lang stringclasses 3 values | title stringlengths 3 277 | original_text stringlengths 69 182k | processed_text stringlengths 42 181k | category stringlengths 4 50 | processed bool 2 classes | url stringlengths 33 293 | date stringlengths 10 24 |
|---|---|---|---|---|---|---|---|
ky | Ош шаарында “Бош орундар жарманкеси - 2016” өткөрүлөт | 31-мартта Ош технологиялык университетинин базасында “Бош орундар жарманкеси - 2016” иш-чарасы өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта уюштуруучулар тобу билдирди. Маалым болгондой, жарманке Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Ош шаардык мэриясы, Эл аралык Германия кызматташуу коому (GIZ) "GmbH", "UNIWORK" Эл аралык долбоорлорунун колдоосунда өтөт. “ Бул иш-чарага алдынкы компаниялар, бизнес түзүмдөр, эл аралык уюмдар, жогорку жана орто окуу жайлар, кесиптик-техникалык лицейлер, шаарыбыздын мекеме-ишканаларынын жетекчилери катышуусу күтүлүүдө. Жарманкеде 1000ден ашуун бош орундар сунушталат. Аталган жарманкеге Ош шаарындагы бардык жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери, кесиптик-техникалык лицейлердин бүтүрүүчүлөрү жана жумушка муктаж болгон бардык жарандар катышууга укуктуу. Бүгүнкү күндө Ош шаарындагы бардык окуу жайлардын студенттерине маалыматтар берилип, каалоочуларга окуу жайдын Карьера борборунун кызматкерлери резюмени кантип жазуу керектигин жана жумуш берүүчү менен кантип эмгек келишимдерин түзүү жолдорун окутуп жатышат ”,- деп айтылат маалыматта. | 31-мартта Ош технологиялык университетинин базасында “Бош орундар жарманкеси - 2016” иш-чарасы өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта уюштуруучулар тобу билдирди. Маалым болгондой, жарманке Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Ош шаардык мэриясы, Эл аралык Германия кызматташуу коому (GIZ) "GmbH", "UNIWORK" Эл аралык долбоорлорунун колдоосунда өтөт. “ Бул иш-чарага алдынкы компаниялар, бизнес түзүмдөр, эл аралык уюмдар, жогорку жана орто окуу жайлар, кесиптик-техникалык лицейлер, шаарыбыздын мекеме-ишканаларынын жетекчилери катышуусу күтүлүүдө. Жарманкеде 1000ден ашуун бош орундар сунушталат. Аталган жарманкеге Ош шаарындагы бардык жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери, кесиптик-техникалык лицейлердин бүтүрүүчүлөрү жана жумушка муктаж болгон бардык жарандар катышууга укуктуу. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/142833 | 2016-03-24 |
ky | Бишкекте күйөөсүн жиликтеген келиндин иши боюнча соттук отурум 4-апрелге жылдырылды | Бүгүн, 24-мартта Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда күйөөсүн жиликтеген 26 жаштагы С.Айдайдын иши боюнча экинчи соттук отурум болмок. Бул окуяны карап жаткан судья шаардык сотко которулуп жатканына байланыштуу соттук иш башка соттун кароосуна өткөрүлүп, 4-апрелге жылдырылды. Маалыматка ылайык, күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген 26 жаштагы С.Айдай 2015-жылдын 18-августунда кармалган. Ал өз көрсөтмөсүндө күйөөсү экөөнүн ортосунда уруш чыгып, аны бычактап, кийин аны жиликтеп салганын билдирген. Айта кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан чемоданга салынган абалда табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун аялы кармалып, ал кылмышын моюнга алган. Кылмышка шектүү менен маркум Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар. | Бүгүн, 24-мартта Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда күйөөсүн жиликтеген 26 жаштагы С.Айдайдын иши боюнча экинчи соттук отурум болмок. Бул окуяны карап жаткан судья шаардык сотко которулуп жатканына байланыштуу соттук иш башка соттун кароосуна өткөрүлүп, 4-апрелге жылдырылды. Маалыматка ылайык, күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген 26 жаштагы С.Айдай 2015-жылдын 18-августунда кармалган. Ал өз көрсөтмөсүндө күйөөсү экөөнүн ортосунда уруш чыгып, аны бычактап, кийин аны жиликтеп салганын билдирген. Айта кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан чемоданга салынган абалда табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун аялы кармалып, ал кылмышын моюнга алган. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142835 | 2016-03-24 |
ky | КИНОЗАЛ: "Браво!" тасмасындагы дебюттук ролунда Нурлан Насип өзүнүн образын жараткан | "Медиа-порталдагы" комедиялык жанрдагы тасмалардын бири - "Браво!" тасмасы. Бул тасмада Нурлан Насиптин ырчылык жашоосундагы басып өткөн жолу баяндалып, анда ал баш каармандын, тагыраак айтканда, өзүнүн образын жараткан. Ошондой эле "тамашоучу" Кубанычбек Курманбеков жана Аида Чоткараева да роль жаратышкан. Режиссёрлору - Нурлан Мамакеев, Самат Эркинбеков . Ал эми тасма жарыкка чыккандан кийин көпчүлүк "Кү-үн ысыккы" деп ырдап калганы тууралуу Кубанычбек Курманбеков: "Негизи, "Күн ысык" деген ыр сценарийде жок болчу. Мурда ушинтип ырдай берчүмүн. Кинонун 4-5 жеринде жөн эле ырдап койгом, анан монтаждап жатып кино тартуучу топ кошуп койду",- деп бизге берген маектеринде билдирген эле. Бул кинокомедия жаш ырчы Нурлан Насипти шоу-бизнесте белгилүү кылам деп жүргөн демилгелүү продюсер жөнүндө. Продюсер Нурланды, анын чыгармачылыгын элге кеңири жайылтып-даңазалап жүрүп, жыйынтыгында аны жылдыз кылат. Ошол эле убакта алар ар түрдүү көйгөйлөргө туш болушат. Соңунда баш каарман чыныгы сүйүүсүн табат. Тасманы толугу менен бул жерден көрүңүз. | "Медиа-порталдагы" комедиялык жанрдагы тасмалардын бири - "Браво!" тасмасы. Бул тасмада Нурлан Насиптин ырчылык жашоосундагы басып өткөн жолу баяндалып, анда ал баш каармандын, тагыраак айтканда, өзүнүн образын жараткан. Ошондой эле "тамашоучу" Кубанычбек Курманбеков жана Аида Чоткараева да роль жаратышкан. Режиссёрлору - Нурлан Мамакеев, Самат Эркинбеков . Ал эми тасма жарыкка чыккандан кийин көпчүлүк "Кү-үн ысыккы" деп ырдап калганы тууралуу Кубанычбек Курманбеков: "Негизи, "Күн ысык" деген ыр сценарийде жок болчу. Мурда ушинтип ырдай берчүмүн. Кинонун 4-5 жеринде жөн эле ырдап койгом, анан монтаждап жатып кино тартуучу топ кошуп койду",- деп бизге берген маектеринде билдирген эле. Бул кинокомедия жаш ырчы Нурлан Насипти шоу-бизнесте белгилүү кылам деп жүргөн демилгелүү продюсер жөнүндө. Продюсер Нурланды, анын чыгармачылыгын элге кеңири жайылтып-даңазалап жүрүп, жыйынтыгында аны жылдыз кылат. Ошол эле убакта алар ар түрдүү көйгөйлөргө туш болушат. Соңунда баш каарман чыныгы сүйүүсүн табат. | Маданият, шоу-бизнес | false | https://www.super.kg/kabar/news/142803 | 2016-03-24 |
ky | Троллейбус айдоочуларынын маселесин кароо үчүн атайын жумушчу топ түзүлдү | Троллейбус айдоочуларынын маселесин кароо үчүн атайын жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, вице-мэр Геннадий Милицкий жумушка чыкпай койгон айдоочулардын көйгөйү менен таанышып өттү. Алар айлыктын аздыгына, жетекчиликтин ишине, күнүмдүк жумуш планынын оордугуна жана начар иш шарттарына нааразы экендиктерин билдиришкен. Мындан улам Милицкий Троллейбустук башкармалыктын айдоочуларынын маселесин чечүүгө көмөктөшө турган жумушчу топ түздү. Анын курамына Бишкек мэриясынын жетекчилиги жана башкармалыктын активдери киришти. Айта кетсек, бүгүн троллейбус айдоочулары кыска мөөнөткө иш ташташкан эле. | Троллейбус айдоочуларынын маселесин кароо үчүн атайын жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, вице-мэр Геннадий Милицкий жумушка чыкпай койгон айдоочулардын көйгөйү менен таанышып өттү. Алар айлыктын аздыгына, жетекчиликтин ишине, күнүмдүк жумуш планынын оордугуна жана начар иш шарттарына нааразы экендиктерин билдиришкен. Мындан улам Милицкий Троллейбустук башкармалыктын айдоочуларынын маселесин чечүүгө көмөктөшө турган жумушчу топ түздү. Анын курамына Бишкек мэриясынын жетекчилиги жана башкармалыктын активдери киришти. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/142831 | 2016-03-24 |
ky | СУПЕРСТАН: "Аялымдын чөнтөгүндө акча болсо үйдө отура албайт, дароо базарга жөнөйт" | SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Акча каражатын иштетүүдө айымдар сарамжалдуубу же мырзаларбы?" деген тема талкууланууда. "Эркектер айтышат, аялдар кийим-кече, косметикага көп акча иштетет деп. Ал эми айымдарыбыз болсо мырзаларды унаасына, дагы башка ушуга окшогон нерселерге көп коротот дешет". "Аялдар акчаны үнөмдөсө керек. Мисалы, менде акча турбайт, барда бардай эле иштетиш керек деп иштетип коё берем". "Ар бир адамдын өзүнөн болсо керек. Бышык эркектер жана акча аябаган, чачкан кыздар да бар". "Жолдошум жакшы кармайт акчаны. Мага да, өзүнө да, үйгө да жетет. Эркектин колунда береке бар деп ойлойм". "Негизи, акчаны аял киши көп коротот, мисалы, менин аялым чөнтөгүнө акча салса тура албайт, кытыгылайбы билбейм, түз эле базарга жөнөйт". Колдонуучулар ушундай пикирде. Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз . | порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Акча каражатын иштетүүдө айымдар сарамжалдуубу же мырзаларбы?" деген тема талкууланууда. "Эркектер айтышат, аялдар кийим-кече, косметикага көп акча иштетет деп. Ал эми айымдарыбыз болсо мырзаларды унаасына, дагы башка ушуга окшогон нерселерге көп коротот дешет". "Аялдар акчаны үнөмдөсө керек. Мисалы, менде акча турбайт, барда бардай эле иштетиш керек деп иштетип коё берем". "Ар бир адамдын өзүнөн болсо керек. Бышык эркектер жана акча аябаган, чачкан кыздар да бар". "Жолдошум жакшы кармайт акчаны. Мага да, өзүнө да, үйгө да жетет. Эркектин колунда береке бар деп ойлойм". "Негизи, акчаны аял киши көп коротот, мисалы, менин аялым чөнтөгүнө акча салса тура албайт, кытыгылайбы билбейм, түз эле базарга жөнөйт". Колдонуучулар ушундай пикирде. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/142681 | 2016-03-24 |
ky | Баткенде "унаа уурдоого аракет кылган" деген шек менен 3 жаран кармалды, алардын бири 15 жашта | Баткенде "унаа уурдоого аракет кылган" деген шек менен 3 жаран кармалды. Алардын бири 15 жаштагы бала экенин 24-март күнү Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 22-март күнү Кызыл-Кыя шаарынын 1-кичи районунун 32 жаштагы Султан уулу Салижандын Дэу-Тико үлгүсүндөгү унаасынын эшигин бузуп, белгисиз адамдар аны уурдоого аракет жасашкан. Унаа ээси жалпы 3000 сомдук зыянга учураган. Аталган кылмышка шектүү катары Ноокат районунун Көк-Жар айылынын 18 жаштагы тургуну Р.Р. Ноокат районунун Бел-Орук айылынын 23 жаштагы тургуну Ж.Д. жана Ноокат районунун Ак-Булак айылынын 15 жаштагы тургуну К.Б. кармалды. Алардын үстүнөн КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, 18 жаштагы Р.Р. жана 23 жаштагы Ж.Д. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми жашы жете элек К.Б. өлкөдөн чыгып кетпөө тил катынын негизинде коё берилди. | Баткенде "унаа уурдоого аракет кылган" деген шек менен 3 жаран кармалды. Алардын бири 15 жаштагы бала экенин 24-март күнү Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 22-март күнү Кызыл-Кыя шаарынын 1-кичи районунун 32 жаштагы Султан уулу Салижандын Дэу-Тико үлгүсүндөгү унаасынын эшигин бузуп, белгисиз адамдар аны уурдоого аракет жасашкан. Унаа ээси жалпы 3000 сомдук зыянга учураган. Аталган кылмышка шектүү катары Ноокат районунун Көк-Жар айылынын 18 жаштагы тургуну Р.Р. Ноокат районунун Бел-Орук айылынын 23 жаштагы тургуну Ж.Д. жана Ноокат районунун Ак-Булак айылынын 15 жаштагы тургуну К.Б. кармалды. Алардын үстүнөн КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, 18 жаштагы Р.Р. жана 23 жаштагы Ж.Д. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142819 | 2016-03-24 |
ky | Ысык-Ата районундагы үйлөрдүн биринен 3 аялдын өлүгү табылды, алардын бири кош бойлуу болгон | Ысык-Ата районундагы үйлөрдүн биринен 3 аялдын өлүгү табылды, алардын бири кош бойлуу болгон. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 24-мартта SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинен тастыкташты. Маалыматка ылайык, саат 09:30 чамасында милиция кызматына "Киргшёлк айылындагы үйлөрдүн биринен европа улутундагы 3 аялдын өлүгү табылды" деген маалымат түшкөн. Маркумдардын экөөсү бир тууган экени маалым болду. Бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. Алдын ала маалыматтарга ылайык, 64, 54 жана 24 жаштагы кош бойлуу айым киши колдуу болгон. | Ысык-Ата районундагы үйлөрдүн биринен 3 аялдын өлүгү табылды, алардын бири кош бойлуу болгон. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 24-мартта порталына Чүй ОИИББинен тастыкташты. Маалыматка ылайык, саат 09:30 чамасында милиция кызматына "Киргшёлк айылындагы үйлөрдүн биринен европа улутундагы 3 аялдын өлүгү табылды" деген маалымат түшкөн. Маркумдардын экөөсү бир тууган экени маалым болду. Бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142827 | 2016-03-24 |
ky | Алмазбек Атамбаев чек ара маселеси чечилбесе, 3 айдан кийин Ташкентте өтүүчү саммитке барбай турганын айтты | Бүгүн, 24-мартта журналисттер менен жолугушуусунда Алмазбек Атамбаев Өзбекстанда өтчү Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине барбай турганын билдирди. "Эгер чек арадагы кырдаал азыркыдай кала берсе жана бизге карата ушул сыяктуу мамиле улана берсе, мен Ташкентте өтчү Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйынына кантип барам? Эл эмне деп ойлойт? Эл мени мындан кийин сыйлабайт" ,- деп аталган иш-чарага барбай турганын түшүндүрдү. "Чек арадагы талаш жерлер күч менен чечилбеш керек. Өлкөбүздүн башчылары өзбек жетекчилеринин алдында тизелеп жүргөн күндөр артта калды! Эми мындай болбойт! Мен Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын жана элдин талаптарын гана ойлойм". Айта кетсек, Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити 2016-жылдын 23-24-июнунда Өзбекстандын борбору Ташкентте өтмөкчү. Аталган уюмга Казакстан, Кытай, Кыргыз Республикасы, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет. | Бүгүн, 24-мартта журналисттер менен жолугушуусунда Алмазбек Атамбаев Өзбекстанда өтчү Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине барбай турганын билдирди. "Эгер чек арадагы кырдаал азыркыдай кала берсе жана бизге карата ушул сыяктуу мамиле улана берсе, мен Ташкентте өтчү Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйынына кантип барам? Эл эмне деп ойлойт? Эл мени мындан кийин сыйлабайт" ,- деп аталган иш-чарага барбай турганын түшүндүрдү. "Чек арадагы талаш жерлер күч менен чечилбеш керек. Өлкөбүздүн башчылары өзбек жетекчилеринин алдында тизелеп жүргөн күндөр артта калды! Эми мындай болбойт! Мен Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын жана элдин талаптарын гана ойлойм". Айта кетсек, Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити 2016-жылдын 23-24-июнунда Өзбекстандын борбору Ташкентте өтмөкчү. | Саясат | false | https://www.super.kg/kabar/news/142821 | 2016-03-24 |
ky | Алмазбек Атамбаев: "Бүгүн кыргыз мамлекетинде бийликти күч менен басып алууга негиз жок" | Президент Алмазбек Атамбаев 2005-жылдын 24-мартындагы революциянын 11 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады. Өлкө башчынын кайрылуусунда булар айтылды: “Урматтуу мекендештерим! 2005-жылы 24-марттагы Элдик революцияга бүгүн 11 жыл болот. Март революциясы катары элдин эсинде калды. Ал эми дүйнө жүзү аны “Жоогазын революциясы” деп билет. Анткени ошол күнү демонстрацияга катышкан көп адамдар колдоруна жоогазын гүлдөрүн жана ушул жадыраган жаз гүлүнүн сүрөтү бар плакаттарды алып чыгышкан эле. Акаевдин үй-бүлөлүк бийлигин бүтүндөй кыргыз мамлекетинин эли жек көрүп калган болчу. Ошондуктан ал качканда бүт өлкө эли кубанычы койнуна батпай сүйүнгөн. 2005-жылдын 24-марты Кыргыз Республикасынын тарыхында эң жаркын күндөрдүн бири катары кала турган жөнү бар эле. Бирок ошол күнү кечинде борбор шаарыбызды селдей каптаган талап-тоноочулук элдин кубанычын суу сепкендей өчүрдү. Тилекке каршы, кийинчерээк революциянын жеңиши толук уурдалып кеткенин билген элдин көңүл калуусунда чек жок эле. Бийликке келген Бакиевдин үй-бүлөсүнүн жана анын жан жөкөрлөрүнүн чыныгы ач көз жана мыкаачы жүзү элдин кыжырын келтирди. Март революциясынан кийин беш жыл өткөндө, 2010-жылы 7-апрелде айласы түгөнүп, үмүтү үзүлгөн эл экинчи үй-бүлөлүк-кландык режимди да кулатты. Апрель элдик революциясынын шарапаты менен алты жыл арасында зор иштер жасалды. Бүгүн кыргыз өлкөсүндө бийликти күч менен басып алууга себеп да, негиз да жок. Кыргыз мамлекетинде бийликти демократиялык эркин шайлоо жолу менен алмаштыруу мүмкүн экенине элдин көзү жетти. Бардык саясатчыларга жана саясий партияларга өз дареметин сыноого жана шайлоолорго катышуу үчүн шарттар бар. Өткөн жылдагы парламенттик шайлоолордун таза өткөнүнө бүт дүйнө күбө болду. 2017-жылы өлкөнүн жаңы президентин шайлоо да ачык жана таза өтөрүнө ишенем. Ошондуктан айрым саясатчылардын коомдук-саясий кырдаалды курчутуу, чагымчылдык жана тополоңдор менен бийликке келүү максаттары тууралуу акыркы маалыматтар сиздер сыяктуу эле мени да ирээнжитти. Албетте, алардын мындай аракеттерине саясатта жолу болбогондордун куру кыялы катары мамиле жасап, көңүл бурбай деле койсок болмок. Бирок кимдир бирөөлөрдүн карапайым калкты мыйзамдарды бузууга жана баш аламандыктарга түртүп, адамдарыбыздын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтиришине, ошондой эле өлкөдөгү тынчтыкты жана туруктуулукту бузушуна кымындай да мүмкүнчүлүк берүүгө акыбыз жок. Анын үстүнө бул саясатчы сөрөйлөр билип-билбей мамлекетибиздин улуттук кызыкчылыгына, өлкөнүн коопсуздугуна доо кетиришүүдө. Кыргыз мамлекети жаңыдан гана туруктуу өнүгүү жолуна түштү, бакубат жана өнүккөн өлкөгө айлануу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрү бар. Азыр саясатчылар эле эмес, ар бир жаран өз мамлекетинин мындан аркы тагдырына күйүп-быша турган мезгил келди. Биз келечекте кыргыз өлкөсү азап менен жеткен эркиндиктерди кубаттуу экономика жана өз жарандарынын бакубатчылыгы менен бекемдөөгө жөндөмдүү, мыйзамды сыйлаган өлкө экенин бүт дүйнөгө далилдейбиз. Же мыйзамсыздыкка моюн сунуп, мамлекет катары бутуна туруп кете албаган көптөгөн өлкөлөрдүн бири катары дүйнө тарыхында калабыз. Кымбаттуу мекендештерим! 2002-жылдын 17-марты, 2005-жылдын 24-марты жана 2010-жылдын 7-апрели кыргыз элинин адилеттикке, эркиндикке карай басып өткөн татаал, кандуу жолдун эң маанилүү, эң сыймыктуу күндөрү. Бир оор жолдун үч ашуусу. Биз муну унутпашыбыз керек. Бийлик да, коом да бул окуялардан сабак алууга милдеттүү. Сүйүктүү өлкөбүздүн асманы ар дайым ачык болсун! Өлкөбүз гүлдөп, ар бир үйгө кут түшүп, береке орносун!" | Президент Алмазбек Атамбаев 2005-жылдын 24-мартындагы революциянын 11 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады. Өлкө башчынын кайрылуусунда булар айтылды: “Урматтуу мекендештерим! 2005-жылы 24-марттагы Элдик революцияга бүгүн 11 жыл болот. Март революциясы катары элдин эсинде калды. Ал эми дүйнө жүзү аны “Жоогазын революциясы” деп билет. Анткени ошол күнү демонстрацияга катышкан көп адамдар колдоруна жоогазын гүлдөрүн жана ушул жадыраган жаз гүлүнүн сүрөтү бар плакаттарды алып чыгышкан эле. Акаевдин үй-бүлөлүк бийлигин бүтүндөй кыргыз мамлекетинин эли жек көрүп калган болчу. Ошондуктан ал качканда бүт өлкө эли кубанычы койнуна батпай сүйүнгөн. 2005-жылдын 24-марты Кыргыз Республикасынын тарыхында эң жаркын күндөрдүн бири катары кала турган жөнү бар эле. Бирок ошол күнү кечинде борбор шаарыбызды селдей каптаган талап-тоноочулук элдин кубанычын суу сепкендей өчүрдү. Тилекке каршы, кийинчерээк революциянын жеңиши толук уурдалып кеткенин билген элдин көңүл калуусунда чек жок эле. Бийликке келген Бакиевдин үй-бүлөсүнүн жана анын жан жөкөрлөрүнүн чыныгы ач көз жана мыкаачы жүзү элдин кыжырын келтирди. Март революциясынан кийин беш жыл өткөндө, 2010-жылы 7-апрелде айласы түгөнүп, үмүтү үзүлгөн эл экинчи үй-бүлөлүк-кландык режимди да кулатты. Апрель элдик революциясынын шарапаты менен алты жыл арасында зор иштер жасалды. Бүгүн кыргыз өлкөсүндө бийликти күч менен басып алууга себеп да, негиз да жок. Кыргыз мамлекетинде бийликти демократиялык эркин шайлоо жолу менен алмаштыруу мүмкүн экенине элдин көзү жетти. Бардык саясатчыларга жана саясий партияларга өз дареметин сыноого жана шайлоолорго катышуу үчүн шарттар бар. Өткөн жылдагы парламенттик шайлоолордун таза өткөнүнө бүт дүйнө күбө болду. 2017-жылы өлкөнүн жаңы президентин шайлоо да ачык жана таза өтөрүнө ишенем. Ошондуктан айрым саясатчылардын коомдук-саясий кырдаалды курчутуу, чагымчылдык жана тополоңдор менен бийликке келүү максаттары тууралуу акыркы маалыматтар сиздер сыяктуу эле мени да ирээнжитти. Албетте, алардын мындай аракеттерине саясатта жолу болбогондордун куру кыялы катары мамиле жасап, көңүл бурбай деле койсок болмок. Бирок кимдир бирөөлөрдүн карапайым калкты мыйзамдарды бузууга жана баш аламандыктарга түртүп, адамдарыбыздын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтиришине, ошондой эле өлкөдөгү тынчтыкты жана туруктуулукту бузушуна кымындай да мүмкүнчүлүк берүүгө акыбыз жок. Анын үстүнө бул саясатчы сөрөйлөр билип-билбей мамлекетибиздин улуттук кызыкчылыгына, өлкөнүн коопсуздугуна доо кетиришүүдө. Кыргыз мамлекети жаңыдан гана туруктуу өнүгүү жолуна түштү, бакубат жана өнүккөн өлкөгө айлануу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрү бар. Азыр саясатчылар эле эмес, ар бир жаран өз мамлекетинин мындан аркы тагдырына күйүп-быша турган мезгил келди. Биз келечекте кыргыз өлкөсү азап менен жеткен эркиндиктерди кубаттуу экономика жана өз жарандарынын бакубатчылыгы менен бекемдөөгө жөндөмдүү, мыйзамды сыйлаган өлкө экенин бүт дүйнөгө далилдейбиз. Же мыйзамсыздыкка моюн сунуп, мамлекет катары бутуна туруп кете албаган көптөгөн өлкөлөрдүн бири катары дүйнө тарыхында калабыз. Кымбаттуу мекендештерим! 2002-жылдын 17-марты, 2005-жылдын 24-марты жана 2010-жылдын 7-апрели кыргыз элинин адилеттикке, эркиндикке карай басып өткөн татаал, кандуу жолдун эң маанилүү, эң сыймыктуу күндөрү. Бир оор жолдун үч ашуусу. Биз муну унутпашыбыз керек. Бийлик да, коом да бул окуялардан сабак алууга милдеттүү. Сүйүктүү өлкөбүздүн асманы ар дайым ачык болсун! | Саясат | false | https://www.super.kg/kabar/news/142825 | 2016-03-24 |
ky | Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу-2018. Бүгүн Австралия курамасы Тажикстанды, Иордания Бангладешти кабыл алат (анонс) | Бүгүн, 24-мартта Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Азия чөлкөмү боюнча "В" тайпасында 2 оюн орун алат. 9-турда тайпа лидери Австралия курамасы Тажикстан курамасын кабыл алат. Ал эми Иордания курамасы Бангладеш менен беттешет. 24-марттагы оюндар: Австралия - Тажикстан Башталышы: 15:00 (Бишкек сааты боюнча) Иордания - Бангладеш Башталышы: 18:30 (Бишкек сааты боюнча) Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасынын курамасы бул турда ойнобойт. Учурда футболчуларыбыз 29-мартта 10-турда Тажикстан менен болчу оюнга кам көрүп жатышат. | Бүгүн, 24-мартта Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Азия чөлкөмү боюнча "В" тайпасында 2 оюн орун алат. 9-турда тайпа лидери Австралия курамасы Тажикстан курамасын кабыл алат. Ал эми Иордания курамасы Бангладеш менен беттешет. 24-марттагы оюндар: Австралия - Тажикстан Башталышы: 15:00 (Бишкек сааты боюнча) Иордания - Бангладеш Башталышы: 18:30 (Бишкек сааты боюнча) Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасынын курамасы бул турда ойнобойт. | Спорт | false | https://www.super.kg/kabar/news/142823 | 2016-03-24 |
ky | Бишкекте 2005-жылдын 24-мартындагы революцияга арналган көргөзмө ачылды (фото) | Бүгүн, 24-мартта Улуттук китепканада 2005-жылдын 24-мартындагы Улуттук революцияга арналган китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылды. Ага Март окуяларын чагылдырган сүрөттөр, китептер жана массалык маалымат каражаттарынан алынган макалалар коюлган. Улуттук китепкананын юридикалык бөлүмүнүн сектор башчысы Кенже Ибраева : "Эгемендүүлүктүн толкунунда демократиялык коомду калыптандыруу, адамдарга бакубат жашоо шартын түзүү убадасы менен 1990-жылы 27-октябрда бийликке келген биринчи президент Аскар Акаевдин жүргүзгөн саясаты элдин ишеничин актабай, өлкөбүздүн келечегин эстен чыгарып, үй-бүлөлүк бийликти сактап калуу аракеттери гана көрүлүп калды. Көз карандысыздыктын 14 жылында экономиканын базасы талкалануунун жана талап-тоноонун объектисине айланган. Улуттук өндүрүштү кайра иштетүү боюнча чаралар көрүлгөн эмес. Өнөр жайдын анча-мынча негизин түзгөн белгилүү завод-фабрикалар токтогон, менчиктештирилген ишканалар өздөрүнүн профилин өзгөрттү же иштебей калды. Кирешелүү объектилер Акаевдин үй-бүлөсүнүн көзөмөлүнө өттү. Адам укугу жана эркиндиги, демократиянын баалуулуктары жана эрежелери кагазда калып, калктын саясатка, бийликке, президентке болгон ишенимин азайткан. Элдин жашоо деңгээли жана адамдардын өнүгүү индекси жылдан-жылга төмөндөп, үчтөн экиси жакырчылыкта калды. Жүз миңдеген мекендештер эмгек мигранттарына айланышты. Республикада өткөрүлгөн референдумдар, шайлоолор президенттин жеке амбициясын канааттандыруу үчүн жүргүзүлүп, анын чексиз бийлигин көбөйтүүгө жана күчөтүүгө багытталып калган. Социалдык теңсиздиктин, адилетсиздиктин натыйжасы, өзгөчө акыркы өлкө парламентине болгон шайлоолордун акыйкатсыз өтүшү, ченемсиз өскөн коррупция, коомдун моралдык, адеп-ахлактык бузулушу калктын калың катмарынын чыдамы чегине жеткендигин көрсөттү. 24-мартта кыргыз эли чечкиндүүлүгү менен кан төкпөй Акаевдин бийлигин кулатты" . | Бүгүн, 24-мартта Улуттук китепканада 2005-жылдын 24-мартындагы Улуттук революцияга арналган китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылды. Ага Март окуяларын чагылдырган сүрөттөр, китептер жана массалык маалымат каражаттарынан алынган макалалар коюлган. Улуттук китепкананын юридикалык бөлүмүнүн сектор башчысы Кенже Ибраева : "Эгемендүүлүктүн толкунунда демократиялык коомду калыптандыруу, адамдарга бакубат жашоо шартын түзүү убадасы менен 1990-жылы 27-октябрда бийликке келген биринчи президент Аскар Акаевдин жүргүзгөн саясаты элдин ишеничин актабай, өлкөбүздүн келечегин эстен чыгарып, үй-бүлөлүк бийликти сактап калуу аракеттери гана көрүлүп калды. Көз карандысыздыктын 14 жылында экономиканын базасы талкалануунун жана талап-тоноонун объектисине айланган. Улуттук өндүрүштү кайра иштетүү боюнча чаралар көрүлгөн эмес. Өнөр жайдын анча-мынча негизин түзгөн белгилүү завод-фабрикалар токтогон, менчиктештирилген ишканалар өздөрүнүн профилин өзгөрттү же иштебей калды. Кирешелүү объектилер Акаевдин үй-бүлөсүнүн көзөмөлүнө өттү. Адам укугу жана эркиндиги, демократиянын баалуулуктары жана эрежелери кагазда калып, калктын саясатка, бийликке, президентке болгон ишенимин азайткан. Элдин жашоо деңгээли жана адамдардын өнүгүү индекси жылдан-жылга төмөндөп, үчтөн экиси жакырчылыкта калды. Жүз миңдеген мекендештер эмгек мигранттарына айланышты. Республикада өткөрүлгөн референдумдар, шайлоолор президенттин жеке амбициясын канааттандыруу үчүн жүргүзүлүп, анын чексиз бийлигин көбөйтүүгө жана күчөтүүгө багытталып калган. Социалдык теңсиздиктин, адилетсиздиктин натыйжасы, өзгөчө акыркы өлкө парламентине болгон шайлоолордун акыйкатсыз өтүшү, ченемсиз өскөн коррупция, коомдун моралдык, адеп-ахлактык бузулушу калктын калың катмарынын чыдамы чегине жеткендигин көрсөттү. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/142753 | 2016-03-24 |
ky | МЕДИА-ПОРТАЛ: Данияр Эрматовдун "Кечир мени" клибиндеги жаш актёрлор чындап эле урушуп кетишкен | "Медиа-порталдагы" көп угулган, көп көрүлгөн популярдуу клиптердин бири - Данияр Эрматовдун "Кечир мени" ырына тартылган клиби. Бул ыр ырчынын жашоосунда сюрприз болгонун, кайсы жерге барбасын ушул ырды суранышып, эл кошулуп ырдап калганын айтат ырчы. " Улан Сатыбалдиев деген жигит "Ушул ырды ырдап көрбөйсүңбү?" деп сунуштай берчү, бирок мен ага көңүл бурбай жүрө бергем. Бир күнү байкасам, маанилүү ыр экен. Анан ырдап көрүүнү чечтим. Ыр жазылып, радиолорго берилип баштагандан кийин эл аябай жакшы кабыл алды. Ырга татыктуу болсун деп 2 айда клип тартып бүттүк. Режиссёру - Эрнист Сыдыков . Клипти тартууда бир топ кызыктар болгон. Жаш балдар менен иштешүү кыйын экен. Алар образга кирип кетишкенби, айтор, чындап эле урушуп кетишкен. Башкы каармандын бети помада болгон учур бар эмеспи, кыз өпкөндөй кылалы десек, кыздар жок. Акыры бир баланын оозун помада менен боёп, тигинин бетин өптүргөнбүз". Клипти толугу менен бул жерден көрүңүз . Клипти тартуудагы кызыктар мында. | "Медиа-порталдагы" көп угулган, көп көрүлгөн популярдуу клиптердин бири - Данияр Эрматовдун "Кечир мени" ырына тартылган клиби. Бул ыр ырчынын жашоосунда сюрприз болгонун, кайсы жерге барбасын ушул ырды суранышып, эл кошулуп ырдап калганын айтат ырчы. " Улан Сатыбалдиев деген жигит "Ушул ырды ырдап көрбөйсүңбү?" деп сунуштай берчү, бирок мен ага көңүл бурбай жүрө бергем. Бир күнү байкасам, маанилүү ыр экен. Анан ырдап көрүүнү чечтим. Ыр жазылып, радиолорго берилип баштагандан кийин эл аябай жакшы кабыл алды. Ырга татыктуу болсун деп 2 айда клип тартып бүттүк. Режиссёру - Эрнист Сыдыков . Клипти тартууда бир топ кызыктар болгон. Жаш балдар менен иштешүү кыйын экен. Алар образга кирип кетишкенби, айтор, чындап эле урушуп кетишкен. Башкы каармандын бети помада болгон учур бар эмеспи, кыз өпкөндөй кылалы десек, кыздар жок. Акыры бир баланын оозун помада менен боёп, тигинин бетин өптүргөнбүз". Клипти толугу менен бул жерден көрүңүз . | Маданият, шоу-бизнес | false | https://www.super.kg/kabar/news/142809 | 2016-03-24 |
ky | Троллейбустун айдоочулары жумушка чыгышты, ал эми башкармалыктын жетекчисинин орду жыйында каралып жатат | “ Жетекчилик маянабызды көтөрөбүз дегенинен кайра жумушка чыктык ”,- деди бүгүн, 24-мартта SUPER.KG порталына атын атагысы келбеген №4-троллейбустун айдоочусу. “ Жумуш убактыбыз саат таңкы 05:00дө башталат. Ошондон саат 11:00гө чейин баарыбыз каттамга чыкпай койдук. Арабызда кээ бир айдоочулар эл көп болгон маалда гана чыгып, коомдук унааны айдашты. Троллейбустук башкармалыктын жетекчилери айлыгыбызды бир аз көтөрөбүз дегенинен, азыр баарыбыз кайра ишке чыктык ”,- дейт айдоочу. Кошумчалай кетсек, учурда Бишкек мэриясында Троллейбустук башкармалыктын жетекчиси Мадылбек Абдразаковдун ээлеген кызматы тууралуу жыйын өтүп жатканын SUPER.KG порталына шаар жетекчилигинин басма сөз кызматы билдирди. | “ Жетекчилик маянабызды көтөрөбүз дегенинен кайра жумушка чыктык ”,- деди бүгүн, 24-мартта порталына атын атагысы келбеген №4-троллейбустун айдоочусу. “ Жумуш убактыбыз саат таңкы 05:00дө башталат. Ошондон саат 11:00гө чейин баарыбыз каттамга чыкпай койдук. Арабызда кээ бир айдоочулар эл көп болгон маалда гана чыгып, коомдук унааны айдашты. Троллейбустук башкармалыктын жетекчилери айлыгыбызды бир аз көтөрөбүз дегенинен, азыр баарыбыз кайра ишке чыктык ”,- дейт айдоочу. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/142813 | 2016-03-24 |
ky | ЖЫЛНААМА, 24-МАРТ: Мындан 16 жыл мурун актёр, Кыргыз ССРинин Эл артисти Советбек Жумадылов каза болгон | Мындан 16 жыл мурун, 2000-жылы 24-мартта актёр, Кыргыз ССРинин Эл артисти Советбек Жумадылов 68 жаш курагында каза болгон. Советбек Жумадылов 1932-жылы Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Арал айылында туулган. Пржевальскидеги (азыркы Каракол) педагогикалык окуу жайын, А.Островский атындагы Ташкент мамлекеттик театралдык институтун бүтүргөн. 1953-жылдан тарта Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын артисти болуп иштеп келген. Ал каармандардын ички сырын, социалдык маңызын ачып, жекече мүнөз таба билген актёр. С.Жумадылов өмүрүндө өтө көп ролдорду аткарган. Кинофильмдерде да эң сонун образдарды түзгөн. Ал 1991-жылга чейин театрда 70ке, кинофильмдерде 50гө жакын ролдорду аткарган. М.Рыскулов атындагы Республикалык сыйлыктын ээси, ошондой эле медалдар, Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары менен сыйланган. 24-марттын жылнаамасы . | Мындан 16 жыл мурун, 2000-жылы 24-мартта актёр, Кыргыз ССРинин Эл артисти Советбек Жумадылов 68 жаш курагында каза болгон. Советбек Жумадылов 1932-жылы Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Арал айылында туулган. Пржевальскидеги (азыркы Каракол) педагогикалык окуу жайын, А.Островский атындагы Ташкент мамлекеттик театралдык институтун бүтүргөн. 1953-жылдан тарта Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын артисти болуп иштеп келген. Ал каармандардын ички сырын, социалдык маңызын ачып, жекече мүнөз таба билген актёр. С.Жумадылов өмүрүндө өтө көп ролдорду аткарган. Кинофильмдерде да эң сонун образдарды түзгөн. Ал 1991-жылга чейин театрда 70ке, кинофильмдерде 50гө жакын ролдорду аткарган. М.Рыскулов атындагы Республикалык сыйлыктын ээси, ошондой эле медалдар, Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары менен сыйланган. | Маданият, шоу-бизнес | false | https://www.super.kg/kabar/news/142817 | 2016-03-24 |
ky | Атамбаев: "Айрым куудулдар кимдир бирөөнүн тапшырмасын аткарып, элди түндүк-түштүккө бөлүп жатышат" | Бүгүн, 24-мартта Бишкекте журналисттер менен жолугушуусунда президент Алмазбек Атамбаев мурунку өлкө башчылар Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди сынга алып, айрым артисттерди "кыргыз элин түндүк-түштүккө бөлүп жатат" деди. "2005-жылы революцияны Бакиевдин адамдары эмес, жарандар жасашкан. Бакиевдин колоннасын таратып жибергенде, ал, өзү айткандай, манты жегени кеткен. Ак үйдү алгандардын арасында ар улуттагы жарандар болгон. Алардын арасында кеминдиктер да бар эле. Биз президент Акаевге "сен эми президент болбошуң керек" деп айтканы жатканбыз. Ошол кездеги Конституцияга ылайык, президент 2 жолу 5 жылдык мөөнөткө гана шайлана алган. Бирок академик 2005-жылы дагы бир президенттик мөөнөткө шайланганы жаткан. Демек, академик бешти бешке кошкондо канча болорун билген эмес... Ал кезде шайлоо өтө начар өтчү. 2005-жылдагы революциядан соң бийликке коом үчүн андан бетер коркунучтуу үй-бүлө келген. Бакиев Кудайды айтып жана нан кармап "Акаевдин убагындай иштер болбойт" деп өзү мага ант берген" ,- деди Атамбаев. "Айрым артисттердин жана куудулдардын "2005-жылы революцияны түштүк эли, 2010-жылы түндүктүктөр жасашты" деп айтканы чындыкка туура келбейт. Бул адамдар кимдир бирөөнүн тапшырмасын аткарып жатышат. Элибиз ар дайым биргеликте болгон. Биз таза, адилеттүү бийликтин болушун каалаганбыз. Бийликке келгиң келеби, шайлоо аркылуу парламентке кел. Бийликтин жана оппозициянын күчтөрү бар, бирок өтө начар адамдар бар. Алар шайлоо аркылуу колдоого ээ боло албастыгын билишет, ошондуктан төңкөрүш жана кан төгүү менен бийликке келүүгө ниеттенип жатышат" ,- деди президент. | Бүгүн, 24-мартта Бишкекте журналисттер менен жолугушуусунда президент Алмазбек Атамбаев мурунку өлкө башчылар Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди сынга алып, айрым артисттерди "кыргыз элин түндүк-түштүккө бөлүп жатат" деди. "2005-жылы революцияны Бакиевдин адамдары эмес, жарандар жасашкан. Бакиевдин колоннасын таратып жибергенде, ал, өзү айткандай, манты жегени кеткен. Ак үйдү алгандардын арасында ар улуттагы жарандар болгон. Алардын арасында кеминдиктер да бар эле. Биз президент Акаевге "сен эми президент болбошуң керек" деп айтканы жатканбыз. Ошол кездеги Конституцияга ылайык, президент 2 жолу 5 жылдык мөөнөткө гана шайлана алган. Бирок академик 2005-жылы дагы бир президенттик мөөнөткө шайланганы жаткан. Демек, академик бешти бешке кошкондо канча болорун билген эмес... Ал кезде шайлоо өтө начар өтчү. 2005-жылдагы революциядан соң бийликке коом үчүн андан бетер коркунучтуу үй-бүлө келген. Бакиев Кудайды айтып жана нан кармап "Акаевдин убагындай иштер болбойт" деп өзү мага ант берген" ,- деди Атамбаев. "Айрым артисттердин жана куудулдардын "2005-жылы революцияны түштүк эли, 2010-жылы түндүктүктөр жасашты" деп айтканы чындыкка туура келбейт. Бул адамдар кимдир бирөөнүн тапшырмасын аткарып жатышат. Элибиз ар дайым биргеликте болгон. Биз таза, адилеттүү бийликтин болушун каалаганбыз. Бийликке келгиң келеби, шайлоо аркылуу парламентке кел. Бийликтин жана оппозициянын күчтөрү бар, бирок өтө начар адамдар бар. | Саясат | false | https://www.super.kg/kabar/news/142812 | 2016-03-24 |
ky | Өткөн суткада өлкөдө 14 өрт кырсыгы катталып, Каракол шаарындагы сейил бактан 8 балаты күйүп кетти | Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, борбор калаада 2, Чүй облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 3, Талас облусунда 2, Нарын облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталды. Каракол шаарындагы Пушкин сейил багында өрт кырсыгы катталып, 8 балаты күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон. | Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, борбор калаада 2, Чүй облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 3, Талас облусунда 2, Нарын облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталды. Каракол шаарындагы Пушкин сейил багында өрт кырсыгы катталып, 8 балаты күйүп кетти. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142815 | 2016-03-24 |
ky | Орусияда “адамдарды Сирияга жөнөтүп жаткан” деп шектелген кыргыз жараны полиция имаратынын 5-кабатынан өзүн таштап каза болду | Орусиянын Москва шаарында “адамдарды Сирияга жөнөтүп жаткан” деп шектелген адам полиция имаратынын 5-кабатынан өзүн таштап жиберип каза болду. Орусиялык ММКлардын маалыматына таянсак, окуя 23-март күнү эртең менен Москва шаарынын көчөлөрүнүн биринде катталган. Маркум кыргыз жараны болгон. Ал Экстремизмге каршы күрөшүү борборунун кызматкерлери тарабынан кармалып, аймактык Ички иштер башкармалыгына алынып келген. Аталган кылмышка шектелген жаран суракка алынып жаткан маалда ачык турган терезеден секирип кеткен. Маалыматта айтылгандай, кыргыз жараны социалдык тармактар аркылуу жарандарды Сирияга үгүттөп, ал жакка жөнөтүү иштери менен алектенгени үчүн кармалган. | Орусиянын Москва шаарында “адамдарды Сирияга жөнөтүп жаткан” деп шектелген адам полиция имаратынын 5-кабатынан өзүн таштап жиберип каза болду. Орусиялык ММКлардын маалыматына таянсак, окуя 23-март күнү эртең менен Москва шаарынын көчөлөрүнүн биринде катталган. Маркум кыргыз жараны болгон. Ал Экстремизмге каршы күрөшүү борборунун кызматкерлери тарабынан кармалып, аймактык Ички иштер башкармалыгына алынып келген. Аталган кылмышка шектелген жаран суракка алынып жаткан маалда ачык турган терезеден секирип кеткен. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142811 | 2016-03-24 |
ky | Бишкекте унаа токтотуучу жайдан унаа уурдоого шектелген жаран кармалды | Бишкекте унаа токтотуучу жайдан унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен А.А. аттуу жаран кайрылган. Ал өзүнүн үйүнүн жанында жайгашкан унаа токтотуучу жайда токтоп турган Тойота Авенсис үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын З.С. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. | Бишкекте унаа токтотуучу жайдан унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен А.А. аттуу жаран кайрылган. Ал өзүнүн үйүнүн жанында жайгашкан унаа токтотуучу жайда токтоп турган Тойота Авенсис үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын З.С. аттуу тургуну кармалган. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142795 | 2016-03-24 |
ky | Талас облусунда таштардын алдына кол капка салынып катылган тапанча табылды | Талас облусуна караштуу Кум-Бел аймагынан таштардын алдына кол капка салынып катылган тапанча табылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү кабарлады. Маалыматка ылайык, кечээ, 23-мартта Чек ара кызматынын Талас облустук башкармалыгынын чек арачылары УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте Кум-Бел аймагында таштардын алдына катылган 5,6 мм калибрлүү 1 огу бар "Марголина" үлгүсүндөгү тапанчаны табышкан. Тиешелүү документтер толтурулуп, ал УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. | Талас облусуна караштуу Кум-Бел аймагынан таштардын алдына кол капка салынып катылган тапанча табылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү кабарлады. Маалыматка ылайык, кечээ, 23-мартта Чек ара кызматынын Талас облустук башкармалыгынын чек арачылары УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте Кум-Бел аймагында таштардын алдына катылган 5,6 мм калибрлүү 1 огу бар "Марголина" үлгүсүндөгү тапанчаны табышкан. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142797 | 2016-03-24 |
ky | Баткенде “мыкаачылык менен өлтүрүп, сөөгүн көлмөгө таштаган" деп шектелген жаран 2 айга камакка алынды | Баткен облусунда “мыкаачылык менен өлтүрүп, сөөгүн көлмөгө таштап койгон” деп шектелген жаран 2 айга камакка алынды. Ал эми ага көмөктөшкөн шеригинин иши боюнча кылмыш ишинин тергөөсү улантылууда. Бул тууралуу 24-март күнү Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти. Маалыматка ылайык, ушул жылдын январь айында Кызыл-Бел аймагында 40 жаштагы Х.А., 33 жаштагы К.Б. жана алардын 31 жаштагы айылдашы Н.С. спирт ичимдигин ичип отурушканда ортодон уруш чыккан. Мас абалдагы Х.А. аттуу жаран Н.С. аттуу досун темир менен бир нече жолу уруп, оор жаракаттардан улам ал окуя болгон жерден каза болуп калган. Изин жашыруу максатында Х.А. жана К.Б. маркумдун денесин чуңкурга көмүп салышкан. Эки күндөн кийин кайра келип сөөктү алып чыгып, башына таштар салынган баштыкты байлап, Котур-Көл көлмөсүнө чөктүрүп жиберишкен. Бул факт боюнча кылмышка шектүү Х.А. 15-март күнү кармалып, ага карата “өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал эми анын шериги 22-март күнү Совет айылынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Баткен райондук сотунун чечими менен кылмышка шектүү деп табылган Х.А. 2 айга камакка алынды. Учурда бул кылмышка шектүүлөрдүн иши боюнча тергөө амалдары улантылууда. | Баткен облусунда “мыкаачылык менен өлтүрүп, сөөгүн көлмөгө таштап койгон” деп шектелген жаран 2 айга камакка алынды. Ал эми ага көмөктөшкөн шеригинин иши боюнча кылмыш ишинин тергөөсү улантылууда. Бул тууралуу 24-март күнү Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан порталына билдиришти. Маалыматка ылайык, ушул жылдын январь айында Кызыл-Бел аймагында 40 жаштагы Х.А., 33 жаштагы К.Б. жана алардын 31 жаштагы айылдашы Н.С. спирт ичимдигин ичип отурушканда ортодон уруш чыккан. Мас абалдагы Х.А. аттуу жаран Н.С. аттуу досун темир менен бир нече жолу уруп, оор жаракаттардан улам ал окуя болгон жерден каза болуп калган. Изин жашыруу максатында Х.А. жана К.Б. маркумдун денесин чуңкурга көмүп салышкан. Эки күндөн кийин кайра келип сөөктү алып чыгып, башына таштар салынган баштыкты байлап, Котур-Көл көлмөсүнө чөктүрүп жиберишкен. Бул факт боюнча кылмышка шектүү Х.А. 15-март күнү кармалып, ага карата “өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал эми анын шериги 22-март күнү Совет айылынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Баткен райондук сотунун чечими менен кылмышка шектүү деп табылган Х.А. 2 айга камакка алынды. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142805 | 2016-03-24 |
ky | Алмазбек Атамбаев: "Үңкүр-Тоону берип салгыдай Сариевдин эки башы бар бекен? Эгер тоо берилсе, Сариевдин башы кетет" | "Үңкүр-Тоону берип салгыдай Сариевдин (премьер-министр Темир Сариев - ред. ) эки башы бар бекен? Эгер чынында эле берген болсо, анда Сариевдин башы кетет", - деди бүгүн, 24-мартта Бишкекте журналисттер менен жолугушууда президент Алмазбек Атамбаев . Президент "өкмөт Үңкүр-Тоону өзбек тарапка берип салды" деген маалымат жалган экенин белгиледи. "Аталган тоо талаш жерде жайгашкан. Албетте, мындай жерде талаштар болот. Өкмөттүн ошол аймакта дагы бир станцияны куруу планы - абдан жакшы демилге. Ошол станция аркылуу 150 миң адам телеберүү жана уюлдук байланыш менен камсыздалат",- деди Атамбаев. | "Үңкүр-Тоону берип салгыдай Сариевдин (премьер-министр Темир Сариев - ред. ) эки башы бар бекен? Эгер чынында эле берген болсо, анда Сариевдин башы кетет", - деди бүгүн, 24-мартта Бишкекте журналисттер менен жолугушууда президент Алмазбек Атамбаев . Президент "өкмөт Үңкүр-Тоону өзбек тарапка берип салды" деген маалымат жалган экенин белгиледи. "Аталган тоо талаш жерде жайгашкан. Албетте, мындай жерде талаштар болот. Өкмөттүн ошол аймакта дагы бир станцияны куруу планы - абдан жакшы демилге. | Саясат | false | https://www.super.kg/kabar/news/142804 | 2016-03-24 |
ky | Ошто 30 гектар жерди мыйзамсыз түрдө сатып жиберген экс-мэрдин үстүнөн козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү | Ошто мыйзамсыз түрдө 310 миң сомго бааланып жеке менчикке сатылып кеткен 30 гектар жер боюнча козголгон кылмыш иши аяктап, Ош шаардык сотуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу 24-март күнү Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, аталган факт боюнча кылмыш иши 2015-жылдын 19-октябрында козголгон. Анда Ош шаарынын Жапалак айылдык кеңешинин муктаждыгын чечүү үчүн, өкмөттүн токтомуна ылайык, 30 гектар айыл чарба жерин калк отурукташа турган жерге которгону белгиленген. Ал 154 үлүшкө бөлүнүп, мектеп, бала бакча, дарыкана, ФАП, өндүрүш-өнөр жай комплекси жана башка керектүү инфраструктура салынмак. Бирок шаардык мэриянын, өкмөттүн, Жапалак айыл өкмөтүнүн жетекчилери, Ош шаарынын Архитектура жана мамлекеттик каттоо башкармалыгынын жогорку кызмат адамдары аталган жер тилкесин 310 миң сомго баалап, жеке менчикке сатып жиберишкен. Бул боюнча шаардын экс-мэри Жумадыл Исаковго жана жогоруда аталган кызмат жетекчилерине карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн алкагында аталган жер тилкеси 26 миллион 640 миң сомго бааланып, Ош шаарынын мэриясына кайтарылган. | Ошто мыйзамсыз түрдө 310 миң сомго бааланып жеке менчикке сатылып кеткен 30 гектар жер боюнча козголгон кылмыш иши аяктап, Ош шаардык сотуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу 24-март күнү Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, аталган факт боюнча кылмыш иши 2015-жылдын 19-октябрында козголгон. Анда Ош шаарынын Жапалак айылдык кеңешинин муктаждыгын чечүү үчүн, өкмөттүн токтомуна ылайык, 30 гектар айыл чарба жерин калк отурукташа турган жерге которгону белгиленген. Ал 154 үлүшкө бөлүнүп, мектеп, бала бакча, дарыкана, ФАП, өндүрүш-өнөр жай комплекси жана башка керектүү инфраструктура салынмак. Бирок шаардык мэриянын, өкмөттүн, Жапалак айыл өкмөтүнүн жетекчилери, Ош шаарынын Архитектура жана мамлекеттик каттоо башкармалыгынын жогорку кызмат адамдары аталган жер тилкесин 310 миң сомго баалап, жеке менчикке сатып жиберишкен. Бул боюнча шаардын экс-мэри Жумадыл Исаковго жана жогоруда аталган кызмат жетекчилерине карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142793 | 2016-03-24 |
ky | Сузак районундагы көчкү жүргөн жердеги жарандар 1994-жылдан бери мыйзамсыз жашап жатышканы аныкталды | Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Алмалуу-Булак айылында кечээ, 23-мартта болгон жер көчкүдөн улам 18 үйдө электр энергиясы жок. 300 метр электр зымы, 5 электр мамысы жер көчкү астында калган. Секундасына 30-40 литр көлөмдө агып жаткан сууну жер көчкү тосуп калган. Эгерде бул суунун нугун ачуу чаралары көрүлбөсө, Алмалуу-Булак айылында 55 кожолукту суу каптоо коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт. Алмалуу-Булак айылы кооптуу аймак болгондуктан, жергиликтүү жашоочуларды көчүрүү маселеси жаралган. Мындан улам 1994-жылдан 2015-жылга чейин 78 үй-бүлө мамлекет тарабынан ссудаларын жана жер тилкелерин алып, алардын ичинен болгону 5 үй-бүлө көчүп чыккан, 73 үй-бүлө бүгүнкү күнгө чейин көчпөй, мыйзамсыз жашап келе жатат. КРнын ӨКМнын Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан жергиликтүү бийликтерге кооптуу аймакта жашап жаткан жарандарды көчүрүп кетүү боюнча жыл сайын атайын эскертмелер берилип, жашоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет. Суу каптоо коркунучунун алдын алуу максатында КР ӨКМнын Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк борбору тарабынан 1 экскаватор, Кызыл-Туу айыл аймагы тарабынан 1 жүктөгүч тартылып, жалпы 2500 метр куб жер көчкү тазаланды. Электр энергиясын калыбына келтирүү иштери, жер көчкү тазаланып бүткөндөн кийин жүргүзүлөт. | Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Алмалуу-Булак айылында кечээ, 23-мартта болгон жер көчкүдөн улам 18 үйдө электр энергиясы жок. 300 метр электр зымы, 5 электр мамысы жер көчкү астында калган. Секундасына 30-40 литр көлөмдө агып жаткан сууну жер көчкү тосуп калган. Эгерде бул суунун нугун ачуу чаралары көрүлбөсө, Алмалуу-Булак айылында 55 кожолукту суу каптоо коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт. Алмалуу-Булак айылы кооптуу аймак болгондуктан, жергиликтүү жашоочуларды көчүрүү маселеси жаралган. Мындан улам 1994-жылдан 2015-жылга чейин 78 үй-бүлө мамлекет тарабынан ссудаларын жана жер тилкелерин алып, алардын ичинен болгону 5 үй-бүлө көчүп чыккан, 73 үй-бүлө бүгүнкү күнгө чейин көчпөй, мыйзамсыз жашап келе жатат. КРнын ӨКМнын Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан жергиликтүү бийликтерге кооптуу аймакта жашап жаткан жарандарды көчүрүп кетүү боюнча жыл сайын атайын эскертмелер берилип, жашоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет. Суу каптоо коркунучунун алдын алуу максатында КР ӨКМнын Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк борбору тарабынан 1 экскаватор, Кызыл-Туу айыл аймагы тарабынан 1 жүктөгүч тартылып, жалпы 2500 метр куб жер көчкү тазаланды. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/142791 | 2016-03-24 |
ky | Америкада смартфон сыяктуу тапанча иштелип чыкты | Жакынкы убакытта АКШнын ар бир жараны өзүн кайсы бир уюмдун жашыруун тыңчысы катары сезип калышы мүмкүн. Себеби эми анын жанында дайыма кызыктуу, көпчүлүк учурда өлүмгө алып келүүчү смартфонго окшош тапанча жүрөт. Америкалык "Ideal Conceal" компаниясы жашыруун алып жүрүүгө ылайыкташтырылган тапанчаны иштеп чыкты. Тапанча бир караганда жөнөкөй смартфондон айырмасы жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлайт. Видеодо көрүнүп тургандай тапанчада 2 ок атуучу көзөнөк жайгашкан. Анын ар бири 9х17 миллиметр калибрлүү тапанча огу менен октолгон. Ок атуучу гаджет ушул жылдын аягында сатууга чыгат. Баасы 395 долларды түзөт. | Жакынкы убакытта АКШнын ар бир жараны өзүн кайсы бир уюмдун жашыруун тыңчысы катары сезип калышы мүмкүн. Себеби эми анын жанында дайыма кызыктуу, көпчүлүк учурда өлүмгө алып келүүчү смартфонго окшош тапанча жүрөт. Америкалык "Ideal Conceal" компаниясы жашыруун алып жүрүүгө ылайыкташтырылган тапанчаны иштеп чыкты. Тапанча бир караганда жөнөкөй смартфондон айырмасы жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлайт. Видеодо көрүнүп тургандай тапанчада 2 ок атуучу көзөнөк жайгашкан. Анын ар бири 9х17 миллиметр калибрлүү тапанча огу менен октолгон. Ок атуучу гаджет ушул жылдын аягында сатууга чыгат. | Түркүн дүйнө | false | https://www.super.kg/kabar/news/142775 | 2016-03-24 |
ky | Кытайлык жаран 2 жашар айдоочунун унаасынын астында калганы үчүн компенсация талап кылды | Кытайда бир топ жашка барып калган аял 2 жашар кыздын башкаруусундагы унаа менен жолду бөлүшө албай ызы-чуу жаратты. Ал "жол кырсыгына кабылдым, денеге келтирилген жаракаттар жана моралдык зыян үчүн компенсация талап кылам" деп кыздын ата-энесине кайрылган. Бул тууралуу "rai77.ru" басылмасы кечээ, 23-мартта жазып чыкты. Видеого тартылып алынган кадрлар Кытайдагы интернет колдонуучулары тарабынан кызуу талкууга алынган. Маалыматтарга караганда, улгайган аял тажрыйбасы жок айдоочунун ата-энесинен келтирилген ыңгайсыздык үчүн акча төлөп берүүнү талап кылган. Кыздын апасы "жабырлануучуга" болгон аракетин жумшап окуяны түшүндүрүүгө аракет жасаган. Бирок "жабырлануучу тарап" көңүл бурбай, кичинекей кызды күнөөлөгөнүн уланткан. Кызыктуу "жол кырсыгы" эмне менен аяктаганы азырынча белгисиз. | Кытайда бир топ жашка барып калган аял 2 жашар кыздын башкаруусундагы унаа менен жолду бөлүшө албай ызы-чуу жаратты. Ал "жол кырсыгына кабылдым, денеге келтирилген жаракаттар жана моралдык зыян үчүн компенсация талап кылам" деп кыздын ата-энесине кайрылган. Бул тууралуу " басылмасы кечээ, 23-мартта жазып чыкты. Видеого тартылып алынган кадрлар Кытайдагы интернет колдонуучулары тарабынан кызуу талкууга алынган. Маалыматтарга караганда, улгайган аял тажрыйбасы жок айдоочунун ата-энесинен келтирилген ыңгайсыздык үчүн акча төлөп берүүнү талап кылган. Кыздын апасы "жабырлануучуга" болгон аракетин жумшап окуяны түшүндүрүүгө аракет жасаган. Бирок "жабырлануучу тарап" көңүл бурбай, кичинекей кызды күнөөлөгөнүн уланткан. | Түркүн дүйнө | false | https://www.super.kg/kabar/news/142761 | 2016-03-24 |
ky | Бишкекте алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды | Бишкекте алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Кара-Балта шаарынын тургуну кайрылган. Ал "Айчүрөк" соода борборунан чала таанышы ишенимине кирүү менен "Айфон 6", "Айфон 6С" үлгүсүндөгү кымбат баалуу уюлдук телефондорун алып, изин жашырып кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Свердлов РИИБинин №10-шаардык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын А.Д. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. | Бишкекте алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Кара-Балта шаарынын тургуну кайрылган. Ал "Айчүрөк" соода борборунан чала таанышы ишенимине кирүү менен "Айфон 6", "Айфон 6С" үлгүсүндөгү кымбат баалуу уюлдук телефондорун алып, изин жашырып кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Свердлов РИИБинин №10-шаардык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын А.Д. аттуу тургуну кармалган. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142789 | 2016-03-24 |
ky | Борбордо айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, оор жаракаттардан улам ал каза болуп калды | Бишкекте айдоочу аял кишини сүзүп, оор жаракаттардан улам ал каза болуп калды. Бул тууралуу 24-март күнү “Тез жардам” кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, бүгүн саат 05:31 чамасында аталган кызматка Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан Ататүрк атындагы эс алуучу жайдын жанынан белгисиз айдоочу аял кишини сүзүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган "Тез жардамдын" кызматкерлери 35-40 жаштардагы аял каза болуп калганын аныкташкан. Окуяга күбө болгон жарандардын айтымында, айдоочу аялды сүзүп, токтобой качып кеткен. | Бишкекте айдоочу аял кишини сүзүп, оор жаракаттардан улам ал каза болуп калды. Бул тууралуу 24-март күнү “Тез жардам” кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, бүгүн саат 05:31 чамасында аталган кызматка Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан Ататүрк атындагы эс алуучу жайдын жанынан белгисиз айдоочу аял кишини сүзүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган "Тез жардамдын" кызматкерлери 35-40 жаштардагы аял каза болуп калганын аныкташкан. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142785 | 2016-03-24 |
ky | Бишкек. Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда фонтан курулуучу жайда иш-чара өтүүдө | Бүгүн, 24-мартта Бишкек шаарынын Ахунбаев жана Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде эс алуу жайы салынуучу аймакта президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда иш-чара өтүүдө. Бишкек башкы архитектурасынын башчысы Бактыбек Абдиевдин айтымында, бул эс алуучу жайда фонтан курулмакчы. "Бул сквердин аянты 1 гектарга жакын. Курулуш иштерин ушул жылдын август айында бүтүрүүнү пландап жатабыз. Бишкек шаары боюнча дагы 6 эс алуучу жайды салуу пландалууда", - деди Абдиев. | Бүгүн, 24-мартта Бишкек шаарынын Ахунбаев жана Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде эс алуу жайы салынуучу аймакта президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда иш-чара өтүүдө. Бишкек башкы архитектурасынын башчысы Бактыбек Абдиевдин айтымында, бул эс алуучу жайда фонтан курулмакчы. "Бул сквердин аянты 1 гектарга жакын. Курулуш иштерин ушул жылдын август айында бүтүрүүнү пландап жатабыз. | Саясат | false | https://www.super.kg/kabar/news/142768 | 2016-03-24 |
ky | Бишкекте катталган жол кырсыгында 5 адам ар түрдүү жаракаттарды алды | Бишкек шаарында катталган жол кырсыгында 5 адам ар түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-март күнү “Тез жардам” кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 23-мартта саат 21:42 чамасында Элебесов көчөсүндө жол кырсыгы катталган. Анда 17 жаштан 29 жашка чейинки 5 жаран ар түрдүү жаракаттарды алган. Окуя болгон жерге келген "Тез жардамдын" кызматкерлери жабыркагандарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүп, ооруканага жеткиришкен. | Бишкек шаарында катталган жол кырсыгында 5 адам ар түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-март күнү “Тез жардам” кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 23-мартта саат 21:42 чамасында Элебесов көчөсүндө жол кырсыгы катталган. Анда 17 жаштан 29 жашка чейинки 5 жаран ар түрдүү жаракаттарды алган. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142781 | 2016-03-24 |
ky | 1-апрелден тарта кыргыз жергесинде 2016-жылдын жалпы улуттук мааракелерине арналган көчмө сүрөт көргөзмөсү өтөт | Кыргыз жергесинде 2016-жылы өткөрүлө турган жалпы улуттук мааракелерге арналган көчмө сүрөт көргөзмөсү уюштурулат. Бул тууралуу Тарых жана маданият жылына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча дирекциянын башкармалыгынан билдиришти. Көргөзмө республиканын бардык аймактарындагы китепканаларда боло тургандыктан, аны бардык жарандар көрө алышат. Экспозициянын алкагында кыргыз элинин маданияты жана тарыхы тууралуу сүрөттөр, тарыхый документтер көрсөтүлөт. Көргөзмөнүн негизги максаты сүрөттөргө жана документтерге түшүрүлгөн өзгөчө окуялар аркылуу жаш муунду патриоттуулукка тарбиялоо болуп эсептелет. Учурда экспозициянын негизи боло турган материалдар дайындалууда. Көчмө көргөзмө 1-апрелде Токтогулда башталып, 14-октябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында аяктайт. | Кыргыз жергесинде 2016-жылы өткөрүлө турган жалпы улуттук мааракелерге арналган көчмө сүрөт көргөзмөсү уюштурулат. Бул тууралуу Тарых жана маданият жылына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча дирекциянын башкармалыгынан билдиришти. Көргөзмө республиканын бардык аймактарындагы китепканаларда боло тургандыктан, аны бардык жарандар көрө алышат. Экспозициянын алкагында кыргыз элинин маданияты жана тарыхы тууралуу сүрөттөр, тарыхый документтер көрсөтүлөт. Көргөзмөнүн негизги максаты сүрөттөргө жана документтерге түшүрүлгөн өзгөчө окуялар аркылуу жаш муунду патриоттуулукка тарбиялоо болуп эсептелет. Учурда экспозициянын негизи боло турган материалдар дайындалууда. | Маданият, шоу-бизнес | false | https://www.super.kg/kabar/news/142777 | 2016-03-24 |
ky | Борбор калаада ооруканадан сыналгы уурдоого шектелип туруктуу жашаган жери жок жаран кармалды | Борбор калаада ооруканадан сыналгы уурдоого шектелип туруктуу жашаган жери жок жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен шаар тургуну кайрылган. Ал борбордогу Элебесов көчөсүндө жайгашкан кургак учук бейтапканасынан белгисиз адамдар 3000 сомдук сыналгыны уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында аймактык тескөөчү тарабынан туруктуу жашаган жери жок К.Э. аттуу жаран кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. | Борбор калаада ооруканадан сыналгы уурдоого шектелип туруктуу жашаган жери жок жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен шаар тургуну кайрылган. Ал борбордогу Элебесов көчөсүндө жайгашкан кургак учук бейтапканасынан белгисиз адамдар 3000 сомдук сыналгыны уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында аймактык тескөөчү тарабынан туруктуу жашаган жери жок К.Э. аттуу жаран кармалган. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142773 | 2016-03-24 |
ky | Бишкек шаарында 9 жаштагы балага бычак такап ыплас аракеттерди жасоого аракеттенген жаран кармалды | Бишкек шаарында 9 жаштагы балага бычак такап ыплас аракеттерди жасоого аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен шаар тургуну кайрылган. Ал саат 21:30 чамасында 40-45 жаштардагы белгисиз киши арыз ээсинин 9 жаштагы небересине бычак такап ыплас аракеттерди жасоого аракет кылгандыгын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Я.Е. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө. | Бишкек шаарында 9 жаштагы балага бычак такап ыплас аракеттерди жасоого аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен шаар тургуну кайрылган. Ал саат 21:30 чамасында 40-45 жаштардагы белгисиз киши арыз ээсинин 9 жаштагы небересине бычак такап ыплас аракеттерди жасоого аракет кылгандыгын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Я.Е. аттуу шаар тургуну кармалган. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142769 | 2016-03-24 |
ky | Бишкекте кикбоксинг боюнча өлкө чемпиондугу өтөт | 25-27-март аралыгында Бишкекте Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда кикбоксинг боюнча (лоу-кик түрүнөн) өлкө чемпиондугу өтөт. Мелдешке 18 жаштан жогорку курактагы спортчулар катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, анда уландар арасында 12 килограмм салмактык бөлүктө (51 килограмм салмакта, 54 кг, 57 кг, 60 кг, 63,5 кг, 67 кг, 71 кг, 75 кг, 81 кг, 86 кг, 91 кг, +91 кг), кыз-келиндер арасында 6 салмактык бөлүктө (48 кг, 51 кг, 54 кг, 57 кг, 60 кг, + 63,5 кг) жеңүүчүлөр аныкталат. Мелдешти уюштуруу үчүн олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча дирекциядан 68 миң сом өлчөмүндөгү каражат бөлүндү. | 25-27-март аралыгында Бишкекте Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда кикбоксинг боюнча (лоу-кик түрүнөн) өлкө чемпиондугу өтөт. Мелдешке 18 жаштан жогорку курактагы спортчулар катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, анда уландар арасында 12 килограмм салмактык бөлүктө (51 килограмм салмакта, 54 кг, 57 кг, 60 кг, 63,5 кг, 67 кг, 71 кг, 75 кг, 81 кг, 86 кг, 91 кг, +91 кг), кыз-келиндер арасында 6 салмактык бөлүктө (48 кг, 51 кг, 54 кг, 57 кг, 60 кг, + 63,5 кг) жеңүүчүлөр аныкталат. | Спорт | false | https://www.super.kg/kabar/news/142763 | 2016-03-24 |
ky | Бишкекте троллейбус айдоочулары иш ташташты | Бишкекте троллейбус айдоочуларынын басымдуу бөлүгү жумушка чыкпай койду. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта SUPER.KG порталына Бишкек шаардык троллейбустук башкармалыгынан билдиришти. Маалым болгондой, айдоочулар айлык акынын аздыгына нааразычылыктарын билдирип ушундай кадамга барышкан. “ Учурда жетекчилердин баары бул маселени чечүү боюнча жыйынга кирип кетишкен. Биз билгенден айдоочулардын 100 пайызга жакыны коомдук унааны айдабай коюшту ”,- дешти башкармалыктан. Ага карабай көчөдөн бирин-экин троллейбус элди ташып жатканын байкаса болот. Бишкек троллейбустук башкармалыгынын директору Мадылбек Абдыразаков буга чейин SUPER.KG порталына берген маалыматында айдоочулардын айлыгы 9 миңден 19 миң сомго чейин көтөрүлө турганын айткан. | Бишкекте троллейбус айдоочуларынын басымдуу бөлүгү жумушка чыкпай койду. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта порталына Бишкек шаардык троллейбустук башкармалыгынан билдиришти. Маалым болгондой, айдоочулар айлык акынын аздыгына нааразычылыктарын билдирип ушундай кадамга барышкан. “ Учурда жетекчилердин баары бул маселени чечүү боюнча жыйынга кирип кетишкен. Биз билгенден айдоочулардын 100 пайызга жакыны коомдук унааны айдабай коюшту ”,- дешти башкармалыктан. Ага карабай көчөдөн бирин-экин троллейбус элди ташып жатканын байкаса болот. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/142765 | 2016-03-24 |
ky | Аламүдүн районундагы турак үйлөрдүн биринде өрт чыгып, анын кесепетинен үй ээси каза тапты | Чүй облусунун Аламүдүн районундагы турак үйлөрдүн биринде өрт чыгып, анын кесепетинен 46 жаштагы үй ээси каза тапты. Бул тууралуу 24-март күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, окуя аталган райондун Восток айылында болгон. Шифер жабылган, жыгач устундуу турак үйдүн 2 чарчы метр чатыры, 100 чарчы метр аянттагы 3 бөлмөсү толугу менен күйгөн. Өрт болгон жерден 46 жаштагы үй ээси Алексей Молдовановдун күйгөн денеси табылган. Өрттүн себеби такталууда. | Чүй облусунун Аламүдүн районундагы турак үйлөрдүн биринде өрт чыгып, анын кесепетинен 46 жаштагы үй ээси каза тапты. Бул тууралуу 24-март күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, окуя аталган райондун Восток айылында болгон. Шифер жабылган, жыгач устундуу турак үйдүн 2 чарчы метр чатыры, 100 чарчы метр аянттагы 3 бөлмөсү толугу менен күйгөн. Өрт болгон жерден 46 жаштагы үй ээси Алексей Молдовановдун күйгөн денеси табылган. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142755 | 2016-03-24 |
ky | Мелис Турганбаев "өзүңдү корго" деп Кадыр Маликовго тапанча берип, милициянын алсыз экенин айгинеледиби? | Ички иштер министри Мелис Турганбаев диний адис Кадыр Маликов менен экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүнү талкуулады. Өлкөдөгү диний кырдаал, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу жолдору, Маликовго кол салууга шектүүлөрдүн бири Түркиядан кыргыз жерине алынып келингени тууралуу сүйлөшүштү. Муну 23-мартта ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Эске сала кетсек, Кадыр Маликов 2015-жылы 26-ноябрда белгисиз адам менен чырдаша кетип, бычактан жаракат алган . Турганбаев эксперт Кадыр Маликовго коргонуу үчүн травматикалык тапанча белек кылды. Министрдин бул кадамын "милициянын алсыздыгын моюнга алуу, жарандарды өзүңөрдү өзүңөр коргогула деген белги" деп түшүнүүгө болот. Өлкөдө эми терроризмди жектеген ар бир жаран жанына курал көтөрүп жүрүшү керекпи? ИИМ республикадагы бардык жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын көрүүгө милдеттүү. | Ички иштер министри Мелис Турганбаев диний адис Кадыр Маликов менен экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүнү талкуулады. Өлкөдөгү диний кырдаал, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу жолдору, Маликовго кол салууга шектүүлөрдүн бири Түркиядан кыргыз жерине алынып келингени тууралуу сүйлөшүштү. Муну 23-мартта ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Эске сала кетсек, Кадыр Маликов 2015-жылы 26-ноябрда белгисиз адам менен чырдаша кетип, бычактан жаракат алган . Турганбаев эксперт Кадыр Маликовго коргонуу үчүн травматикалык тапанча белек кылды. Министрдин бул кадамын "милициянын алсыздыгын моюнга алуу, жарандарды өзүңөрдү өзүңөр коргогула деген белги" деп түшүнүүгө болот. Өлкөдө эми терроризмди жектеген ар бир жаран жанына курал көтөрүп жүрүшү керекпи? | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/142767 | 2016-03-24 |
ky | Чүй. Ысык-Ата районунда тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам үй ээси каза тапты | Ысык-Ата районундагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, анда 58 жаштагы үй ээси каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 24-март күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ивановка айылындагы Комсомол көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде өрт чыккан. Анда бөлмөдөгү диван, төшөнчүлөр өрттөнүп, үй ээси Филорет Юлдашев түтүнгө ууланып каза тапкан. Өрттүн келип чыгуусуна тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон. | Ысык-Ата районундагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, анда 58 жаштагы үй ээси каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 24-март күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ивановка айылындагы Комсомол көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде өрт чыккан. Анда бөлмөдөгү диван, төшөнчүлөр өрттөнүп, үй ээси Филорет Юлдашев түтүнгө ууланып каза тапкан. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142757 | 2016-03-24 |
ky | Өлкөдө "Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы" жыйынтыкталды | Өлкөдө "Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы" жыйынтыкталды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, иш-чара "Катыш, акчаны акылдуулук менен топто" деген ураандын алдында белгиленип, анын жабылышына арналган салтанат 23-мартта Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт искусство музейинде өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, өлкөнүн Банктар биримдиги, Өнүктүрүү-саясат институту, коммерциялык банктар, мамлекеттик жана коомдук мекемелер жана “Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын” алкагындагы сүрөт, видеотүрмөк жана эссе боюнча сынактан жеңген окуучулар жана студенттер катышышты. Иш-чараны ачып жатып Улуттук банктын расмий өкүлү Раушан Сейткасымова “Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы” ийгиликтүү өткөнүн, бул кампанияга тартылган катышуучулардын арасында кызыгуу жаралганын, балдар гана эмес, чоңдор арасында дагы калктын каржылык сабаттуулугу темасы өлкөбүздө өтө актуалдуу маселелердин бири экенин белгиледи. “ Улуттук банк “Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы” кампаниясын ишке ашырууга кызуу киришти. Биздин адистер республиканын бардык аймактарында лекцияларды окуп, окуучуларга жана студенттерге каржылык жактан сабаттуу болуу азыркы учурда өтө маанилүү экенин, билим капиталдын эң негизги булагы катары келечекте аны туура пайдалануу аркылуу акчага жетишүүгө мүмкүндүк берерин айтып беришти. Ачык эшиктер, лекция, семинар жана башка иш-чаранын баарында тең катышуунун деңгээли жогорку болгону байкалды. Балдарды кызыктырган көптөгөн суроолор болду, алар тренинг жана сынактарга активдүү катышып жатышышты ”,- деп белгиледи Сейткасымова. | Өлкөдө "Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы" жыйынтыкталды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, иш-чара "Катыш, акчаны акылдуулук менен топто" деген ураандын алдында белгиленип, анын жабылышына арналган салтанат 23-мартта Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт искусство музейинде өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, өлкөнүн Банктар биримдиги, Өнүктүрүү-саясат институту, коммерциялык банктар, мамлекеттик жана коомдук мекемелер жана “Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын” алкагындагы сүрөт, видеотүрмөк жана эссе боюнча сынактан жеңген окуучулар жана студенттер катышышты. Иш-чараны ачып жатып Улуттук банктын расмий өкүлү Раушан Сейткасымова “Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы” ийгиликтүү өткөнүн, бул кампанияга тартылган катышуучулардын арасында кызыгуу жаралганын, балдар гана эмес, чоңдор арасында дагы калктын каржылык сабаттуулугу темасы өлкөбүздө өтө актуалдуу маселелердин бири экенин белгиледи. “ Улуттук банк “Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы” кампаниясын ишке ашырууга кызуу киришти. Биздин адистер республиканын бардык аймактарында лекцияларды окуп, окуучуларга жана студенттерге каржылык жактан сабаттуу болуу азыркы учурда өтө маанилүү экенин, билим капиталдын эң негизги булагы катары келечекте аны туура пайдалануу аркылуу акчага жетишүүгө мүмкүндүк берерин айтып беришти. Ачык эшиктер, лекция, семинар жана башка иш-чаранын баарында тең катышуунун деңгээли жогорку болгону байкалды. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/142751 | 2016-03-24 |
ky | Брюсселдеги аэропортто өзүн өзү жардырган адам өлөр алдында эмне деп кат жазганы белгилүү болду | Бельгиянын Брюссель шаарындагы аэропортто өзүн өзү жардырган адам Ибрагим эль-Бакруи өлөр алдында кат жазганы белгилүү болду. "Мен эмне кыларымды билбей жатам. Мен качып жүрөм, мени ар жерде издеп жүрүшөт. Эгер колго түшсөм, түрмөгө камашат", - деп жазылат аталган катта. Чет өлкөлүк басылмалардын маалыматтарына ылайык, Бельгия тергөөчүлөрү аэропортто бомбаны 29 жаштагы бельгиялык жаран Ибрагим эль-Бакрауи жардырган деп эсептешет. "Ошондой эле "Маальбек" метросундагы жардырууга анын иниси, 27 жаштагы Халид Бакрауи жардамдашкан деген пикирди карманышууда. Кечээ ага-ини Бакрауинин шериги деп божомолдонуп жаткан адамды издөө улантылган. Ал жарылуучу зат салынган баштыкты аэропортко калтырып, өзү качып кеткен. Бомба жарылган эмес, аны полиция таап алып, зыянсыздандырды. Теракттын качып кеткен төртүнчү катышуучусу да бар деп айтылууда. Брюсселдеги бул теракттар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” деп аталган экстремисттик топ мойнуна алды" ,- деп жазышат басылмалар. Айта кетсек, 22-мартта эртең менен Брюсселдеги Завентем аэропортунун ичинде 2 жардыруу болгон, бир сааттан кийин метрополитендин жанында 1 жардыруу орун алган. Бул теракттардан улам каза тапкандардын саны 34 адамга жетти, ал эми ар түрдүү жаракаттарды алгандардын саны 200дөн ашты. | Бельгиянын Брюссель шаарындагы аэропортто өзүн өзү жардырган адам Ибрагим эль-Бакруи өлөр алдында кат жазганы белгилүү болду. "Мен эмне кыларымды билбей жатам. Мен качып жүрөм, мени ар жерде издеп жүрүшөт. Эгер колго түшсөм, түрмөгө камашат", - деп жазылат аталган катта. Чет өлкөлүк басылмалардын маалыматтарына ылайык, Бельгия тергөөчүлөрү аэропортто бомбаны 29 жаштагы бельгиялык жаран Ибрагим эль-Бакрауи жардырган деп эсептешет. "Ошондой эле "Маальбек" метросундагы жардырууга анын иниси, 27 жаштагы Халид Бакрауи жардамдашкан деген пикирди карманышууда. Кечээ ага-ини Бакрауинин шериги деп божомолдонуп жаткан адамды издөө улантылган. Ал жарылуучу зат салынган баштыкты аэропортко калтырып, өзү качып кеткен. Бомба жарылган эмес, аны полиция таап алып, зыянсыздандырды. Теракттын качып кеткен төртүнчү катышуучусу да бар деп айтылууда. Брюсселдеги бул теракттар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” деп аталган экстремисттик топ мойнуна алды" ,- деп жазышат басылмалар. Айта кетсек, 22-мартта эртең менен Брюсселдеги Завентем аэропортунун ичинде 2 жардыруу болгон, бир сааттан кийин метрополитендин жанында 1 жардыруу орун алган. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142754 | 2016-03-24 |
ky | Кыргыз Республикасынын жана Орусиянын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөшүштү | 23-мартта Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин демилгеси менен анын Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү жүргүзүлдү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, тараптар Борбор Азиядагы кырдаалды талкуулашты. Мындан тышкары министрлер Шанхай Кызматташтык Уюмунун жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында иш жүргүзүү маселеси боюнча пикир алмашышты. Ошондой эле тышкы иштер мекемелеринин башчылары эки тараптуу мамилелердин маселелерин талкуулашканы маалым болду. | 23-мартта Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин демилгеси менен анын Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү жүргүзүлдү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, тараптар Борбор Азиядагы кырдаалды талкуулашты. Мындан тышкары министрлер Шанхай Кызматташтык Уюмунун жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында иш жүргүзүү маселеси боюнча пикир алмашышты. | Саясат | false | https://www.super.kg/kabar/news/142750 | 2016-03-24 |
ky | ЭЛДИК ВИДЕО: Ар бир мүнөттү жазып турган саат жасалды | SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Ар бир мүнөттү жазып турган саат жасалды" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Toch_v_toch). Видеодогу механикалык саатты япониялык студент Канго Судзуки жасап чыккан. Ал сааттын кадимки сааттардан айырмасы: сандарды көрсөтүп турчу багыттагыч көрсөткүчтөрү жок, бирок ар бир жаңы мүнөт импровизацияланган тактайчада жазылып турат. Япон студентине мындай саатты жасоо идеясы эски, 18-кылымда жасалган механикалык Куркуриненго куурчактарынан улам туулган. Ал: "Мындай буюмду биздин кылымда жасоо мүмкүн эмес деп ойлогом. Ушул сыяктуу нерсени жасагым келип, ар бир мүнөттү жазып турчу саатты жасоо оюма келди",- дейт. Судзуки алгач сааттын виртуалдык түрүн жасаган, максаты орундаларына көзү жеткенден кийин гана ал ишти колго алган. Видеону көрүү үчүн шилтеме . | порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Ар бир мүнөттү жазып турган саат жасалды" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Toch v toch). Видеодогу механикалык саатты япониялык студент Канго Судзуки жасап чыккан. Ал сааттын кадимки сааттардан айырмасы: сандарды көрсөтүп турчу багыттагыч көрсөткүчтөрү жок, бирок ар бир жаңы мүнөт импровизацияланган тактайчада жазылып турат. Япон студентине мындай саатты жасоо идеясы эски, 18-кылымда жасалган механикалык Куркуриненго куурчактарынан улам туулган. Ал: "Мындай буюмду биздин кылымда жасоо мүмкүн эмес деп ойлогом. Ушул сыяктуу нерсени жасагым келип, ар бир мүнөттү жазып турчу саатты жасоо оюма келди",- дейт. Судзуки алгач сааттын виртуалдык түрүн жасаган, максаты орундаларына көзү жеткенден кийин гана ал ишти колго алган. | Түркүн дүйнө | false | https://www.super.kg/kabar/news/142725 | 2016-03-24 |
ky | АФИША, 24-МАРТ: "Манас" кинотеатрында "ЖинМэн" тасмасы көрсөтүлөт | "Кыргыз киносу" кинотеатры Чоң зал "Зверополис” 3D тасмасы. 10:40, 15:50. “Бэтмен против Супермена: на заре справедливости” тасмасы. 12:50, 18:00, 20:50. “Боги Египта” (+16) тасмасы. 23:50. Кичи зал "Эне жүрөгү” тасмасы. 16:10, 22:00. “Герой моей девушки” тасмасы. 12:10, 20:00. “Чүкө баатыр” тасмасы. 10:30, 14:00, 18:00. "Манас" кинотеатры Чоң зал "Зверополис” 3D тасмасы. 10:40, 15:50. “Бэтмен против Супермена: на заре справедливости” тасмасы. 12:50, 18:00, 20:50. “Боги Египта” тасмасы. 23:50. Көк зал "Дивергент, глава 3: За стеной" тасмасы. 11:10, 18:10. “Бэтмен против Супермена: на заре справедливости” тасмасы. 22:40. “Падение Лондона” тасмасы. 13:40, 20:30. “Боги Египта” тасмасы. 15:40. Жашыл зал “Эне жүрөгү” тасмасы. 10:20, 12:00, 13:40, 15:20, 17:00, 18:40, 20:20, 22:00, 23:40. Кызыл зал “ЖинМэн" тасмасы. 10:40, 12:20, 14:00, 15:40, 17:30, 19:20, 21:10, 23:00. Ретро зал "Бир мешок акча" тасмасы. 10:30, 12:10, 14:10, 16:00, 17:50, 19:40, 21:30, 23:10. Айтыш зал “Чүкө баатыр” тасмасы. 11:30, 15:10, 19:10. "Запрос в друзья" тасмасы. 13:20, 17:10. “Эне жүрөгү” тасмасы. 21:00. Замандаш зал “Герой моей девушки” тасмасы. 11:00, 12:40, 16:20, 20:00, 23:50. “Бир мешок акча” тасмасы. 14:30, 18:10, 22:00. | "Кыргыз киносу" кинотеатры Чоң зал "Зверополис” 3D тасмасы. “Боги Египта” (+16) тасмасы. 23:50. Кичи зал "Эне жүрөгү” тасмасы. “Чүкө баатыр” тасмасы. 10:30, 14:00, 18:00. "Манас" кинотеатры Чоң зал "Зверополис” 3D тасмасы. “Боги Египта” тасмасы. “Падение Лондона” тасмасы. 13:40, 20:30. “Боги Египта” тасмасы. 15:40. Жашыл зал “Эне жүрөгү” тасмасы. 10:20, 12:00, 13:40, 15:20, 17:00, 18:40, 20:20, 22:00, 23:40. Кызыл зал “ЖинМэн" тасмасы. 10:40, 12:20, 14:00, 15:40, 17:30, 19:20, 21:10, 23:00. Ретро зал "Бир мешок акча" тасмасы. 10:30, 12:10, 14:10, 16:00, 17:50, 19:40, 21:30, 23:10. Айтыш зал “Чүкө баатыр” тасмасы. “Эне жүрөгү” тасмасы. | Күннаама | true | https://www.super.kg/kabar/news/142741 | 2016-03-24 |
ky | ЖЫЛНААМА, 24-март: Мындан 11 жыл мурун Бишкекте президент Аскар Акаевдин режими кулатылган | Мындан 11 жыл мурун, 2005-жылы 24-мартта өлкөнүн ар бир бурчунан чыккан эл толкуну Бишкекке чогулуп, президент Аскар Акаевдин режими кулатылган. 2005-жылдын февраль айында болгон депутаттык шайлоолор өтө ыплас өтүп, эл колдогон адамдар мамлекеттик машинанын арты менен четке сүрүлүп, депутаттык мандаттарынан ажырашкан. Мындай адилетсиздикке күбө болгон карапайым калк түп-тамыры менен көтөрүлүп, ар бир аймакта нааразычылык акцияларын өткөрө баштаган. Дал ушул күнү аймактардан келген эл Ак үйдүн алдына чогулуп, Аскар Акаев үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. 24-марттын жылнаамасы . | Мындан 11 жыл мурун, 2005-жылы 24-мартта өлкөнүн ар бир бурчунан чыккан эл толкуну Бишкекке чогулуп, президент Аскар Акаевдин режими кулатылган. 2005-жылдын февраль айында болгон депутаттык шайлоолор өтө ыплас өтүп, эл колдогон адамдар мамлекеттик машинанын арты менен четке сүрүлүп, депутаттык мандаттарынан ажырашкан. Мындай адилетсиздикке күбө болгон карапайым калк түп-тамыры менен көтөрүлүп, ар бир аймакта нааразычылык акцияларын өткөрө баштаган. Дал ушул күнү аймактардан келген эл Ак үйдүн алдына чогулуп, Аскар Акаев үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. | Саясат | false | https://www.super.kg/kabar/news/142745 | 2016-03-24 |
ky | Жашоодогу кыйынчылыктарды 5 саатта башынан өткөргөн эрке бала тууралуу "ЖинМэн" тасмасынын бет ачарынан фоторепортаж | Бүгүн, 23-мартта Бишкектеги "Манас" кинотеатрында комедиялык жанрдагы "ЖинМэн" аттуу тасманын бет ачары болуп өттү. Зал толо эл келип, тасманын ар бир мүнөтү күлкү менен коштолуп жатты. Тасмада эрке чоңойгон байдын уулу тууралуу баяндалат. Акча менен баарын бүтүрсө болот деген ал жакындарын капа кылып, балдарды уруп-сабап, жадакалса Кудай жок дегенге чейин барат. Бир күнү баланы эсине келтирүү үчүн жин пайда болот. Эрке бала 5 сааттын ичинде жашоодогу кыйынчылыктарды, кызыктуу окуяларды башынан өткөрөт. Адамдын жини же шайтан канчалык деңгээлде жашоого таасир этет? Кудай жок деген каарман кандай окуяга туш болот? Ушул жана башка суроолорго терең маанилүү "ЖинМэн" тасмасынан жооп табууга болот. | Бүгүн, 23-мартта Бишкектеги "Манас" кинотеатрында комедиялык жанрдагы "ЖинМэн" аттуу тасманын бет ачары болуп өттү. Зал толо эл келип, тасманын ар бир мүнөтү күлкү менен коштолуп жатты. Тасмада эрке чоңойгон байдын уулу тууралуу баяндалат. Акча менен баарын бүтүрсө болот деген ал жакындарын капа кылып, балдарды уруп-сабап, жадакалса Кудай жок дегенге чейин барат. Бир күнү баланы эсине келтирүү үчүн жин пайда болот. Эрке бала 5 сааттын ичинде жашоодогу кыйынчылыктарды, кызыктуу окуяларды башынан өткөрөт. Адамдын жини же шайтан канчалык деңгээлде жашоого таасир этет? Кудай жок деген каарман кандай окуяга туш болот? | Маданият, шоу-бизнес | false | https://www.super.kg/kabar/news/142747 | 2016-03-23 |
ky | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жазган каршылык нотасына Өзбекстан так жооп берген жок | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 18-мартта Өзбекстанга Кербен - Ала-Бука жолунан аскерлерин жана техникасын алып салуусун талап кылган нота жөнөткөн эле. Бир нече күндүк тыныгуудан кийин Өзбекстандын тышкы саясий мекемеси ал каршылык нотасына жооп берди. Бул тууралуу КРнын ТИМинин басма сөз кызматы жарыялады. Маалыматка ылайык, Өзбекстан өз нотасында " Өзбекстанда жылына Нооруз майрамын майрамдоо учурунда коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында мамлекеттик чек араны кайтарууну күчөтүү боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүшөт " деп түшүндүрдү. Ал эми чырлуу аймактан тосмолорду алуу, куралдуу күчтөрдү жана аскердик техниканы чыгаруу боюнча кыргыз тараптын талаптарын жоопсуз калтырган. Кыргыз тарап өзбек тарап менен алгачкы нотада айтылган шарттар аткарылганда гана бардык маселелер боюнча конструктивдүү сүйлөшүүлөргө даяр экендигин билдирет. Провокациялык билдирүүлөрдүн көп болуп жатканына байланыштуу "Соңку кабар" бөлүмүндөгү "Саясат" рубрикасы менен чыккан бардык кабарларга комментарий жазуу убактылуу жабылды. | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 18-мартта Өзбекстанга Кербен - Ала-Бука жолунан аскерлерин жана техникасын алып салуусун талап кылган нота жөнөткөн эле. Бир нече күндүк тыныгуудан кийин Өзбекстандын тышкы саясий мекемеси ал каршылык нотасына жооп берди. Бул тууралуу КРнын ТИМинин басма сөз кызматы жарыялады. Маалыматка ылайык, Өзбекстан өз нотасында " Өзбекстанда жылына Нооруз майрамын майрамдоо учурунда коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында мамлекеттик чек араны кайтарууну күчөтүү боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүшөт " деп түшүндүрдү. Ал эми чырлуу аймактан тосмолорду алуу, куралдуу күчтөрдү жана аскердик техниканы чыгаруу боюнча кыргыз тараптын талаптарын жоопсуз калтырган. Кыргыз тарап өзбек тарап менен алгачкы нотада айтылган шарттар аткарылганда гана бардык маселелер боюнча конструктивдүү сүйлөшүүлөргө даяр экендигин билдирет. | Саясат | false | https://www.super.kg/kabar/news/142748 | 2016-03-23 |
ky | Бишкекте "ЖинМэн" комедиялык тасмасынын бет ачары өтүүдө | Бүгүн, 23-мартта борбор калаадагы "Манас" кинотеатрында "ЖинМэн" комедиялык тасмасынын бет ачары өтүп жатат. Ага тасманын жаратуучулары, кыргыз элине белгилүү өнөр адамдары, чакырылган коноктор жана шаар тургундары катышууда. Залда элдин көбүнөн бут коёрго жер жок, алар тикесинен тик туруп көрүп жатышат. Алып баруучу Бакыт Байсариев тамашалары менен көрүүчүлөрдү күлдүрүп жатты. Тасманын экинчи режиссёру Эрмек Исмаилов фильм тууралуу буларды айтты: "Учурда көп тасмалар тартылып жатат. Албетте, баары жогорку деңгээлде тартылбайт. Кино тармагында мындай нерсенин болгону жакшы, себеби сапаттуулары иргелет, улам жакшы тасмалар тартыла баштайт. "ЖинМэн" комедиялык тасмасы көрүүчүлөргө жагат деп үмүттөнөбүз. "Эл - тараза, эл - сынчы" дегендей, бүгүн эл назарына коюлду" . Ал эми башкы каармандын ролун жараткан Нурсултан Алибековдун бул дебюттук ролу. "Тасмада көпкөн, шок баланын образын жараттым. Буга чейин жарнамалык түрмөктөргө эле тартылганым болбосо, тасмага тартылган эмесмин. Образымды көрүүчүгө жеткире алдым го деп ойлойм. Өзүм да көрө элекмин, кандай ойногонубузду көрүүчүлөр менен чогуу байкайбыз", - деди Алибеков. | Бүгүн, 23-мартта борбор калаадагы "Манас" кинотеатрында "ЖинМэн" комедиялык тасмасынын бет ачары өтүп жатат. Ага тасманын жаратуучулары, кыргыз элине белгилүү өнөр адамдары, чакырылган коноктор жана шаар тургундары катышууда. Залда элдин көбүнөн бут коёрго жер жок, алар тикесинен тик туруп көрүп жатышат. Алып баруучу Бакыт Байсариев тамашалары менен көрүүчүлөрдү күлдүрүп жатты. Тасманын экинчи режиссёру Эрмек Исмаилов фильм тууралуу буларды айтты: "Учурда көп тасмалар тартылып жатат. Албетте, баары жогорку деңгээлде тартылбайт. Кино тармагында мындай нерсенин болгону жакшы, себеби сапаттуулары иргелет, улам жакшы тасмалар тартыла баштайт. "ЖинМэн" комедиялык тасмасы көрүүчүлөргө жагат деп үмүттөнөбүз. "Эл - тараза, эл - сынчы" дегендей, бүгүн эл назарына коюлду" . Ал эми башкы каармандын ролун жараткан Нурсултан Алибековдун бул дебюттук ролу. "Тасмада көпкөн, шок баланын образын жараттым. Буга чейин жарнамалык түрмөктөргө эле тартылганым болбосо, тасмага тартылган эмесмин. Образымды көрүүчүгө жеткире алдым го деп ойлойм. | Маданият, шоу-бизнес | false | https://www.super.kg/kabar/news/142739 | 2016-03-23 |
ky | КҮНСЕРЕП : Аксыдагы Үңкүр-Тоону өкмөт Өзбекстанга кармата бере жаздады... Оппозиция Ошто өтүүчү митингин токтотту... | Бүгүн, 23-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз... Аксынын борбору Кербен шаарына караштуу Үңкүр-Тоонун тагдыры коомчулукта чуу жаратты. Кербен шаардык кеңешинин депутаты Эргеш Озокеев бүгүн премьер-министр Темир Сариевден "Үңкүр-Тоонун чокусундагы станцияны көчүрүүгө жер тапкыла" деп буйрук келгенин жарыялап , мындай кабар Аксынын эле эмес, бүтүндөй республика жашоочуларынын кыжырын келтирди. Көпчүлүк "чек ара кырдаалын чечүү үчүн өкмөт Үңкүр-Тоону Өзбекстанга өткөрүп бергени жатат..." деген пикир жаадырышты. Ал эми Кербен шаардык кеңешинин депутаттары кезексиз сессияда премьер-министрдин буйругуна каршы чыгышып, "Биз станцияны башка жерге көчүрүүгө эмес, Үңкүр-Тоонун башын бошотууга каршыбыз" деп позициясын так билдиришти. Аталган тоо Өзбекстанга караштуу аймак катары көрсөтүлүп, станцияны Кыргыз Республикасынын башка аймагына көчүрүү боюнча Сариев өткөргөн өкмөт чогулушунун протоколу да жарыяланды... Бирок бул документ жөнүндө өкмөт комментарий берген жок... Болгону коомчулукту тынчтандырууга шашып "Үңкүр-Тоодогу станция эч жакка алынбайт, болгону кошумча станция курганы жатабыз" деп билдирүү жасады. Бүдөмүк суроо калууда... Эгерде Кербен шаардык кеңешинин депутаттары буйрукту кыйшаюусуз аткарып, "Сариевден буйрук келди" деп кыйкырып чыкпай, станцияны көчүрүүнү колдоп беришкенде Үңкүр-Тоо коңшу өлкөнүн карамагына кирип кетиши мүмкүн беле? Бүгүн чек арадагы кырдаалга Жогорку Кеңештин депутаттары үн катышты . Тагыраагы, спикер, парламенттеги фракция лидерлери кыргыз-өзбек чек арасындагы абал тууралуу өкмөт башчынын маалыматын угушту. Көйгөйдү чечүүдөгү өкмөттүн аракетин колдоого алышарын билдиришти. Аксыдагы кырдаалдан кабар алганы өлкөгө Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысынын орун басары Ара Бадалян келери белгилүү болду. Уюмдун өкүлү абалды өз көзү менен көрүп, кыргыз тарапка кеп-кеңешин бермекчи. Белгиленген мөөнөткө бир күн калганда оппозиция Ошто өткөрө турган курултайын токтотту. Чыныгы себебин ким билсин, өздөрү "чек арадагы кырдаалга байланыштуу токтоттук" деп маалымдашты. Буга чейин жарыяланган аудиожазууларда оппозициянын бир муштумга бириге албай жатканы тууралуу сөздөр айтылганын эске алганда, 24-мартка белгиленген ири митингдин болбой калышына оппозициянын ички ынтымагы да таасир бериши мүмкүн. Анткени курултайга катышат делген айрым оппозициялык маанайдагы саясатчылар курултайдын токтотулганынан кабардар эмес экенин бүгүн тастыкташты. Анан да "Оппозиция өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү" делинип интернетке тараган аудио монтаж эместигин УКМК тастыктап, коомчулукка жарыялады. Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагынын Алмалуу-Булак айылындагы жер көчкүдөн улам 18 турак жай электр жарыгысыз калып, 20 үйдү суу каптап кетүү коркунучу жаралууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жер көчкү саат 08:20 чамасында катталган. Анда 52 000 метр куб жер көчкү жүрүп, 5 электр мамысын авариялык абалга келтирген. Андан сырткары жер көчкү Алмалуу-Булак сайын жана ички чарбалык унаа жолду тосуп калган. Жаз келери менен көчкү, сел кырсыктары жанданат. Тийиштүү министрлик эртерээк чара көрбөсө, айыл эли көчөдө калышы мүмкүн болуп туру... Эл аралык издөөдө жүргөн Адил Тойгонбаев Дубайдан кармалганын бүгүн Ички иштер министрлиги билдирди. Кылмышка шектүү Интерпол жана Бириккен Араб Эмираттарынын укук коргоо органдарынын биргелешкен аракети менен колго түшүрүлдү. Тойгонбаевдин бул үчүнчү жолку кармалышы. Орусияда мурунку жылдары эки жолу кармалып, кайра боштондукка чыгып кеткен. Бул жолкусунда да бошонуп кетери же жазага тартылары азырынча белгисиз. Кыргыз мамлекетинин биринчи президенти Аскар Акаевдин мурунку күйөө баласы А.Тойгонбаев бир нече беренелер боюнча айыпталууда. Кайнатасы президент болуп турган маалда өлкөдө бир нече объектти мыйзамсыз алган деп да күнөөлөнүп келет. | Бүгүн, 23-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз... Аксынын борбору Кербен шаарына караштуу Үңкүр-Тоонун тагдыры коомчулукта чуу жаратты. Кербен шаардык кеңешинин депутаты Эргеш Озокеев бүгүн премьер-министр Темир Сариевден "Үңкүр-Тоонун чокусундагы станцияны көчүрүүгө жер тапкыла" деп буйрук келгенин жарыялап , мындай кабар Аксынын эле эмес, бүтүндөй республика жашоочуларынын кыжырын келтирди. Көпчүлүк "чек ара кырдаалын чечүү үчүн өкмөт Үңкүр-Тоону Өзбекстанга өткөрүп бергени жатат..." деген пикир жаадырышты. Ал эми Кербен шаардык кеңешинин депутаттары кезексиз сессияда премьер-министрдин буйругуна каршы чыгышып, "Биз станцияны башка жерге көчүрүүгө эмес, Үңкүр-Тоонун башын бошотууга каршыбыз" деп позициясын так билдиришти. Аталган тоо Өзбекстанга караштуу аймак катары көрсөтүлүп, станцияны Кыргыз Республикасынын башка аймагына көчүрүү боюнча Сариев өткөргөн өкмөт чогулушунун протоколу да жарыяланды... Бирок бул документ жөнүндө өкмөт комментарий берген жок... Болгону коомчулукту тынчтандырууга шашып "Үңкүр-Тоодогу станция эч жакка алынбайт, болгону кошумча станция курганы жатабыз" деп билдирүү жасады. Бүдөмүк суроо калууда... Эгерде Кербен шаардык кеңешинин депутаттары буйрукту кыйшаюусуз аткарып, "Сариевден буйрук келди" деп кыйкырып чыкпай, станцияны көчүрүүнү колдоп беришкенде Үңкүр-Тоо коңшу өлкөнүн карамагына кирип кетиши мүмкүн беле? Бүгүн чек арадагы кырдаалга Жогорку Кеңештин депутаттары үн катышты . Тагыраагы, спикер, парламенттеги фракция лидерлери кыргыз-өзбек чек арасындагы абал тууралуу өкмөт башчынын маалыматын угушту. Көйгөйдү чечүүдөгү өкмөттүн аракетин колдоого алышарын билдиришти. Аксыдагы кырдаалдан кабар алганы өлкөгө Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысынын орун басары Ара Бадалян келери белгилүү болду. Уюмдун өкүлү абалды өз көзү менен көрүп, кыргыз тарапка кеп-кеңешин бермекчи. Белгиленген мөөнөткө бир күн калганда оппозиция Ошто өткөрө турган курултайын токтотту. Чыныгы себебин ким билсин, өздөрү "чек арадагы кырдаалга байланыштуу токтоттук" деп маалымдашты. Буга чейин жарыяланган аудиожазууларда оппозициянын бир муштумга бириге албай жатканы тууралуу сөздөр айтылганын эске алганда, 24-мартка белгиленген ири митингдин болбой калышына оппозициянын ички ынтымагы да таасир бериши мүмкүн. Анткени курултайга катышат делген айрым оппозициялык маанайдагы саясатчылар курултайдын токтотулганынан кабардар эмес экенин бүгүн тастыкташты. Анан да "Оппозиция өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү" делинип интернетке тараган аудио монтаж эместигин УКМК тастыктап, коомчулукка жарыялады. Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагынын Алмалуу-Булак айылындагы жер көчкүдөн улам 18 турак жай электр жарыгысыз калып, 20 үйдү суу каптап кетүү коркунучу жаралууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жер көчкү саат 08:20 чамасында катталган. Анда 52 000 метр куб жер көчкү жүрүп, 5 электр мамысын авариялык абалга келтирген. Андан сырткары жер көчкү Алмалуу-Булак сайын жана ички чарбалык унаа жолду тосуп калган. Жаз келери менен көчкү, сел кырсыктары жанданат. Тийиштүү министрлик эртерээк чара көрбөсө, айыл эли көчөдө калышы мүмкүн болуп туру... Эл аралык издөөдө жүргөн Адил Тойгонбаев Дубайдан кармалганын бүгүн Ички иштер министрлиги билдирди. Кылмышка шектүү Интерпол жана Бириккен Араб Эмираттарынын укук коргоо органдарынын биргелешкен аракети менен колго түшүрүлдү. Тойгонбаевдин бул үчүнчү жолку кармалышы. Орусияда мурунку жылдары эки жолу кармалып, кайра боштондукка чыгып кеткен. Бул жолкусунда да бошонуп кетери же жазага тартылары азырынча белгисиз. Кыргыз мамлекетинин биринчи президенти Аскар Акаевдин мурунку күйөө баласы А.Тойгонбаев бир нече беренелер боюнча айыпталууда. | Күннаама | false | https://www.super.kg/kabar/news/142701 | 2016-03-23 |
ky | 24-мартта өлкөнүн айрым аймактарында кыска мөөнөткө жамгыр жаашы күтүлөт | БИШКЕК ШААРЫ Түнкүсүн +7°C Күндүз +19°C Күндүн узактыгы 12 саат 21 мүнөт. Күн саат 06:57де чыгып, 19:18де батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-14 метр ЧҮЙ ОБЛУСУ Түнкүсүн +5°C Күндүз +20°C Күндүн узактыгы 12 саат 20 мүнөт. Күн саат 06:57де чыгып, 19:18де батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде кыска мөөнөткө жаан жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-20 метр ТАЛАС ОБЛУСУ Түнкүсүн +4°C Күндүз +19°C Күндүн узактыгы 12 саат 21 мүнөт. Күн саат 07:06да чыгып, 19:27де батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде кыска мөөнөткө жаан жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-20 метр ОШ ОБЛУСУ Түнкүсүн +8°C Күндүз +20°C Күндүн узактыгы 12 саат 18 мүнөт. Күн саат 07:06да чыгып, 19:24тө батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-20 метр ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ Түнкүсүн +5°C Күндүз +21°C Күндүн узактыгы 12 саат 20 мүнөт. Күн саат 07:04тө чыгып, 19:24тө батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде кыска мөөнөткө жаан жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-20 метр БАТКЕН ОБЛУСУ Түнкүсүн +4°C Күндүз +20°C Күндүн узактыгы 12 саат 19 мүнөт. Күн саат 07:13тө чыгып, 19:33тө батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде кыска мөөнөткө жаан жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-20 метр ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ Түнкүсүн -2°C Күндүз +15°C Күндүн узактыгы 12 саат 21 мүнөт. Күн саат 06:47де чыгып, 19:08де батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-20 метр НАРЫН ОБЛУСУ Түнкүсүн -6°C Күндүз +16°C Күндүн узактыгы 12 саат 20 мүнөт. Күн саат 06:52де чыгып, 19:12де батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-20 метр | БИШКЕК ШААРЫ Түнкүсүн +7°C Күндүз +19°C Күндүн узактыгы 12 саат 21 мүнөт. Күн саат 06:57де чыгып, 19:18де батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-14 метр ЧҮЙ ОБЛУСУ Түнкүсүн +5°C Күндүз +20°C Күндүн узактыгы 12 саат 20 мүнөт. Күн саат 06:57де чыгып, 19:18де батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде кыска мөөнөткө жаан жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-20 метр ТАЛАС ОБЛУСУ Түнкүсүн +4°C Күндүз +19°C Күндүн узактыгы 12 саат 21 мүнөт. Күн саат 07:06да чыгып, 19:27де батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде кыска мөөнөткө жаан жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-20 метр ОШ ОБЛУСУ Түнкүсүн +8°C Күндүз +20°C Күндүн узактыгы 12 саат 18 мүнөт. Күн саат 07:06да чыгып, 19:24тө батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-20 метр ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ Түнкүсүн +5°C Күндүз +21°C Күндүн узактыгы 12 саат 20 мүнөт. Күн саат 07:04тө чыгып, 19:24тө батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде кыска мөөнөткө жаан жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-20 метр БАТКЕН ОБЛУСУ Түнкүсүн +4°C Күндүз +20°C Күндүн узактыгы 12 саат 19 мүнөт. Күн саат 07:13тө чыгып, 19:33тө батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде кыска мөөнөткө жаан жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-20 метр ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ Түнкүсүн -2°C Күндүз +15°C Күндүн узактыгы 12 саат 21 мүнөт. Күн саат 06:47де чыгып, 19:08де батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-20 метр НАРЫН ОБЛУСУ Түнкүсүн -6°C Күндүз +16°C Күндүн узактыгы 12 саат 20 мүнөт. Күн саат 06:52де чыгып, 19:12де батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. | Күннаама | false | https://www.super.kg/kabar/news/142735 | 2016-03-23 |
ky | КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫ. 23-МАРТ. Жол тоскон өзбек чек арачылары "Өзбекстаныбызга кош келиңиз!" дешип, жарандардан "загранпаспорт" сурап жатышканы айтылды | 16:35. Аксы - Ала-Бука жолундагы блокпостто турушкан өзбек чек арачылары жол жүрүүчүлөрдөн жалпы жарандык паспорт (загранпаспорт) сурашууда. Муну SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундардын бири билдирди. "Ала-Бука тарапка барып келдим. Чек арачылар жолдон тосушуп, "Өзбекстаныбызга кош келиңиз! Худжат (документ) көрсөтүңүз" деп жатышат" ,- дейт жергиликтүү тургун. 15:50. Орусияда иштеген Аксы жана Ала-Бука райондорунун уул-кыздары бүгүн Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигине чогулушту. Аларга чек арадагы кырдаал тууралуу маалымат берилди. Элчиликтин билдиришинче, мекендештерибиз кырдаалды батыраак жөнгө салууну өлкө жетекчилигинен өтүнүштү. 14:30 . Кербен шаарынын аймагында Үңкүр-Тоодогу станция башка жерге көчүрүлбөйт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. "Жалал-Абад облусунун Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондорунун маалыматтык коопсуздугун күчөтүү үчүн Үңкүр-Тоодо жайгашкан "Кербен" ретрансляциялоо станциясы (РРС-24) менен байланышта иштеген башка станция куруу жагы каралууда. Мындай станцияны куруу жаңы байланыш каналдарын түзүү зарылчылыгынан пайда болду. Бул иш аталган райондордо санариптик телекөрсөтүүнү ишке ашыруу үчүн жүргүзүлүп жатат. "Кербен" ретрансляциялоо станциясы башка жакка жылдырылбайт. Бул аймакта чек араны белгилөө өлкөлөрдүн өкмөттүк делегацияларынын иши",- деп айтылат маалыматта. 12:00. Аксыдагы Үңкүр-Тоодон кыргыз тараптын ретрансляциялоо станциясын алып кетүү сунушталды. Муну Кербен шаардык кеңешинин депутаты Эргеш Озокеев SUPER.KG порталына тастыктады. Анын айтымында, станцияларды жайгаштырууга башка жер караштыруу боюнча премьер-министрден буйрук келди. "2015-жылдын 11-ноябрында өкмөт отурумунда Үңкүр-Тоону Өзбекстандын аймагына киргизүү боюнча токтом кабыл алынган. "Тоодогу кыргыз тараптын станциясын жайгаштырууга башка жер издештирилсин" деген өкмөт башчы Темир Сариевдин сунушу келди. Бул тоо атам замандан бери эле кыргыздарга тиешелүү тоо. Кербендин ар бир тургуну, кичинесинен чоңуна чейин тоонун өзбектерге берилишине каршы чыгат. Азыр абал оор болуп турат, бул ого бетер кырдаалды күчөтүп жатат. Биз азыр эле бул маселени шаардык кеңештин сессиясында карап, өкмөттүн бул токтомуна каршы экенибизди билдирдик. Мындан башка жол издешсин", - деди Озокеев. 11:50 . 23-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Чала-Сарт аймагындагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы жарыялады. Маалыматка ылайык, бул аймакта кыргыз чек арачылары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантышууда. "Эки мамлекеттин аскердик техникасынын жылышы же аскерлеринин санынын өзгөрүшү катталган жок. Кыргыз жарандары Ала-Бука - Кербен унаа жолу менен тоскоолдуксуз өтүшүүдө. Өзбек чек арачылары тарабынан кыргыз жарандарынан жалпы жарандык паспортторун көрсөтүү талабы катталган эмес" ,- деп айтылат маалыматта. КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз жарандарын чагымчылдыктарга алдырбоого чакырат жана эки мамлекеттин аскерлеринин укукка каршы келген аракеттери боюнча (0312) 54-28-99 телефон номери аркылуу кайрылууну суранат. 09:48 . "Жалал-Абад облусунда мобилизациялоо жүрүп жатат" деген маалымат чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, аскер комиссариаттары пландык текшерүүлөрдү жүргүзүп жатышы мүмкүн. "Мындай текшерүүлөр өлкөдөгү бардык аскер комиссариаттарында мезгил-мезгили менен жүргүзүлүп турат" ,- дешти мекемеден. Айта кетсек, SUPER.KG' ге окурмандар кайрылып, "Жалал-Абад облусундагы аскер комиссариаттары аскердик билеттерди топтоп, аскерге милдеттүүлөрдү чакырып жатышат" деп билдиришкен. Провокациялык билдирүүлөрдүн көп болуп жатканына байланыштуу талкуу жабылды. | 16:35. Аксы - Ала-Бука жолундагы блокпостто турушкан өзбек чек арачылары жол жүрүүчүлөрдөн жалпы жарандык паспорт (загранпаспорт) сурашууда. Муну порталына жергиликтүү тургундардын бири билдирди. "Ала-Бука тарапка барып келдим. Чек арачылар жолдон тосушуп, "Өзбекстаныбызга кош келиңиз! Худжат (документ) көрсөтүңүз" деп жатышат" ,- дейт жергиликтүү тургун. 15:50. Орусияда иштеген Аксы жана Ала-Бука райондорунун уул-кыздары бүгүн Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигине чогулушту. Аларга чек арадагы кырдаал тууралуу маалымат берилди. Элчиликтин билдиришинче, мекендештерибиз кырдаалды батыраак жөнгө салууну өлкө жетекчилигинен өтүнүштү. 14:30 . Кербен шаарынын аймагында Үңкүр-Тоодогу станция башка жерге көчүрүлбөйт. Бул тууралуу порталына өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. "Жалал-Абад облусунун Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондорунун маалыматтык коопсуздугун күчөтүү үчүн Үңкүр-Тоодо жайгашкан "Кербен" ретрансляциялоо станциясы (РРС-24) менен байланышта иштеген башка станция куруу жагы каралууда. Мындай станцияны куруу жаңы байланыш каналдарын түзүү зарылчылыгынан пайда болду. Бул иш аталган райондордо санариптик телекөрсөтүүнү ишке ашыруу үчүн жүргүзүлүп жатат. "Кербен" ретрансляциялоо станциясы башка жакка жылдырылбайт. Бул аймакта чек араны белгилөө өлкөлөрдүн өкмөттүк делегацияларынын иши",- деп айтылат маалыматта. 12:00. Аксыдагы Үңкүр-Тоодон кыргыз тараптын ретрансляциялоо станциясын алып кетүү сунушталды. Муну Кербен шаардык кеңешинин депутаты Эргеш Озокеев порталына тастыктады. Анын айтымында, станцияларды жайгаштырууга башка жер караштыруу боюнча премьер-министрден буйрук келди. "2015-жылдын 11-ноябрында өкмөт отурумунда Үңкүр-Тоону Өзбекстандын аймагына киргизүү боюнча токтом кабыл алынган. "Тоодогу кыргыз тараптын станциясын жайгаштырууга башка жер издештирилсин" деген өкмөт башчы Темир Сариевдин сунушу келди. Бул тоо атам замандан бери эле кыргыздарга тиешелүү тоо. Кербендин ар бир тургуну, кичинесинен чоңуна чейин тоонун өзбектерге берилишине каршы чыгат. Азыр абал оор болуп турат, бул ого бетер кырдаалды күчөтүп жатат. Биз азыр эле бул маселени шаардык кеңештин сессиясында карап, өкмөттүн бул токтомуна каршы экенибизди билдирдик. Мындан башка жол издешсин", - деди Озокеев. 11:50 . 23-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Чала-Сарт аймагындагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы жарыялады. Маалыматка ылайык, бул аймакта кыргыз чек арачылары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантышууда. "Эки мамлекеттин аскердик техникасынын жылышы же аскерлеринин санынын өзгөрүшү катталган жок. Кыргыз жарандары Ала-Бука - Кербен унаа жолу менен тоскоолдуксуз өтүшүүдө. Өзбек чек арачылары тарабынан кыргыз жарандарынан жалпы жарандык паспортторун көрсөтүү талабы катталган эмес" ,- деп айтылат маалыматта. КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз жарандарын чагымчылдыктарга алдырбоого чакырат жана эки мамлекеттин аскерлеринин укукка каршы келген аракеттери боюнча телефон номери аркылуу кайрылууну суранат. 09:48 . "Жалал-Абад облусунда мобилизациялоо жүрүп жатат" деген маалымат чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу порталына Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, аскер комиссариаттары пландык текшерүүлөрдү жүргүзүп жатышы мүмкүн. "Мындай текшерүүлөр өлкөдөгү бардык аскер комиссариаттарында мезгил-мезгили менен жүргүзүлүп турат" ,- дешти мекемеден. Айта кетсек, ' ге окурмандар кайрылып, "Жалал-Абад облусундагы аскер комиссариаттары аскердик билеттерди топтоп, аскерге милдеттүүлөрдү чакырып жатышат" деп билдиришкен. | Саясат | false | https://www.super.kg/kabar/news/142599 | 2016-03-23 |
ky | ЖЫЛНААМА, 23-МАРТ: Мындан 50 жыл мурун Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Урмат Аманбаева туулган | Мындан 50 жыл мурун, 1966-жылы 23-мартта 5-чакырылыштагы "Республика" фракциясынан ЖКнын депутаты Урмат Аманбаева Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Көңдүк айылында туулган. Жогорку билимдүү, 1983-жылы Ош соода техникумунун эсепчи адистигин, 1987-жылы КМУУнун экономика факультетин, 2005-жылы КМЮАнын юридика факультетин бүтүргөн. Урмат Аманбаеванын эмгек жолу: 1983-1987-жылдары – Фрунзе заводу, жумушчу; 1987-1988-жылдары – "8-Март" атындагы фабриканын жумушчусу; 1988-1995-жылдары – Бишкек шаарындагы Жаш көрүүчүлөр театры, башкы эсепчи; 1995-2000-жылдары – Ош шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери үчүн атайын ооруканасы, башкы эсепчи; 2000-2004-жылдары – Ош облустук кургак учукка каршы балдар ооруканасы, башкы эсепчи; 2004-жылдан 2010-жылдын ноябрына чейин Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунда башкы эсепчи болуп иштеген. 2010-жылдын октябрында "Республика" партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланып, ЖКнын Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болгон. Ал эми 2015-жылдын 23-январында Урмат Аманбаева мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратылган. Ал КРнын Конституциясын жана “Жогорку Кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамды одоно бузуу менен депутаттын ыйгарым укуктарына туура келбеген иштер менен алектенгени үчүн мандаттан ажыратуу сунушун буга чейин Башкы прокуратура сунуш кылган. Себеби Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылып, "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан депутат мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтиргени айтылган. Депутат Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерди жасаганы маалымдалган. Бирок депутат өзүнө козголгон кылмыш ишин негизсиз деп билдирген. 23-марттын жылнаамасы . | Мындан 50 жыл мурун, 1966-жылы 23-мартта 5-чакырылыштагы "Республика" фракциясынан ЖКнын депутаты Урмат Аманбаева Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Көңдүк айылында туулган. Жогорку билимдүү, 1983-жылы Ош соода техникумунун эсепчи адистигин, 1987-жылы КМУУнун экономика факультетин, 2005-жылы КМЮАнын юридика факультетин бүтүргөн. Урмат Аманбаеванын эмгек жолу: 1983-1987-жылдары – Фрунзе заводу, жумушчу; 1987-1988-жылдары – "8-Март" атындагы фабриканын жумушчусу; 1988-1995-жылдары – Бишкек шаарындагы Жаш көрүүчүлөр театры, башкы эсепчи; 1995-2000-жылдары – Ош шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери үчүн атайын ооруканасы, башкы эсепчи; 2000-2004-жылдары – Ош облустук кургак учукка каршы балдар ооруканасы, башкы эсепчи; 2004-жылдан 2010-жылдын ноябрына чейин Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунда башкы эсепчи болуп иштеген. 2010-жылдын октябрында "Республика" партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланып, ЖКнын Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болгон. Ал эми 2015-жылдын 23-январында Урмат Аманбаева мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратылган. Ал КРнын Конституциясын жана “Жогорку Кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамды одоно бузуу менен депутаттын ыйгарым укуктарына туура келбеген иштер менен алектенгени үчүн мандаттан ажыратуу сунушун буга чейин Башкы прокуратура сунуш кылган. Себеби Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылып, "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан депутат мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтиргени айтылган. Депутат Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерди жасаганы маалымдалган. Бирок депутат өзүнө козголгон кылмыш ишин негизсиз деп билдирген. | Саясат | false | https://www.super.kg/kabar/news/142721 | 2016-03-23 |
ky | Бишкекте 2016-жылы ажылыкка барчу зыяратчылардын кийимин тигүү боюнча сынактын жеңүүчүсү аныкталды | Бүгүн, 23-мартта Бишкекте 2016-жылы ажылыкка барчу зыяратчылардын кийимин тигүү боюнча сынак өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Маалым болгондой, аталган сынакка 4 жеке ишкер катышып, ар бири тигилген кийимдер туурасында айтып жана көрсөтүп беришкен. Жыйынтыгында сапаттуу кездемеден тигилген, кыргыз оймолору жана желеги түшүрүлгөн, ошондой эле кошумча ажылардын керектүү буюм-тайымдарын салып алууга акысыз баштыктар берилерин сынак учурунда комиссия мүчөлөрүнө айтып берген дизайнер жеңүүчү аталды. Айта кетсек, жеңүүчү аталган дизайнер 2016-жылы ажылыкка барчу 3685 адамга атайын кийим тигип берет. Буйрутманын баасы 600 миң сомду чапчыйт. Ал эми тандоо комиссиясына бардык мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү кирген. Тигилүүчү кийимдер штаб мүчөлөрүнө, аялдарга жана эркектерге деп бөлүнүп, ар бир комплект жок дегенде эки бөлүктөн турат. | Бүгүн, 23-мартта Бишкекте 2016-жылы ажылыкка барчу зыяратчылардын кийимин тигүү боюнча сынак өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Маалым болгондой, аталган сынакка 4 жеке ишкер катышып, ар бири тигилген кийимдер туурасында айтып жана көрсөтүп беришкен. Жыйынтыгында сапаттуу кездемеден тигилген, кыргыз оймолору жана желеги түшүрүлгөн, ошондой эле кошумча ажылардын керектүү буюм-тайымдарын салып алууга акысыз баштыктар берилерин сынак учурунда комиссия мүчөлөрүнө айтып берген дизайнер жеңүүчү аталды. Айта кетсек, жеңүүчү аталган дизайнер 2016-жылы ажылыкка барчу 3685 адамга атайын кийим тигип берет. Буйрутманын баасы 600 миң сомду чапчыйт. Ал эми тандоо комиссиясына бардык мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү кирген. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/142733 | 2016-03-23 |
ky | 24-мартта Бишкектин айрым аймактарында саат 9:00дөн 18:00гө чейин таза суу берилбейт | "Бишкек суу-канал" башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 24-мартта саат 9:00дөн 18:00гө чейин калаанын айрым аймактарында таза суу берилбейт. "Батыш-2" суу алгычынын оңдоо-профилактикалык иштерине байланыштуу төмөнкү райондордо таза суу берилбейт: темир жол сызыгы, Фучик, Фрунзе көчөлөрү, Манас кең көчөсү. Анын ичинде: Улуттук банк, "Кыял", "Ош базары", "Арпа" ачык акционердик коому, №2-төрөт үйү, №8, 22, 72, 164, 165, 167-бала бакчалары, К.Акиев көчөсү боюнча №73-бала бакча, №3-“Балдарды коргоо борбору” бала бакчасы, Илимдер академиясы, №9, 13, 31, 8, 2-мектептер, Бишкек финансы-экономикалык академиясы, Эл аралык университет, Бишкек троллейбус башкармалыгы, №1-шаардык клиникалык ооруканасы, Ленин райондук администрациясы, Бишкек эт иштетүүчү консервалык комбинаты, Некрасов көчөсү боюнча Бишкек бор комбинаты, Батыш РЭС, Жаш Гвардия бульвары боюнча Республикалык телерадио борбору, Фучик көчөсү боюнча мурдагы медицина мектеби, Ленин райондук соту, №100-лицей, Бишкек башкы архитектурасы, Мамлекеттик тил комиссиясына. "Бишкек суу-канал" башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарынан, мекеме жана уюмдардан таза суу камдап алууну суранат. | "Бишкек суу-канал" башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 24-мартта саат 9:00дөн 18:00гө чейин калаанын айрым аймактарында таза суу берилбейт. "Батыш-2" суу алгычынын оңдоо-профилактикалык иштерине байланыштуу төмөнкү райондордо таза суу берилбейт: темир жол сызыгы, Фучик, Фрунзе көчөлөрү, Манас кең көчөсү. Анын ичинде: Улуттук банк, "Кыял", "Ош базары", "Арпа" ачык акционердик коому, №2-төрөт үйү, №8, 22, 72, 164, 165, 167-бала бакчалары, К.Акиев көчөсү боюнча №73-бала бакча, №3-“Балдарды коргоо борбору” бала бакчасы, Илимдер академиясы, №9, 13, 31, 8, 2-мектептер, Бишкек финансы-экономикалык академиясы, Эл аралык университет, Бишкек троллейбус башкармалыгы, №1-шаардык клиникалык ооруканасы, Ленин райондук администрациясы, Бишкек эт иштетүүчү консервалык комбинаты, Некрасов көчөсү боюнча Бишкек бор комбинаты, Батыш РЭС, Жаш Гвардия бульвары боюнча Республикалык телерадио борбору, Фучик көчөсү боюнча мурдагы медицина мектеби, Ленин райондук соту, №100-лицей, Бишкек башкы архитектурасы, Мамлекеттик тил комиссиясына. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/142737 | 2016-03-23 |
ky | Борбордогу Асанбай кичи районундагы 4 кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн жабыркагандар болгон жок | Борбор калаадагы Асанбай кичи районунун аймагындагы 4 кабаттуу үйдөн чыккан өрт кырсыгынан эч ким жабыркаган жок. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, эртең менен саат 10:50дө 112 кызматына Ницца турак шаарчасынан өрт чыкканы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган өрт өчүрүүчүлөр турак жайдын 4-кабатынан өрт чыкканын аныкташкан. Аны өчүрүүгө 3 унаа тартылып, саат 14:20да өрт толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен болжол менен 500 чарчы метр үйдүн аянты күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. | Борбор калаадагы Асанбай кичи районунун аймагындагы 4 кабаттуу үйдөн чыккан өрт кырсыгынан эч ким жабыркаган жок. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, эртең менен саат 10:50дө 112 кызматына Ницца турак шаарчасынан өрт чыкканы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган өрт өчүрүүчүлөр турак жайдын 4-кабатынан өрт чыкканын аныкташкан. Аны өчүрүүгө 3 унаа тартылып, саат 14:20да өрт толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен болжол менен 500 чарчы метр үйдүн аянты күйүп кеткен. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142729 | 2016-03-23 |
ky | Кыргыз мушкерлери "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу мелдешке катышуу үчүн Кытайга жөнөп кетишти | Кыргыз мушкерлери "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу мелдешке катышуу үчүн Кытайга жөнөп кетишти. Мелдеш 21-марттан 4-апрелге чейинки аралыкта Гуйян шаарчасында өтөт. Машыктыруучу Адылхан Бекболотов курамга Турат Осмонов (49 килограмм салмакта), Болотбек уулу Эркин (69 кг), Азат Усеналиев (52 кг), Эрмек Сакенов (64 кг), Адылбек уулу Эркин (81 кг), Өмүрбек Малабеков (56 кг), Бек Камчыбеков (60 кг), Ильяр Ахмедов (75 кг), Сергей Паренко (91 кг) сыяктуу мушкерлерди чакырган. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мушкерлердин мелдешке катышып келүүсү үчүн Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциядан 2 миллион 149 миң сом бөлүнгөн. | Кыргыз мушкерлери "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу мелдешке катышуу үчүн Кытайга жөнөп кетишти. Мелдеш 21-марттан 4-апрелге чейинки аралыкта Гуйян шаарчасында өтөт. Машыктыруучу Адылхан Бекболотов курамга Турат Осмонов (49 килограмм салмакта), Болотбек уулу Эркин (69 кг), Азат Усеналиев (52 кг), Эрмек Сакенов (64 кг), Адылбек уулу Эркин (81 кг), Өмүрбек Малабеков (56 кг), Бек Камчыбеков (60 кг), Ильяр Ахмедов (75 кг), Сергей Паренко (91 кг) сыяктуу мушкерлерди чакырган. | Спорт | false | https://www.super.kg/kabar/news/142731 | 2016-03-23 |
ky | Таш-Көмүр, Күрп-Сай суу сактагычтарынан 90-100 метрлик торлор табылып, мыйзамсыз балык уулаган жаранга 20 миң сомдон ашуун айып салынды | 2016-жылдын март айында балык корлорун коргоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам рейд учурунда Таш-Көмүр, Күрп-Сай суу сактагычтарына суу үстүнө белгисиз бирөөлөр тараптан балык кармоо максатында мыйзамсыз салынган 8 даана ар кандай өлчөмдөгү тор жыйналып алынды. Жыйналган торлордун жалпы узундугу 90-100 метрди түзөт. Жыйналып алынган 8 даана тор суу жээгинде өрттөлүп жок кылынды. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле Нарын дарыясынын боюнда кайырмак менен мыйзамсыз балык уулап жүргөн жеринен Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылынын тургуну Алижан уулу Фурхат төрт даана маринка балыгы менен кармалды. Ага карата протокол түзүлүп, анын негизинде Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 145-беренеси боюнча 20 200 сом өлчөмүндө айып салынып, азырынча 10 миң сому өндүрүлдү. | 2016-жылдын март айында балык корлорун коргоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам рейд учурунда Таш-Көмүр, Күрп-Сай суу сактагычтарына суу үстүнө белгисиз бирөөлөр тараптан балык кармоо максатында мыйзамсыз салынган 8 даана ар кандай өлчөмдөгү тор жыйналып алынды. Жыйналган торлордун жалпы узундугу 90-100 метрди түзөт. Жыйналып алынган 8 даана тор суу жээгинде өрттөлүп жок кылынды. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле Нарын дарыясынын боюнда кайырмак менен мыйзамсыз балык уулап жүргөн жеринен Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылынын тургуну Алижан уулу Фурхат төрт даана маринка балыгы менен кармалды. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/142633 | 2016-03-23 |
ky | Бишкек шаарында уурулук фактыларына шектелген жаран кармалды | Бишкек шаарында уурулук фактыларына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен шаар тургуну кайрылган. Ал 22-март күнү саат 23:00 чамасында белгисиз адамдар анын үйүнө кирип, 28 миң сомдук ноутбугун уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 34 жаштагы А.Э. аттуу жаран кармалган. Учурда иликтөө иштери улантылууда. | Бишкек шаарында уурулук фактыларына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен шаар тургуну кайрылган. Ал 22-март күнү саат 23:00 чамасында белгисиз адамдар анын үйүнө кирип, 28 миң сомдук ноутбугун уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 34 жаштагы А.Э. аттуу жаран кармалган. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142727 | 2016-03-23 |
ky | Кыргыз өлкөсү боюнча 2015-жылы жаңы төрөлгөн балдарга эң көп коюлган 10 ысым (тизме) | Мамлекеттик каттоо кызматы 2015-жылы жаңы төрөлгөн балдарга эң көп коюлган 10 ысым туурасында маалымат берди. Белгилүү болгондой, былтыр өлкөдө 60 265 наристеге төрөлгөндүгү туурасында күбөлүк берилген. Алардын арасынан балдарга эң көп Умар ысымы ыйгарылса, кыздар арасында Айбийке деген ат актуалдуу болгон. Өткөрүлгөн анализге ылайык, былтыр эң көп коюлган ысымдар булар: № Ысымдар Балдардын саны 1. Умар 1046 2. Айбийке 765 3. Раяна 736 4. Арууке 699 5. Алинур 638 6. Нурислам 618 7. Амина 554 8. Али 553 9. Сумая 533 10. Алихан 481 | Мамлекеттик каттоо кызматы 2015-жылы жаңы төрөлгөн балдарга эң көп коюлган 10 ысым туурасында маалымат берди. Белгилүү болгондой, былтыр өлкөдө 60 265 наристеге төрөлгөндүгү туурасында күбөлүк берилген. Алардын арасынан балдарга эң көп Умар ысымы ыйгарылса, кыздар арасында Айбийке деген ат актуалдуу болгон. | Коом жана турмуш | true | https://www.super.kg/kabar/news/142723 | 2016-03-23 |
ky | МЕДИА-ПОРТАЛ: Темир Назаровдун "Апакебай" клиби көрүүчүнүн апасынын ал-абалын сурашына түрткү болуу үчүн тартылган | "Медиа-порталдагы" энелерге арналган жаңы клиптердин бири - Темир Назаровдун аткаруусундагы "Апакебай" ырына тартылган клиби. Ырчы клип тууралуу буларга токтолду: " Мирлан Ниязовдун сунушу менен ушул ырды ырдап калдым. Бул ырды Ильяз Абдыразаков бир эле жолу ырдаган, ушунчалык берилүү менен ырдагандыктан, ырды угарым менен эле жактырдым. Эне менен баланын сүйүүсүн клипте жөнөкөй кадрлар аркылуу жеткирүүнү көздөдүк. Аны тартып жатканда максатыбыз клип аркылуу популярдуу болуу эмес эле. Ырды угуп, клипти көргөн ар бир адам "Бүгүн апама телефон чалдымбы, ал-абалын сурадымбы?" деген ойдо калышын, эненин мээрими, сүйүүсү бийик экенин көрсөткүбүз келди" . Клипти толугу менен бул жерден көрүңүз. | "Медиа-порталдагы" энелерге арналган жаңы клиптердин бири - Темир Назаровдун аткаруусундагы "Апакебай" ырына тартылган клиби. Ырчы клип тууралуу буларга токтолду: " Мирлан Ниязовдун сунушу менен ушул ырды ырдап калдым. Бул ырды Ильяз Абдыразаков бир эле жолу ырдаган, ушунчалык берилүү менен ырдагандыктан, ырды угарым менен эле жактырдым. Эне менен баланын сүйүүсүн клипте жөнөкөй кадрлар аркылуу жеткирүүнү көздөдүк. Аны тартып жатканда максатыбыз клип аркылуу популярдуу болуу эмес эле. Ырды угуп, клипти көргөн ар бир адам "Бүгүн апама телефон чалдымбы, ал-абалын сурадымбы?" деген ойдо калышын, эненин мээрими, сүйүүсү бийик экенин көрсөткүбүз келди" . | Маданият, шоу-бизнес | false | https://www.super.kg/kabar/news/142659 | 2016-03-23 |
ky | Бишкектеги Эркиндик бульварын көрктөндүрүү боюнча долбоордун эскизи коомдук талкууга коюлду | Бишкек мэриясы Эркиндик бульварын көрктөндүрүү боюнча долбоордун эскизин коомдук талкууга койду. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы менен “Ырыстан” коомдук фондунун ортосунда түзүлгөн меморандумга ылайык, Эркиндик бульварын көрктөндүрүү Линейная көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин жүргүзүлөт. Учурда бул долбоор демилге катары гана каралып, ал качан ишке ашары белгисиз. Ошол эле учурда иш башталып кеткен маалда “Ырыстан” фонду керектүү делген өсүмдүктөрдү өз каражатына аларын билдирген. | Бишкек мэриясы Эркиндик бульварын көрктөндүрүү боюнча долбоордун эскизин коомдук талкууга койду. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы менен “Ырыстан” коомдук фондунун ортосунда түзүлгөн меморандумга ылайык, Эркиндик бульварын көрктөндүрүү Линейная көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин жүргүзүлөт. Учурда бул долбоор демилге катары гана каралып, ал качан ишке ашары белгисиз. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/142717 | 2016-03-23 |
ky | Ош. Мас абалда сүйлөшкөн кызын 4-кабаттан түртүп, анын өлүмүнө себепкер болгон айыпталуучу 8 жылга эркинен ажыратылды | Ош шаарында мас абалда сүйлөшкөн кызын 4-кабаттан түртүп, оор жаракаттардан улам каза болуп калган кыздын окуясы боюнча айыпталуучу 8 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 23-март күнү Ош облустук сотунун басма сөз бөлүмүнөн билдиришти. Маалым болгондой, айыпталуучу М.К. 2015-жылдын 7-декабрында Ош шаардык сотунун чечими менен 3 жылга эркинен ажыратылган. Бул чечимге макул болбогон жабырлануучу тарап шаардык соттун чечимин четке кагуусун суранып облустук сотко кайрылган. Облустук сот бул ишти карап чыгып, айыпталуучуну 8 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Эске салсак, окуя 2015-жылдын 8-май күнү Анар кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Анда 1991-жылы туулган М.К. аттуу жаран кызганычтан улам 4-кабаттан 32 жаштагы Мээрим А. аттуу тургунду түртүп жиберген. Оор жаракаттардан улам ал ооруканадан каза болуп калган. | Ош шаарында мас абалда сүйлөшкөн кызын 4-кабаттан түртүп, оор жаракаттардан улам каза болуп калган кыздын окуясы боюнча айыпталуучу 8 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 23-март күнү Ош облустук сотунун басма сөз бөлүмүнөн билдиришти. Маалым болгондой, айыпталуучу М.К. 2015-жылдын 7-декабрында Ош шаардык сотунун чечими менен 3 жылга эркинен ажыратылган. Бул чечимге макул болбогон жабырлануучу тарап шаардык соттун чечимин четке кагуусун суранып облустук сотко кайрылган. Облустук сот бул ишти карап чыгып, айыпталуучуну 8 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Эске салсак, окуя 2015-жылдын 8-май күнү Анар кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Анда 1991-жылы туулган М.К. аттуу жаран кызганычтан улам 4-кабаттан 32 жаштагы Мээрим А. аттуу тургунду түртүп жиберген. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142707 | 2016-03-23 |
ky | Ош шаарынын борбордук аянтында ички иштер органдарынын өздүк курамынын жалпы гарнизондук бөлүштүрүүлөрү болуп өттү (фото) | Кечээ, 22-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында ички иштер органдарынын өздүк курамынын жалпы гарнизондук бөлүштүрүүлөрү болуп өттү. Бул тууралуу Ош ШИИБинен билдиришти. Гарнизондук бөлүштүрүүлөрдө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков , КРнын ИИМинин Ош шаары жана облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Кылычбек Жолдошев , Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Рысбек Момбеков , ошондой эле шаардык, облустук жана аймактык ИИБдин кызматкерлери, Патрулдук кайгуул-милициясынын, Атайын ыкчам тобунун кызматкерлери жана ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрү катышышты. Иш-чара өздүк курамдын сезондук форма кийимине өтүү, күчтөрдү жана каражаттарды уюштуруу жана бирге кызматташуу, Ош облусундагы шайлоо убагында коомдук тартипти сактоо максатында өткөрүлдү. Ошондой эле шайлоо маалында коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоого укук коргоо органдарына 2 миңдей жарандык ыктыярчылар жардамдашат. Гарнизондук бөлүштүрүү маалында өздүк курамга азыркы кырдаал, сот жана тергөө иштеринен качып, издөөдө жүргөндөр тууралуу маалымат берилди. Иш-чара салтанаттуу марш менен аяктады. | Кечээ, 22-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында ички иштер органдарынын өздүк курамынын жалпы гарнизондук бөлүштүрүүлөрү болуп өттү. Бул тууралуу Ош ШИИБинен билдиришти. Гарнизондук бөлүштүрүүлөрдө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков , КРнын ИИМинин Ош шаары жана облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Кылычбек Жолдошев , Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Рысбек Момбеков , ошондой эле шаардык, облустук жана аймактык ИИБдин кызматкерлери, Патрулдук кайгуул-милициясынын, Атайын ыкчам тобунун кызматкерлери жана ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрү катышышты. Иш-чара өздүк курамдын сезондук форма кийимине өтүү, күчтөрдү жана каражаттарды уюштуруу жана бирге кызматташуу, Ош облусундагы шайлоо убагында коомдук тартипти сактоо максатында өткөрүлдү. Ошондой эле шайлоо маалында коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоого укук коргоо органдарына 2 миңдей жарандык ыктыярчылар жардамдашат. Гарнизондук бөлүштүрүү маалында өздүк курамга азыркы кырдаал, сот жана тергөө иштеринен качып, издөөдө жүргөндөр тууралуу маалымат берилди. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/142713 | 2016-03-23 |
ky | Кыргыз ырчылары Түркиядагы фестивалдын алкагында өлкө башчысы Режеп Эрдоган менен жолугушту | "Түрксой" уюмунун Нооруз майрамын салтанаттуу белгилөө иш-чарасы быйыл Түркия, АКШ мамлекеттеринде өтүп жатат. Кыргыз жеринен аталган фестивалга ырчылар Сайра Момунбаева, Гүлжигит Калыков, Гүлнур Асанова жана кыргыз бийчилери катышып жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Гүлжигит Калыковдун менеджери Улук Сапаров билдирди. "Жыл сайын Ноорузга карата чоң фестиваль өтөт. Быйыл да "Түрксой" уюму тарабынан уюштурулуп, ага биздин өлкөдөн 60тан ашуун чыгармачыл таланттар катышууда. Казакстандын Астана шаарынан келген оркестр, 30дан ашык өлкөдөн келген ырчылар жалаң жандуу үн менен ырдап жатабыз. Маданий иш-чаранын ачылыш аземи 21-мартта Түркияда жогорку деңгээлде болуп өттү. Фестивалга катышкан кыргыздардын арасынан АКШга 12 адам тандалып, 26-мартта барганы жатабыз, жабылуу аземи ошол жакта өтөт. Кечээ, 22-мартта Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен жолуктук. Жолугушуу жогорку деңгээлде болуп өттү. Түркиянын өлкө башчысына белекке кыргыз чапанын, камчы бердик. Теракттык жардыруулар көп болуп жаткандыктан, коопсуздук чаралары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатты",- дейт фестивалдын катышуучусу Гүлнур Асанова. | "Түрксой" уюмунун Нооруз майрамын салтанаттуу белгилөө иш-чарасы быйыл Түркия, АКШ мамлекеттеринде өтүп жатат. Кыргыз жеринен аталган фестивалга ырчылар Сайра Момунбаева, Гүлжигит Калыков, Гүлнур Асанова жана кыргыз бийчилери катышып жатышат. Бул тууралуу порталына Гүлжигит Калыковдун менеджери Улук Сапаров билдирди. "Жыл сайын Ноорузга карата чоң фестиваль өтөт. Быйыл да "Түрксой" уюму тарабынан уюштурулуп, ага биздин өлкөдөн 60тан ашуун чыгармачыл таланттар катышууда. Казакстандын Астана шаарынан келген оркестр, 30дан ашык өлкөдөн келген ырчылар жалаң жандуу үн менен ырдап жатабыз. Маданий иш-чаранын ачылыш аземи 21-мартта Түркияда жогорку деңгээлде болуп өттү. Фестивалга катышкан кыргыздардын арасынан АКШга 12 адам тандалып, 26-мартта барганы жатабыз, жабылуу аземи ошол жакта өтөт. Кечээ, 22-мартта Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен жолуктук. Жолугушуу жогорку деңгээлде болуп өттү. Түркиянын өлкө башчысына белекке кыргыз чапанын, камчы бердик. | Маданият, шоу-бизнес | false | https://www.super.kg/kabar/news/142465 | 2016-03-23 |
ky | Борбордо таанышынын унаасын уурдоого шектелген жаран кармалды | Борбор калаада таанышынын унаасын уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 22-март күнү милицияга арыз менен 41 жаштагы Ш.Р. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал 21-март күнү саат 18:30 чамасында Акжол аттуу таанышы үйүнүн жанында токтоп турган Тойота Авенсис үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 42 жаштагы А.А. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. | Борбор калаада таанышынын унаасын уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 22-март күнү милицияга арыз менен 41 жаштагы Ш.Р. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал 21-март күнү саат 18:30 чамасында Акжол аттуу таанышы үйүнүн жанында токтоп турган Тойота Авенсис үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 42 жаштагы А.А. аттуу шаар тургуну кармалган. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142709 | 2016-03-23 |
ky | Ош облусунда кароосуз калган устаканага уулун таштап кеткен жалгыз бой энеге баласы кайтарылып берилди | Ош облусунда кароосуз калган устаканага өз уулун таштап кеткен жалгыз бой энеге баласы кайтарылып берилди. Бул тууралуу 23-март күнү SUPER.KG порталына Кара-Кулжа районунун прокурорунун орун басары Төрөбай уулу Тыныбек билдирди. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдөн улам өз баласын кароосуз калган устаканага таштаган келиндин бул наристеден сырткары 3 баласы бар экени аныкталган. Баланын энеси жарандык никеден төрөгөн баласын бага албай турганын айтып, таап алган адам менен сүйлөшүүдөн улам ага бергени белгилүү болгон. “ Окуянын чоо-жайын иликтөөдөн улам аталган факт боюнча эч кандай кылмыштын курамы аныкталган эмес. Таап алган жаранга карата жалган маалымат бергендиги үчүн юридикалык баа берилген, ал эми наристени 28 жаштагы апасы алып, жалгыз бой эне катары баласына күбөлүк алып кетти ”,- деп билдирди прокурордун орун басары. | Ош облусунда кароосуз калган устаканага өз уулун таштап кеткен жалгыз бой энеге баласы кайтарылып берилди. Бул тууралуу 23-март күнү порталына Кара-Кулжа районунун прокурорунун орун басары Төрөбай уулу Тыныбек билдирди. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдөн улам өз баласын кароосуз калган устаканага таштаган келиндин бул наристеден сырткары 3 баласы бар экени аныкталган. Баланын энеси жарандык никеден төрөгөн баласын бага албай турганын айтып, таап алган адам менен сүйлөшүүдөн улам ага бергени белгилүү болгон. “ Окуянын чоо-жайын иликтөөдөн улам аталган факт боюнча эч кандай кылмыштын курамы аныкталган эмес. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142697 | 2016-03-23 |
ky | Бишкекте мектеп окуучусунун уюлдук телефонун уурдоого шектелген өспүрүм кармалды | Бишкек шаарында мектеп окуучусунун уюлдук телефонун уурдоого шектелген өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен 38 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Ал 22-март күнү саат 12:00 чамасында белгисиз адам борбордогу мектептердин биринен анын кызынын 5,5 миң сомдук уюлдук телефонун уурдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 16 жаштагы М.Н. аттуу өспүрүм кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. | Бишкек шаарында мектеп окуучусунун уюлдук телефонун уурдоого шектелген өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен 38 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Ал 22-март күнү саат 12:00 чамасында белгисиз адам борбордогу мектептердин биринен анын кызынын 5,5 миң сомдук уюлдук телефонун уурдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 16 жаштагы М.Н. аттуу өспүрүм кармалган. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142705 | 2016-03-23 |
ky | ЖЫЛНААМА, 23-МАРТ: Мындан 106 жыл мурун кино тармагында дүйнөнүн эң таасирдүү режиссёру деп эсептелген япониялык Акира Куросава туулган | Мындан 106 жыл мурун, 1910-жылы 23-мартта япониялык кинорежиссёр, сценарист жана продюсер, кино тармагында дүйнөнүн эң таасирдүү режиссёру деп эсептелген Акира Куросава Токиодо туулган. Сүрөтчүлүк кесип боюнча билим алган Акира 1936-жылы "PCL" кинокомпаниясына сынактан өтүп, киного толук аралаша баштаган. Акирага кинонун сырын өздөштүрүшүнө кинорежиссёр Кадзиро Ямамото зор таасирин тийгизген. Режиссёр “Мас периште”, “Расемон”, “Жети самурай” фильмдери менен мекенинде белгилүү болсо, дүйнө жүзү аны Достоевскийдин чыгармасынын негизинде тартылган “Акмак”, Шекспирдин чыгармасы боюнча тартылган “Макбет”, Горький боюнча экрандаштырылган “Эң түптө”, Владимир Арсеньевдин “Дерсу Узала” чыгармасы боюнча тартылган тасмалары аркылуу билет. Акира Куросава “Оскардан” тартып Италия, Испания, Бразилия, Түркия, Орусия, Англия, Япония, Кытайдагы ири кинофестивалдардын сыйлыктарына ээ болгон. Акира Куросава 1998-жылы 6-сентябрда Токиодо инсульттан улам 88 жаш курагында көз жумган. 23-марттын жылнаамасы . | Мындан 106 жыл мурун, 1910-жылы 23-мартта япониялык кинорежиссёр, сценарист жана продюсер, кино тармагында дүйнөнүн эң таасирдүү режиссёру деп эсептелген Акира Куросава Токиодо туулган. Сүрөтчүлүк кесип боюнча билим алган Акира 1936-жылы "PCL" кинокомпаниясына сынактан өтүп, киного толук аралаша баштаган. Акирага кинонун сырын өздөштүрүшүнө кинорежиссёр Кадзиро Ямамото зор таасирин тийгизген. Режиссёр “Мас периште”, “Расемон”, “Жети самурай” фильмдери менен мекенинде белгилүү болсо, дүйнө жүзү аны Достоевскийдин чыгармасынын негизинде тартылган “Акмак”, Шекспирдин чыгармасы боюнча тартылган “Макбет”, Горький боюнча экрандаштырылган “Эң түптө”, Владимир Арсеньевдин “Дерсу Узала” чыгармасы боюнча тартылган тасмалары аркылуу билет. Акира Куросава “Оскардан” тартып Италия, Испания, Бразилия, Түркия, Орусия, Англия, Япония, Кытайдагы ири кинофестивалдардын сыйлыктарына ээ болгон. Акира Куросава 1998-жылы 6-сентябрда Токиодо инсульттан улам 88 жаш курагында көз жумган. | Маданият, шоу-бизнес | false | https://www.super.kg/kabar/news/142703 | 2016-03-23 |
ky | КИНОЗАЛ: "Раззаков" тасмасында Иосиф Сталиндин ролуна татыктуу актёрду табуу кыйын болгон | "Кинозал" бөлүмү белгилүү мамлекеттик саясий ишмер Исхак Раззаковдун өмүр бейнесине арналып тартылган тарыхый, биографиялык "Раззаков" тасмасы менен толукталды. Режиссёру - Алим Токторов. Анда баш каармандардын образдарын Алим Токторов, Гоча Бекаури, Алымкул Исаков, Бекболсун Рахманкулов өңдүү актёр-актрисалар жаратышкан. Фильмдин автору, режиссёру, продюсери жана башкы каармандын ролун аткарган Алим Токторовдун айтымында, Исхак Раззаков жөнүндө тасманы тартуу идеясы 5 жыл мурун жаралып, ал эми аны ишке ашырууга 3,5 жылдык эмгек жумшалган. "Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин башкы катчысы Иосиф Сталиндин ролуна татыктуу актёрду издөөдө бир топ кыйынчылыктар болгон. Грузияга барып актёрлорду издегенбиз. Жыйынтыгында Сталиндин ролун кыргыз жериндеги Грузиянын диаспорасынын башчысы Гоча Бекаури аткарды. Мындан тышкары тасма тарыхый болгондуктан, советтик унааларды, кийимдерди табуу оор болду" ,- деп бизге берген маектеринде билдирген эле. Тасма Сталиндин кадры аталган Исхак Раззаковдун 1945-1950-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы, 1950-1961-жылдары Кыргыз ССРинин Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы жогорку кызматтарында иштеген учуларындагы айрым тарыхый олуттуу окуяларды сүрөттөйт. Сталин менен болгон жолугушуулары, ошол кездеги жогорку кызматтарда иштеген инсандардын образдары, бала чагы, аялы Рауза менен болгон күтүлбөгөн окуя, каршылаштарынын аны кызматтан кетирүүгө болгон аракеттери жана ошол жылдарга мүнөздүү болгон буюм-тайым, унаалардын фильмде көбүрөөк тартылышы көрүүчүнү кайдыгер калтырбайт. Тасманы толугу менен бул жерден көрүңүз . | "Кинозал" бөлүмү белгилүү мамлекеттик саясий ишмер Исхак Раззаковдун өмүр бейнесине арналып тартылган тарыхый, биографиялык "Раззаков" тасмасы менен толукталды. Режиссёру - Алим Токторов. Анда баш каармандардын образдарын Алим Токторов, Гоча Бекаури, Алымкул Исаков, Бекболсун Рахманкулов өңдүү актёр-актрисалар жаратышкан. Фильмдин автору, режиссёру, продюсери жана башкы каармандын ролун аткарган Алим Токторовдун айтымында, Исхак Раззаков жөнүндө тасманы тартуу идеясы 5 жыл мурун жаралып, ал эми аны ишке ашырууга 3,5 жылдык эмгек жумшалган. "Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин башкы катчысы Иосиф Сталиндин ролуна татыктуу актёрду издөөдө бир топ кыйынчылыктар болгон. Грузияга барып актёрлорду издегенбиз. Жыйынтыгында Сталиндин ролун кыргыз жериндеги Грузиянын диаспорасынын башчысы Гоча Бекаури аткарды. Мындан тышкары тасма тарыхый болгондуктан, советтик унааларды, кийимдерди табуу оор болду" ,- деп бизге берген маектеринде билдирген эле. Тасма Сталиндин кадры аталган Исхак Раззаковдун 1945-1950-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы, 1950-1961-жылдары Кыргыз ССРинин Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы жогорку кызматтарында иштеген учуларындагы айрым тарыхый олуттуу окуяларды сүрөттөйт. Сталин менен болгон жолугушуулары, ошол кездеги жогорку кызматтарда иштеген инсандардын образдары, бала чагы, аялы Рауза менен болгон күтүлбөгөн окуя, каршылаштарынын аны кызматтан кетирүүгө болгон аракеттери жана ошол жылдарга мүнөздүү болгон буюм-тайым, унаалардын фильмде көбүрөөк тартылышы көрүүчүнү кайдыгер калтырбайт. | Маданият, шоу-бизнес | false | https://www.super.kg/kabar/news/142597 | 2016-03-23 |
ky | Баткен облусунда 130 наристе үчүн эки бала бакча ачылды | Бүгүн, 23-мартта Лейлек районунун Лайли жана Максат айылдарында 130 наристе үчүн "Данакер" жана "Сейтек" деп аталган бала бакчалардын ачылышы болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, ачылыш аземине Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысы Баймурат Бекмуратов , билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашимбаева , Улуу Британиянын Борбор Азиядагы эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлигинин башчысынын орун басары, БУУнун Балдар фондунун Оштогу кеңсесинин жетекчиси Эдуард Бонет жана башка коноктор катышышты. " Мектепке чейинки мекемелердин жетишсиздиги балдардын мектеп босогосун эч даярдыксыз аттоосунун бирден-бир себеби болуп саналат. Акыркы жылдары эл аралык донорлордун колдоосу алдында республика боюнча жүзгө жакын бала бакча ачылган. Ошону менен бирге мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүк жагынан алып караганда шаарлар менен айылдар ортосундагы айырма бир кыйла кыскарды. 2006-жылы элет жергесинде мектепке даяр балдардын саны 8 пайызды түзсө, 2014-жылы бул көрсөткүч 40 пайызды түзгөн ",- деп айтылат маалыматта. | Бүгүн, 23-мартта Лейлек районунун Лайли жана Максат айылдарында 130 наристе үчүн "Данакер" жана "Сейтек" деп аталган бала бакчалардын ачылышы болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, ачылыш аземине Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысы Баймурат Бекмуратов , билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашимбаева , Улуу Британиянын Борбор Азиядагы эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлигинин башчысынын орун басары, БУУнун Балдар фондунун Оштогу кеңсесинин жетекчиси Эдуард Бонет жана башка коноктор катышышты. " Мектепке чейинки мекемелердин жетишсиздиги балдардын мектеп босогосун эч даярдыксыз аттоосунун бирден-бир себеби болуп саналат. Акыркы жылдары эл аралык донорлордун колдоосу алдында республика боюнча жүзгө жакын бала бакча ачылган. Ошону менен бирге мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүк жагынан алып караганда шаарлар менен айылдар ортосундагы айырма бир кыйла кыскарды. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/142693 | 2016-03-23 |
ky | Ырчы Гүлнара Тойгонбаева төш белги менен сыйланды | "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисинин ээси, ырчы Гүлнара Тойгонбаева дагы бир сыйлыкка ээ болду. Тактап айтканда, ырчы "Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдык мааракесинин" төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 23-мартта SUPER.KG порталына билдирди. "Жумамүдүн Шералиев атабыз абдан шайыр, азыркы сөз менен айтканда, позитивдүү инсан болгону ырларынан байкалат. Анын репертуарындагы 2 ырды мен да ырдап жүрчүмүн. Бул сыйлыкты эчак эле беришмек экен, бирок расмий түрдө кечээ, 22-мартта тапшырышты",- дейт ырчы . | "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисинин ээси, ырчы Гүлнара Тойгонбаева дагы бир сыйлыкка ээ болду. Тактап айтканда, ырчы "Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдык мааракесинин" төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 23-мартта порталына билдирди. "Жумамүдүн Шералиев атабыз абдан шайыр, азыркы сөз менен айтканда, позитивдүү инсан болгону ырларынан байкалат. Анын репертуарындагы 2 ырды мен да ырдап жүрчүмүн. | Маданият, шоу-бизнес | false | https://www.super.kg/kabar/news/142669 | 2016-03-23 |
ky | Улуу Ата Мекендик согушта курман болуп, Украинага коюлган жоокердин туугандары кыргыз жеринен изделүүдө | Бишкек шаардык мэриясы Улуу Ата Мекендик согушта курман болуп, сөөгү Украинада жерге берилген жоокер Моржаков Пётр Михайловичтин жакындары кыргыз жеринде изделип жатканын кабарлады. Жоокерди тааныгандарды издөө "Имена неизвестных солдат" долбоорунун алкагында уюштурулуп, Украина тарап мэриядан маалыматтык колдоо көрсөтүүнү суранган. "Пётр Моржаков 1924-жылы туулуп, 1943-жылы сентябрь айында кандуу согуш талаасында көз жумган. Анын сөөгү Харьков облусунда жерге берилген. Аны аскерге чакырууда толтурулган документте туруктуу жашаган аймагы катары Фрунзе шаары көрсөтүлгөн" деп жазылат маалыматта. | Бишкек шаардык мэриясы Улуу Ата Мекендик согушта курман болуп, сөөгү Украинада жерге берилген жоокер Моржаков Пётр Михайловичтин жакындары кыргыз жеринде изделип жатканын кабарлады. Жоокерди тааныгандарды издөө "Имена неизвестных солдат" долбоорунун алкагында уюштурулуп, Украина тарап мэриядан маалыматтык колдоо көрсөтүүнү суранган. "Пётр Моржаков 1924-жылы туулуп, 1943-жылы сентябрь айында кандуу согуш талаасында көз жумган. Анын сөөгү Харьков облусунда жерге берилген. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/142695 | 2016-03-23 |
ky | Сузак районундагы жер көчкүдөн улам 18 турак жай жарыксыз калып, 20 үйдү суу каптоо коркунучу жаралууда | Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагынын Алмалуу-Булак айылындагы жер көчкүдөн улам 18 турак жай электр жарыгысыз калып, 20 үйдү суу каптап кетүү коркунучу жаралууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жер көчкү саат 08:20 чамасында катталган. Анда 52 000 метр куб жер көчкү жүрүп, 5 электр мамысын авариялык абалга келтирген. Андан сырткары жер көчкү Алмалуу-Булак сайын жана ички чарбалык унаа жолду тосуп калган. Белгилүү болгондой, аталган турак үйлөрдүн жашоочуларына КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан коопсуз жерге көчүп кетүү боюнча корутунду берилди. Учурда райондук комиссия тарабынан авариялык абалга келген электр мамыларын калыбына келтирүү иштерине техника жана күйүүчү майлар каралууда. | Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагынын Алмалуу-Булак айылындагы жер көчкүдөн улам 18 турак жай электр жарыгысыз калып, 20 үйдү суу каптап кетүү коркунучу жаралууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жер көчкү саат 08:20 чамасында катталган. Анда 52 000 метр куб жер көчкү жүрүп, 5 электр мамысын авариялык абалга келтирген. Андан сырткары жер көчкү Алмалуу-Булак сайын жана ички чарбалык унаа жолду тосуп калган. Белгилүү болгондой, аталган турак үйлөрдүн жашоочуларына КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан коопсуз жерге көчүп кетүү боюнча корутунду берилди. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142691 | 2016-03-23 |
ky | АКШда "адамзатты жок кылам" деген робот-аял жасалды | АКШда София аттуу аял-роботту жасашты. Бул тууралуу америкалык басылмалар жазып чыгышты. Роботту жасагандардын айтымында, ал адамга таандык бардык эмоцияларды билдире алат. Анын көздөрүнө орнотулган атайын камера адамдын бет түзүлүшүн айырмалай алат. Андыктан визуалдык байланыш түзүү жөндөмүнө ээ. Ошондой эле ал адамдын сүйлөгөн сөзүн, кандай маанайда сүйлөп жатканынан бери эстеп кала алат. Бул нерсе робот-аялга адамдар сыяктуу эле акылдуу болууга мүмкүндүк берет. Аны менен баарлашкан журналисттин "Адамзатты жок кыласызбы?" деген тамаша иретинде айтылган суроосуна "мен адамзатты жок кылам" деп жооп берген. Окумуштуулардын айтымында, келечекте адамдан айырмасы жок роботтор жасалып чыгат. | АКШда София аттуу аял-роботту жасашты. Бул тууралуу америкалык басылмалар жазып чыгышты. Роботту жасагандардын айтымында, ал адамга таандык бардык эмоцияларды билдире алат. Анын көздөрүнө орнотулган атайын камера адамдын бет түзүлүшүн айырмалай алат. Андыктан визуалдык байланыш түзүү жөндөмүнө ээ. Ошондой эле ал адамдын сүйлөгөн сөзүн, кандай маанайда сүйлөп жатканынан бери эстеп кала алат. Бул нерсе робот-аялга адамдар сыяктуу эле акылдуу болууга мүмкүндүк берет. Аны менен баарлашкан журналисттин "Адамзатты жок кыласызбы?" деген тамаша иретинде айтылган суроосуна "мен адамзатты жок кылам" деп жооп берген. | Түркүн дүйнө | false | https://www.super.kg/kabar/news/142653 | 2016-03-23 |
ky | Кыргыз-өзбек чек арасына өзбек аскерлеринин кирип келгенине 6 күн болгон соң Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөт менен жолугушту | Бүгүн, 23-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жана фракция лидерлери өкмөт башчысы Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуп, кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн кырдаал боюнча пикир алышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууга “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев , “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев , “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов , КСДП фракциясынын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров , Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбеков , Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Радбек Ешмамбетов , ички иштер министри Мелис Турганбаев , Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиев жана өкмөттүн чек араларды делимитациялоо маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров катышты. "Жолугушууда өкмөт мүчөлөрү кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал боюнча өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кенен маалымат беришти. Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаалды жайгаруу, андан чыгуунун жолдоруна байланышкан суроолорду узатышты. Ошондой эле жалпы коомчулукка кыргыз-өзбек чек арасындагы абал боюнча өз убагында маалымат берип туруу, чек араны коргоодо бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу жаатында сунуштарды берип, президенттин жана өкмөттүн мамлекеттик чек араны кайтаруу жана чек ара коопсуздугун камсыз кылуу багытында саясатын ар тараптан колдоого алу уга даяр экендигин билдиришти" ,- деп айтылат маалыматта. Айта кетсек, 21-25-март күндөрү Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөнүн аймактарында иш жүргүзүшүүдө. | Бүгүн, 23-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жана фракция лидерлери өкмөт башчысы Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуп, кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн кырдаал боюнча пикир алышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууга “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев , “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев , “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов , КСДП фракциясынын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров , Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбеков , Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Радбек Ешмамбетов , ички иштер министри Мелис Турганбаев , Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиев жана өкмөттүн чек араларды делимитациялоо маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров катышты. "Жолугушууда өкмөт мүчөлөрү кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал боюнча өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кенен маалымат беришти. Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаалды жайгаруу, андан чыгуунун жолдоруна байланышкан суроолорду узатышты. Ошондой эле жалпы коомчулукка кыргыз-өзбек чек арасындагы абал боюнча өз убагында маалымат берип туруу, чек араны коргоодо бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу жаатында сунуштарды берип, президенттин жана өкмөттүн мамлекеттик чек араны кайтаруу жана чек ара коопсуздугун камсыз кылуу багытында саясатын ар тараптан колдоого алу уга даяр экендигин билдиришти" ,- деп айтылат маалыматта. | Саясат | false | https://www.super.kg/kabar/news/142685 | 2016-03-23 |
ky | Алмазбек Атамбаев Брюсселдеги терактка байланыштуу Бельгиянын падышасы Филиппке көңүл айтты | Президент Алмазбек Атамбаев 23-мартта Брюсселде болгон террордук актылардын кесепетинен жарандардын курман болгонуна байланыштуу Бельгиянын падышасы Филиппке көңүл айтты. "Кыргыз Республикасы бул адамгерчиликсиз жана үрөй учурган террордук актыны чечкиндүү айыптайт. Ошондой эле мындай актыларды адамгерчиликке сыйбайт жана актоого болбойт деп эсептейт", - деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында. Президент курман болгондордун туугандарын жана жакындарын колдоорун билдирип, бардык жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады. | Президент Алмазбек Атамбаев 23-мартта Брюсселде болгон террордук актылардын кесепетинен жарандардын курман болгонуна байланыштуу Бельгиянын падышасы Филиппке көңүл айтты. "Кыргыз Республикасы бул адамгерчиликсиз жана үрөй учурган террордук актыны чечкиндүү айыптайт. Ошондой эле мындай актыларды адамгерчиликке сыйбайт жана актоого болбойт деп эсептейт", - деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында. | Саясат | false | https://www.super.kg/kabar/news/142687 | 2016-03-23 |
ky | Сосновка айылынан 750 грамм баңгизат менен Токтогул районунун тургуну кармалды | Чүй облусунун Сосновка айылынан 750 грамм баңгизат менен Токтогул районунун тургуну кармалды. Муну 23-март күнү Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 22-март күнү болжол менен саат 14:30да Сосновка айылынан унааларды текшерүү маалында баңгизат менен ДАФ-Х95 үлгүсүндөгү унаанын 35 жаштагы Т.Р. аттуу айдоочусу кармалган. Унаанын ичин текшерүү маалында алдынкы отургучтарынын астынан 750 грамм салмактагы марихуана табылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө. | Чүй облусунун Сосновка айылынан 750 грамм баңгизат менен Токтогул районунун тургуну кармалды. Муну 23-март күнү Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 22-март күнү болжол менен саат 14:30да Сосновка айылынан унааларды текшерүү маалында баңгизат менен ДАФ-Х95 үлгүсүндөгү унаанын 35 жаштагы Т.Р. аттуу айдоочусу кармалган. Унаанын ичин текшерүү маалында алдынкы отургучтарынын астынан 750 грамм салмактагы марихуана табылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142677 | 2016-03-23 |
ky | ЭЛДИК ВИДЕО: Лейлекте "Кара жоргого" бийлеген жылкы элдин көңүлүн көтөрдү | SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Кара жорго" бийлеген ат-2016" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Pitbull_I). Видеодон жакында өткөн Нооруз майрамына карата уюштурулган салтанатта аттын кадимки "Кара жорго" ырына бийлеп жатканын көрүүгө болот. Эл ортосуна чыгып үстүндөгү ээсинин жардамы менен музыканын ыргагына жараша кыймыл жасаган жылкы баласы көпчүлүктүн кызыгуусун арттырды. Видеону көрүү үчүн шилтеме . | порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Кара жорго" бийлеген ат-2016" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Pitbull I). Видеодон жакында өткөн Нооруз майрамына карата уюштурулган салтанатта аттын кадимки "Кара жорго" ырына бийлеп жатканын көрүүгө болот. Эл ортосуна чыгып үстүндөгү ээсинин жардамы менен музыканын ыргагына жараша кыймыл жасаган жылкы баласы көпчүлүктүн кызыгуусун арттырды. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/142639 | 2016-03-23 |
ky | Чүй облусунда "айылдашын бычактаган" деп шектелген жаран кармалды | Чүй облусунун Жайыл районунда "айылдашын бычактаган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-март күнү Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 21-март күнү саат 17:30 чамасында аталган райондун аймактык ооруканасына бычактан бир нече жаракат алган Алтын айылынын 38 жаштагы С.Г. аттуу тургуну түшкөн. Бул факт боюнча иликтөөчү топ окуя болгон жерге барып, кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү катары 41 жаштагы Б.И. аттуу жаранды кармашкан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында жабырлануучу менен кылмышка шектүү спирт ичимдигин ичип отурганда экөөнүн ортосунда уруш чыгып, бири экинчисин бычактап салганы аныкталган. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. | Чүй облусунун Жайыл районунда "айылдашын бычактаган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-март күнү Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 21-март күнү саат 17:30 чамасында аталган райондун аймактык ооруканасына бычактан бир нече жаракат алган Алтын айылынын 38 жаштагы С.Г. аттуу тургуну түшкөн. Бул факт боюнча иликтөөчү топ окуя болгон жерге барып, кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү катары 41 жаштагы Б.И. аттуу жаранды кармашкан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында жабырлануучу менен кылмышка шектүү спирт ичимдигин ичип отурганда экөөнүн ортосунда уруш чыгып, бири экинчисин бычактап салганы аныкталган. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142673 | 2016-03-23 |
ky | Каржы министри 16-мартта 230 миң сомдук тендерди мамлекеттик сатып алуулардын расмий сайтына жарыялаган кызматкерлерине сөгүш берди | Каржы министри сүзүү көлмөлөрүнүн (бассейн) кызматын 16-мартта 230 миң сомго сатып аларын мамлекеттик сатып алуулардын расмий сайтына жарыялаган кызматкерлерине сөгүш берди. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. "Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Каржы министри Адылбек Касымалиевдин бул сатып алуу тууралуу кабары жок болчу", - деп айтылат маалыматта. Андыктан кечээ, 22-мартта өткөн аппараттын отурумунда бюджеттик каражаттардын натыйжасыз пайдаланылып жатканын белгилеп, тиешелүү структуралык бөлүмгө тендерди жокко чыгарттырды. Ошондой эле тендерди макулдашпай жарыялагандары үчүн Каржы министрлигинин статс-катчысы Зуура Баямановага , Спорт коомчулугунун жана Борбордук казыналыктын директорунун орун басары Нукеш Кожобергеновго жана уюштуруу-административдик камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Марс Исмаилбековго катуу сөгүш жарыялады. | Каржы министри сүзүү көлмөлөрүнүн (бассейн) кызматын 16-мартта 230 миң сомго сатып аларын мамлекеттик сатып алуулардын расмий сайтына жарыялаган кызматкерлерине сөгүш берди. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. "Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Каржы министри Адылбек Касымалиевдин бул сатып алуу тууралуу кабары жок болчу", - деп айтылат маалыматта. Андыктан кечээ, 22-мартта өткөн аппараттын отурумунда бюджеттик каражаттардын натыйжасыз пайдаланылып жатканын белгилеп, тиешелүү структуралык бөлүмгө тендерди жокко чыгарттырды. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/142679 | 2016-03-23 |
ky | Президент Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башчысына кошумча 10 миллиард сом насыя бөлүү тапшырмасын берди | Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду айыл чарбасын каржылоо үчүн кошумча 10 миллиард сом жеңилдетилген насыяларды бериши керек. Муну президент Алмазбек Атамбаев 23-мартта Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Кубанычбек Кулматов менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчы экономиканын негизги тармактарын жандантуу, өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу жана евразиялык интеграциянын шарттарына ыңгайлаштыруу үчүн фонд жакында толук түрдө ишин башташы керектигин билдирди. Президенттин айтымында, ата мекендик ишкерлерге арзан жана узак мөөнөттүү насыяларды берүү аларга өлкөнүн интеграциялык процесстерге катышуусун натыйжалуу пайдаланууга көмөктөшөт. | Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду айыл чарбасын каржылоо үчүн кошумча 10 миллиард сом жеңилдетилген насыяларды бериши керек. Муну президент Алмазбек Атамбаев 23-мартта Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Кубанычбек Кулматов менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчы экономиканын негизги тармактарын жандантуу, өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу жана евразиялык интеграциянын шарттарына ыңгайлаштыруу үчүн фонд жакында толук түрдө ишин башташы керектигин билдирди. | Саясат | false | https://www.super.kg/kabar/news/142663 | 2016-03-23 |
ky | Кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал менен таанышууга Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ОДКБ) өкүлү келет | Бишкекке Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысынын орун басары Ара Бадалян келет. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, А.Бадалян кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал менен таанышуу жана кыргыз тарапка кеңеш берүү максаты менен келмекчи. "Чек арадагы кырдаалды ЖККУнун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин мүчөлөрү уюмдун башкы катчысы Николай Бордюжанын катышуусунда телефон аркылуу талкуулап жатышат" ,- деп айтылат маалыматта. Эскерте кетсек, кечээ, 22-мартта кыргыз тараптын демилгеси менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Туруктуу кеңешинин шашылыш жыйыны болуп өткөн. Жыйында Кыргыз Республикасынын ЖККУдагы туруктуу жана ыйгарымдуу өкүлү Аман Мамбетсеитов Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун такталбаган кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат берген. ЖККУнун туруктуу өкүлдөрү кыргыз-өзбек чек арасындагы түзүлгөн курч кырдаалга тынчсыздануусун билдиришип, кырдаалга мындан ары байкоо жүргүзүшөрүн белгилешкен. | Бишкекке Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысынын орун басары Ара Бадалян келет. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, А.Бадалян кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал менен таанышуу жана кыргыз тарапка кеңеш берүү максаты менен келмекчи. "Чек арадагы кырдаалды ЖККУнун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин мүчөлөрү уюмдун башкы катчысы Николай Бордюжанын катышуусунда телефон аркылуу талкуулап жатышат" ,- деп айтылат маалыматта. Эскерте кетсек, кечээ, 22-мартта кыргыз тараптын демилгеси менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Туруктуу кеңешинин шашылыш жыйыны болуп өткөн. Жыйында Кыргыз Республикасынын ЖККУдагы туруктуу жана ыйгарымдуу өкүлү Аман Мамбетсеитов Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун такталбаган кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат берген. | Саясат | false | https://www.super.kg/kabar/news/142671 | 2016-03-23 |
ky | Борбордогу Асанбай кичи районунун аймагындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты | Борбор калаадагы Асанбай кичи районунун аймагындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта жергиликтүү тургундар билдиришти. Маалыматка ылайык, өрт А.Токомбаев көчөсүндө жайгашкан төрт кабаттуу үйлөрдүн биринин чатырынан чыккан. Азыркы тапта окуя болгон жерге эки өрт өчүрүүчү унаа тартылып, өрттүн келип чыгуу себебин тактоо иштерин жүргүзүүдө. | Борбор калаадагы Асанбай кичи районунун аймагындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта жергиликтүү тургундар билдиришти. Маалыматка ылайык, өрт А.Токомбаев көчөсүндө жайгашкан төрт кабаттуу үйлөрдүн биринин чатырынан чыккан. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142665 | 2016-03-23 |
ky | Жалал-Абад облусунда жер көчкү 4 электр мамысын авариялык абалга келтирди | Жалал-Абад облусуна караштуу Алмалуу айылындагы жер көчкү 4 электр мамысын авариялык абалга келтирди. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жер көчкү бүгүн саат 08:20 чамасында катталган, анын кесепетинен жогорку чыңалуудагы 4 электр мамысы авариялык абалга келген. Маалыматты жеринен тактоо үчүн жергиликтүү Жарандык коргонуу комиссиясы жер көчкү түшкөн аймакка жөнөп кетти. | Жалал-Абад облусуна караштуу Алмалуу айылындагы жер көчкү 4 электр мамысын авариялык абалга келтирди. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жер көчкү бүгүн саат 08:20 чамасында катталган, анын кесепетинен жогорку чыңалуудагы 4 электр мамысы авариялык абалга келген. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142661 | 2016-03-23 |
ky | Өкмөт жооп берет: Баатыр энелерге электр энергиянын баасы 50 пайыз арзандатылабы? | Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. Суроо: - Баатыр энелерге электр энергиянын баасы 50 пайыз арзандатылчу эле. Азыр деле ушундай жеңилдик берилгенби? Суроо калтырган arman00 . Жооп: - Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-декабрындагы “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” №318-мыйзамына ылайык, ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пул алууга төмөнкүлөр укуктуу: - 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар; - пенсиялык камсыздандырууга укугу жок болгон учурда бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген I, II жана III топтогу адамдар; - пенсиялык камсыздандырууга укугу жок болгон учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген I, II жана III топтогу адамдар; - эркектер - 65 жаш куракка жеткенден кийин, аялдар - 60 жаш куракка жеткенден кийин, пенсиялык камсыздоого укугу жок болгондо; - Баатыр энелер - 55 жаш курагына жеткенге чейин, пенсиялык камсыздоого укугу жок болгон учурда; - пенсиялык камсыздандырууга укугу жок болгон багуучусунан ажыраган жетим балдар; - ВИЧ/СПИД менен оорулуу энелерден төрөлгөн балдар (18 айга толгуча). Электр энергиянын баасын 50% арзандатуу маселеси министрликтин компетенциясына кирбегендигин билдирет. Маалымат катары айтсак, электр энергиясы боюнча туруктуу каттооңуздун негизинде райондук же шаардык мамлекеттик администрацияга кайрылууңузду министрлик сунуштайт. Суроого Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди. Эгер сизде да суроолор болсо, анда " Өкмөт жооп берет " бөлүмүнө кириңиз. | Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. Суроо: - Баатыр энелерге электр энергиянын баасы 50 пайыз арзандатылчу эле. Азыр деле ушундай жеңилдик берилгенби? Суроо калтырган arman00 . Жооп: - Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-декабрындагы “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” №318-мыйзамына ылайык, ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пул алууга төмөнкүлөр укуктуу: - 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар; - пенсиялык камсыздандырууга укугу жок болгон учурда бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген I, II жана III топтогу адамдар; - пенсиялык камсыздандырууга укугу жок болгон учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген I, II жана III топтогу адамдар; - эркектер - 65 жаш куракка жеткенден кийин, аялдар - 60 жаш куракка жеткенден кийин, пенсиялык камсыздоого укугу жок болгондо; - Баатыр энелер - 55 жаш курагына жеткенге чейин, пенсиялык камсыздоого укугу жок болгон учурда; - пенсиялык камсыздандырууга укугу жок болгон багуучусунан ажыраган жетим балдар; - ВИЧ/СПИД менен оорулуу энелерден төрөлгөн балдар (18 айга толгуча). Электр энергиянын баасын 50% арзандатуу маселеси министрликтин компетенциясына кирбегендигин билдирет. Маалымат катары айтсак, электр энергиясы боюнча туруктуу каттооңуздун негизинде райондук же шаардык мамлекеттик администрацияга кайрылууңузду министрлик сунуштайт. Суроого Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/142531 | 2016-03-23 |
ky | Бишкек шаарында мас абалдагы адам өзүн өзү өлтүрүүгө аракеттенди | Бишкекте мас абалдагы адам өзүн өзү бычактап салды. Муну 23-март күнү “Тез жардам” кызматынан маалымдашты. Маалым болгондой, бүгүн саат 02:23тө "Тез жардамдын" нөөмөт бөлүмүнө "Жибек-Жолу жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде 33 жаштагы адамга медициналык жардам керек" деген билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган "Тез жардамдын" кызматкерлери 33 жаштагы жаран өзүн өлтүрүүгө аракеттенип, ичине бычак сайганын аныктап, ага биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Кийин ал Улуттук хирургиялык борборго жеткирилген. | Бишкекте мас абалдагы адам өзүн өзү бычактап салды. Муну 23-март күнү “Тез жардам” кызматынан маалымдашты. Маалым болгондой, бүгүн саат 02:23тө "Тез жардамдын" нөөмөт бөлүмүнө "Жибек-Жолу жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде 33 жаштагы адамга медициналык жардам керек" деген билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган "Тез жардамдын" кызматкерлери 33 жаштагы жаран өзүн өлтүрүүгө аракеттенип, ичине бычак сайганын аныктап, ага биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142649 | 2016-03-23 |
ky | УКМК: Оппозициянын төңкөрүштү даярдоо планы жазылган интернеттеги аудиожазуу монтаж эмес экени аныкталды | Оппозициянын өлкөдө төңкөрүштү даярдоо планы жазылган аудиожазуу чындык экени аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган аудиожазуу буга чейин козголгон №082-16-0054 кылмыш ишинин алкагында табылып, сот тарабынан мыйзам түрүндө алынып, УКМКда сакталып жаткан аудиожазуулар менен тастыкталат. Тергөө амалдары уланууда. Айта кетсек, кечээ, 22-мартта интернетте "оппозиция өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү" делинген аудиожазуу тараган . Материалда Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дуулатбек Турдуналиев, Равшан Жээнбеков, Мамбетжунус Абылов делген адамдардын сүйлөшүүсү жазылган. Андагы сүйлөшүүгө катышкан адамдар "революцияга эл бышып жетилди, биригели" деген сөздөрдү айтышат. | Оппозициянын өлкөдө төңкөрүштү даярдоо планы жазылган аудиожазуу чындык экени аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган аудиожазуу буга чейин козголгон №082-16-0054 кылмыш ишинин алкагында табылып, сот тарабынан мыйзам түрүндө алынып, УКМКда сакталып жаткан аудиожазуулар менен тастыкталат. Тергөө амалдары уланууда. Айта кетсек, кечээ, 22-мартта интернетте "оппозиция өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү" делинген аудиожазуу тараган . Материалда Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дуулатбек Турдуналиев, Равшан Жээнбеков, Мамбетжунус Абылов делген адамдардын сүйлөшүүсү жазылган. | Саясат | false | https://www.super.kg/kabar/news/142655 | 2016-03-23 |
ky | Өлкө калкынын 93 пайызы жол-кайгуул инспекторлорун коррупционер деп эсептейт | "Өлкө калкынын 93 пайызы жол-кайгуул инспекторлорун коррупционер деп эсептейт". Муну бүгүн, 23-мартта маалымат жыйынында эл аралык уюмдардын социалдык сурамжылоосуна таянып “Бир дүйнө - Кыргызстан” коомдук бирикмесинин өкүлү Болот Исмаилов билдирди. Анын айтымында, дагы бир башка коомдук бирикменин жүргүзгөн изилдөөсүнө ылайык, 2015-жылы кыргыз жергесинин жарандарынын 50,2 пайызы Жол-кайгуул кызматынын ишине нааразы. “ Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматтын маалыматы боюнча, автоинспекторлор айдоочулардан алган расмий эмес айыптан бир күндө 5 миңден 10 миң сомго чейин акча табышат. Жыйынтыгында мамлекетке бир күндө жок дегенде 10 миллион сом түшпөй калат. Албетте, 100 МАИчинин 5и коррупционер болушу мүмкүн, бирок баарын эле жаман дей берүү туура эмес. Көп учурда айдоочулардын аң-сезиминин төмөндүгүнөн паракорлукка жол ачылып жатат. Мен өз көзүм менен көрүп, кулагым менен уккам, бир тойдон атасы мас болуп калып “эч нерсе эмес, унааны айдай беребиз” деп айткан. Бул нерсени жанындагы баласы укту. Ушинтип адамдардын буга карата көз карашы калыптанып калган ”,- деди Исмаилов. | "Өлкө калкынын 93 пайызы жол-кайгуул инспекторлорун коррупционер деп эсептейт". Муну бүгүн, 23-мартта маалымат жыйынында эл аралык уюмдардын социалдык сурамжылоосуна таянып “Бир дүйнө - Кыргызстан” коомдук бирикмесинин өкүлү Болот Исмаилов билдирди. Анын айтымында, дагы бир башка коомдук бирикменин жүргүзгөн изилдөөсүнө ылайык, 2015-жылы кыргыз жергесинин жарандарынын 50,2 пайызы Жол-кайгуул кызматынын ишине нааразы. “ Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматтын маалыматы боюнча, автоинспекторлор айдоочулардан алган расмий эмес айыптан бир күндө 5 миңден 10 миң сомго чейин акча табышат. Жыйынтыгында мамлекетке бир күндө жок дегенде 10 миллион сом түшпөй калат. Албетте, 100 МАИчинин 5и коррупционер болушу мүмкүн, бирок баарын эле жаман дей берүү туура эмес. Көп учурда айдоочулардын аң-сезиминин төмөндүгүнөн паракорлукка жол ачылып жатат. Мен өз көзүм менен көрүп, кулагым менен уккам, бир тойдон атасы мас болуп калып “эч нерсе эмес, унааны айдай беребиз” деп айткан. Бул нерсени жанындагы баласы укту. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/142645 | 2016-03-23 |
ky | Ысык-Ата районунда зордуктоого шектелген жаран кармалды | Ысык-Ата районунда зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 29 жаштагы У.Г. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал 22-март күнү Новопокровка айылынан Аскат аттуу чала таанышы күч колдонуу менен аны зордуктаганын билдирди. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Новопокровка айылынын 28 жаштагы Д.А. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. | Ысык-Ата районунда зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 29 жаштагы У.Г. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал 22-март күнү Новопокровка айылынан Аскат аттуу чала таанышы күч колдонуу менен аны зордуктаганын билдирди. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Новопокровка айылынын 28 жаштагы Д.А. аттуу тургуну кармалган. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142641 | 2016-03-23 |
ky | Бишкек-Торугарт унаа жолунда айдоочу жол боюндагы бакты сүзүп, каза тапты | Бишкек-Торугарт унаа жолунда айдоочу жол боюндагы бакты сүзүп, каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 22-март күнү саат 03:20 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 20-чакырымында Мерседес-Бенц Е320 үлгүсүндөгү унааны башкарган Люксембург айылынын 23 жаштагы Т.Т. аттуу тургуну рулду башкара албай жол боюндагы бакты сүзгөн. Оор жаракаттардан улам ал окуя болгон жерден каза болуп калган. Учурда бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды. | Бишкек-Торугарт унаа жолунда айдоочу жол боюндагы бакты сүзүп, каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 22-март күнү саат 03:20 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 20-чакырымында Мерседес-Бенц Е320 үлгүсүндөгү унааны башкарган Люксембург айылынын 23 жаштагы Т.Т. аттуу тургуну рулду башкара албай жол боюндагы бакты сүзгөн. Оор жаракаттардан улам ал окуя болгон жерден каза болуп калган. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142643 | 2016-03-23 |
ky | Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 25 жаштагы жаран кулап, жаракаттарды алды | Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 2-кабатынан 25 жаштагы жигит кулап, жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта “Тез жардам” кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, аталган кызматка 22-март күнү саат 18:47де "көп кабаттуу үйдөн адам кулап кетти" деген маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге аталган кызматтын кызматкерлери барып, белгисиз себептерден улам кулап кеткен жаранга алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, аны ооруканага жеткиришкен. | Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 2-кабатынан 25 жаштагы жигит кулап, жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта “Тез жардам” кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, аталган кызматка 22-март күнү саат 18:47де "көп кабаттуу үйдөн адам кулап кетти" деген маалымат түшкөн. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142637 | 2016-03-23 |
ky | Өлкөдө айдоочулардын 55 пайызы ПОС-терминал эмне экенин билбейт | Өлкөдө айдоочулардын 55 пайызы ПОС-терминал эмне экенин билбейт. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта маалымат жыйынында "Бир дүйнө - Кыргызстан" коомдук бирикмесинин өкүлү Мирлан Кубатбеков билдирди. Анын айтымында, жолдордогу абалды жакшыртуу жана расмий түрдө айыптарды төлөөгө багытталган долбоор иш жүргүзүүдө. "Айдоочулардын арасында жолдо жүрүү эрежелерин бузса, канча төлөө керектигин билбегендер бар экен. Ошондой эле айып пулду банктык карточка менен төлөөдөн коркушат экен. "Карточкамда 10 миң сом болсо, инспекторлор баарын алып коюшат деп корком", "ПОС-терминал менен айып кандай төлөнөт?", "Карточканы кайдан алам?" деген сыяктуу суроолор биздин айдоочулар арасында өтө көп болууда. Биздин максат - айдоочулардын сабаттуулугун жогорулатуу. Бул үчүн атайын маалымат баракчаларын чыгардык, алар жалпысынан 75 миң даана менен чыгарылды, анын 30 миңи кыргыз тилинде, 30 миңи орус жана 15 миңи түштүктөгү айдоочулар үчүн өзбек тилинде чыгарылды. Алар Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кара-Балта, Токмок жана Караколдогу эл көп болгон жерлерде таратылат", - деди Кубатбеков. | Өлкөдө айдоочулардын 55 пайызы ПОС-терминал эмне экенин билбейт. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта маалымат жыйынында "Бир дүйнө - Кыргызстан" коомдук бирикмесинин өкүлү Мирлан Кубатбеков билдирди. Анын айтымында, жолдордогу абалды жакшыртуу жана расмий түрдө айыптарды төлөөгө багытталган долбоор иш жүргүзүүдө. "Айдоочулардын арасында жолдо жүрүү эрежелерин бузса, канча төлөө керектигин билбегендер бар экен. Ошондой эле айып пулду банктык карточка менен төлөөдөн коркушат экен. "Карточкамда 10 миң сом болсо, инспекторлор баарын алып коюшат деп корком", "ПОС-терминал менен айып кандай төлөнөт?", "Карточканы кайдан алам?" деген сыяктуу суроолор биздин айдоочулар арасында өтө көп болууда. Биздин максат - айдоочулардын сабаттуулугун жогорулатуу. Бул үчүн атайын маалымат баракчаларын чыгардык, алар жалпысынан 75 миң даана менен чыгарылды, анын 30 миңи кыргыз тилинде, 30 миңи орус жана 15 миңи түштүктөгү айдоочулар үчүн өзбек тилинде чыгарылды. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/142631 | 2016-03-23 |
ky | Бишкек шаарында уурулукка шектелген 2 жаран кармалды | Бишкек шаарында уурулукка шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 32 жаштагы шаардын Т.Н. аттуу тургуну кайрылган. Ал 21-март күнү саат 18:00 чамасында белгисиз адамдар үйүнүн эшигин талкалап кирип, уюлдук телефон, ноутбук, алтын зер буюмдарын, 800 доллар жана 14 миң сом акчасын уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан 22 жаштагы А.Т. жана 20 жаштагы А.Н. аттуу жарандар кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. | Бишкек шаарында уурулукка шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 32 жаштагы шаардын Т.Н. аттуу тургуну кайрылган. Ал 21-март күнү саат 18:00 чамасында белгисиз адамдар үйүнүн эшигин талкалап кирип, уюлдук телефон, ноутбук, алтын зер буюмдарын, 800 доллар жана 14 миң сом акчасын уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан 22 жаштагы А.Т. жана 20 жаштагы А.Н. аттуу жарандар кармалган. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142627 | 2016-03-23 |
ky | Токтогул. Өч алуу үчүн 14 жаштагы кызды зордуктаткан жеңеси 20 жылга эркинен ажыратылды | Токтогул районунда өч алуу үчүн 14 жаштагы кызды зордуктаткан 31 жаштагы М.К. аттуу жеңеси күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркинен ажыратылды. Муну 23-март күнү SUPER.KG порталына Кара-Көл шаардык сотунан билдиришти. Маалыматка ылайык, соттук кароо шаардык сотто 18-март күнү жабык өткөн. Соттун чечимине ылайык, М.К. аттуу 31 жаштагы Токтогул районунун тургуну Кылмыш-жаза кодексинин “кылмыш жасоону уюштурган же аны аткарууну жетектеген адам” беренеси жана “зордуктоо” беренесинин “жашы жете электерге карата” пункту менен күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркинен ажыратылды. | Токтогул районунда өч алуу үчүн 14 жаштагы кызды зордуктаткан 31 жаштагы М.К. аттуу жеңеси күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркинен ажыратылды. Муну 23-март күнү порталына Кара-Көл шаардык сотунан билдиришти. Маалыматка ылайык, соттук кароо шаардык сотто 18-март күнү жабык өткөн. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142625 | 2016-03-23 |
ky | Эл аралык издөөдө жүргөн Адил Тойгонбаев Дубайдан кармалды | Эл аралык издөөдө жүргөн Адил Тойгонбаев Дубайдан кармалды. ИИМдин билдиришинче, ал Интерпол жана Бириккен Араб Эмираттарынын укук коргоо органдарынын биргелешкен аракети менен колго түшүрүлдү. Кыргыз мамлекетинин биринчи президенти Аскар Акаевдин мурунку күйөө баласы А.Тойгонбаев бир катар кылмыштар боюнча айыпталууда. Эскерте кетсек, Адил Тойгонбаев 2014-жылдын 9-февралында Орусиянын Шереметьево аэропортунда кармалып, 11-февралда бошотулган . 15-февралда ал экинчи жолу кармалып, 17-февралда чыгарылган . Адил Тойгонбаев Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси боюнча күнөөлөнүүдө: алдын ала макулдашуулар боюнча адамдардын тобу тарабынан алдамчылык, салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын төлөөдөн баш тартуу, уурулук. 2005-жылдын август айында КРнын Башкы прокуратурасы Адил Тойгонбаевди камакка алууга буйрук чыгарып, бирок ал кыргыз мамлекетинен качып кетүүгө үлгүргөн. | Эл аралык издөөдө жүргөн Адил Тойгонбаев Дубайдан кармалды. ИИМдин билдиришинче, ал Интерпол жана Бириккен Араб Эмираттарынын укук коргоо органдарынын биргелешкен аракети менен колго түшүрүлдү. Кыргыз мамлекетинин биринчи президенти Аскар Акаевдин мурунку күйөө баласы А.Тойгонбаев бир катар кылмыштар боюнча айыпталууда. Эскерте кетсек, Адил Тойгонбаев 2014-жылдын 9-февралында Орусиянын Шереметьево аэропортунда кармалып, 11-февралда бошотулган . 15-февралда ал экинчи жолу кармалып, 17-февралда чыгарылган . Адил Тойгонбаев Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси боюнча күнөөлөнүүдө: алдын ала макулдашуулар боюнча адамдардын тобу тарабынан алдамчылык, салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын төлөөдөн баш тартуу, уурулук. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142635 | 2016-03-23 |
ky | ЖЫЛНААМА, 23-МАРТ: Мындан 3 жыл мурун Лондон шаарында белгилүү орусиялык олигарх Борис Березовский 68 жаш курагында каза болгон | Мындан 3 жыл мурун, 2013-жылы 23-мартта Лондон шаарында белгилүү орусиялык олигарх Борис Березовский 68 жаш курагында каза болгон. Ишкердин жансыз денесин өз үйүнүн жуунуучу бөлмөсүнөн анын жан сакчысы тапкан. Олигархтын өлүмү боюнча ар кандай маалыматтар айтылган. Анын досу Николай Глушков "Березовскийди моюн орогуч менен муунтуп өлтүргөн" десе, адвокат Александр Добровинский "ал өзүн өзү өлтүрдү" деген оюн айткан, ал эми Лондон полициясы Березовскийдин өлүмүндө эч кандай 3-жактарды көрбөгөндүктөрүн билдирген. Борис Березовскийдин өлүмүнөн соң соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Жыйынтыгында анын тумчугуп өлгөнү, бирок киши колдуу болбогондугу тастыкталган. Березовский акыркы 10 жылдан бери Лондондо жашап жүргөн. Ага Орусияда бир катар экономикалык кылмыштар боюнча айыптар тагылып, сыртынан соттолгон. Олигарх Орусия бийлигин дайыма сынга алып, өз өлкөсүндөгү оппозициялык саясатчыларды каржылап келген. 23-марттын жылнаамасы . | Мындан 3 жыл мурун, 2013-жылы 23-мартта Лондон шаарында белгилүү орусиялык олигарх Борис Березовский 68 жаш курагында каза болгон. Ишкердин жансыз денесин өз үйүнүн жуунуучу бөлмөсүнөн анын жан сакчысы тапкан. Олигархтын өлүмү боюнча ар кандай маалыматтар айтылган. Анын досу Николай Глушков "Березовскийди моюн орогуч менен муунтуп өлтүргөн" десе, адвокат Александр Добровинский "ал өзүн өзү өлтүрдү" деген оюн айткан, ал эми Лондон полициясы Березовскийдин өлүмүндө эч кандай 3-жактарды көрбөгөндүктөрүн билдирген. Борис Березовскийдин өлүмүнөн соң соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Жыйынтыгында анын тумчугуп өлгөнү, бирок киши колдуу болбогондугу тастыкталган. Березовский акыркы 10 жылдан бери Лондондо жашап жүргөн. Ага Орусияда бир катар экономикалык кылмыштар боюнча айыптар тагылып, сыртынан соттолгон. Олигарх Орусия бийлигин дайыма сынга алып, өз өлкөсүндөгү оппозициялык саясатчыларды каржылап келген. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142629 | 2016-03-23 |
ky | Бишкекте 9-майда "Унутулгус полк" акциясынын катышуучулары Түштүк дарбазадан "Жеңиш" аянтына чейин жөө жүрүшкө чыгышары болжолдонууда | Кыргыз өкмөтү "Унутулгус полк" акциясынын уюштуруучуларына жардамдашары коомдук штабдын өкүлдөрү менен вице-премьер Гүлмира Кудайбердиеванын 22-марттагы жолугушуусунда белгилүү болду. Мурдагы жылдарда өткөрүлгөн акциялардын тажрыйбасынын негизинде жана үстүбүздөгү жылдын 9-майына пландалган иш-чаралар тууралуу талкуунун негизинде акцияга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан колдоо болушу керектиги тууралуу чечим чыгарылды. Гүлмира Кудайбердиева бул майрам кыргыз эли үчүн өзгөчө экенин белгилеп, кыргыз өкмөтү майрамдык иш-чаралардын баарын колдоосуна аларына ишендирди. Мындан ары штабдын бардык иштери Мамлекеттик башкаруунун аткаруу органы менен биргеликте өткөрүлөт. Эскерте кетсек, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын эскерүү акциясы 9-майда кыргыз жергесинин бир нече шаарында өтөт. Ага миңдеген тургундар катышышат. Бишкек шаарындагы жүрүш Түштүк дарбазасынан "Жеңиш" аянтына чейин болуп, эскерүү мүнөтү менен бүтөрү болжолдонууда. Жүрүш маалында Абдрахманов көчөсүнүн айрым жерлери жабылат. | Кыргыз өкмөтү "Унутулгус полк" акциясынын уюштуруучуларына жардамдашары коомдук штабдын өкүлдөрү менен вице-премьер Гүлмира Кудайбердиеванын 22-марттагы жолугушуусунда белгилүү болду. Мурдагы жылдарда өткөрүлгөн акциялардын тажрыйбасынын негизинде жана үстүбүздөгү жылдын 9-майына пландалган иш-чаралар тууралуу талкуунун негизинде акцияга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан колдоо болушу керектиги тууралуу чечим чыгарылды. Гүлмира Кудайбердиева бул майрам кыргыз эли үчүн өзгөчө экенин белгилеп, кыргыз өкмөтү майрамдык иш-чаралардын баарын колдоосуна аларына ишендирди. Мындан ары штабдын бардык иштери Мамлекеттик башкаруунун аткаруу органы менен биргеликте өткөрүлөт. Эскерте кетсек, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын эскерүү акциясы 9-майда кыргыз жергесинин бир нече шаарында өтөт. Ага миңдеген тургундар катышышат. Бишкек шаарындагы жүрүш Түштүк дарбазасынан "Жеңиш" аянтына чейин болуп, эскерүү мүнөтү менен бүтөрү болжолдонууда. | Коом жана турмуш | false | https://www.super.kg/kabar/news/142623 | 2016-03-23 |
ky | Өлкө аймагында "Жамаат ат-Таухид валь-Жихад" тобу террордук деп табылып, ага тыюу салынды | Ош шаардык сотунун чечими менен "Жамаат ат-Таухид валь-Жихад" тобу террордук топ катары табылып, ага өлкө аймагында тыюу салынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, аталган террордук топко Сириянын жарандары гана кирбестен, ага кыргыз жарандары да мүчө экени аныкталган. Кыргыз мамлекетинде аталган террордук топтун кызыкчылыгын көздөгөн аракеттерди жасоо фактылары катталып, ал жарандардын үстүнөн кылмыш иши да козголгон. Эске салсак, 2015-жылдын 14-март күнү аталган террордук топтун иштерине өлкөбүздө тыюу салуу боюнча арыздын үстүнөн Ош шаардык соту караган. | Ош шаардык сотунун чечими менен "Жамаат ат-Таухид валь-Жихад" тобу террордук топ катары табылып, ага өлкө аймагында тыюу салынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, аталган террордук топко Сириянын жарандары гана кирбестен, ага кыргыз жарандары да мүчө экени аныкталган. Кыргыз мамлекетинде аталган террордук топтун кызыкчылыгын көздөгөн аракеттерди жасоо фактылары катталып, ал жарандардын үстүнөн кылмыш иши да козголгон. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142605 | 2016-03-23 |
ky | Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы 100 миң сом пара алып жатканда кармалды | Бишкекте "2 унааны тартып алып, 100 миң сом пара алган" деген шек менен Мамлекеттик каттоо кызматынын эки кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 12-март күнү аталган кызматтын коррупцияга каршы бөлүмүнө арыз менен А.А. аттуу жаран кайрылган. Ал Мамлекеттик каттоо кызматынын Н.Ш. аттуу статс-катчысы жана У.А. аттуу кызматкери 7 миң долларга бааланган Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү эки унаасын тартып алышканын билдирген. Андан сырткары ошол эле адамдар дагы 550 миң сом акча талап кылып жатышканын кошумчалаган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 100 миң сом пара алып жаткан жеринен аталган кызматтын Н.Ш. жана У.А. аттуу кызматкерлери кармалышты. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө. | Бишкекте "2 унааны тартып алып, 100 миң сом пара алган" деген шек менен Мамлекеттик каттоо кызматынын эки кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 12-март күнү аталган кызматтын коррупцияга каршы бөлүмүнө арыз менен А.А. аттуу жаран кайрылган. Ал Мамлекеттик каттоо кызматынын Н.Ш. аттуу статс-катчысы жана У.А. аттуу кызматкери 7 миң долларга бааланган Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү эки унаасын тартып алышканын билдирген. Андан сырткары ошол эле адамдар дагы 550 миң сом акча талап кылып жатышканын кошумчалаган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 100 миң сом пара алып жаткан жеринен аталган кызматтын Н.Ш. жана У.А. аттуу кызматкерлери кармалышты. | Кылмыштар, кырсыктар | false | https://www.super.kg/kabar/news/142619 | 2016-03-23 |
ky | Оппозиция 24-мартта Ошто курултай өткөрүү аракетин токтотту | Оппозиция эртең, 24-мартка пландаган митингди өткөрбөөнү чечти. Бул тууралуу Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров интернеттеги социалдык баракчасында жарыялады. Анын айтымында, азыркы кырдаалда бийлик-оппозиция болуп бөлүнбөй, кээ бир саясий жыйындарды токтотуп туруу туура. "Азыркы тышкы маселе, чек ара курчуп турган убакта ички социалдык, саясий маселелердеги талаштарыбызды башка убакка жылдырсак туура болчудай. Азыр болуп көрбөгөндөй ынтымак керек. Ошол эле учурда бийлик Үзөңгү-Кууш, Каркыраны кармата бергендей саясатын токтотуусу зарыл. Эгемен, көз карандысыз кыргыз өлкөсүнүн жараны, Аксынын баласы катары Аксынын жарым карыш жери кетүүсүнө жол бербегенге бар күчүмдү жумшаймын. Бийликтен бул маселеде катуу туруусун талап кыламын" ,- деди Бекназаров. | Оппозиция эртең, 24-мартка пландаган митингди өткөрбөөнү чечти. Бул тууралуу Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров интернеттеги социалдык баракчасында жарыялады. Анын айтымында, азыркы кырдаалда бийлик-оппозиция болуп бөлүнбөй, кээ бир саясий жыйындарды токтотуп туруу туура. "Азыркы тышкы маселе, чек ара курчуп турган убакта ички социалдык, саясий маселелердеги талаштарыбызды башка убакка жылдырсак туура болчудай. Азыр болуп көрбөгөндөй ынтымак керек. Ошол эле учурда бийлик Үзөңгү-Кууш, Каркыраны кармата бергендей саясатын токтотуусу зарыл. Эгемен, көз карандысыз кыргыз өлкөсүнүн жараны, Аксынын баласы катары Аксынын жарым карыш жери кетүүсүнө жол бербегенге бар күчүмдү жумшаймын. | Саясат | false | https://www.super.kg/kabar/news/142621 | 2016-03-23 |
ky | 6 жолку Олимпиада чемпиону Усэйн Болт Бразилиядагы Олимпиадада дагы 3 медаль тагынууну максат кылууда | Ямайкалык жөө күлүк Усэйн Болт "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында 3 алтын медаль тагынууну максат кылууда. Анын айтымында, бул анын карьерасындагы акыркы Олимпиада болмокчу. Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, Болт 200 метр аралыкты 19 секундада басып өтүп, өз рекордун жаңылоо ниетинде (мурунку рекорду 19,19). "Дагы 4 жыл спорттук калыбымды сактап, 2020-жылкы Олимпиада оюндарында алтын медаль тагынам деген максат менен жашоо мүмкүн эмес. Андыктан Риодо максатыма жетсем, баары ойдогудай болот. Менин башкы максаттарымдын бири - 200 метр аралыкты 19 секундада багындыруу жана 3 алтын медаль тагынуу",- дейт 29 жаштагы спортчу. Кошумчалай кетсек, 5-21-август аралыгында өтө турган "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында 28 спорт түрүнөн 306 комплект медаль ойнотулмакчы. Кыргыз мамлекетинин желеги астында аталган мелдешке катышуу укугун азырынча 8 гана спортчу алды. Жолдомону балбандардан Айсулуу Тыныбекова, Арсен Эралиев , Жанарбек Кенжеев , Мурат Рамонов , Магомед Мусаев алса, жеңил атлеттерден Мария Карабицкая, Юлия Андреева , Дарья Маслова алган. | Ямайкалык жөө күлүк Усэйн Болт "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында 3 алтын медаль тагынууну максат кылууда. Анын айтымында, бул анын карьерасындагы акыркы Олимпиада болмокчу. Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, Болт 200 метр аралыкты 19 секундада басып өтүп, өз рекордун жаңылоо ниетинде (мурунку рекорду 19,19). "Дагы 4 жыл спорттук калыбымды сактап, 2020-жылкы Олимпиада оюндарында алтын медаль тагынам деген максат менен жашоо мүмкүн эмес. Андыктан Риодо максатыма жетсем, баары ойдогудай болот. Менин башкы максаттарымдын бири - 200 метр аралыкты 19 секундада багындыруу жана 3 алтын медаль тагынуу",- дейт 29 жаштагы спортчу. Кошумчалай кетсек, 5-21-август аралыгында өтө турган "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында 28 спорт түрүнөн 306 комплект медаль ойнотулмакчы. | Спорт | true | https://www.super.kg/kabar/news/142615 | 2016-03-23 |
ky | Бүгүн мектептердин арасында өтүүчү театралдык фестивалдын үчүнчү айлампасы башталат | Бүгүн, 23-мартта Тарых жана маданият жылына карата Кыргыз Республикасынын орто мектептеринин арасында өтүүчү театралдык фестиваль Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты. "Фестиваль 3 айлампа менен өткөрүлүүдө. Биринчи айлампаны райондордо 2016-жылдын 25-январына чейин райондук билим берүү жана маданият бөлүмдөрү биргелешип бекиткен уюштуруу комитети өткөргөн. Ар бир райондон эң мыкты деп табылган бирден спектакль экинчи айлампага жолдомо алган. Экинчи айлампа облустарда, Ош жана Бишкек шаарларында 2016-жылдын 25-февралына чейин өткөн. Экинчи турдан эң мыкты деп тандалган бирден спектакль үчүнчү турга жолдомо алган. Үчүнчү айлампа 23-мартта башталат", - деп айтылат маалыматта. Театралдык фестиваль Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулууда. | Бүгүн, 23-мартта Тарых жана маданият жылына карата Кыргыз Республикасынын орто мектептеринин арасында өтүүчү театралдык фестиваль Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты. "Фестиваль 3 айлампа менен өткөрүлүүдө. Биринчи айлампаны райондордо 2016-жылдын 25-январына чейин райондук билим берүү жана маданият бөлүмдөрү биргелешип бекиткен уюштуруу комитети өткөргөн. Ар бир райондон эң мыкты деп табылган бирден спектакль экинчи айлампага жолдомо алган. Экинчи айлампа облустарда, Ош жана Бишкек шаарларында 2016-жылдын 25-февралына чейин өткөн. Экинчи турдан эң мыкты деп тандалган бирден спектакль үчүнчү турга жолдомо алган. Үчүнчү айлампа 23-мартта башталат", - деп айтылат маалыматта. | Маданият, шоу-бизнес | false | https://www.super.kg/kabar/news/142617 | 2016-03-23 |
Subsets and Splits
No community queries yet
The top public SQL queries from the community will appear here once available.