилекке каршы, чет өлкөдө жүргөн кээ бир мекендештерибиз балдарын бага албай балдар үйлөрүнө калтырып кетишет. Бизде бир гана Орусиядан ушундай балдар мекенине кайтарылып келүүдө. Мындай иштерге бюджеттен жыл сайын 2 миллион сомго жакын каражат бөлүнөт, анткени бир баланы кыргыз жергесине алып келүү үчүн орто эсеп менен 70 миң сом жумшалат. Балдар Орусиядан келгенден кийин 3 айдын ичинде алардын туугандары изделип, багып алуу маселеси чечилет. Көбүнчө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды туугандары да алгылары келбейт. Мындай балдар абалына жараша атайын балдар үйлөрүнө жөнөтүлөт. Кароосуз калган балдарды Орусиядан алып келүү иш-аракеттери 2011-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142939
2016-03-25
ky
ЭЛДИК КАБАР : Токтогулдун Кызыл-Өзгөрүш айылындагы орто мектептин пайдубалы жыл сайын жерге чөгүп баратат
Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылындагы К.Чодошев атындагы орто мектеп начар абалда. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, мектептин тышкы абалы канааттандырарлык, бирок пайдубалы жыл сайын жерге чөгүп, ным болгондуктан, полу чирип жатат. "Тиешелүү органдар мектептин тышын гана көрүшөт да, ичинен кабар алышпайт. 2 жыл мурун оңдоого деп акча чогултушкан, бирок эч кандай оңдоо иштери жүргүзүлгөн жок. Ар бир окуучудан 80 сомдон алынган. Бул мектепте 500дөн ашык окуучу окуйт. Суубуз да жок. Кол жууганга шарт түзүлгөн эмес. Жылыткычтарыбыз кышкысын иштебейт ",- дейт нааразы болгон окурман.
Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылындагы К.Чодошев атындагы орто мектеп начар абалда. Бул тууралуу окурман порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, мектептин тышкы абалы канааттандырарлык, бирок пайдубалы жыл сайын жерге чөгүп, ным болгондуктан, полу чирип жатат. "Тиешелүү органдар мектептин тышын гана көрүшөт да, ичинен кабар алышпайт. 2 жыл мурун оңдоого деп акча чогултушкан, бирок эч кандай оңдоо иштери жүргүзүлгөн жок. Ар бир окуучудан 80 сомдон алынган. Бул мектепте 500дөн ашык окуучу окуйт. Суубуз да жок. Кол жууганга шарт түзүлгөн эмес.
Элдик кабар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142949
2016-03-25
ky
Өлкөдө 9 мыйзамдын нормалары лицензия берүү системи жөнүндө мыйзамга шайкеш келтирилди
Президент Алмазбек Атамбаев "Айрым мыйзам актыларына лицензиялоону жүзөгө ашыруу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 18-февралында кабыл алынган мыйзамдын максаты – аракеттеги 9 мыйзамдын нормаларын “Кыргыз Республикасында лицензиялоо-уруксат берүү системи жөнүндө” мыйзамга шайкеш келтирүү жана лотерея мыйзамын өркүндөтүү. Кол коюлган жаңы мыйзам төмөнкү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизет: "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" мыйзам; "Кооптуу жүктөрдү ташуунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзам; "Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзам; "Ташуучунун жүргүнчүлөр алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзам; "Кызматтык милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзам; "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" мыйзам; "Каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө" мыйзам; "Кыргыз Республикасында топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" мыйзам; "Лотереялар жөнүндө" мыйзам. Мыйзам расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Президент Алмазбек Атамбаев "Айрым мыйзам актыларына лицензиялоону жүзөгө ашыруу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 18-февралында кабыл алынган мыйзамдын максаты – аракеттеги 9 мыйзамдын нормаларын “Кыргыз Республикасында лицензиялоо-уруксат берүү системи жөнүндө” мыйзамга шайкеш келтирүү жана лотерея мыйзамын өркүндөтүү. Кол коюлган жаңы мыйзам төмөнкү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизет: "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" мыйзам; "Кооптуу жүктөрдү ташуунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзам; "Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзам; "Ташуучунун жүргүнчүлөр алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзам; "Кызматтык милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзам; "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" мыйзам; "Каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө" мыйзам; "Кыргыз Республикасында топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" мыйзам; "Лотереялар жөнүндө" мыйзам.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142947
2016-03-25
ky
Бишкектеги көчөлөрдүн биринен 2 апта мурун табылган ымыркай өлүү төрөлгөнү аныкталды
Бишкектеги көчөлөрдүн биринен 2 апта мурун ай-күнүнө жетпей төрөлгөн эркек баланын жансыз денеси табылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, ымыркай өлүү төрөлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. "Учурда бул факт боюнча дайындалган экспертизанын жыйынтыгы толук чыга элек, алдын ала маалыматтарга ылайык, бала өлүү төрөлгөн. Учурда ымыркайын көчөгө таштаган энени издөө иштери улантылууда", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен. Эске салсак, 10-март күнү "Тазалыктын" кызматкери таштандыларды жыйнап жүрүп Түштүк магистраль менен Алматы көчөлөрүнүн кесилишинен пакетке салынган жансыз ымыркайды таап алган. Окуя болгон жерге барган ыкчам иликтөө тобу ымыркай ай-күнүнө жетпей төрөлгөн эркек бала экенин аныктаган.
Бишкектеги көчөлөрдүн биринен 2 апта мурун ай-күнүнө жетпей төрөлгөн эркек баланын жансыз денеси табылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, ымыркай өлүү төрөлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. "Учурда бул факт боюнча дайындалган экспертизанын жыйынтыгы толук чыга элек, алдын ала маалыматтарга ылайык, бала өлүү төрөлгөн. Учурда ымыркайын көчөгө таштаган энени издөө иштери улантылууда", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен. Эске салсак, 10-март күнү "Тазалыктын" кызматкери таштандыларды жыйнап жүрүп Түштүк магистраль менен Алматы көчөлөрүнүн кесилишинен пакетке салынган жансыз ымыркайды таап алган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142937
2016-03-25
ky
Көпчүлүктүн кыялындагы жумуш. Пенсионерге жумушта уктаганы үчүн акча төлөнөт
Пенсиядагы чачтарач Десмонд Уилкокс көпчүлүк кыялданган жумушка алынган. Ага жумушта уктагандыгы үчүн 100 евро төлөнөт. Анын жумушу иш убактысында чырым этип алуу эмес, чындап уктоосу шарт. Бул тууралуу "На пенсии" басылмасы кечээ, 24-мартта жазып чыкты. Десмонд расмий түрдө алгачкы британдык "уйку элчиси" кызматына алынган. Эми ал 3 ай бою керебет, жаздык, жууркан жана башка уйку үчүн керектүү буюмдарды тестирлөөдөн өткөрөт. Мындан тышкары уктоого пайдалуу делген диета, жана башка түрдүү ыкмалардын эффективдүүлүгүн да текшерүүсү керек. Мындай жумуштагы "уктоо" олуттуу илимий ишмердүүлүк экени айтылууда. "Кыялдагы жумушка" ээ болуу үчүн Десмонд Уилкокс бул орунга ат салышкан 506 адамды артка калтырган. Себеби анын туугандарынын айтымында, ал кандай жер, кандай учур болбосун уктап калууга жөндөмдүү.
Пенсиядагы чачтарач Десмонд Уилкокс көпчүлүк кыялданган жумушка алынган. Ага жумушта уктагандыгы үчүн 100 евро төлөнөт. Анын жумушу иш убактысында чырым этип алуу эмес, чындап уктоосу шарт. Бул тууралуу "На пенсии" басылмасы кечээ, 24-мартта жазып чыкты. Десмонд расмий түрдө алгачкы британдык "уйку элчиси" кызматына алынган. Эми ал 3 ай бою керебет, жаздык, жууркан жана башка уйку үчүн керектүү буюмдарды тестирлөөдөн өткөрөт. Мындан тышкары уктоого пайдалуу делген диета, жана башка түрдүү ыкмалардын эффективдүүлүгүн да текшерүүсү керек. Мындай жумуштагы "уктоо" олуттуу илимий ишмердүүлүк экени айтылууда. "Кыялдагы жумушка" ээ болуу үчүн Десмонд Уилкокс бул орунга ат салышкан 506 адамды артка калтырган.
Түркүн дүйнө
false
https://www.super.kg/kabar/news/142917
2016-03-25
ky
УКМК: "Сурак берүүгө алынып келинген Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов бошотула элек"
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берүүгө кечээ, 24-мартта жеткирилген Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов бошотула элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына оппозициялык активист Адил Турдукулов билдирди. Анын айтымында, эртең К.Кадыров менен Б.Асановго карата соттун санкциясы чыгары күтүлүүдө. "Мыйзамга ылайык, УКМКга алынып келинген адам 48 сааттан көп эмес убакыт кармалышы керек" ,- деди Турдукулов. Мындан тышкары ал бүгүн К.Кадыров жана Б.Асановду бошотуу талабы менен нааразычылык акция уюштурбаганын баса белгиледи. УКМКнын басма сөз кызматы учурда Асанов менен Кадыров УКМКда сурак берип жатышканын маалымдады. "К.Кадыров жана Б.Асанов коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, андан ары бийликти күч менен басып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр боюнча шектелип жатышат" ,- деп эскертет мекеме.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берүүгө кечээ, 24-мартта жеткирилген Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов бошотула элек. Бул тууралуу порталына оппозициялык активист Адил Турдукулов билдирди. Анын айтымында, эртең К.Кадыров менен Б.Асановго карата соттун санкциясы чыгары күтүлүүдө. "Мыйзамга ылайык, УКМКга алынып келинген адам 48 сааттан көп эмес убакыт кармалышы керек" ,- деди Турдукулов. Мындан тышкары ал бүгүн К.Кадыров жана Б.Асановду бошотуу талабы менен нааразычылык акция уюштурбаганын баса белгиледи. УКМКнын басма сөз кызматы учурда Асанов менен Кадыров УКМКда сурак берип жатышканын маалымдады.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142945
2016-03-25
ky
“Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилди
Кыргыз мамлекетинде “Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилди. Тийиштүү мыйзамга мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти. Документти Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 18-февралында кабыл алган. Мыйзам акционердик коомдор тарабынан дивиденддерди төлөөнүн мөөнөттөрүн жөнгө салат, акционердик коомдордун Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча процедураларды тартипке салат, алардын сандык курамын тактайт. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз мамлекетинде “Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилди. Тийиштүү мыйзамга мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти. Документти Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 18-февралында кабыл алган. Мыйзам акционердик коомдор тарабынан дивиденддерди төлөөнүн мөөнөттөрүн жөнгө салат, акционердик коомдордун Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча процедураларды тартипке салат, алардын сандык курамын тактайт.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142941
2016-03-25
ky
Өлкөдө 400 миңге жакын адам мамлекеттик жөлөк пул алат
Өлкөдө 2016-жылдын 1-мартына карата 382,8 миң адам мамлекеттик жөлөк пул алат. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта маалымат жыйынында эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Анын айтымында, алардын басымдуу бөлүгүн же 301,4 миңин балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр түзөт. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул маалына салыштырганда 2 пайызга азайды. "Ай сайын мамлекеттик жөлөк пулду алуучу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин саны 81,4 миң адамды түзөт. 2015-жылдын 1-июлунан тарта балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилчү кепилденген минималдык кирешенин көлөмү 705 сомдон 810 сомго чейин көбөйтүлдү. Жыл башынан бери 910,4 миллион сомго жөлөк пул берилди. Алардын 510,5 миллион сому балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана 399,9 миллион сом ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берилген" ,- деди министр.
Өлкөдө 2016-жылдын 1-мартына карата 382,8 миң адам мамлекеттик жөлөк пул алат. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта маалымат жыйынында эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Анын айтымында, алардын басымдуу бөлүгүн же 301,4 миңин балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр түзөт. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул маалына салыштырганда 2 пайызга азайды. "Ай сайын мамлекеттик жөлөк пулду алуучу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин саны 81,4 миң адамды түзөт. 2015-жылдын 1-июлунан тарта балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилчү кепилденген минималдык кирешенин көлөмү 705 сомдон 810 сомго чейин көбөйтүлдү. Жыл башынан бери 910,4 миллион сомго жөлөк пул берилди.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142935
2016-03-25
ky
Бишкекте жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды
Бишкекте жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 24-март күнү саат 05:15 чамасында Ахунбаев көчөсүнөн жолдун ортосунда турган 45-50 жаштардагы аялды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен 25 жаштагы М.А. аттуу айдоочу кармалды. Оор жаракаттардан улам жабырлануучу ошол жерден каза болуп калган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, айдоочу убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Бишкекте жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 24-март күнү саат 05:15 чамасында Ахунбаев көчөсүнөн жолдун ортосунда турган 45-50 жаштардагы аялды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен 25 жаштагы М.А. аттуу айдоочу кармалды. Оор жаракаттардан улам жабырлануучу ошол жерден каза болуп калган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142925
2016-03-25
ky
Ош. Акыркы беш күн аралыгында өз өмүрүнө кол салууга аракет кылуу боюнча 3 факт катталып, 14 жаштагы кыз каза болду
Ош шаарында 20-25-март аралыгында өз өмүрүнө кол салууга аракет кылуу боюнча 3 факт катталды. Натыйжада 14 жаштагы кыз каза болуп, экөө аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта SUPER.KG`ге Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 20-март күнү 14 жаштагы кыз өз үйүнүн короосундагы сарайга асынып каза болду. Кыздын ата-энеси ал эмне себептен мындай кадамга барганын түшүндүрө алган эмес. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. 22-март күнү 19 жаштагы М.А. аттуу кыз дары ичип, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Кыздын жакындары ал дарыны кокустуктан ичип алганын билдиришкен, учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Ал эми 23-мартта саат 10:35 чамасында шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө уксус ичип алган Жапалак айылынын 28 жаштагы тургуну түшкөн. 2015-жылы Ош облусунда 17 өзүн өзү өлтүрүү фактысы катталган. Алардын ичинен 14ү жаш балдар, иликтөө иштеринин алкагында 8 баланын ата-энеси коңшу өлкөлөргө иштегенге кеткендери аныкталган. Ал эми Ош шаарында былтыр 31 өз өмүрүнө кол салуу фактысы катталып, алардын бири жашы жете элек өспүрүм болгон.
Ош шаарында 20-25-март аралыгында өз өмүрүнө кол салууга аракет кылуу боюнча 3 факт катталды. Натыйжада 14 жаштагы кыз каза болуп, экөө аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта `ге Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 20-март күнү 14 жаштагы кыз өз үйүнүн короосундагы сарайга асынып каза болду. Кыздын ата-энеси ал эмне себептен мындай кадамга барганын түшүндүрө алган эмес. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. 22-март күнү 19 жаштагы М.А. аттуу кыз дары ичип, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Кыздын жакындары ал дарыны кокустуктан ичип алганын билдиришкен, учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Ал эми 23-мартта саат 10:35 чамасында шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө уксус ичип алган Жапалак айылынын 28 жаштагы тургуну түшкөн. 2015-жылы Ош облусунда 17 өзүн өзү өлтүрүү фактысы катталган. Алардын ичинен 14ү жаш балдар, иликтөө иштеринин алкагында 8 баланын ата-энеси коңшу өлкөлөргө иштегенге кеткендери аныкталган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142927
2016-03-25
ky
Ошто Жол-патрулдук милициянын кызматкеринин сабалгандыгы боюнча текшерүү башталды
Ош шаарында Жол-патрулдук милициянын кызматкеринин сабалгандыгы боюнча текшерүү башталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы жарыялады. Маалыматка ылайык, "24-мартта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Жол-патрулдук милициясынын кызматкери Ички коопсуздук башкармалыгынын кызматкери тарабынан сабалды" деген факт иликтенүүдө. "Текшерүүнү Ош шаардык прокуратурасы жана ИИМдин Башкы башкармалыгы жүргүзүп жатат. Иш-чаранын максаты - кызматтык эрежелердин, мыйзамдуулуктун сакталышы жана аткарылышы канчалык деңгээлде болгондугуна баа берүү. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет" ,- деп билдиришти мекемеден.
Ош шаарында Жол-патрулдук милициянын кызматкеринин сабалгандыгы боюнча текшерүү башталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы жарыялады. Маалыматка ылайык, "24-мартта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Жол-патрулдук милициясынын кызматкери Ички коопсуздук башкармалыгынын кызматкери тарабынан сабалды" деген факт иликтенүүдө. "Текшерүүнү Ош шаардык прокуратурасы жана ИИМдин Башкы башкармалыгы жүргүзүп жатат. Иш-чаранын максаты - кызматтык эрежелердин, мыйзамдуулуктун сакталышы жана аткарылышы канчалык деңгээлде болгондугуна баа берүү.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142931
2016-03-25
ky
Тарых жана маданият жылынын алкагында Бишкек шаарында IV Эл аралык балет искусствосунун фестивалы өтөт
Тарых жана маданият жылынын алкагында Бишкек шаарында IV Эл аралык балет искусствосунун фестивалы өтөт. Бул тууралуу Тарых жана маданият жылына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча дирекциянын башкармалыгынан билдиришти. Иш-чара А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет академиялык театрында 15-21-май күндөрү өтүп, СССРдин Эл артисти, кыргыз бийчиси Бүбүсара Бейшеналиеванын элесине арналат. Бул жылы ал 90 жашка чыкмак. Фестивалга орус балетинин жылдыздары, Орусия, Азербайжан, Казакстан жана Кыргыз Республикасынын алдынкы солисттери катышышат. Маданий иш-чарада дүйнөлүк балет классикалары, мыкты жана көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү болгон чет элдик чыгармалар тартууланмакчы. Фестиваль 15-майда Владимир Власов , Абдылас Малдыбаев , Владимир Ференин "Айчүрөк" операсы менен ачылат. Башка күндөрү Адольф Адандын "Жизель", Пётр Чайковскийдин "Ак куу көлү" опералары көрсөтүлүп, 21-майда чоң концерт менен аяктайт.
Тарых жана маданият жылынын алкагында Бишкек шаарында IV Эл аралык балет искусствосунун фестивалы өтөт. Бул тууралуу Тарых жана маданият жылына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча дирекциянын башкармалыгынан билдиришти. Иш-чара А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет академиялык театрында 15-21-май күндөрү өтүп, СССРдин Эл артисти, кыргыз бийчиси Бүбүсара Бейшеналиеванын элесине арналат. Бул жылы ал 90 жашка чыкмак. Фестивалга орус балетинин жылдыздары, Орусия, Азербайжан, Казакстан жана Кыргыз Республикасынын алдынкы солисттери катышышат. Маданий иш-чарада дүйнөлүк балет классикалары, мыкты жана көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү болгон чет элдик чыгармалар тартууланмакчы. Фестиваль 15-майда Владимир Власов , Абдылас Малдыбаев , Владимир Ференин "Айчүрөк" операсы менен ачылат.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142929
2016-03-25
ky
СУПЕРСТАН: "Акыркы кездеги Европаны тууроо - кыргыздын менталитетине балта чабууда..."
SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыргыз менталитети кечээ, бүгүн, эртең" деген тема талкууланып жатат. Темада менталитеттин азыркы абалы сөз болууда: "Менталитет - кыргыздын жүзү". "Биз түпкүлүктүү, маданияты бийик, тубаса билимдүү, ойчул, даанышман элдин урпактарыбыз. Биздин тарых 2200 жылдан ашык мезгилди камтыйт. Менталитетибизге цивилизациянын, азыркы глобализациянын да таасири тийип жатат. Ал эми улутту улут кылып турган анын тили, каада-салты, кийими, тарыхы, маданияты, дини, дили, жери да. Ошол кыргыздын каада-салттарын, тарыхын, маданиятын, адабиятын жакшы билген адам кыргыздын менталитетин жакшы түшүнөт деп ойлойм. Өкүнүчтүүсү, биз өзүбүздүн жакшы нерселерибизди бат унутуп, башканыкын тез өздөштүрүп алабыз. "Менталитет - бул айырмалануу. Кыргыз калкымдын тоодон тоого көчкөнү - жакшы жашоого аракет кылганы, башкача айтканда, жакшы жер табам дегени. Бул жоопкерчиликтин жоктугу эмес, тескерисинче, жоопкерчиликтүүлүгү". "Кыргыз элинин менталитети - анын каада-салты, үрп-адаты, ошол каада-салтты кийинки муундарга өткөрүп берүү - биздин милдет. Бирок ар мезгилдин коомдук, социалдык абалы, карым-катнашы ушул кыргызымдын менталитетин өзгөртүп, кээде жоголушуна да себеп болууда. Акыркы кездеги Европаны тууроо, динди туу тутуу менен кыргыздын каада-салттарын жокко чыгарууга аракет кылуулар болууда". Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз .
порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыргыз менталитети кечээ, бүгүн, эртең" деген тема талкууланып жатат. Темада менталитеттин азыркы абалы сөз болууда: "Менталитет - кыргыздын жүзү". "Биз түпкүлүктүү, маданияты бийик, тубаса билимдүү, ойчул, даанышман элдин урпактарыбыз. Биздин тарых 2200 жылдан ашык мезгилди камтыйт. Менталитетибизге цивилизациянын, азыркы глобализациянын да таасири тийип жатат. Ал эми улутту улут кылып турган анын тили, каада-салты, кийими, тарыхы, маданияты, дини, дили, жери да. Ошол кыргыздын каада-салттарын, тарыхын, маданиятын, адабиятын жакшы билген адам кыргыздын менталитетин жакшы түшүнөт деп ойлойм. Өкүнүчтүүсү, биз өзүбүздүн жакшы нерселерибизди бат унутуп, башканыкын тез өздөштүрүп алабыз. "Менталитет - бул айырмалануу. Кыргыз калкымдын тоодон тоого көчкөнү - жакшы жашоого аракет кылганы, башкача айтканда, жакшы жер табам дегени. Бул жоопкерчиликтин жоктугу эмес, тескерисинче, жоопкерчиликтүүлүгү". "Кыргыз элинин менталитети - анын каада-салты, үрп-адаты, ошол каада-салтты кийинки муундарга өткөрүп берүү - биздин милдет. Бирок ар мезгилдин коомдук, социалдык абалы, карым-катнашы ушул кыргызымдын менталитетин өзгөртүп, кээде жоголушуна да себеп болууда. Акыркы кездеги Европаны тууроо, динди туу тутуу менен кыргыздын каада-салттарын жокко чыгарууга аракет кылуулар болууда".
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142839
2016-03-25
ky
ЭЛДИК ВИДЕО: Кызды автоунаа тебелеп кетип, чогулгандар аны унаанын астынан араң чыгарышты
SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Кызды сүзүп, кайра тебелеп кетти" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Sweet_lady). Коомдо буга окшогон кырсыктар көп болот. Видеодон жолдун жөө жүрүүчүлөр өтүүчү бөлүгүндө бараткан кызды сүзүп, анан токтоп калбай тебелеп кеткенин көрүүгө болот. Жогорку ылдамдыкта келе жатып токтой албай калды дегенге болбойт, автоунаа жай ылдамдыкта келе жаткан. Жакын жерде тургандар унааны көтөрүп кызды араң алып чыгышат. Бактыга жараша, кыз аман калды. Видеону көрүү үчүн шилтеме.
порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Кызды сүзүп, кайра тебелеп кетти" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Sweet lady). Коомдо буга окшогон кырсыктар көп болот. Видеодон жолдун жөө жүрүүчүлөр өтүүчү бөлүгүндө бараткан кызды сүзүп, анан токтоп калбай тебелеп кеткенин көрүүгө болот. Жогорку ылдамдыкта келе жатып токтой албай калды дегенге болбойт, автоунаа жай ылдамдыкта келе жаткан. Жакын жерде тургандар унааны көтөрүп кызды араң алып чыгышат. Бактыга жараша, кыз аман калды.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142857
2016-03-25
ky
Легендарлуу голландиялык футболчу жана машыктыруучу Йохан Кройфф 68 жаш курагында көз жумду
Белгилүү голландиялык футболчу жана машыктыруучу Йохан Кройфф 24-мартта 68 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт. Футбол адиси акыркы жылдары рак оорусу менен күрөшүп келген эле. Хендрик Йоханнес Кройфф легендарлуу "Аякс" футболдук клубунда тарбияланып, клубдун курамында 1964-1973-жылдар аралыгында ойногон. Андан кийин 7 жыл испаниялык "Барселона" клубунун таламын талашкан. АКШда ойноп келген соң карьерасын 1984-жылы "Фейеноорд" клубунда жыйынтыктаган. Футболчу катары 9 ирет Голландиянын чемпиону аталып, 1 ирет Испания чемпиондугун уткан. Голландия курамасы менен 1974-жылы Дүйнө чемпиондугунун финалына чейин жетип, күмүш медаль тагынган. Машыктыруучу катары "Аякс" футболдук клубу менен 2 ирет өлкө чемпиондугун уткан. 1988-1996-жылдар аралыгында "Барселонаны" машыктырып, 4 ирет чемпиондук наамды жеңип берген.
Белгилүү голландиялык футболчу жана машыктыруучу Йохан Кройфф 24-мартта 68 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт. Футбол адиси акыркы жылдары рак оорусу менен күрөшүп келген эле. Хендрик Йоханнес Кройфф легендарлуу "Аякс" футболдук клубунда тарбияланып, клубдун курамында 1964-1973-жылдар аралыгында ойногон. Андан кийин 7 жыл испаниялык "Барселона" клубунун таламын талашкан. АКШда ойноп келген соң карьерасын 1984-жылы "Фейеноорд" клубунда жыйынтыктаган. Футболчу катары 9 ирет Голландиянын чемпиону аталып, 1 ирет Испания чемпиондугун уткан. Голландия курамасы менен 1974-жылы Дүйнө чемпиондугунун финалына чейин жетип, күмүш медаль тагынган. Машыктыруучу катары "Аякс" футболдук клубу менен 2 ирет өлкө чемпиондугун уткан.
Спорт
false
https://www.super.kg/kabar/news/142915
2016-03-25
ky
СУПЕРСТАН: "Аял киши секс менен алектенбей калса ачуулуу болуп кетет..."
SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Секс менен көп алектенген адам жаш көрүнөбү?" деген тема талкууланууда. Аял-эркек мамилесине пикир айткандар көп, айрымдары: "Анда үйлөнгөн жигиттер менен келиндер барган сайын жаштык кездеги жалындуу кезин жоготуп картайбай, тескерисинче, жашарып кетишпейт беле..." "Секс жакса жашарат, жакпаса картаят". "Менимче, секстин жашарып же картаюуга тиешеси жок". "Ашыкча секстин жетишсиз секстей эле зыяны бар. Пайдасын көрөм деп өзүңдү мажбурлоодон кач. Алсыратып, шалдыратып, дененин кубатын качырат". "Аял киши секс кылбаса, ачуулуу болуп калат". "Сексти өз убагы менен, сүйүү менен пайдаланса өмүрдү узартат". "Секс адамдын нервин гана эс алдырып пайда болбосо, башка жагынан адамдын көп эле энергиясын, күчүн алып коёт". "Бул аялга да, эркекке да пайдалуу жана керектүү искусствонун бир түрү". "Узак жашашы мүмкүн. Себеби илгеркилер свет жок, 15-16 бала төрөсө деле 80-90 жашка чейин жашашкан". "Изилдөөлөргө таянсак, секс адамдын өмүрүн узартат. Дайыма интимдик жашоодо жашаган эркек менен кумарга аз баткан эркекти салыштырышкан. Натыйжада биринчиси узак жашай тургандыгы аныкталган". Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз .
порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Секс менен көп алектенген адам жаш көрүнөбү?" деген тема талкууланууда. Аял-эркек мамилесине пикир айткандар көп, айрымдары: "Анда үйлөнгөн жигиттер менен келиндер барган сайын жаштык кездеги жалындуу кезин жоготуп картайбай, тескерисинче, жашарып кетишпейт беле..." "Секс жакса жашарат, жакпаса картаят". "Менимче, секстин жашарып же картаюуга тиешеси жок". "Ашыкча секстин жетишсиз секстей эле зыяны бар. Пайдасын көрөм деп өзүңдү мажбурлоодон кач. Алсыратып, шалдыратып, дененин кубатын качырат". "Аял киши секс кылбаса, ачуулуу болуп калат". "Сексти өз убагы менен, сүйүү менен пайдаланса өмүрдү узартат". "Секс адамдын нервин гана эс алдырып пайда болбосо, башка жагынан адамдын көп эле энергиясын, күчүн алып коёт". "Бул аялга да, эркекке да пайдалуу жана керектүү искусствонун бир түрү". "Узак жашашы мүмкүн. Себеби илгеркилер свет жок, 15-16 бала төрөсө деле 80-90 жашка чейин жашашкан". "Изилдөөлөргө таянсак, секс адамдын өмүрүн узартат. Дайыма интимдик жашоодо жашаган эркек менен кумарга аз баткан эркекти салыштырышкан. Натыйжада биринчиси узак жашай тургандыгы аныкталган".
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142879
2016-03-25
ky
Борбор калаадагы үйлөрдүн биринен адамдын жансыз денеси табылды
Борбор калаадагы үйлөрдүн биринен адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 24-март күнү саат 13:12 чамасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучуларына " батирдин эшиги ачылбай жатат" деген билдирүү түшкөн. 8-кичи райондо жайгашкан батирлердин бирине барган куткаруучулар жабылып калган эшикти ачып, батирдин ээсинин жансыз денесин табышкан. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Борбор калаадагы үйлөрдүн биринен адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 24-март күнү саат 13:12 чамасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучуларына " батирдин эшиги ачылбай жатат" деген билдирүү түшкөн. 8-кичи райондо жайгашкан батирлердин бирине барган куткаруучулар жабылып калган эшикти ачып, батирдин ээсинин жансыз денесин табышкан.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142923
2016-03-25
ky
Түп районундагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, 94 жаштагы үй ээси денесинен күйүк алды
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, 94 жаштагы үй ээси денесинен күйүк алды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ, 24-мартта Күрмөнтү айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Анда жыгач устундуу, шифер жабылган бастырманын 76 чарчы метр чатыры, 0,5 тонна чөп күйүп кеткен. Өрттөн улам 94 жаштагы Турсунай И. денесинен 5-6 пайыз күйүк алып, аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнө жеткирилген. Өрттүн келип чыгуусуна отко карата этиятсыз мамиле себеп болгон.
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, 94 жаштагы үй ээси денесинен күйүк алды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ, 24-мартта Күрмөнтү айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Анда жыгач устундуу, шифер жабылган бастырманын 76 чарчы метр чатыры, 0,5 тонна чөп күйүп кеткен. Өрттөн улам 94 жаштагы Турсунай И. денесинен 5-6 пайыз күйүк алып, аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнө жеткирилген.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142921
2016-03-25
ky
Кыргыз мушкери Урмат Рыскелдиев Америкада профессионалдык рингде 8-беттешин өткөрөт
26-мартта АКШнын Сан-Франциско шаарында кыргыз мушкери Урмат Рыскелдиев профессионалдык карьерасындагы 8-беттешин өткөрөт. Бул жолу анын атаандашы америкалык Арона Кули болмокчу. Бул тууралуу SUPER.KG порталына спортчунун менеджери Жаныш Осмон кабарлады. Маалым болгондой, 70 килограмм салмактык бөлүктө өтө турган беттеш 6 раундга туураланган. Арона Кули профессионалдык рингде 13 беттеш өткөрүп, 12 ирет жеңүүчү аталган. Бир беттеште жеңилүү ызасын тарткан.
26-мартта АКШнын Сан-Франциско шаарында кыргыз мушкери Урмат Рыскелдиев профессионалдык карьерасындагы 8-беттешин өткөрөт. Бул жолу анын атаандашы америкалык Арона Кули болмокчу. Бул тууралуу порталына спортчунун менеджери Жаныш Осмон кабарлады. Маалым болгондой, 70 килограмм салмактык бөлүктө өтө турган беттеш 6 раундга туураланган. Арона Кули профессионалдык рингде 13 беттеш өткөрүп, 12 ирет жеңүүчү аталган.
Спорт
false
https://www.super.kg/kabar/news/142919
2016-03-25
ky
Дүйнө чемпиондугунун тандоо туру: Иордания курамасы Бангладешти 8:0 эсебинде утту
Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда 24-мартта Азия чөлкөмү боюнча "В" тайпасында Иордания курамасы Бангладешти кабыл алып, 8:0 эсебинде утту. Муну менен иорданиялыктар тайпада 2-орунду ишенимдүү камсыздап, Кыргыз Республикасынын курамасын 5 упай артта калтырышты. Жыйынтыгында улуттук курамабыз Азия чемпиондугуна түз чыгуу (эми кайра тандоо туруна катышат) жана Дүйнө чемпиондугуна күрөштү улантуудан четтеп калды. Жобого ылайык, Азия чөлкөмүнөн 8 тайпада 1-орунду ээлеген командалар 2-орунду алган 8 команданын ичинен эң мыкты жыйынтык көрсөткөн 4 команда Азия чемпиондугуна чыгат. Тайпада 3-орунду ээлеген командалар жана 4-орунду ээлегендер 2017-жылы Азия чемпиондугуна кезектеги жолдомолорду талашышат. Кошумчалай кетсек, 29-мартта Кыргыз Республикасынын курамасы конокто Тажикстан менен беттешет. Бул оюндун жыйынтыгы 3-орун үчүн жарышта эч нерсе чечпейт.
Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда 24-мартта Азия чөлкөмү боюнча "В" тайпасында Иордания курамасы Бангладешти кабыл алып, 8:0 эсебинде утту. Муну менен иорданиялыктар тайпада 2-орунду ишенимдүү камсыздап, Кыргыз Республикасынын курамасын 5 упай артта калтырышты. Жыйынтыгында улуттук курамабыз Азия чемпиондугуна түз чыгуу (эми кайра тандоо туруна катышат) жана Дүйнө чемпиондугуна күрөштү улантуудан четтеп калды. Жобого ылайык, Азия чөлкөмүнөн 8 тайпада 1-орунду ээлеген командалар 2-орунду алган 8 команданын ичинен эң мыкты жыйынтык көрсөткөн 4 команда Азия чемпиондугуна чыгат. Тайпада 3-орунду ээлеген командалар жана 4-орунду ээлегендер 2017-жылы Азия чемпиондугуна кезектеги жолдомолорду талашышат. Кошумчалай кетсек, 29-мартта Кыргыз Республикасынын курамасы конокто Тажикстан менен беттешет.
Спорт
false
https://www.super.kg/kabar/news/142905
2016-03-25
ky
Бишкектеги троллейбус айдоочуларынын эмгек акысы жыл аягына чейин 50 пайызга көтөрүлөрү убадаланды
Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгынын жетекчилиги алмашты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, калаа мэри Албек Ибраимов жана вице-мэр Геннадий Милицкий троллейбус айдоочуларынын тобу жана Транспорт башкармалыгынын өкүлдөрү менен чогулуш өткөрүштү. Анын жүрүшүндө троллейбус айдоочуларынын көйгөйлөрү талкууга алынды. Жыйынтыгында айдоочулардын айлык маселеси чечилип, 1-апрелден баштап жылдын аягына чейин көтөрүлүп турмай болду. "Экинчи маселе аялдамаларга токтоодо жаралып жаткан көйгөйлөр болду. Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Болотбек Мамышев жол эрежелерин бузуп жаткан айдоочулар тууралуу арыздарды аларга өткөрүүгө болорун жана бул боюнча иштер жүргүзүлөрүн билдирди" ,- деп айтылат маалыматта. Троллейбус айдоочуларынын дагы бир көйгөйү - тиешелүү унаа тетиктеринин жетишсиздиги. Албек Ибраимов бул маселе боюнча троллейбус чыгарган ишканалар менен келишим түзүлөрүн айтты. "Жыйында Троллейбус башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу кызматына вице-мэр Геннадий Милицкий дайындалды. Ал аталган башкармалыктын жетектөөчү жамаатын сынактын негизинде кыскартмай болду. Муну менен катар айдоочулардын турак жайга болгон муктаждыгы айтылды, калаа мэри шаардагы колдонулбай турган турак жайларды инвентаризация кылгандан кийин уюмдун жумушчуларына жатакана катары берилерин билдирди. Жумушчу топтун кийинки жолугушуусу апрель айынын ортосунда өткөрүлмөкчү" ,- деп билдирет мэрия.
Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгынын жетекчилиги алмашты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, калаа мэри Албек Ибраимов жана вице-мэр Геннадий Милицкий троллейбус айдоочуларынын тобу жана Транспорт башкармалыгынын өкүлдөрү менен чогулуш өткөрүштү. Анын жүрүшүндө троллейбус айдоочуларынын көйгөйлөрү талкууга алынды. Жыйынтыгында айдоочулардын айлык маселеси чечилип, 1-апрелден баштап жылдын аягына чейин көтөрүлүп турмай болду. "Экинчи маселе аялдамаларга токтоодо жаралып жаткан көйгөйлөр болду. Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Болотбек Мамышев жол эрежелерин бузуп жаткан айдоочулар тууралуу арыздарды аларга өткөрүүгө болорун жана бул боюнча иштер жүргүзүлөрүн билдирди" ,- деп айтылат маалыматта. Троллейбус айдоочуларынын дагы бир көйгөйү - тиешелүү унаа тетиктеринин жетишсиздиги. Албек Ибраимов бул маселе боюнча троллейбус чыгарган ишканалар менен келишим түзүлөрүн айтты. "Жыйында Троллейбус башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу кызматына вице-мэр Геннадий Милицкий дайындалды. Ал аталган башкармалыктын жетектөөчү жамаатын сынактын негизинде кыскартмай болду. Муну менен катар айдоочулардын турак жайга болгон муктаждыгы айтылды, калаа мэри шаардагы колдонулбай турган турак жайларды инвентаризация кылгандан кийин уюмдун жумушчуларына жатакана катары берилерин билдирди.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142897
2016-03-25
ky
24-мартта өлкө аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды
24-мартта саат 17:19да өлкө аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмология институтунун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Ак-Шыйрак кырка тоолорунда жайгашкан. Жер силкинүүнүн күчү Коңорчок, Чолок-Кайың айылдарында 4 баллга чейин, Ак-Кыя, Жаңы-Талап, Көк-Жар айылдарында 3 баллга чейин, Казарман, Арал айылдарында 2,5 баллга чейин сезилди. Алдын ала маалыматтар боюнча, табигый кырсыктан улам кыйроолор же жабыркагандар катталган жок.
24-мартта саат 17:19да өлкө аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмология институтунун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Ак-Шыйрак кырка тоолорунда жайгашкан. Жер силкинүүнүн күчү Коңорчок, Чолок-Кайың айылдарында 4 баллга чейин, Ак-Кыя, Жаңы-Талап, Көк-Жар айылдарында 3 баллга чейин, Казарман, Арал айылдарында 2,5 баллга чейин сезилди.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142899
2016-03-25
ky
2016-жылга бюджетте "капиталдык салымдар" беренеси боюнча 4,7 миллиард сомдон ашуун акча каралган
2016-жылга бюджетте «капиталдык салымдар» беренеси боюнча 4 миллиард 760 миллион 984,4 миң сом каралган. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, 2015-жылы «капиталдык салымдар» беренеси боюнча 350 объект каржыланды. Анын ичинен 227 объект – билим берүү объекттери, 25 – саламаттык сактоо объекттери, 25 – маданият жана спорт объекттери, 32 – автоунаа жолдору жана көпүрөлөр, 19 – турак жай-коммуналдык чарба объекттери, 1 – суу чарба курулмалары, 21 – башка объекттер. Былтыр аталган берене боюнча республикалык бюджеттин чыгашасы 4 миллиард 763 миллион 600 миң сомду түздү. Капиталдык салымдар – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген долбоорлорду сметалык каржылоону өз ичине камтыган, мамлекеттик приоритеттүү социалдык-экономикалык мааниге ээ объекттерди өнүктүрүү үчүн пайдаланыла турган өнүктүрүү бюджетиндеги берене.
2016-жылга бюджетте «капиталдык салымдар» беренеси боюнча 4 миллиард 760 миллион 984,4 миң сом каралган. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, 2015-жылы «капиталдык салымдар» беренеси боюнча 350 объект каржыланды. Анын ичинен 227 объект – билим берүү объекттери, 25 – саламаттык сактоо объекттери, 25 – маданият жана спорт объекттери, 32 – автоунаа жолдору жана көпүрөлөр, 19 – турак жай-коммуналдык чарба объекттери, 1 – суу чарба курулмалары, 21 – башка объекттер. Былтыр аталган берене боюнча республикалык бюджеттин чыгашасы 4 миллиард 763 миллион 600 миң сомду түздү.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142895
2016-03-25
ky
Алмазбек Атамбаев БУУнун Борбор Азия үчүн алдын алуу дипломатиясы боюнча аймактык борборунун башчысын кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 24-мартта Бириккен Улуттар Уюмунун Борбор Азия үчүн алдын алуу дипломатиясы боюнча аймактык борборунун башчысы Петко Драгановду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү жарыялады. Маалыматка ылайык, жолугушууда аймактык коопсуздукту камсыз кылууга жана Борбор Азия чөлкөмүндөгү кырдаалдын өнүгүү перспективаларына байланыштуу маселелер талкууланды. Мамлекет башчы Кыргыз Республикасы аймакта пайда болгон маселелерди сүйлөшүү жолу менен гана чечүүнү жактаарын, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн биргелешкен аракеттерин улантуунун маанилүү экендигин баса белгиледи. Президент Алмазбек Атамбаев ар кайсы чөйрөлөрдөгү реформаларды ишке ашырууда кыргыз өлкөсү менен БУУ системинин ортосундагы кызматташтык мындан ары да уланарына үмүттөнөрүн билдирип, аймактагы диалогду бекемдөөдөгү Борбор Азия үчүн алдын алуу дипломатиясы боюнча аймактык борбордун мүмкүнчүлүгүн белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 24-мартта Бириккен Улуттар Уюмунун Борбор Азия үчүн алдын алуу дипломатиясы боюнча аймактык борборунун башчысы Петко Драгановду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү жарыялады. Маалыматка ылайык, жолугушууда аймактык коопсуздукту камсыз кылууга жана Борбор Азия чөлкөмүндөгү кырдаалдын өнүгүү перспективаларына байланыштуу маселелер талкууланды. Мамлекет башчы Кыргыз Республикасы аймакта пайда болгон маселелерди сүйлөшүү жолу менен гана чечүүнү жактаарын, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн биргелешкен аракеттерин улантуунун маанилүү экендигин баса белгиледи.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142889
2016-03-25
ky
ЭЛДИК ВИДЕО: Барак Обама танго бийледи
SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Барак Обама танго бийледи" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Ogoi). Видеодо бийчи кыз АКШнын президентин танго бийин бийлөөгө чакырат. Америка лидери жанындагылардын үгүттөөсү менен эл ортосуна чыгып, Обама бийчи менен бир нече кыймыл жасаганын көрөбүз. Бул убакта анын жубайы башка өнөк менен бийледи. Бул окуя АКШ президентин Аргентинанын президенти коноктоп жаткан учурда болду. Обама Аргентинага расмий чакыруу менен келген. Видеону көрүү үчүн шилтеме.
порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Барак Обама танго бийледи" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Ogoi). Видеодо бийчи кыз АКШнын президентин танго бийин бийлөөгө чакырат. Америка лидери жанындагылардын үгүттөөсү менен эл ортосуна чыгып, Обама бийчи менен бир нече кыймыл жасаганын көрөбүз. Бул убакта анын жубайы башка өнөк менен бийледи. Бул окуя АКШ президентин Аргентинанын президенти коноктоп жаткан учурда болду. Обама Аргентинага расмий чакыруу менен келген.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142887
2016-03-25
ky
АФИША, 25-МАРТ: "Манас" кинотеатрында "ЖинМэн" тасмасы көрсөтүлөт
"Кыргыз киносу" кинотеатры Чоң зал "Зверополис” 3D тасмасы. 10:40, 15:50. “Бэтмен против Супермена: на заре справедливости” тасмасы. 12:50, 18:00, 20:50. “Боги Египта” (+16) тасмасы. 23:50. Кичи зал "Эне жүрөгү” тасмасы. 16:10, 22:00. “Герой моей девушки” тасмасы. 12:10, 20:00. “Чүкө баатыр” тасмасы. 10:30, 14:00, 18:00. "Манас" кинотеатры Чоң зал "Зверополис” 3D тасмасы. 10:40, 15:50. “Бэтмен против Супермена: на заре справедливости” тасмасы. 12:50, 18:00, 20:50. “Боги Египта” тасмасы. 23:50. Көк зал "Дивергент, глава 3: За стеной" тасмасы. 11:10, 18:10. “Бэтмен против Супермена: на заре справедливости” тасмасы. 22:40. “Падение Лондона” тасмасы. 13:40, 20:30. “Боги Египта” тасмасы. 15:40. Жашыл зал “Эне жүрөгү” тасмасы. 10:20, 12:00, 13:40, 15:20, 17:00, 18:40, 20:20, 22:00, 23:40. Кызыл зал “ЖинМэн" тасмасы. 10:40, 12:20, 14:00, 15:40, 17:30, 19:20, 21:10, 23:00. Ретро зал "Бир мешок акча" тасмасы. 10:30, 12:10, 14:10, 16:00, 17:50, 19:40, 21:30, 23:10. Айтыш зал “Чүкө баатыр” тасмасы. 11:30, 15:10, 19:10. "Запрос в друзья" тасмасы. 13:20, 17:10. “Эне жүрөгү” тасмасы. 21:00. Замандаш зал “Герой моей девушки” тасмасы. 11:00, 12:40, 16:20, 20:00, 23:50. “Бир мешок акча” тасмасы. 14:30, 18:10, 22:00.
"Кыргыз киносу" кинотеатры Чоң зал "Зверополис” 3D тасмасы. “Боги Египта” (+16) тасмасы. 23:50. Кичи зал "Эне жүрөгү” тасмасы. “Чүкө баатыр” тасмасы. 10:30, 14:00, 18:00. "Манас" кинотеатры Чоң зал "Зверополис” 3D тасмасы. “Боги Египта” тасмасы. “Падение Лондона” тасмасы. 13:40, 20:30. “Боги Египта” тасмасы. 15:40. Жашыл зал “Эне жүрөгү” тасмасы. 10:20, 12:00, 13:40, 15:20, 17:00, 18:40, 20:20, 22:00, 23:40. Кызыл зал “ЖинМэн" тасмасы. 10:40, 12:20, 14:00, 15:40, 17:30, 19:20, 21:10, 23:00. Ретро зал "Бир мешок акча" тасмасы. 10:30, 12:10, 14:10, 16:00, 17:50, 19:40, 21:30, 23:10. Айтыш зал “Чүкө баатыр” тасмасы. “Эне жүрөгү” тасмасы.
Күннаама
true
https://www.super.kg/kabar/news/142883
2016-03-25
ky
ЖЫЛНААМА, 25-март: Мындан 11 жыл мурун Бишкекте соода борборлорун массалык тоноо орун алган
Мындан 11 жыл мурун, 2005-жылы Кыргыз Республикасында бийлик алмашкандан кийин 24-марттан 25-мартка караган түнү Бишкек шаарында талоончулук орун алган. Борбордогу Өкмөт үйүнөн башталган талоончулук түнкү каракчылык менен уланган. Бишкектеги айрым дүкөндөр тонолуп, кээ бири өрттөлгөн. Мындан улам өлкөнүн экономикасына 100 миллион АКШ долларынан ашуун суммада зыян келтирилген. Биринчи кезекте ири соода борборлорунун ээлери жана ижарачылар жапа чегишкен. Ал кездеги жаңы кыргыз бийлиги укук коргоо органдарынын жана элдик кошуундардын жардамы менен банктарды жана стратегиялык объекттердин тонолуусунун алдын алган. Мародёрчулукка катышкандардын айрымдары кармалып, келтирген чыгымдарын төлөп беришкен. 25-марттын жылнаамасы .
Мындан 11 жыл мурун, 2005-жылы Кыргыз Республикасында бийлик алмашкандан кийин 24-марттан 25-мартка караган түнү Бишкек шаарында талоончулук орун алган. Борбордогу Өкмөт үйүнөн башталган талоончулук түнкү каракчылык менен уланган. Бишкектеги айрым дүкөндөр тонолуп, кээ бири өрттөлгөн. Мындан улам өлкөнүн экономикасына 100 миллион АКШ долларынан ашуун суммада зыян келтирилген. Биринчи кезекте ири соода борборлорунун ээлери жана ижарачылар жапа чегишкен. Ал кездеги жаңы кыргыз бийлиги укук коргоо органдарынын жана элдик кошуундардын жардамы менен банктарды жана стратегиялык объекттердин тонолуусунун алдын алган. Мародёрчулукка катышкандардын айрымдары кармалып, келтирген чыгымдарын төлөп беришкен.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142885
2016-03-25
ky
Түнкү Бишкекке саякат (фоторепортаж)
Бишкек бир мезгилде жашыл шаар катары калаа тургундарынын жана конокторунун купулуна толуп, сүйүктүү шаары болуп келген. Мрамордон салынган имараттар да көпчүлүктү суктандырбай койбойт эле. Азыр да шаарыбызды суктануу менен кароого болот. Шаардагы жашоонун ылдамдыгы күндүз өзгөчө байкалса, түнкүсүн унаа тыгындары жоюлуп, бир аз да болсо тынчыгансып калат. Жогорудагы сүрөттөрдөн Бишкектин түнкү көрүнүшү менен тааныша аласыздар. Акыркы жылдары шаарыбыздын архитектуралык көрүнүшүнүн бир топ жогорулаганы байкалат. Жаңы салынып жаткан заманбап кеңселер, турак жайлар, соода борборлору, алардын кооз жасалгалары кубандырбай койбойт. Ошол эле учурда башка өлкөлөрдүн борбор шаарларына салыштырмалуу жетишпегендиктерин да байкасак болот. Түнкү Бишкектин негизги көйгөйү - көчөлөрдө жарыктын жоктугу жана унаа жолдорунун жыртык-тешиктери. Бул көрүнүш көпчүлүктү капа кылат. Бирок түнкүсүн тургундар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Бишкек бир мезгилде жашыл шаар катары калаа тургундарынын жана конокторунун купулуна толуп, сүйүктүү шаары болуп келген. Мрамордон салынган имараттар да көпчүлүктү суктандырбай койбойт эле. Азыр да шаарыбызды суктануу менен кароого болот. Шаардагы жашоонун ылдамдыгы күндүз өзгөчө байкалса, түнкүсүн унаа тыгындары жоюлуп, бир аз да болсо тынчыгансып калат. Жогорудагы сүрөттөрдөн Бишкектин түнкү көрүнүшү менен тааныша аласыздар. Акыркы жылдары шаарыбыздын архитектуралык көрүнүшүнүн бир топ жогорулаганы байкалат. Жаңы салынып жаткан заманбап кеңселер, турак жайлар, соода борборлору, алардын кооз жасалгалары кубандырбай койбойт. Ошол эле учурда башка өлкөлөрдүн борбор шаарларына салыштырмалуу жетишпегендиктерин да байкасак болот. Түнкү Бишкектин негизги көйгөйү - көчөлөрдө жарыктын жоктугу жана унаа жолдорунун жыртык-тешиктери. Бул көрүнүш көпчүлүктү капа кылат.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142607
2016-03-25
ky
КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫ . 24-МАРТ. Аксыда абал туруктуу. Депутат кыргыз чек арачыларына материалдык жардам көрсөттү
16:33. Аксы районунда абал тынч, туруктуу. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү активист Шекербек Камчыбек уулу билдирди. Анын айтымында, бүгүн кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу аймакка Жогорку Кеңештин депутаты Нургазы Нышанов келип, кыргыз аскерлери менен жолугушту. "Депутат чек арачыларыбызга колдоо катары материалдык жардам көрсөттү" ,- дейт активист. Мындан тышкары ал чек арада сүрөт тартууга тыюу салынганын баса белгиледи. 13:49. "Премьер-министр Темир Сариев - өлкөнүн аймактык бүтүндүгү жана кол тийбестигин сактоого бардык аракетин көргөн кызмат адамдарынын бири. Бул жаатта өзүнүн милдетин толук жана так аткарып жатат жана Үңкүр-Тоону башка өлкөнүн аймагы деп тааныган бир да документке кол койгон эмес. Ал эми бүгүнкү нааразычылык акциясына чыккандар Темир Сариевди негизсиз айыпташууда. Алар чек ара маселесин жеке кызыкчылыгына пайдалануу менен бул маселени ого бетер күчөтүп, көйгөйдүн тереңдешине шарт түзүп берип жатышат. Муну мекенчилдикке жатпайт деп ойлойбуз. Чек ара жана коопсуздук маселелеринде аткарылып жаткан иштердин баарын эле ачык айтууга болбойт жана өтө этият мамиле кылуу зарыл" ,- деп билдирди SUPER.KG порталына премьер-министрдин басма сөз катчысы Бакыт Асанов . 12:48: Өлкө жетекчиси Алмазбек Атамбаев быйыл Өзбекстандын борбору Ташкентте өтүүчү Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине катышпай турганын билдирди. 12:18. Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал боюнча кыргыз өлкөсү Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна алдын ала маалымат берүүгө милдеттүү экенин айтты. "Азырынча кеп-кеңеш алышуу болуп жатат. Айрымдар уюмду сындап жатышат, бирок ЖККУ (ОДКБ) башка өлкө тарабынан агрессия болгон учурда гана кырдаалга кийлигишет", - деди мамлекет башчы. 12:05. "Өзбекстан айласы кеткенден улам азыркыдай кадамга барып жатат. 25 жылдан бери алардын көзүн карап өзүбүзгө караштуу объекттерди кайтарып ала албай жатабыз. Көп жерибизден ажырап калдык. Мындайды токтотуу керек. Мен президент болгондо өлкөбүз эми эч кимдин алдында тизе бүкпөй турганын айткам. Коңшуларыбыз мурда газды өчүрөм, светти өчүрөм деп коркутуп жүрсө, акыркы жылдары андай рычагдан ажырап калды. Аргасы түгөнгөндө мындай туура эмес аракеттерге барууда", - деди президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте журналисттер менен жолугушууда. 11:54. Президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте бүгүн журналисттер менен жолугушууда чек арадагы кырдаалга пикирин билдирди. "Кыргыз мамлекети согуш баштабайт, бирок жообун берүүгө даяр!" - деди президент. 11:47. Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын ортосунда такталбаган 58 чек ара тилкеси бар. Кайсы мамлекетке караштуу экени чечиле элек чек аранын жалпы узундугу 324 чакырымды түзөт. Муну маалымат жыйында өкмөттүн чек ара боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди. 11:40. " Биз өкмөттүн тарашын жана премьердин отставкасын талап кылган жокпуз. Алмазбек Атамбаев тиешелүү кишилерди жоопко тартышы керек. Премьер-министр жердин бүтүндүгү боюнча жоопкерчиликти сезиши керек. Буга чейин айтылган маселелерге көңүл бурбай жүрүп, мына, жыйынтыгын бүгүн көрүп жатабыз",- дейт активист Мавлян Аскарбеков . 11:34. Жарандык активисттер Ак үйдүн алдында премьер-министр Темир Сариевдин Үңкүр-Тоо боюнча жооп беришин талап кылышууда. "Жер саткан жаман адат таап алышты. Муну токтотуу зарыл. Жер саткандар жоопко тартылышы керек" ,- дешүүдө. 11:31. Союз маалында кыргыз өлкөсүнүн аймагына Өзбекстан тарабынан курулган объектилер Кыргыз Республикасынын карамагына алынат. Бул боюнча атайын келишимдер бар экенин айтты Курбанбай Искандаров. 11:25. Мындан ары Орто-Токой суу сактагычынан суу Өзбекстанга келишим боюнча гана берилет. Маалыматты өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров маалымат жыйынында билдирди. 10:50. Аксы районундагы Үңкүр-Тоонун тагдырына тынчсызданган активисттер бүгүн Бишкекте Ак үйдүн алдына митингге чыгышат. Алар бийликтен чек ара кырдаалын тезинен чечүүнү, тоону Өзбекстанга өткөрүү аракетин токтотууну талап кылышарын жарыялашты.
16:33. Аксы районунда абал тынч, туруктуу. Бул тууралуу порталына жергиликтүү активист Шекербек Камчыбек уулу билдирди. Анын айтымында, бүгүн кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу аймакка Жогорку Кеңештин депутаты Нургазы Нышанов келип, кыргыз аскерлери менен жолугушту. "Депутат чек арачыларыбызга колдоо катары материалдык жардам көрсөттү" ,- дейт активист. Мындан тышкары ал чек арада сүрөт тартууга тыюу салынганын баса белгиледи. 13:49. "Премьер-министр Темир Сариев - өлкөнүн аймактык бүтүндүгү жана кол тийбестигин сактоого бардык аракетин көргөн кызмат адамдарынын бири. Бул жаатта өзүнүн милдетин толук жана так аткарып жатат жана Үңкүр-Тоону башка өлкөнүн аймагы деп тааныган бир да документке кол койгон эмес. Ал эми бүгүнкү нааразычылык акциясына чыккандар Темир Сариевди негизсиз айыпташууда. Алар чек ара маселесин жеке кызыкчылыгына пайдалануу менен бул маселени ого бетер күчөтүп, көйгөйдүн тереңдешине шарт түзүп берип жатышат. Муну мекенчилдикке жатпайт деп ойлойбуз. Чек ара жана коопсуздук маселелеринде аткарылып жаткан иштердин баарын эле ачык айтууга болбойт жана өтө этият мамиле кылуу зарыл" ,- деп билдирди порталына премьер-министрдин басма сөз катчысы Бакыт Асанов . 12:48: Өлкө жетекчиси Алмазбек Атамбаев быйыл Өзбекстандын борбору Ташкентте өтүүчү Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине катышпай турганын билдирди. 12:18. Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал боюнча кыргыз өлкөсү Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна алдын ала маалымат берүүгө милдеттүү экенин айтты. "Азырынча кеп-кеңеш алышуу болуп жатат. Айрымдар уюмду сындап жатышат, бирок ЖККУ (ОДКБ) башка өлкө тарабынан агрессия болгон учурда гана кырдаалга кийлигишет", - деди мамлекет башчы. 12:05. "Өзбекстан айласы кеткенден улам азыркыдай кадамга барып жатат. 25 жылдан бери алардын көзүн карап өзүбүзгө караштуу объекттерди кайтарып ала албай жатабыз. Көп жерибизден ажырап калдык. Мындайды токтотуу керек. Мен президент болгондо өлкөбүз эми эч кимдин алдында тизе бүкпөй турганын айткам. Коңшуларыбыз мурда газды өчүрөм, светти өчүрөм деп коркутуп жүрсө, акыркы жылдары андай рычагдан ажырап калды. Аргасы түгөнгөндө мындай туура эмес аракеттерге барууда", - деди президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте журналисттер менен жолугушууда. 11:54. Президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте бүгүн журналисттер менен жолугушууда чек арадагы кырдаалга пикирин билдирди. "Кыргыз мамлекети согуш баштабайт, бирок жообун берүүгө даяр!" - деди президент. 11:47. Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын ортосунда такталбаган 58 чек ара тилкеси бар. Кайсы мамлекетке караштуу экени чечиле элек чек аранын жалпы узундугу 324 чакырымды түзөт. Муну маалымат жыйында өкмөттүн чек ара боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди. 11:40. " Биз өкмөттүн тарашын жана премьердин отставкасын талап кылган жокпуз. Алмазбек Атамбаев тиешелүү кишилерди жоопко тартышы керек. Премьер-министр жердин бүтүндүгү боюнча жоопкерчиликти сезиши керек. Буга чейин айтылган маселелерге көңүл бурбай жүрүп, мына, жыйынтыгын бүгүн көрүп жатабыз",- дейт активист Мавлян Аскарбеков . 11:34. Жарандык активисттер Ак үйдүн алдында премьер-министр Темир Сариевдин Үңкүр-Тоо боюнча жооп беришин талап кылышууда. "Жер саткан жаман адат таап алышты. Муну токтотуу зарыл. Жер саткандар жоопко тартылышы керек" ,- дешүүдө. 11:31. Союз маалында кыргыз өлкөсүнүн аймагына Өзбекстан тарабынан курулган объектилер Кыргыз Республикасынын карамагына алынат. Бул боюнча атайын келишимдер бар экенин айтты Курбанбай Искандаров. 11:25. Мындан ары Орто-Токой суу сактагычынан суу Өзбекстанга келишим боюнча гана берилет. Маалыматты өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров маалымат жыйынында билдирди. 10:50. Аксы районундагы Үңкүр-Тоонун тагдырына тынчсызданган активисттер бүгүн Бишкекте Ак үйдүн алдына митингге чыгышат.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142787
2016-03-24
ky
Дубайда кармалган Адил Тойгонбаев күрөө менен бошотулду
2005-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн Адил Тойгонбаев 2016-жылдын 6-мартында Дубайда кармалып, күрөө менен бошотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КРнын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркулов билдирди. Анын айтымында, Тойгонбаевдин качан бошотулганы Дубайдын расмий маалыматында белгиленген жок. "Казакстандын жараны Адил Тойгонбаев кыргыз тараптын суроосу менен Интерпол жана Бириккен Араб Эмираттарынын укук коргоо органдарынын биргелешкен аракети менен колго түшүрүлгөн. Тиешелүү материалдар Дубайдын Башкы прокуратурасына берилди" ,- деди Сүйөркулов. Эскерте кетсек, өлкөбүздүн биринчи президенти Аскар Акаевдин мурунку күйөө баласы Адил Тойгонбаев Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси боюнча күнөөлөнүүдө: алдын ала макулдашуулар боюнча адамдардын тобу тарабынан алдамчылык, салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын төлөөдөн баш тартуу, уурулук. 2005-жылдын август айында КРнын Башкы прокуратурасы Адил Тойгонбаевди камакка алууга буйрук чыгарып, бирок ал кыргыз жеринен качып кетүүгө үлгүргөн. Адил Тойгонбаев 2014-жылдын 9-февралында Орусиянын Шереметьево аэропортунда кармалып, 11-февралда бошотулган . 15-февралда ал экинчи жолу кармалып, 17-февралда чыгарылган .
2005-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн Адил Тойгонбаев 2016-жылдын 6-мартында Дубайда кармалып, күрөө менен бошотулду. Бул тууралуу порталына КРнын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркулов билдирди. Анын айтымында, Тойгонбаевдин качан бошотулганы Дубайдын расмий маалыматында белгиленген жок. "Казакстандын жараны Адил Тойгонбаев кыргыз тараптын суроосу менен Интерпол жана Бириккен Араб Эмираттарынын укук коргоо органдарынын биргелешкен аракети менен колго түшүрүлгөн. Тиешелүү материалдар Дубайдын Башкы прокуратурасына берилди" ,- деди Сүйөркулов. Эскерте кетсек, өлкөбүздүн биринчи президенти Аскар Акаевдин мурунку күйөө баласы Адил Тойгонбаев Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси боюнча күнөөлөнүүдө: алдын ала макулдашуулар боюнча адамдардын тобу тарабынан алдамчылык, салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын төлөөдөн баш тартуу, уурулук. 2005-жылдын август айында КРнын Башкы прокуратурасы Адил Тойгонбаевди камакка алууга буйрук чыгарып, бирок ал кыргыз жеринен качып кетүүгө үлгүргөн. Адил Тойгонбаев 2014-жылдын 9-февралында Орусиянын Шереметьево аэропортунда кармалып, 11-февралда бошотулган .
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142891
2016-03-24
ky
КҮНСЕРЕП : Атамбаев Абдуганиевичтин айласын алты кетирдиби?
Бүгүн, 24-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз... Журналисттер менен жолугушкан президент Алмазбек Атамбаев чек ара кырдаалы, өлкөнүн ички-тышкы саясаты жаатында пикир алышты . "Кыргыз мамлекетинин чечкиндүү кадамдарынан кийин айласын таппай калган Өзбекстан мыйзамсыз аракеттерди жасоого өттү..." Аксыдагы кырдаалды президент ушундай сүрөттөп, кыргыз бийлиги бараткан багытынан кайтпай турганын ишенимдүү айтты. "Өзбекстан мурда светти өчүрүп коём, газды токтотом деп коркутчу. Акыркы жылдары андай механизмден ажырады, эми айласы түгөнгөндө азыркыдай мыйзамсыз нерселерге барып жатат" ,- деди Атамбаев. Кыргыз мамлекети свет, газ боюнча жалдырап Өзбекстандын көзүн тиктебей калганы чын. Энергетикалык шакектен көз каранды болбоо үчүн курулган "Датка-Кемин" линиясынын артыкчылыгын "энергетикмин" дегендин баары айтып жүрүшөт. Республикага үзгүлтүксүз газ жеткирүү милдети "Газпром" компаниясынын мойнуна жүктөлгөн. Кыргыз тараптын Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу планы да коңшулардын уйкусун бузуп келет. Президент өз сөзүндө ушул жана көпчүлүк билип-билбеген башка жагдайларды көңүлгө алгандыр... Аксыдагы Үңкүр-Тоого байланыштуу президент ток этер жерин айтты: "Тоо башкаларга берилбейт, эгер берилсе Сариевдин башы кетет". Темир Сариев жетектеген өкмөттүн Үңкүр-Тоого байланыштуу айласы кетти. Аталган тоону Өзбекстанга караштуу аймак деп таануу, тоонун башындагы станцияны которуу боюнча интернетке тараган протоколду жалган деп атап, башка документти жарыялады. "Биз тоону башка мамлекетке таандык деп токтом чыгарган эмеспиз",- деп билдирүүдө. Кербен шаардык кеңешинин депутаты Эргеш Озокеев премьер-министр Темир Сариевдин мындай жоругун элди сыйлабагандык деп атады. "Сариев жанын жебесин! Анын жиберген документин бурмалап элге жарыялагыдай биз эмне жиндибизби?! Токтом биринчи район акимине келген. Акимден шаардык кеңешке келип түштү. Акимдин башы болсо премьер-министрден токтом келери менен "мунуңар болбойт, Аксынын эли муну укса көтөрүлүп чыгат" деп артка кайтарып жибериши керек болчу. Сариев "андай токтом чыгарган эмесмин" деп актануунун ордуна "туура эмес жазылып калыптыр, кечирип койгула" десе болмок. "Башка станция курууга жер карап жатабыз" дейт. Уят эле, станция курам десе Үңкүр-Тоонун башынан деле толтура орун табылат, кура бербейби. Премьер-министр Аксыны билбейт, токтомго жөн эле жазып койгон... Жыйынга катышкан министрлер да "андай токтом жок" деп жанын жешүүдө, айласыз күлөсүң да..."- дейт Озокеев. Эгерде айтканы жалган болсо, мындай олуттуу айып таккан шаардык кеңештин депутатына чара көрүлөрү тууралуу эмне үчүн премьер-министр бир ооз кеп айтпайт? Көпчүлүктөн жашыра турган нерсеси бар өңдүү айтылган маалыматка тактоо киргизүү менен гана чектелип жатканы табышмак... Борбор шаарда жарандык активисттер Ак үйдүн алдына митингге чыгышып, Сариевден Үңкүр-Тоо боюнча жооп беришин талап кылышты . "Жер саткан жаман адат таап алышты. Муну токтотуу зарыл. Жер саткандар жоопко тартылышы керек" ,- дешти чогулгандар... Ички иштер министри Мелис Турганбаев диний эксперт Кадыр Маликов менен жолугушууда ага коргонуу үчүн травматикалык тапанча белек кылганы белгилүү болду. Белгилей кетсек, аталган адиске жакында кол салуу болгон, ага шектелгендер "Ислам мамлекети" тобунун мүчөлөрү экени маалымдалган эле. Министр менен диний адис жолугушууда терроризм, экстремизм коркунучтарын талкуулашкан. Министрдин тапанча белек кылышы коомчулуктун көңүлүн бурду. Бул өлкө жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууда милициянын алсыздыгын моюнга алгандыкпы? Терроризм же кылмыштуулук диний ишмерлердин эле эмес, мамлекеттин, анын ичиндеги бардык жарандардын коркунучу жана көйгөйү го. Жарандарга "өзүңөрдү өзүңөр коргогула" деген ишарат өңдөндү. Өлкөдө эми терроризмди жектеген ар бир жаран жанына курал көтөрүп жүрүшү керекпи? ИИМ республикадагы бардык жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын көрүүгө милдеттүү экенин Турганбаевдин эсине салабыз... "Кайгым жокто кайненем өлүптүр" деген кыргыздын макалы бүгүн өлкөнүн борборунда далилденди. Өлкө чек арасында олку-солку абал жаралып турганда Бишкекте троллейбус айдоочулары иш ташташты . Майда маселе көрүнгөнү менен, мындай иш шаардыктарга кадимкидей ыңгайсыздык жаратты. Окурмандар чалышып себебин билип берүүнү өтүнүп жатышты. Көрсө, айдоочулар айлыктары көтөрүлбөй жатканына нааразы болуп иш ташташыптыр. "Жетекчибиз жакында маянабыз көтөрүлөрүн айтышкан, бирок жогорулабай жатат" деди троллейбус айдоочуларынын бири. Мэрия кызматкерлерди көндүрүп, троллейбус каттамы кайра жанданды. Айдоочулардын талаптарын иликтөө үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөнү кечке маал кабарланды... Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бүгүн оппозиция лидерлери Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду кармап кетти . Алар коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырып, андан ары бийликти күч менен басып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр боюнча шектелип жатышат. Кадыров менен Асанов УКМКнын башкы имаратында сурак беришүүдө.
Бүгүн, 24-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз... Журналисттер менен жолугушкан президент Алмазбек Атамбаев чек ара кырдаалы, өлкөнүн ички-тышкы саясаты жаатында пикир алышты . "Кыргыз мамлекетинин чечкиндүү кадамдарынан кийин айласын таппай калган Өзбекстан мыйзамсыз аракеттерди жасоого өттү..." Аксыдагы кырдаалды президент ушундай сүрөттөп, кыргыз бийлиги бараткан багытынан кайтпай турганын ишенимдүү айтты. "Өзбекстан мурда светти өчүрүп коём, газды токтотом деп коркутчу. Акыркы жылдары андай механизмден ажырады, эми айласы түгөнгөндө азыркыдай мыйзамсыз нерселерге барып жатат" ,- деди Атамбаев. Кыргыз мамлекети свет, газ боюнча жалдырап Өзбекстандын көзүн тиктебей калганы чын. Энергетикалык шакектен көз каранды болбоо үчүн курулган "Датка-Кемин" линиясынын артыкчылыгын "энергетикмин" дегендин баары айтып жүрүшөт. Республикага үзгүлтүксүз газ жеткирүү милдети "Газпром" компаниясынын мойнуна жүктөлгөн. Кыргыз тараптын Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу планы да коңшулардын уйкусун бузуп келет. Президент өз сөзүндө ушул жана көпчүлүк билип-билбеген башка жагдайларды көңүлгө алгандыр... Аксыдагы Үңкүр-Тоого байланыштуу президент ток этер жерин айтты: "Тоо башкаларга берилбейт, эгер берилсе Сариевдин башы кетет". Темир Сариев жетектеген өкмөттүн Үңкүр-Тоого байланыштуу айласы кетти. Аталган тоону Өзбекстанга караштуу аймак деп таануу, тоонун башындагы станцияны которуу боюнча интернетке тараган протоколду жалган деп атап, башка документти жарыялады. "Биз тоону башка мамлекетке таандык деп токтом чыгарган эмеспиз",- деп билдирүүдө. Кербен шаардык кеңешинин депутаты Эргеш Озокеев премьер-министр Темир Сариевдин мындай жоругун элди сыйлабагандык деп атады. "Сариев жанын жебесин! Анын жиберген документин бурмалап элге жарыялагыдай биз эмне жиндибизби?! Токтом биринчи район акимине келген. Акимден шаардык кеңешке келип түштү. Акимдин башы болсо премьер-министрден токтом келери менен "мунуңар болбойт, Аксынын эли муну укса көтөрүлүп чыгат" деп артка кайтарып жибериши керек болчу. Сариев "андай токтом чыгарган эмесмин" деп актануунун ордуна "туура эмес жазылып калыптыр, кечирип койгула" десе болмок. "Башка станция курууга жер карап жатабыз" дейт. Уят эле, станция курам десе Үңкүр-Тоонун башынан деле толтура орун табылат, кура бербейби. Премьер-министр Аксыны билбейт, токтомго жөн эле жазып койгон... Жыйынга катышкан министрлер да "андай токтом жок" деп жанын жешүүдө, айласыз күлөсүң да..."- дейт Озокеев. Эгерде айтканы жалган болсо, мындай олуттуу айып таккан шаардык кеңештин депутатына чара көрүлөрү тууралуу эмне үчүн премьер-министр бир ооз кеп айтпайт? Көпчүлүктөн жашыра турган нерсеси бар өңдүү айтылган маалыматка тактоо киргизүү менен гана чектелип жатканы табышмак... Борбор шаарда жарандык активисттер Ак үйдүн алдына митингге чыгышып, Сариевден Үңкүр-Тоо боюнча жооп беришин талап кылышты . "Жер саткан жаман адат таап алышты. Муну токтотуу зарыл. Жер саткандар жоопко тартылышы керек" ,- дешти чогулгандар... Ички иштер министри Мелис Турганбаев диний эксперт Кадыр Маликов менен жолугушууда ага коргонуу үчүн травматикалык тапанча белек кылганы белгилүү болду. Белгилей кетсек, аталган адиске жакында кол салуу болгон, ага шектелгендер "Ислам мамлекети" тобунун мүчөлөрү экени маалымдалган эле. Министр менен диний адис жолугушууда терроризм, экстремизм коркунучтарын талкуулашкан. Министрдин тапанча белек кылышы коомчулуктун көңүлүн бурду. Бул өлкө жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууда милициянын алсыздыгын моюнга алгандыкпы? Терроризм же кылмыштуулук диний ишмерлердин эле эмес, мамлекеттин, анын ичиндеги бардык жарандардын коркунучу жана көйгөйү го. Жарандарга "өзүңөрдү өзүңөр коргогула" деген ишарат өңдөндү. Өлкөдө эми терроризмди жектеген ар бир жаран жанына курал көтөрүп жүрүшү керекпи? ИИМ республикадагы бардык жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын көрүүгө милдеттүү экенин Турганбаевдин эсине салабыз... "Кайгым жокто кайненем өлүптүр" деген кыргыздын макалы бүгүн өлкөнүн борборунда далилденди. Өлкө чек арасында олку-солку абал жаралып турганда Бишкекте троллейбус айдоочулары иш ташташты . Майда маселе көрүнгөнү менен, мындай иш шаардыктарга кадимкидей ыңгайсыздык жаратты. Окурмандар чалышып себебин билип берүүнү өтүнүп жатышты. Көрсө, айдоочулар айлыктары көтөрүлбөй жатканына нааразы болуп иш ташташыптыр. "Жетекчибиз жакында маянабыз көтөрүлөрүн айтышкан, бирок жогорулабай жатат" деди троллейбус айдоочуларынын бири. Мэрия кызматкерлерди көндүрүп, троллейбус каттамы кайра жанданды. Айдоочулардын талаптарын иликтөө үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөнү кечке маал кабарланды... Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бүгүн оппозиция лидерлери Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду кармап кетти . Алар коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырып, андан ары бийликти күч менен басып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр боюнча шектелип жатышат.
Күннаама
false
https://www.super.kg/kabar/news/142829
2016-03-24
ky
25-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаашы күтүлөт
БИШКЕК ШААРЫ Түнкүсүн +5°C Күндүз +14°C Күндүн узактыгы 12 саат 23 мүнөт. Күн саат 06:56да чыгып, 19:19да батат. Жамгыр жаайт Мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-14 метр ЧҮЙ ОБЛУСУ Түнкүсүн +5°C Күндүз +14°C Күндүн узактыгы 12 саат 22 мүнөт. Күн саат 06:56да чыгып, 19:19да батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-15 метр ТАЛАС ОБЛУСУ Түнкүсүн +3°C Күндүз +14°C Күндүн узактыгы 12 саат 23 мүнөт. Күн саат 07:05те чыгып, 19:28де батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-20 метр ОШ ОБЛУСУ Түнкүсүн +8°C Күндүз +20°C Күндүн узактыгы 12 саат 20 мүнөт. Күн саат 07:05те чыгып, 19:25те батат. Жамгыр жаайт Көпчүлүк аймактарда жаан жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-20 метр ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ Түнкүсүн +4°C Күндүз +17°C Күндүн узактыгы 12 саат 22 мүнөт. Күн саат 07:03тө чыгып, 19:25те батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-20 метр БАТКЕН ОБЛУСУ Түнкүсүн +3°C Күндүз +15°C Күндүн узактыгы 12 саат 21 мүнөт. Күн саат 07:12де чыгып, 19:34тө батат. Жамгыр жаайт Көпчүлүк аймактарда жаан жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-20 метр ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ Түнкүсүн -2°C Күндүз +14°C Күндүн узактыгы 12 саат 23 мүнөт. Күн саат 06:45те чыгып, 19:09да батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-20 метр НАРЫН ОБЛУСУ Түнкүсүн -5°C Күндүз +12°C Күндүн узактыгы 12 саат 22 мүнөт. Күн саат 06:51де чыгып, 19:13тө батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-20 метр
БИШКЕК ШААРЫ Түнкүсүн +5°C Күндүз +14°C Күндүн узактыгы 12 саат 23 мүнөт. Күн саат 06:56да чыгып, 19:19да батат. Жамгыр жаайт Мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-14 метр ЧҮЙ ОБЛУСУ Түнкүсүн +5°C Күндүз +14°C Күндүн узактыгы 12 саат 22 мүнөт. Күн саат 06:56да чыгып, 19:19да батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-15 метр ТАЛАС ОБЛУСУ Түнкүсүн +3°C Күндүз +14°C Күндүн узактыгы 12 саат 23 мүнөт. Күн саат 07:05те чыгып, 19:28де батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-20 метр ОШ ОБЛУСУ Түнкүсүн +8°C Күндүз +20°C Күндүн узактыгы 12 саат 20 мүнөт. Күн саат 07:05те чыгып, 19:25те батат. Жамгыр жаайт Көпчүлүк аймактарда жаан жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-20 метр ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ Түнкүсүн +4°C Күндүз +17°C Күндүн узактыгы 12 саат 22 мүнөт. Күн саат 07:03тө чыгып, 19:25те батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-20 метр БАТКЕН ОБЛУСУ Түнкүсүн +3°C Күндүз +15°C Күндүн узактыгы 12 саат 21 мүнөт. Күн саат 07:12де чыгып, 19:34тө батат. Жамгыр жаайт Көпчүлүк аймактарда жаан жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-20 метр ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ Түнкүсүн -2°C Күндүз +14°C Күндүн узактыгы 12 саат 23 мүнөт. Күн саат 06:45те чыгып, 19:09да батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-20 метр НАРЫН ОБЛУСУ Түнкүсүн -5°C Күндүз +12°C Күндүн узактыгы 12 саат 22 мүнөт. Күн саат 06:51де чыгып, 19:13тө батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын күтүлөт.
Күннаама
false
https://www.super.kg/kabar/news/142881
2016-03-24
ky
ЖЫЛНААМА, 24-март: Мындан 29 жыл мурун испаниялык актриса Мария Вальверде туулган
Мындан 29 жыл мурун, 1987-жылы 24-мартта "Ашыктык асманында" тасмасынан соң таанылган испаниялык актриса Мария Вальверде Мадрид шаарындагы Карабанчель районунда чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Үй-бүлөсүндөгү дээрлик бардык адамдардын искусство менен байланышы болгон. Алсак: атасы - сүрөтчү, апасы кесиби боюнча скульптор, бирок мээрман айым болуп иштесе, чоң атасы театрдын директору болгон. Мария кичинесинен фильмдерди көргөндү жактырчу. Өзүнүн сүйүктүү актрисаларын көргөн сайын актриса болуп, алар сыяктуу таанымал болууну самаган. Анын кыялы 10 жашында аткарылып, ал спектаклде өзүнүн биринчи ролун жараткан. Ал эми тасма талаасындагы карьерасы 2003-жылы башталып, эң алгач "Большевиктин алсыздыгы" тасмасында дебюттук ролун жараткан. Мария бул фильмде жараткан ролу үчүн 2004-жылы мыкты жаш актриса катарында "Гойя" сыйлыгына ээ болгон. 24-марттын жылнаамасы .
Мындан 29 жыл мурун, 1987-жылы 24-мартта "Ашыктык асманында" тасмасынан соң таанылган испаниялык актриса Мария Вальверде Мадрид шаарындагы Карабанчель районунда чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Үй-бүлөсүндөгү дээрлик бардык адамдардын искусство менен байланышы болгон. Алсак: атасы - сүрөтчү, апасы кесиби боюнча скульптор, бирок мээрман айым болуп иштесе, чоң атасы театрдын директору болгон. Мария кичинесинен фильмдерди көргөндү жактырчу. Өзүнүн сүйүктүү актрисаларын көргөн сайын актриса болуп, алар сыяктуу таанымал болууну самаган. Анын кыялы 10 жашында аткарылып, ал спектаклде өзүнүн биринчи ролун жараткан. Ал эми тасма талаасындагы карьерасы 2003-жылы башталып, эң алгач "Большевиктин алсыздыгы" тасмасында дебюттук ролун жараткан. Мария бул фильмде жараткан ролу үчүн 2004-жылы мыкты жаш актриса катарында "Гойя" сыйлыгына ээ болгон.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142869
2016-03-24
ky
Медициналык академиянын кызматкеринин өлүмүнө байланыштуу УКМКнын айрым кызматкерлерине кылмыш иши козголду
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын кызматкери Абдыкерим Гапаровдун өлүмү боюнча жоопко тартылып жаткан УКМКнын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 24-март күнү SUPER.KG порталына аталган академиянын басма сөз катчысы Абибилла Пазылов билдирди. Маалым болгондой, аталган окуу жайдын жетекчилери Башкы прокуратурага Абдыкерим Гапаровдун өлүмүнө байланыштуу ишти кароону өтүнүп, кат жөнөтүшкөн. Бул өтүнүч боюнча 18-март күнү Аскер прокуратурасынан УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын айрым адамдарына карата "кыйноо" беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдиришти. Ошондой эле Аскер прокуратурасынын расмий жообунда “аталган чечим менен макул болсоңор, анда Башкы прокуратурага же Жогорку Сотко кайрылсаңар болот” деп айтылган. "Биз Аскер прокуратурасынын жообун академиянын жетекчилер жыйынында карамакчыбыз. Эгерде жыйында аталган мекемеден келген жоопту адилеттүү деп тапсак, эч жакка кайрылбайбыз. Ал эми андай болбосо, жогорку инстанцияларга кайрылабыз, анткени бул иш адам өлүмү менен байланыштуу" , - деп билдирди Пазылов.
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын кызматкери Абдыкерим Гапаровдун өлүмү боюнча жоопко тартылып жаткан УКМКнын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 24-март күнү порталына аталган академиянын басма сөз катчысы Абибилла Пазылов билдирди. Маалым болгондой, аталган окуу жайдын жетекчилери Башкы прокуратурага Абдыкерим Гапаровдун өлүмүнө байланыштуу ишти кароону өтүнүп, кат жөнөтүшкөн. Бул өтүнүч боюнча 18-март күнү Аскер прокуратурасынан УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын айрым адамдарына карата "кыйноо" беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдиришти. Ошондой эле Аскер прокуратурасынын расмий жообунда “аталган чечим менен макул болсоңор, анда Башкы прокуратурага же Жогорку Сотко кайрылсаңар болот” деп айтылган. "Биз Аскер прокуратурасынын жообун академиянын жетекчилер жыйынында карамакчыбыз. Эгерде жыйында аталган мекемеден келген жоопту адилеттүү деп тапсак, эч жакка кайрылбайбыз.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142875
2016-03-24
ky
Ошто "Бир оор жолдун үч ашуусу" аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү
Бүгүн, 24-мартта Ош шаарында Тарых жана маданият жылынын алкагында "Бир оор жолдун үч ашуусу" деген аталыштагы илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу Ош мамлекеттик университетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, конференцияга билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева , профессор Кыяс Молдокасымов , ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков , университеттин профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер катышты. " Конференциянын жүрүшүндө тарыхчылар "Тарых жана маданият жылында аткарылуучу иш-чаралар", "Аксы окуясы - эгемендүү Кыргыз Республикасындагы саясий өзгөрүүлөрдүн башаты", "Март элдик революциясынын себептери жана эгемендүү кыргыз жергесинин тарыхындагы орду", "2010-жылдагы Апрель революциясынын себептери жана сабактары" деген темалардын алкагында баяндамаларды жасашты. Белгилей кетсек, илимий-практикалык конференциянын негизги максаты жаштарга тарыхты туура жеткирүү, алардан сабак алуу болуп саналат ”,- деп айтылат маалыматта.
Бүгүн, 24-мартта Ош шаарында Тарых жана маданият жылынын алкагында "Бир оор жолдун үч ашуусу" деген аталыштагы илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу Ош мамлекеттик университетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, конференцияга билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева , профессор Кыяс Молдокасымов , ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков , университеттин профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер катышты. " Конференциянын жүрүшүндө тарыхчылар "Тарых жана маданият жылында аткарылуучу иш-чаралар", "Аксы окуясы - эгемендүү Кыргыз Республикасындагы саясий өзгөрүүлөрдүн башаты", "Март элдик революциясынын себептери жана эгемендүү кыргыз жергесинин тарыхындагы орду", "2010-жылдагы Апрель революциясынын себептери жана сабактары" деген темалардын алкагында баяндамаларды жасашты.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142877
2016-03-24
ky
Баткен облусунда баңгизат менен 52 жаштагы жаран кармалды
Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында 500 грамм баңгизат менен 52 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 22-мартта саат 08:40 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Жусубалиев көчөсүндөгү Балдарга билим берүү борборунун короосунан Кадамжай районунун 52 жаштагы О.Н. аттуу тургуну кармалган. Анын колундагы пакеттин ичинен жалпы салмагы 500 граммды түзгөн гашиш табылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында 500 грамм баңгизат менен 52 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 22-мартта саат 08:40 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Жусубалиев көчөсүндөгү Балдарга билим берүү борборунун короосунан Кадамжай районунун 52 жаштагы О.Н. аттуу тургуну кармалган. Анын колундагы пакеттин ичинен жалпы салмагы 500 граммды түзгөн гашиш табылган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142851
2016-03-24
ky
Лондондо койлор менен уйлар "митингге" чыгышты
Лондон шаарынын так ортосунда британиялык фермерлердин өзгөчө митинги болуп өттү. Алар айыл чарба тармагындагы мамлекеттик саясатка каршы митингге уй, койлорду алып келишип, алар менен шаардын көчөлөрүн кыдырып, жөө жүрүш уюштурушту. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Жергиликтүү тургундар мындай жол менен Британия бийлигин айыл чарба тармагына көңүл бурдурууну көздөшкөн. Алардын айтымында, көптөгөн өндүрүүчүлөр оор финансылык абалга кабылышкан. Фермерлердин негизги көйгөйлөрү деп дүңүнөн сатып алуудагы баалардын кескин төмөндөшү, сатуу түйүндөрүнөн көз каранды кылган келишимдердин түзүлүшү жана чет элдик базарларга азык-түлүктөрдү сатуудагы чектөөлөр айтылган.
Лондон шаарынын так ортосунда британиялык фермерлердин өзгөчө митинги болуп өттү. Алар айыл чарба тармагындагы мамлекеттик саясатка каршы митингге уй, койлорду алып келишип, алар менен шаардын көчөлөрүн кыдырып, жөө жүрүш уюштурушту. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Жергиликтүү тургундар мындай жол менен Британия бийлигин айыл чарба тармагына көңүл бурдурууну көздөшкөн. Алардын айтымында, көптөгөн өндүрүүчүлөр оор финансылык абалга кабылышкан.
Түркүн дүйнө
false
https://www.super.kg/kabar/news/142865
2016-03-24
ky
Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Австралия курамасы Тажикстанды 7:0 эсебинде утту
Австралия - Тажикстан - 7:0 Голдор: М.Луонго (2-мүнөттө), М.Йединак (13), М.Миллиган (57), Бернс (67, 87), Т.Рогич (70, 72) Бүгүн, 24-мартта Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун Азия чөлкөмү боюнча "В" тайпасында Австралия курамасы Тажикстан курамасын кабыл алды. Алгачкы мүнөттөрдөн тарта үй ээлери чеберчилик жагынан атаандаштарынан айырмаланып, арты-артынан чабуул уюштурушту. Жыйынтыгында ири эсепте жеңишке жетишип, 3 упайга ээ болушту. Кошумчалай кетсек, бул турда Кыргыз Республикасынын улуттук курамасы ойнобойт. Учурда футболчуларыбыз Тажикстан курамасы менен 29-мартта боло турган беттешке даярданышууда (беттеш Дүйшөмбү шаарында өтөт).
Австралия - Тажикстан - 7:0 Голдор: М.Луонго (2-мүнөттө), М.Йединак (13), М.Миллиган (57), Бернс (67, 87), Т.Рогич (70, 72) Бүгүн, 24-мартта Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун Азия чөлкөмү боюнча "В" тайпасында Австралия курамасы Тажикстан курамасын кабыл алды. Алгачкы мүнөттөрдөн тарта үй ээлери чеберчилик жагынан атаандаштарынан айырмаланып, арты-артынан чабуул уюштурушту. Жыйынтыгында ири эсепте жеңишке жетишип, 3 упайга ээ болушту. Кошумчалай кетсек, бул турда Кыргыз Республикасынын улуттук курамасы ойнобойт.
Спорт
false
https://www.super.kg/kabar/news/142871
2016-03-24
ky
"Өлкөдө төңкөрүш жасоону пландашкан" деп Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов УКМКга жеткирилишти
Бүгүн, 24-мартта "өлкөдө төңкөрүш жасоону пландашкан" деп Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилишти. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. "К.Кадыров жана Б.Асанов коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, андан ары бийликти күч менен басып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр боюнча шектелип жатышат. Учурда тергөө амалдары уланууда" ,- деп айтылат маалыматта. Мекемеден билдиришкендей, учурда К.Кадыров жана Б.Асанов УКМКнын башкы имаратында сурак беришүүдө. Айта кетсек, 22-мартта интернетте "оппозиция өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү" делинген аудиожазуу тараган . Материалда Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дуулатбек Турдуналиев, Равшан Жээнбеков, Мамбетжунус Абылов делген адамдардын сүйлөшүүсү жазылган. Андагы сүйлөшүүгө катышкан адамдар "революцияга эл бышып жетилди, биригели" деген сөздөрдү айтышат. УКМК бул аудиожазууларды текшерип, монтаж эмес экенин жарыялаган .
Бүгүн, 24-мартта "өлкөдө төңкөрүш жасоону пландашкан" деп Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилишти. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. "К.Кадыров жана Б.Асанов коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, андан ары бийликти күч менен басып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр боюнча шектелип жатышат. Учурда тергөө амалдары уланууда" ,- деп айтылат маалыматта. Мекемеден билдиришкендей, учурда К.Кадыров жана Б.Асанов УКМКнын башкы имаратында сурак беришүүдө. Айта кетсек, 22-мартта интернетте "оппозиция өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү" делинген аудиожазуу тараган . Материалда Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дуулатбек Турдуналиев, Равшан Жээнбеков, Мамбетжунус Абылов делген адамдардын сүйлөшүүсү жазылган. Андагы сүйлөшүүгө катышкан адамдар "революцияга эл бышып жетилди, биригели" деген сөздөрдү айтышат.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142873
2016-03-24
ky
Ысык-Ата районунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялдардын биринин 5 айлык боюнда бар болгон
Ысык-Ата районуна караштуу Киргшёлк айылында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эки аял бир туугандар, ал эми кош бойлуу келин үй ээсинин кызы экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, каза тапкан 64 жаштагы үй ээси жана 54 жаштагы аял эже-сиңди, ал эми 5 айлык боюнда бар 24 жаштагы келин үй ээсинин кызы экени белгилүү болду. Каргашалуу окуя үй ээсинин үйүндө орун алган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмышкерлер үйдү тоноо максатында киришкен. Бул факт боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө улантылууда.
Ысык-Ата районуна караштуу Киргшёлк айылында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эки аял бир туугандар, ал эми кош бойлуу келин үй ээсинин кызы экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, каза тапкан 64 жаштагы үй ээси жана 54 жаштагы аял эже-сиңди, ал эми 5 айлык боюнда бар 24 жаштагы келин үй ээсинин кызы экени белгилүү болду. Каргашалуу окуя үй ээсинин үйүндө орун алган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмышкерлер үйдү тоноо максатында киришкен.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142861
2016-03-24
ky
ЖЫЛНААМА, 24-МАРТ: Мындан 37 жыл мурун украиналык ырчы Гайтана төрөлгөн
Мындан 37 жыл мурун, 1979-жылы 24-мартта, украиналык ырчы, “Евровидение-2012” сынагына өз өлкөсүнүн атынан катышкан Гайтана Украинанын Киев шаарында төрөлгөн. "Гайтана" деген сөздү лингала тилинен (Конго Демократиялык Республикасында тараган тил) которгондо "күчтүү", "улуу" дегенди билдирет. Гайтананын атасы конголук болсо, апасы украин кызы болгон. Ырчы Украинада төрөлүп, бирок 5 жашка чейин Конгодо жашаган. 1985-жылы ата-энесинин ажырашып кеткенине байланыштуу болочок ырчы апасы менен Украинага келет. Ошондон тарта атасы телефон аркылуу гана кызы менен сүйлөшүп турганы болбосо, бир да жолу басып келген эмес. "Эң мыкты" ("Самый лучший"), "Сагынам" ("Скучаю"), "Жакыным" ("Нет родней"), "Асман" ("Небо") аттуу ырлардын аткаруучусу Гайтана 12 жашында телевизиондук ыр сынагынан 3-орунду жеңип алгандан тарта чыгармачыл жашоого аралаша баштаган. Жергиликтүү "Альтана" деген ансамблдин жетекчиси кичинекей кыздын талантын баалап, өзүнүн тобуна кошуп алган. 2003-жылы орус тилиндеги алгачкы "Сен жөнүндө" ("О тебе") аттуу ыр жыйнагы жарык көргөндөн кийин Гайтана чыгармачыл дүйнөгө баш-оту менен киришкен. Жаңы ырларды биринин артынан бирин жаздырып, Украина менен Орусияда жылдызы жана баштайт. Ырларынын тексттери жана обондорунун дээрлик көпчүлүгү өзүнө таандык. Анын ыр жыйнактарында жалаң гана сүйүү, жашоо тууралуу ырлар орун албастан, жаш балдарга арналганы да жок эмес. 2012-жылы Бакуда өткөн эл аралык "Евровидение" сынагына Украинанын атынан катышкан. Ыр мыкты деңгээлде аткарылганына карабастан, калыстар тобу тарабынан ыры плагиат деп табылып, болгону 65 упай топтоп, 15-орунга араң илинген. 24-марттын жылнаамасы .
Мындан 37 жыл мурун, 1979-жылы 24-мартта, украиналык ырчы, “Евровидение-2012” сынагына өз өлкөсүнүн атынан катышкан Гайтана Украинанын Киев шаарында төрөлгөн. "Гайтана" деген сөздү лингала тилинен (Конго Демократиялык Республикасында тараган тил) которгондо "күчтүү", "улуу" дегенди билдирет. Гайтананын атасы конголук болсо, апасы украин кызы болгон. Ырчы Украинада төрөлүп, бирок 5 жашка чейин Конгодо жашаган. 1985-жылы ата-энесинин ажырашып кеткенине байланыштуу болочок ырчы апасы менен Украинага келет. Ошондон тарта атасы телефон аркылуу гана кызы менен сүйлөшүп турганы болбосо, бир да жолу басып келген эмес. "Эң мыкты" ("Самый лучший"), "Сагынам" ("Скучаю"), "Жакыным" ("Нет родней"), "Асман" ("Небо") аттуу ырлардын аткаруучусу Гайтана 12 жашында телевизиондук ыр сынагынан 3-орунду жеңип алгандан тарта чыгармачыл жашоого аралаша баштаган. Жергиликтүү "Альтана" деген ансамблдин жетекчиси кичинекей кыздын талантын баалап, өзүнүн тобуна кошуп алган. 2003-жылы орус тилиндеги алгачкы "Сен жөнүндө" ("О тебе") аттуу ыр жыйнагы жарык көргөндөн кийин Гайтана чыгармачыл дүйнөгө баш-оту менен киришкен. Жаңы ырларды биринин артынан бирин жаздырып, Украина менен Орусияда жылдызы жана баштайт. Ырларынын тексттери жана обондорунун дээрлик көпчүлүгү өзүнө таандык. Анын ыр жыйнактарында жалаң гана сүйүү, жашоо тууралуу ырлар орун албастан, жаш балдарга арналганы да жок эмес. 2012-жылы Бакуда өткөн эл аралык "Евровидение" сынагына Украинанын атынан катышкан. Ыр мыкты деңгээлде аткарылганына карабастан, калыстар тобу тарабынан ыры плагиат деп табылып, болгону 65 упай топтоп, 15-орунга араң илинген.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142863
2016-03-24
ky
Нарын шаарында Бүткүл дүйнөлүк кургак учук оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата акция өткөрүлдү (фото)
Бүгүн, 24-мартта Нарын шаарында Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата акция өткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди. Маалым болгондой, акцияга мектеп окуучулары, студенттер, мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты. Иш-чаранын алкагында окуучулар "Мыкты чакырык", "Мыкты плакат" сынактарына жана веложүрүшкө катышты. Ал эми студенттер жана мекеме кызматкерлери аялдар, эркектер арасында 1 чакырым аралыкка чуркашты. Уюштурулган сынактардын жана мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө Кызыл Жарым Ай коомунун демөөрчүлүгү менен даярдалган баалуу белектер тапшырылды.
Бүгүн, 24-мартта Нарын шаарында Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата акция өткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди. Маалым болгондой, акцияга мектеп окуучулары, студенттер, мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты. Иш-чаранын алкагында окуучулар "Мыкты чакырык", "Мыкты плакат" сынактарына жана веложүрүшкө катышты. Ал эми студенттер жана мекеме кызматкерлери аялдар, эркектер арасында 1 чакырым аралыкка чуркашты.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142855
2016-03-24
ky
МЕДИА-ПОРТАЛ: Урмат Усеновго атактуулук алып келген ырларынын бири - "Тажадым мен"
2007-2008-жылдары Урмат Усеновдун "Тажадым мен" деген ырын кайсы жерге барба, угууга мүмкүн болчу. Дайыма башкалардан өзгөчө чыгарма жаратууга аракеттенген ырчы бул клипти да кызыктуу тартууга болгон аракетин жумшаган. Анда сүйүктүү адамдын күтүлбөгөн учурда кыянат кылуусу тууралуу баяндалат. Аталган ырга тартылган клип тууралуу ырчы буларга токтолду: "Клип 2007-жылы тартылган. Ошол жылдары абдан популярдуу болгон. Мага атактуулук алып келген ырлардын бири деп айта алам". "Медиа-порталдагы" "Тажадым мен" клибин бул жерден көрүңүз.
2007-2008-жылдары Урмат Усеновдун "Тажадым мен" деген ырын кайсы жерге барба, угууга мүмкүн болчу. Дайыма башкалардан өзгөчө чыгарма жаратууга аракеттенген ырчы бул клипти да кызыктуу тартууга болгон аракетин жумшаган. Анда сүйүктүү адамдын күтүлбөгөн учурда кыянат кылуусу тууралуу баяндалат. Аталган ырга тартылган клип тууралуу ырчы буларга токтолду: "Клип 2007-жылы тартылган. Ошол жылдары абдан популярдуу болгон. Мага атактуулук алып келген ырлардын бири деп айта алам".
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142603
2016-03-24
ky
Ош облусундагы Сары-Моңол айылындагы айрым этникалык кыргыздар документтерин жоготуп, кайрылман макамын ала албай келишет
Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Бактыбек Адыловдун иш сапары Алай районунун Сары-Моңол айылында уланды. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 3100 метр бийиктикте жайгашып, климаты оор келген айылда Тажикстандан келген этникалык кыргыздар жашашат. Негизинен пенсиялык камсыздоо, Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо маселелери каралып, көбү көчүү маалында документтерин жоготуп, кайрылман макамын жана тиешелүү социалдык камсыздоону ала албай келишерин айтышкан. Жер тилке алуу, жумушсуздук жана миграция маселелери ачык бойдон калды. Айыл тургундары чет өлкөдөгү жумуш орундарына кызыгышып, кайсы жакка, кандай шарттар менен чыгууга мүмкүн экенин сурашты. Андан соң Гүлчө айылынын тургундары менен болгон жолугушууда төрага чет өлкөдө жумушка орношуу тууралуу суроолорго жооп берди.
Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Бактыбек Адыловдун иш сапары Алай районунун Сары-Моңол айылында уланды. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 3100 метр бийиктикте жайгашып, климаты оор келген айылда Тажикстандан келген этникалык кыргыздар жашашат. Негизинен пенсиялык камсыздоо, Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо маселелери каралып, көбү көчүү маалында документтерин жоготуп, кайрылман макамын жана тиешелүү социалдык камсыздоону ала албай келишерин айтышкан. Жер тилке алуу, жумушсуздук жана миграция маселелери ачык бойдон калды. Айыл тургундары чет өлкөдөгү жумуш орундарына кызыгышып, кайсы жакка, кандай шарттар менен чыгууга мүмкүн экенин сурашты.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142807
2016-03-24
ky
Ош жана Бишкек шаарларында Тарых жана маданият жылынын алкагында этнофестиваль өтөт
14-15-май күндөрү Ош шаарында Тарых жана маданият жылынын алкагында этнофестиваль өтөт. Бул тууралуу Тарых жана маданият жылына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча дирекциянын башкармалыгынан билдиришти. Өлкөнүн түштүк аймагындагы облустардан жүздөгөн катышуучулар фестивалда өздөрүнүн чеберчилигин элге тартуулашат. Иш-чара облустук борбордук аянтта өтүп, музыкалык топтор белгилүү чыгармаларды этникалык багытта аткарышат. Ошол эле жерде атактуу дизайнерлер "Заманбап стилдеги этникалык мотивдери", "Сахнанын этнокийими", "Аймактык салттуу кийим" номинацияларында эмгектерин көрсөтүшөт. Токтогул Сатылганов атындагы сейил бакта улуттук тамактар боюнча фестиваль орун алат. Анда ар бир тургун кыргыз өлкөсүндө жашаган элдердин улуттук даамдарынан ооз тие алат. Ал эми облустук театрда искусство жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү өтөт. Ал жактан коноктор Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы чеберлердин өнөрлөрү менен тааныша алышат. Көргөзмөгө Лейлекте токулган килемдер жана Алайда жасалган таарлар коюлат. "Алымбек датка" этнокомплексинде өлкөнүн түштүк облустарынын салттарынын фестивалы болот. Анда коноктор ата-бабалардын маданияты жана жашоосу менен тааныша алышат. Фестиваль борбордук аянтта кыргыз эстрадасынын жылдыздарынын катышуусундагы концерт менен аяктайт. Иш-чара өлкөдө жашаган улуттардын маданиятын жайылтуу максатында уюштурулуп жатат. Жеңүүчүлөр уюштуруучулардан белектерге ээ болушат. Ошондой эле мыкты деп табылган номерлер Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көрсөтүлөт. Ал эми Бишкек шаарында мындай фестиваль июнь айында өткөрүлмөкчү.
14-15-май күндөрү Ош шаарында Тарых жана маданият жылынын алкагында этнофестиваль өтөт. Бул тууралуу Тарых жана маданият жылына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча дирекциянын башкармалыгынан билдиришти. Өлкөнүн түштүк аймагындагы облустардан жүздөгөн катышуучулар фестивалда өздөрүнүн чеберчилигин элге тартуулашат. Иш-чара облустук борбордук аянтта өтүп, музыкалык топтор белгилүү чыгармаларды этникалык багытта аткарышат. Ошол эле жерде атактуу дизайнерлер "Заманбап стилдеги этникалык мотивдери", "Сахнанын этнокийими", "Аймактык салттуу кийим" номинацияларында эмгектерин көрсөтүшөт. Токтогул Сатылганов атындагы сейил бакта улуттук тамактар боюнча фестиваль орун алат. Анда ар бир тургун кыргыз өлкөсүндө жашаган элдердин улуттук даамдарынан ооз тие алат. Ал эми облустук театрда искусство жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү өтөт. Ал жактан коноктор Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы чеберлердин өнөрлөрү менен тааныша алышат. Көргөзмөгө Лейлекте токулган килемдер жана Алайда жасалган таарлар коюлат. "Алымбек датка" этнокомплексинде өлкөнүн түштүк облустарынын салттарынын фестивалы болот. Анда коноктор ата-бабалардын маданияты жана жашоосу менен тааныша алышат. Фестиваль борбордук аянтта кыргыз эстрадасынын жылдыздарынын катышуусундагы концерт менен аяктайт. Иш-чара өлкөдө жашаган улуттардын маданиятын жайылтуу максатында уюштурулуп жатат. Жеңүүчүлөр уюштуруучулардан белектерге ээ болушат. Ошондой эле мыкты деп табылган номерлер Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көрсөтүлөт.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142859
2016-03-24
ky
Сокулук районунда "короодо токтоп турган унаанын дөңгөлөктөрүн чыгарып кеткен" деген шек менен 2 жаран кармалды
Сокулук районунда уурулукка шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Сокулук районунун тургуну кайрылган. Ал белгисиз адамдар үйүнүн короосунда токтоп турган Фольксваген Гольф үлгүсүндөгү унаасынын 4 дөңгөлөгүн чыгарып кетишкенин билдирген. Бул факт боюнча "уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 23-мартта кылмышка шектүү катары 23 жаштагы А.К. жана Ж.А. аттуу Токтогул районунун мурда соттолгон тургундары кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.
Сокулук районунда уурулукка шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Сокулук районунун тургуну кайрылган. Ал белгисиз адамдар үйүнүн короосунда токтоп турган Фольксваген Гольф үлгүсүндөгү унаасынын 4 дөңгөлөгүн чыгарып кетишкенин билдирген. Бул факт боюнча "уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 23-мартта кылмышка шектүү катары 23 жаштагы А.К. жана Ж.А. аттуу Токтогул районунун мурда соттолгон тургундары кармалган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142843
2016-03-24
ky
Бишкекте унаа жуучу жайдан 20 миң сомдук жабдыкты уурдоого шектелген 38 жаштагы жаран кармалды
Бишкекте "унаа жуучу жайдан 20 миң сомдук жабдыкты уурдаган" деген шек менен 38 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 25 жаштагы Ж.Т. аттуу жаран кайрылган. Ал Ахунбаев жана Бах көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан унаа жуучу жайдан белгисиз адам 20 миң сомдук унаа жуучу жабдыкты уурдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 38 жаштагы И.З. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Бишкекте "унаа жуучу жайдан 20 миң сомдук жабдыкты уурдаган" деген шек менен 38 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 25 жаштагы Ж.Т. аттуу жаран кайрылган. Ал Ахунбаев жана Бах көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан унаа жуучу жайдан белгисиз адам 20 миң сомдук унаа жуучу жабдыкты уурдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 38 жаштагы И.З. аттуу шаар тургуну кармалган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142847
2016-03-24